19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ БАШЫНДА АДАМДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ БАЙКАШПАЙТ


 

АДАМДАР АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ ҮЙЛӨРҮНДӨ, КӨЧӨЛӨРДӨ КӨРҮШҮП, АНЫ КӨП КАРАШАТ; БИРОК «АЗ. МЕХДИ (АС)» ЭКЕНИН БИЛИШПЕЙТ

 

Седири Сейрефи мындай дейт: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссаламдан уктум: «... Акысы тартып алынган жана өзү танылган байкуш имамыбыз жана бул (көздөн кайымдын) ээси (АЗ. МЕХДИ (АС)) АЛАРДЫН АРАСЫНДА ЖҮРӨТ, БАЗАРЛАРЫН КЫДЫРАТ, АЛАР БАСКАН ЖЕРЛЕРДЕН ӨТӨТ. БИРОК АЛАР АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) ТААНЫШПАЙТ, аягында Аллах өзүн аларга таанытышы үчүн Аз. Йусуф (ас)га уруксат бергендей ага уруксат берет.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 189-б.)

 

Амр бин Саъд Эмирүлмүминин Али бин Эби Талиб алейхиссаламдан алып айтат: «... Алинин Раббисине ант болсун, хүжжет (АЗ. МЕХДИ (АС)) ТИК ТУРАТ, ДҮЙНӨНҮН ЖОЛДОРУНДА БАСАТ, ҮЙЛӨРГӨ ЖАНА САРАЙЛАРГА КИРЕТ, БУЛ ЖЕРДИН ЧЫГЫШЫ МЕНЕН БАТЫШЫНДА КЫДЫРАТ, СӨЗДӨРҮ УГУЛАТ, ЖАМААТКА САЛАМ БЕРЕТ, КӨРӨТ, бирок убада кылынган убакытка жана асмандан төмөнкү үн келгенге чейин билинбейт (таанылбайт).» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 167-б.)

 

Пайгамбарыбыз (сав), чыгаардан мурдакы убакта, Аз. Мехди (ас)дын адамдар арасында көп көрүнөөрүн, адамдар аны үйлөрүндө отурган кезде, көчөлөрдө жүргөн кезде көрүшөөрүн, телевизорлордон, интернеттен үнүн угуп өзүн көрүшөөрүн, атын угушаарын, бирок ошого карабастан анын Аз. Мехди (ас) экенин таанып билишпешин айткан. Ошол сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын адамдар арасында, базарларда жүрөөрү, бирок анын Аз. Мехди (ас) болушун күтпөгөндүктөн адамдардын аны катардагы бир адамдай көрүп тааныбай турганы да кабар берилген. Хадистерде берилген бул маалыматтар Аз. Мехди (ас)дын адамдар арасында таанымал, белгилүү; атак-даңкы чыккан, бүт адамдар билген, бирок «А. Мехди (ас) сыпаты менен таанылбаган» бир адам болоорун көрсөтүүдө.

 

АЗ. МЕХДИ (АС) «МЕН АЗ. МЕХДИ (АС)МЫН» ДЕБЕЙТ; БИРОК АДАМДАРДЫН КӨЗҮНДӨГҮ КАПЫЛЕТТИК ПАРДАЛАРЫН АЛЫП САЛЫП, «МЕХДИ ЧЫНДЫГЫН» ТҮШҮНҮШҮНӨ ШАРТ ТҮЗӨТ

 

Аз. Мехди (ас) эч качан адамдарга «мен Мехдимин» дебейт. Аллах Пайгамбарыбыз (сав) оозунан кабар берген алааматтар (белгилер) аркылуу аны адамдарга таанытат. Бул алааматтардын бири болсо – «АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ АДАМДАРГА ЭҢ ЖАКШЫ АЙТЫП БЕРЕ ТУРГАН АДАМДЫН КАЙРА ЭЛЕ БИР ГАНА АЗ. МЕХДИ (АС) БОЛУШУ». Аз. Мехди (ас) кылган эмгектери менен; Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистерин жана Ислам аалымдарынын Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү сөздөрүн эң туура жана эң хикматтуу жоромолдошу менен адамдарга Аз. Мехди (ас)ды эч кемчиликсиз таанытат. Бир хадисте Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав)дын акыр заман жөнүндө берген маалыматтарынын маңызын түздөн-түз билген киши болоору, ушул себептен Пайгамбарыбыз (сав)дын акыр заман жөнүндөгү хадистерин эң туура түшүндүрө турган кишинин да кайра эле бир гана Аз. Мехди (ас) болоору мындайча айтылган:

 

Эбу Басир мындай дейт: Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «... Мындай деди: Аз. Мехди (ас) кыям эткенде Расулуллахтын жолунан жүрөт. БИР ГАНА АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) РАСУЛУЛЛАХ (САВ)ДЫН ЭМГЕКТЕРИН ТҮШҮНДҮРӨТ...» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 191-б.)

 

Аз. Мехди (ас) хикматтуу түшүндүрүп берүүлөрү аркылуу адамдардын парасаттарын ачат. Апачык «мен Аз. Мехди (ас)мын» дебейт, бирок руханий Аз. Мехди (ас)дын бар экенине жана күчүнө ишарат кылуу менен адамдардын көздөрүндөгү капылеттик пардасын ачып, «Мехди чындыгын» түшүнүүлөрүнө шарт түзөт. Аз. Мехди (ас) Аз. Мехди (ас)дан сөз кылган сайын адамдар барган сайын анын Аз. Мехди (ас) экенине чындап ишенишет жана ага руханий моюн сунгулары келет.

 


АДАМДАРДЫН АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ ТААНЫЙ АЛБАШЫНЫН БИР СЫРЫ – БУЛ АЛЛАХТЫН АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ КОРГОШУ

 

БИРОК АЛЛАХ КАЛКТЫН НАПСИЛЕРИНЕ (НАФС) БОЛГОН ЗУЛУМДУГУ, АЗАБЫ ЖАНА ЫСЫРАПКОРЛУГУ СЕБЕБИНЕН АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) КАЛКТАН ЖАШЫРАТ. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 162-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) БАШЫНДА АТЫНЫН ЖАЙЫЛЫШЫНАН КАЧЫНАТ

 

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде берилген маалыматтардан чыгаардан мурдакы убактарда Аз. Мехди (ас)дын ысмынын көп жайылтылбашы түшүнүктүү болууда. Аз. Мехди (ас)дын ысмы жайылбашы үчүн бирден-бир жол – бул псевдоним (башка бир ат) колдонуу. Ушул себептен Аз. Мехди (ас) иш-аракеттеринин алгачкы убактарында өз ысмын жашырып, өз атынын ордуна башка бир ысым колдонот.

 

Муфаззал бин Өмер мындай дейт: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссаламдын алдында элем жана мени менен бирге башкалар да бар эле. Имам алейхиссалам бизге мындай деди: «ЭЧ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АТЫН ЖАЙЫЛТА КӨРБӨГҮЛӨ»... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 174-б.)

 

Ушул эле хадисти шейхибиз Мухаммед бин Йакубу Кулейни (ра) да алып өткөргөн: «Аллах силердин хидаятыңарды көбөйтсүн көрдүңөрбү? АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АТЫНЫН ЖАЙЫЛТЫЛБАШЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ХАДИСТЕРДЕ ИМАМ ЭМНЕ ДЕЙТ: «АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) АТЫН ЖАЙЫЛТПАГЫЛА»...» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 175-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАРГА КӨРҮНӨТ, БИРОК АЛЛАХ АНЫН АЗ. МЕХДИ (АС) ЭКЕНИН БЕЛГИЛҮҮ МӨӨНӨТКӨ ЧЕЙИН АДАМДАРДАН ЖАШЫРАТ

 
Аллах Таала аны менен (Аз. Мехди (ас) менен) адамдар арасына бир парда тартат, алар аны көрүшөт бирок таанышпайт. (Kemalu'd-din, 2-т., 351-б.)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder