19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГУУ АЛААМАТТАРЫ (БЕЛГИЛЕРИ)-1


 

Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтары жөнүндө Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын көптөгөн хадистери бар. Ал хадистер көптөгөн атактуу Ислам аалымдарынын китептеринде бизге алып жеткирилген. Бул бөлүмдө ушул хадистердин азыркы заман менен байланышы каралат. Ал хадистердин биз жашап жаткан доордун чөйрө менен шарттарын апачык сүрөттөгөнүн жана жакынкы эле жылдары катары менен ишке ашкан кээ бир өтө маанилүү окуяларды кереметтүү абалда кабар бергенин көрөбүз.

Мурдакы бөлүмдөрдө да айтып кеткендей, Аз. Мехди (ас) чыгышы жана кыямат алааматтары жөнүндөгү хадистердин катары менен ишке ашышы белгилүү бир доорго ишарат кылууда. Жана бүт алааматтардын Хижрий 14-кылым башынан (1979-1980-жж.) баштап катары менен чыгышы биз жашап жаткан доордун Аз. Мехди (ас)дын жер бетинде жашап жаткан жылдары экенин апачык көрсөтүүдө.

Төмөндө бир бөлүгү гана каралган жана баары катары менен ишке ашкан бул алааматтарды көрмөксөн болуу аларды дагы бир жолу катары менен ишке ашышы керек деп айтканга тете болот. Чындыгында болсо, бул алааматтар ансыз да бир жолу жана катары менен болуп өттү. Жана бул абал Мусулмандардын Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген акыр замандын ичинде жашап жатканын түшүнүшү үчүн жетиштүү. Ишке ашкан бул жүздөгөн алааматка карабастан, «ушул эле алааматтар дагы бир жолу болсун» деп айтуу акыл менен логикага такыр сыйбайт. Чын ыкластуу бир Мусулман үчүн бул алааматтардын Пайгамбарыбыз (сав) айткандай абалда болуп өткөнүн бир жолу көрүү чындап акыр заманда жашап жатканына жана Аз. Мехди (ас)дын иншаАллах (Аллах буйруса) чыкканына ишениши үчүн жетиштүү.

Эми хадистерде кабар берилген Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын кээ бирлерин карайлы. Бул жерде Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген алааматтардын бир бөлүгү гана каралган, негизи Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген жүздөгөн алаамат бар жана алардын баары Хижрий 1400-жылдан баштап болуп өттү.

 

1)        Аз. Мехдинин чыгуу алааматтарынын катары менен болушу

2)        Фитналардын көбөйүшү

3)        Аз. Мехди чыгаардан мурда абдан көп киши өлтүрүүлөрдүн болушу

4)        Дүйнөнүн бардык тарабында хаос жана каргашанын жайылышы

5)        Аялдар жана балдар да өлтүрүлгөн бузукулуктардын болушу

6) Экономикалык кризис Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынан

7) Мусулмандарга кысымчылыктын көбөйүшү

8) Мечиттердин бузулушу

9) Арамдардын адал саналышы

10) Аллахты ачык түрдө тануу

11) Иран-Ирак согушу

12) Афганистандын басып алынышы

13) Евфрат суусунун токтошу

14) Рамазан (орозо) айында ай менен күн тутулуулар

15) Куйруктуу жылдыздын чыгышы

16) Каабага чабуул жана Каабада кан төгүлүшү

17) Чыгыш тараптан бир оттун көрүнүшү

18) 1979-жылы Стамбулда болгон кеме жарылуусу

19) Жалган пайгамбарлардын көбөйүшү

20) Диндин жеке кызыкчылыктарга пайдаланылышы

21) Чоң окуялардын жана таң калыштуу нерселердин болушу

22) Күндөн бир алааматтын болушу

23) Чоң шаарлардын жок болушу

24) Жер титирөөлөрдүн көбөйүшү

25) Чоң бир окуянын болушу

26) «Эки тиштүү» куйруктуу жылдыздын көрүнүшү

27) Космосто адамдын колуна окшош бир көрүнүштүн пайда болушу

28) Чоң селдердин болушу

29) Чымчык жана чочко тумоосу Аз. Мехди (ас)дын чыгуу

алааматтарынан

30) Акыр замандын маанилүү бир алааматы – бул чагылган

урушунун көбөйүшү

31) Багдаддын оттор менен жок кылынышы

32) Ирак армиясынын чөлдө жоголушу

33) Ирактыктардын акчасынын калбашы

34) Ирак менен Дамаскка эмбарго коюлушу

35) Ирактын кайрадан түзүлүшү

36) Дамаскта фитналар болушу

37) Күнөөсүз жаш балдардын өлтүрүлүшү

38) Ирак элинин Дамаскка, түндүккө качышы

39) Дамаскта, Иракта жана Арабистанда каргашалар болушу

40) Евфрат менен Дижле арасында чоң уруштардын болушу

41) Ирак элинин үч топко бөлүнүшү

1) Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын катары менен болушу

 

Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтары кабар берилген хадистерде ал алааматтардын катары менен «бир тасбихтин мончоктору» сымал болоору айтылат. Чындап эле бул алааматтар катары менен жана Пайгамбарыбыз (сав) айткандай болуп жатат. Хадистерде айтылгандай, дүйнөнүн төрт тарабында каргаша жана анархия көбөйүп, катары менен фитналар, кыргындар жана чоң кырсыктар болуп жатат, жакырчылык менен ачарчылык өсүп, адамдар көп азап тартышууда. Бүт бул алааматтардын катары менен белгилүү бир доордун ичинде болуп жатышы Мусулмандар кылымдардан бери күткөн куттуу инсандын келгенин көрсөтүүдө.

 

Мен Эбу Абдуллах Хүсейин бин Алиге мындай дедим «Бул иштен  мурун алааматтар барбы?» - Мехдинин чыгышын айтып жатат – Ал «Ооба» деди. Мен «Алар эмнелер?» дедим. Ал: «Бени Аббастын кыйрашы, Сүфйандын чыгышы, Бейдада чөгүш» деди. Мен кайра «Бул иштин узакка созулушунан коркуп жатам» дедим. Ал: «Бул иш тасбих мончоктору сыяктуу катары менен болот.» деди.

 (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki (Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки), Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri (Акыр Заман Мехдисинин алааматтары), Kahraman Neşriyat (Кахраман Нешрийат), 34-бет)

 

Кыямат аламаттары бири-биринин артынан ишке ашат. Бир тизмектеги мончоктордун катары менен үзүлүшү сыяктуу.

(Ramuz-El Ehadis, 277/6; Camiü's-Sagir, 3/167)

Абдан аянычтуу абалдар жана көрүнүштөр көрүнөт. Фитналар бири-биринин артынан уланат....

(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, sf. 36)

Бир фитна болот, мунун артынан башка фитналар болот...

(Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, sf. 26)

 

2) Фитналардын көбөйүшү

 

«Фитна» сөзү адамдардын дин боюнча сыноолору оордошкон окуяларды, чөйрө жана шарттарды сүрөттөйт. Адамдардын жашоо шарттары оордошкон, Аллах жана дин ар кандай жолдор менен жалганга чыгарылуу аркылуу адамдардын ыйманын алсыздандырууга, жок кылууга аракет кылынган күчтүү сыноо чөйрөлөрү Ислам булактарында фитна чөйрөсү деп аталат.

Төмөнкү хадис Аз. Мехди (ас)дын чыгышынан мурун момундардын ыймандарынын алсызданаарын жана буга себеп боло турган окуяларды кабардайт:

 

Кыямат жакындаганда жана момундардын жүрөгү; өлүм, ачарчылык, фитналар, сүннөттөрдүн жоголушу, бидаттардын (кошумчалардын) пайда болушу, жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан тосуу мүмкүнчүлүктөрдүн жоголушу сыяктуу себептер менен алсызданган кезде менин урпактарымдан Мехди аркылуу Женабы Хак (Улуу Аллах) сүннөттөрдү жандандырат. Анын адилети жана берекети менен момундардын жүрөгү бейпил болуп, Ажем (Арап эместер) менен Арап элдери арасында сүйүү, урмат орнойт.

(Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 66-б.)

 

Кыскача айтып кете турган болсок, Аз. Мехди (ас)дан мурда төмөнкү окуялар болот:

1- Өлүм: Анархия менен көптөгөн кыргындар натыйжасында элдердин жан коопсуздугу азайат жана натыйжада тынчсыздануу күчөйт.

2- Ачарчылык: Жашоонун (бүт нерсенин) кымбат болушу себебинен күн өткөрүүнүн оордошу. Балээлер менен табигый кырсыктар натыйжасында жетишпестик, ачарчылыктын көбөйүшү.

3- Фитналар: Арамдардын чоң-кичине бүт баарынын арасында болушунча жайылышы жана арамга чакырыктын күчөшү. Ар кандай уятсыздыктын адамдардын көзүнчө жасалышы.

4- Бидаттардын (кошумчалардын) пайда болушу: Диндин өзүндө жок, кийин чыгарылган адат-салттардын диндин негиздериндей кабыл алынышы.

5- Дин ахлагына чакыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн жоголушу: Жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруу, кыскасы, динге чакыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоголушу натыйжасында пайда болгон боштук.

Фитна чөйрөлөрү ыйманы бекем момундар (ыймандуулар) үчүн ыймандарынын, сабырларынын жана акыреттеги даражаларынын жогорулашына себепчи болсо, алсыз жана үстүртөн ыйманга ээ болгон адамдардын ыймандарын жоготушуна же андан да алсыздашына жол ачат. Аз. Мехди (ас) мына ушундай бир фитна шарттары күчтүү бир доордо чыгат:

 

Аз. Мехди (ас) фитналар чыккан бир убакыт аралыгында келет.

(Mektubat-ı Rabbani (Мектубаты Раббани), 2-258)

 

Башка бир хадисте болсо акыр заманда «батыш» тарапта баш аламандык, фитна жана коркуу болоору кабар берилет:

 

Магрибде (батышта) башаламандыктар, фитналар жана коркуу болот. Ачарчылык жана кымбатчылык абдан жайылат. Фитналар көбөйөт.

(Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri (Өлүм-Кыямат-Акырет жана Акыр заман алааматтары), İmam Şarani (Имам Шарани), 440-б.)

 

Башка бир хадисте болсо Аз. Мехди (ас)дын бүт тарапка жеткен өтө таркаган бир фитна бар кезде чыгаары кабар берилет:

Эч бир тарап андан жашына албай турган бир фитна болот, бул фитна болгон жерден башка тарапка ылдам жайылат жана бул абал бир чакыруучу (мүнади) асмандан добуш чыгарып: «Эй инсандар, мындан кийин амириңер Мехди» деп айтканга чейин уланат.

(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)

 

Хадисте бүт адамдарга жете турган, ылдам жайыла турган бир фитнадан сөз болууда. Б.а. бүт адамдар кабардар боло турган, динге жана Аллахка каршы чыгарылган бир фитна адамдардын ыймандарына каршы аракет кылат. Учурда Аллахтын бар экенине жана жаратышына каршы чыгарылган эң чоң жана эң масштабдуу агым – бул материалисттик философия. Бул философия таянган «илимий негиз» болсо – бул «эволюция теориясы». Эч кандай илимий жана логикалык далилге таянбаган, жана акыл менен илимге бүтүндөй туура келбеген бул тантырак теория күчтүү пропаганда, алдамчылык жана көз бойомочулук ыкмалары аркылуу дүйнө жүзүндө белгилүү материалисттик чөйрөлөр тарабынан адамдардын аң-сезимине сиңирүүгө аракет кылынууда.

Учурда эволюция теориясы гезит-журнал, телевизорлор аркылуу кирбеген бир дагы үй, бул теорияны укпаган бир дагы адам дээрлик жок сыяктуу. Бул абал бүт Батыш дүйнөсүнө да, кээ бир Мусулман өлкөлөргө да тиешелүү. Окуу китептерине да киргизилген бул теория ойлоп чыгарган сансыз калп жана көз бойомочулуктар менен жаш кезинен баштап адамдарга сиңирилип, «биз кокустан пайда болдук», «маймылдан келип чыктык» сыяктуу күлкүмүштүү калптар менен адамдарды жаңылтышууда. Биринчи класстан баштап университеттерге чейин жаштардын мээлери эволюционисттик калптар менен жуулууда.

Болгондо да, Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде билдирген бүт тарапка кире турган жана ылдам жайыла турган мындай бир фитна учурдагы технологиялык мүмкүнчүлүктөр (гезит-журнал, телевизор, радио, интернет, космостук байланыш ж.б.) менен гана болушу мүмкүн. Чындап эле ушул күнгө чейин Аллахтын бар экенине, жаратылууга жана динге каршы согуш ачкан, дүйнөлүк масштабга жайылган башка бир фитна мурда болгон эмес. Булардын баары Аз. Мехди (ас)дын чыгуу убактысынын биз жашап жаткан убакка туура келээринин маанилүү ишараттары. Хадисте, мындан тышкары, Аз. Мехди (ас) келген соң бул фитнанын токтошу да айтылууда.

 

3) Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда киши өлтүрүүлөр көбөйөт

 

Хадистерде Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда дүйнөнүн көп бөлүгүнө жайылган зордук жана каргашалардын болоору, көп кан төгүлөөрү айтылат:

 

Ушул окуялар болмойунча, кыямат келбейт... Өлүмдөр жана кыргындар көбөйөт...

(Camiü's-Sagir, 3:211, Müsned, 2:492, 4:391, 392)

Шаууальда согуш үндөрү, Зилхижжада согуш жана киши өлтүрүүлөр болот. Дагы Зилхижжеде ажылар тонолот, ал тургай көчөлөр кандан өтө албай турган абалга келет... Хержүмерж (кан төгүү) көбөйүү менен уланат.

(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 37-б.)

Минага түшүшкөндө, айланалары иттер курчагандай курчалып, уруулар бири-бирине кол салышы менен чоң согуштар болот. Буттар кан көлү ичинде калат...

(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 35-б.)

Минада көп өлүм боло турган бир согуш болот. Ал жерде таштарды кан көлүнө тумчуй турганчалык кан агат.

(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 31-б.)

Абдан кеңири таралган жана токтошу мүмкүн эмес сыяктуу бир фитна чыгат...

(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 55-б.)

Эч бир тарап андан коргоно албай турган бир фитна чыгат, ал фитна калган жеринен ылдам башка бир тарапка жайылат...

(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 21-22-б.)

 

Бул фитна жана балээлерден акыр замандагы технология мүмкүнчүлүктөрү урматында бүт адамдар кабардар болушат. Окуялар болгон кезде, окуя болгон жерде өтө аз адам болсо дагы, дүйнө жүзү болуп өткөндөрдөн кабардар болот. Бул болсо акыр заманда массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө жана кеңири колдонулушуна бир ишарат. Радио, телевизор, гезит, интернет сыяктуу каражаттар кыргындарды, өлүмдөрдү, кан төгүүлөрдү, адилетсиздиктерди, зулумдукту бүт дүйнөгө угузат жана ал фитналардан бүт адамдар кабардар болушат.

 

4) Дүйнөнүн бүт тарабын башаламандык жана каргашалар каптайт

 

Дүйнө херж-ү мерж* ичинде калганда, фитналар чыкканда, жолдор кесилгенде, кээ бирлери кээ бирлерине кол салганда, чоң кичинеге мээримдүүлүк көрсөтпөй, чоңго урмат көрсөтүлбөгөндө, Аллах бул учурда алардан душмандыктын тамырын казып, далалат дарбазаларын колго алат жана башында мен бутуна тургузган сыяктуу, акыр заманда динди бутуна тургузат, мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттүүлүккө толтура турган бирөөнү (Мехдини) жөнөтөт. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman)

 

* Херж-ү мерж: Адамдар арасында пайда болгон фитна, фесат (баш аламандык), оор, хаос, тартипсиз чөйрө.

 

Хадисте белгилүү бир жер айтылбастан, баш аламандыктын дүйнөнү бүт тарабына жайылаарына ишарат кылынууда. Чындап эле хадис сүрөттөгөндөй,учурда дүйнөнүн бүт тарабында чоң каргашалар, согуштар, кыргындар жана террор окуялары уланууда. Күн сайын жүздөгөн адам себепсиз өлтүрүлүп, мекендеринен чыгарылууда.

 

5) Аялдар менен жаш балдар да өлтүрүлгөн фитналар болот

 

Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда болгон фитна шарттарында аялдар, жаш балдар, улгайгандар дагы өлтүрүлүп, байкуш күнөөсүз адамдар өлтүрүлөт:

Бул окуя учурунда бир аялдын өлтүрүлүшү бир камчынын кыймылдатылышы сыяктуу жеңил болот. Бул окуя Мединадан жыйырма төрт мильге чейин жайылат. Андан кийин Аз. Мехдиге баш ийилет.

(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 34-б.)

Күнөөсүз адамдар өлтүрүлбөстөн, Мехди чыкпайт...

(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 35-б.)

Бул фитналардын эң акыркысы күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү, ошол учурда гана андан баары ыраазы боло турган иштерди жасоочу Аз. Мехди (ас) чыгат.

(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 38-б.)

Күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөнгө чейин Мехди чыкпайт жана киши өлтүрүүлөргө жердегилер менен асмандагылар чыдай албай калган кезде чыгат...

(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 37-б.)

Апа, ата, кыз, эркек баарын өлтүрүшөт жана Ажем (Арап эмес) жана Ирак шаарларын басып алуу менен үммөткө ачуу азап таттырышат. Булардын арасында фитна, зулумдук, жок кылуу жана качуулар болот. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 36-б.)

 

6) Экономикалык кризис Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынан

 

Базарлардын текарубу кыямат алааматтарынан. «Базарлардын текарубу деген эмне?» дедим. Төмөнкүлөр: «Бүт баарынын аз таап жатам деп арызданышы...» (Ибни Мердувейх Эбу Хүрейре (ра)дан...) (Kıyamet Alametleri, Pamuk yayınları, 146-б.)

Нуайм б. Хаммад Ибни Месъуддан риваят кылынган бир хадисте Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда сүрөттөлгөн доор «СООДА менен жолдор ТОСУЛГАН жана фитналар көбөйгөн заман» деп сүрөттөлүүдө. Хадистин уландысында болсо Аз. Мехди (ас) доорунда ал фитналардын токтошу кабар берилет: «... Биз Ал (Аз. Мехди (ас)) инсанды издөө үчүн келдик, ФИТНАЛАР АНЫН КОЛУ МЕНЕН ӨЧҮШҮ МҮМКҮН. КОНСТАНТИНОПОЛЬ (СТАМБУЛ) АНЫ МЕНЕН ЭЭЛЕНЕТ. (Б.а. Аз. Мехди (ас) көңүлдөрдү руханий ээлейт, маданий, илимий чоң таасир жаратат.) Биз аны ысмы менен жана апасынын, атасынын ысмы менен жана аскерлери менен тааныйбыз...» (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 52-б.)

(Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда) РЫНОКТУН КЫЙМЫЛСЫЗ (СТАГНАЦИЯДА) БОЛУШУ, АКЧА ТАБУУЛАРДЫН АЗАЙЫШЫ болот. (Kıyamet Alametleri, 148-б.)

Бүт адамдар АЗ ТААП ЖАТАМ ДЕП АРЫЗДАНАТ, акчасы үчүн байлар урмат көрөт. (Kıyamet Alametleri, 146-б.)

Соода менен жолдор тосулган жана фитналар көбөйгөн кезде...

(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 39-40-б.)

 

7) Мусулмандарга кысымдын көбөйүшү

 

Хадистерде акыр заманда Мусулман калктардын оор күндөрдү өткөрөөрү кабар берилет. Ал доордо Мусулмандарды көздөгөн уруштар, согуштар, адилетсиздиктер болот. Учурда жана жакынкы өтмүштө Ислам дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарында болгон уруштар жана каргаша чөйрөсү, кээ бир Мусулман өлкөлөрдөгү диктатор башкаруучулар себеп болгон зулумдуктар хадистерде кабар берилген окуялардын болуп баштаганын көрсөткөн далилдерден.

 

Руку жана сажда кылгандардын баарын жазаландырат. Зулумдук, бузукулук (фесат) жана фыск чыгарат. Алим жана захиддерди өлтүрөт, көп шаарды басып алат. Кан төгүүнү адал кылып, Ал-и Мухаммедге душмандык кылат...

(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 37-б.)

Менден кийин халифалар болот. Халифалардан кийин амирлер (өкүмдарлар), амирлерден кийин заалим башкаруучулар келет. Эң аягында Эхли Бейтимден бирөө чыгат.

(Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 84-б.)

Ал өлтүрүүчү заалим башкаруучулар себебинен бул үммөткө оор. Ал заалимдер аларга баш ийгендерден башкасын, унчукпагандарды да коркутушат... (Эбу Нуаймдан; Суйути, II т., 64-б.)

Бул жерде Мусулмандардын үчтөн бири өлтүрүлөт...

(Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 73-б.)

 

8) Мечиттердин бузулушу

 

Сүфйани кургак бир өрөөндөн чыгат. Келп кабилесинен (уруусунан) кебетеси супсак, катуу жүрөктүү адамдардан бир армия курайт жана алар бардык тарапка зулумдук кылышат. Ал медресе жана мечиттерди бузат, руку жана сажда кылгандардын баарын жазалайт.

(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 35-б.)

 

9) Арамдардын адал саналышы

 

Бүгүнкү күндө сойкулук, кумар, аракечтик, пайыз, паракорчулук сыяктуу көптөгөн иш-аракеттер арам болгонуна карабастан, көп адамдар тарабынан жана барган сайын көп жасалууда. Болгондо да бул арамдарды жасагандар макталып, арамга үндөлүүдө, жасабагандар болсо жектелип, басмырланууда. Статистикалык маалыматтар бул көрсөткүчтөрдүн барган сайын өсүп баратканын көрсөтүүдө. Акыркы бир канча он жыл ичинде өтө кеңири тараган бул чекти билбеген, адал, арамга маани бербеген, ар кандай чектен чыгуучулукту кадыресе кабыл алган жашоо модели хадистерде сүрөттөлгөн шартты апачык чагылтууда. Аз. Мехди (ас)дын чыгышынын жарчысы болгон мындай караңгы абал хадистерде төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Бир фитна чыгат, муну башка фитналар ээрчийт жана алгачкылар кийинкилердин кылыч менен согушка кайтышын камчылайт жана андан соң бардык арамдар адал кабыл алына турган бир фитна келет. Андан кийин халифат жер жүзүнүн эң жакшысы (кайырлуусу) болгон Мехдиге үйүндө отурганда келет.

(Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 26-б.)

Күфүр (каапырдык) бардык тарапты каптап, хүкмү жамийат ичинде ачык жасалганга чейин Мехди чыкпайт. Ал учурда болгон нерсе... күфүрдүн жайылышы. Анын күчү.

(Mektubat-ı Rabbani (Мектубат-ы Раббани), 2-259)

Аз. Мехди (ас) бардык арамдар адал саналган чоң бир фитнадан соң чыгат.

(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)

 

10) Аллахты апачык тануу

 

Жалпы элге угузулуп жана апачык Аллах Таала танылганга чейин Аз.Мехди (а.с.) келбейт.

(Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 27-б.)

 
Бул хадисте Аз. Мехди (ас)дан мурда адамдардын көпчүлүгүнүн ыймансыз же атеист болооруна жана мындан тышкары, алардын мындай тануучулугун (каапырдыгын) маалымат каражаттары аркылуу бүт адамдарга көрсөтүп, апачык жарыя кылаарына ишарат кылынууда. Учурда бул ушунчалык ачык абалга жеткендиктен, Аллахты тангандар «заманбап (модерн)» деп сыпатталып урмат көрүшүп, элдер тануучулукка чакырылууда. АЛЛАХТЫ АРУУЛАЙБЫЗ

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder