АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДА ИСЛАМ ДИНИ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ
(САВ) ДООРУНДАГЫ ЧЫНЫГЫ АБАЛЫНДА ЖАШАЛАТ
РАСУЛУЛЛАХТЫН (САВ) КЫЛГАНДАРЫНЫН
БААРЫН АЛ ДА (АЗ. МЕХДИ (АС) ДА) КЫЛАТ; РАСУЛУЛЛАХ (САВ) ЖАХИЛИЯТ (КАРАҢГЫЛЫК)
НЕГИЗДЕРИН ЖЫККАН СЫЯКТУУ, АЛ ДА (АЗ. МЕХДИ (АС) ДА) МУРДАКЫ НЕГИЗДЕРДИ ЖЫГАТ.
АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) Исламды кайрадан башынан алат (баштайт). (Mikyalu'l
Mekarim, 1-т., 57-б.)
Аз. Мехди (ас) чыкканда дал
Пайгамбарыбыз (сав) кылгандай, ал доордун бүт атеист, Аллахты тануучу
системаларын жеңип, ал системалардын бүт пикирдик негиздеринин,
көз-караштарынын, философияларынын, батыл (негизсиз, жалган) иш-аракеттеринин
жана ишенимдеринин жараксыздыгын адамдарга көрсөтөт. Андан соң Ислам ахлагынын
Пайгамбарыбыз (сав)дын доорундагы сыяктуу маңызына толук туура келген абалда
–бүт кошумчалардан (бидат), чындыкка сыйбас иш-аракеттерден тазаланган
абалында- орношуна себепчи болот.
АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫНЫГЫ ИСЛАМ АХЛАГЫН ЧЫГАРАТ
Хадистерде билдирилгендей, Аз. Мехди
(ас) чыкканда, Ислам динине кийин кошулган бүт батыл (жалган) ишеним жана
иш-аракеттерди жок кылат. «... адамдар
арасында Пайгамбардын (сав) сүннөтү менен мамиле кылат» риваятында
билдирилгендей, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жолунан жүрөт жана анын доорундагы
сыяктуу чыныгы дин ахлагынын орношуна себепчи болот.
Аз. Пайгамбар (сав) эң башында
Исламды кантип бутунда кармаган (туткан) болсо, Аз. Мехди (ас) да эң аягында
ошол сыяктуу Исламды бутунда кармайт.
(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il
Muntazar, 27-б.)
... Динди Пайгамбар (сав)дын
убагындагы сыяктуу дал өзүндөй турмушка ашырат. Жер бетинде мезхептерди жок кылат. Таза, акыйкат динден башка эч бир
мезхеп калбайт.
(Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet
Alametleri, 186-187-б.)
Аз. Мехди (ас) эч бир бидатты
(кошумчаны) калтырбайт.
(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il
Muntazar, 43-б.)
Аз. Мехди (ас) бир дагы бидатты
(кошумчаны) калтырбайт. Акыр
заманда дал Пайгамбар (сав) сыяктуу диндин талаптарын орундатат.»
(Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet
Alametleri, 163-б.)
Бидат (кошумча): Диндин
чыныгысында жок болгонуна карабастан, динге кошулган негизсиз (батыл) адаттар.
АЗ. МЕХДИ (АС) КӨРҮНГӨНДӨ БҮТ
ТАРИКАТТАР АГА МОЮН СУНАТ. СЕБЕБИ МЕХДИ (АС) БҮТ ИСЛАМ ААЛАМЫНЫН МҮРШИДИ (УСТАТЫ)
Аз. Мехди (ас) акыр замандын эң чоң
устаты (мүршиди), олуясы, кутбу. Имам Раббани Азретинин да, Абдулкадир Гейлани
Азретинин да, бүт ахли сүннөт аалымдарынын, бүт мезхеп имамдарынын жана бүт
тарикаттардын да устаты. Ошондуктан Махмут Хожаэфенди Азретинин да устаты – Аз.
Мехди (ас). Жүббели Ахмет (Түркиядагы бир аалым) бир сөзүндө Аз. Мехди (ас)дын
келиши үчүн Аллахка жалбарып дуба кылып, Аз. Мехди (ас)ды көрүү үчүн Аллахка
жалбарган.
Демек, Аз. Мехди (ас) келгенде
Махмут Хожаэфенди Азрети да, Жүббели Ахмет да жана башка тарикаттар жана
алардын мүчөлөрү да Аз. Мехди (ас)га баш ийишип, анын халифалыгын кабыл алышат.
Аз. Мехди (ас) көрүнгөндө жалпы Мусулмандардын моюн сунушун кабыл албаган, «ал
андай эмес» деген бир дагы Мусулман жамааты жок.
Аз. Мехди (ас) акыр замандын эң чоң
устаты, эң чоң олуясы жана кутбу болгондуктан, ал көрүнгөндө бүт тарикаттар
анда чогулат. Муну билген көптөгөн тарикат лидерлери жүздөгөн жылдан бери
улантып келген халифалык (орун басарлык) аманатын кийинки кишиге калтыруу
салтын акыр заманга кирилген соң токтотушкан. Мисалы, Али Хайдар Мырза да
халифалыкты Аз. Мехди (ас)га калтырган. Махмут Хожаэфенди Азрети учурда Али
Хайдар Эфендинин өкүлү. Бүт тарикаттар Аз. Мехди (ас)дын чыгуу убактысы болгон
Хижрий 1400-жылдан (1979-1980-жж.) баштап анын көрүнүшүн жана табигый
устаттыгын күтүп башташты.
АЗ. МЕХДИ (АС) ЭЧ КИМДИН, ЭЧ БИР
КӨЗ-КАРАШТЫН, ЭЧ БИР ТАРИКАТТЫН ТААСИРИНДЕ БОЛБОЙТ
... Артында Иса бин Мерйем намаз кыла турган
Каимден (Аз. Мехди (ас)дан) тышкары, биз Эхли Бейттен болгондордун баарыбыздын
мойнунда замандын тагутуна (Аллахтын өкүмүн тааныбаган бүт жандыктар, күч,
шайтан) моюн сунуу болоорун (Аз. Мехди (ас) доорунда динсиздиктин жайылаарын,
дээрлик бүт адамдардын ал системага көз-каранды болоорун) билбейсиңерби? Улуу
Аллах анын көрүнүшүн жашырат жана өзүн жашырат. ОШЕНТИП АЛ КӨРҮНГӨНДӨ АНЫН МОЙНУНДА ЭЧ КИМГЕ МОЮН СУНУУ БОЛБОЙТ... (Kemal'üd-Din,
1-т., 305-б.)
Хасан бин Мүнзирдин Зүрареден риваяты боюнча Имам
Жафери Садык алейхиссалам аягында мындай деген: «Аллахка ант, аягында ээңер
(Аз. Мехди (ас)) сөзсүз көрүнөт жана МОЙНУНДА
ЭЧ КИМГЕ МОЮН СУНУУ болбойт. (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 402-б.)
Ибрахим бин Өмер-и Йемани айтат: Имам Эбу Абдуллах
алейхиссалам мындай деди: «Каим (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде (чыкканда), МОЙНУНДА ЭЧ КИМДИН БИАТЫ (МОЮН СУНУУСУ)
БОЛБОСТОН КӨРҮНӨТ (чыгат).» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 218-219-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ЭЧ БИР ТАРИКАТКА КӨЗ-КАРАНДЫ
БОЛБОЙТ, АЛ КӨРҮНГӨНДӨ ТАРИКАТТАРДЫН БААРЫ АГА БАШ ИЙЕТ
Пайгамбарыбыз (сав) куттуу хадисинде
Аз. Мехди (ас) төрөлүшүнүн жашыруун болоорун, б.а. анын үйдө төрөлөөрүн
билдирген. Ошондой эле, Аз. Мехди (ас) көп убакытка чейин адамдардын көзүнөн
оолак болуп, үйүндө жашап, адамдардын арасына чыкпайт. Аз. Мехди (ас) эч бир
тарикатка мүчө болбойт, б.а. чыкканда Накшибенди тарикаты менен да, Кадири
тарикаты менен да, башка тарикат менен да байланышы болбойт. Тескерисинче,
тарикаттардын баары ага баш ийет жана Аз. Мехди (ас) бүт тарикаттардын үстүндө
болот. Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын узун өмүрлүү болоорун
жана жашы өтүп калса дагы Аллахтын аны 40 жашынан да жашыраак көрүнүштө
чыгараарын да кабар берген.
Эбу Саидден: Хасан б. Али алейхис-салам ... мындай
деди: «... УЛУУ АЛЛАХ АНЫН ТӨРӨЛҮШҮН
ЖАШЫРАТ ЖАНА ӨЗҮН ЖАШЫРАТ. ОШЕНТИП АЛ ЧЫККАНДА ЭЧ КИМГЕ МОЮН СУНБАГАН БОЛОТ...
АЛ КӨЗДӨРДӨН КАЙЫМ КЕЗДЕ АЛЛАХ АНЫН ӨМҮРҮН УЗАТАТ, АНАН ӨЗ КУДУРЕТИ МЕНЕН АНЫ
КЫРК ЖАШТАН ЖАШЫРААК КӨРҮНҮШТӨ АЧЫККА ЧЫГАРАТ жана бул Аллахтын бүт нерсеге
кудуреттүү экендигинин билиниши үчүн.» (Kemal-ud
Din, 1-т., 315-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАРДЫН МҮНӨЗҮНҮН СОНУН БОЛУШУНА,
АДАМДАРДЫН ЧЫН ЖҮРӨКТӨН МАМИЛЕ КЫЛЫШЫНА СЕБЕПЧИ БОЛОТ
Имам Мехди (ас)дын жакшылыгы менен адамдардын
аң-сезими жогорулайт жана мүнөздөрү толуктукка жетет. (Bihar-ül
Envar, том 52, 328 & 336-б.)
(Аз. Мехди (ас) доорунда) Жүрөктөр муктажсыздык
жана өзүнө жетиштүүлүккө толот. (Bihar-ül
Envar, том 52, 337-б.;
İküd'dürer, 169-бет; Musnad)
(Аз. Мехди (ас) убагында) Мактануу жана көргөзмөлүк
токтойт жана коопсуздук (ишеним) кадимки көрүнүш болуп калат. (İküd'dürer,
159-б.)
(Аз. Мехди (ас) убагында) Улгайгандар жаштарга
карата жардамкеч жана боорукер болсо, жаштар улгайгандарга урмат көрсөтүшөт. (Bihar-ül
Envar, том 52, 385-б.)
(Аз. Мехди (ас) убагында) Жалган менен доомат
(жалган жалаа) жоголот. (Misbaah
al-Zaaer, 217-219-б.)
(Аз. Мехди (ас) убагында) чыныгы достук болот жана
бул ушундай бир даражага жетет: ыймандуулардын бирөөсү башкасынын байлыгын
(мүлкүн) андан уруксат албастан алат жана беркиси ага маани да бербейт. (Bihar-ül
Envar, том 52, 372-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) КААПЫРДЫК АГЫМДАРДЫ ЖАНА БИДАТТАРДЫ
ИСЛАМ ДИНИНЕН АЛЫСТАТАТ, АДАМДАРДЫ АЛЛАХКА ЫЙМАНГА ЧАКЫРАТ
Расулуллах (с.а.в.) мындай дейт: «АР ЗАМАНДА ҮММӨТҮМ ҮЧҮН ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН БИР
АДИЛ (АДИЛЕТТҮҮ) БАР. АЛАР ЖОЛДОН ЧЫККАНДАРДЫН БУЗУКУЛУКТАРЫН, БАТЫЛЧЫЛАРДЫН
БАТЫЛЫН (жалганын), ЖАХИЛДЕРДИН (караңгы) ЖОРОМОЛУН БУЛ ДИНДЕН АЛЫСТАТЫШАТ,
уккула чынында силердин имамдарыңар силерди Аллахка алып барчу элчилер, демек
силдердин элчилериңердин кимдер экенин жакшы карагыла.»
(Savaik'ul Muhrika, İbn-i Hacer, 148-б.,
Muhammediyye mat. Ve 90-б., Meymeniye
mat. Mısır. / Yenabi'ul Mevedde, Kunduzi Hanefi, 226, 326, 327-б., Haydariye
mat. 191, 271, 273 жана 297-б., İstanbul.
/ Zehair'ül Ukba, Muhibbiddin Taberi Şafii, 17-б.)
Пайгамбарыбыз (сав) куттуу хадисинде
ар кылымда сеййиддер (Пайгамбар (сав)дын урпактары) арасынан адилеттик менен
өкүм чыгарчу бир киши болоорун айткан. Ал кишилер өздөрүнүн кылымында батыл
(негизсиз) кайсы агым бар болсо, ошону менен пикирдик күрөш жүргүзүшөт жана
адамдарды дин ахлагын жашоого чакырат. Ал доордо элдерге таасир берген батыл
дин (материализм, атеизм, путпарасттык, дарвинизм) кайсынысы болсо, ошону менен
же баары чогуу болгон болсо баары менен пикирдик күрөш жүргүзүшөт. Хижрий
1400-жылдары мындай пикирдик күрөштү жүргүзө турган жана адамдарды акыйкат жолго
чакыра турган сеййид Аз. Мехди (ас) болот. Аз. Мехди (ас) бир тараптан
дарвинизм жана материализм идолун (путун) пикир менен талкалайт, экинчи жагынан
кээ бир фанат кишилер динге кошкон ар кандай батыл (негизсиз) нерселерди динден
алыстатып, диндин Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы сыяктуу болушун камсыздайт.
Устат Саид Нурси Азрети Аз. Мехди (ас)дын мындай пикирдик күрөшүн төмөнкүчө
айткан:
Биринчиси: Табигый-так илим (биология) жана
философиянын таасири менен жана МАДДИЙУН
(МАТЕРИАЛИЗМ) ЖАНА ТАБИИЙЙУН (ТАБИЯТЧЫЛЫК ИШЕНИМИНИН) АДАМЗАТ АРАСЫНДА ЖАЙЫЛЫШЫ
МЕНЕН, БААРЫНАН МУРДА ФИЛОСОФИЯНЫ ЖАНА МАДДИЙУН ПИКИРИН (МАТЕРИАЛИСТТИК
КӨЗ-КАРАШТЫ) ТОЛУК ООЗУН ЖАП КЫЛЫП ЫЙМАНДЫ КУТКАРУУ... (Emirdağ Lahikası, 337-б.)
Аз. Мехди (ас) биринчи милдети
катары маддийун, б.а. материализм, табиййун, б.а. дарвинизм менен пикирдик
күрөш жүргүзөт жана бул эки Жаратканды тануучу агымды илим, пикир менен
бүтүндөй таасирсиз кылып, адамдардын Аллахка чындап ыйман келтиришине себепчи
болот.
АЗ. МЕХДИ (АС) ИСЛАМ ДИНИНДЕГИ БИДАТТАРДЫ ТАЗАЛАЙТ,
АДАМДАРДЫ КУРАНГА ЖАНА ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН СҮННӨТҮНӨ БАГЫТТАЙТ
АДАМДАР КУРАНДЫ ӨЗ НАПСИЛЕРИНЕ
ЖАРАША ЖОРОМОЛДОГОНДО АЗ. МЕХДИ (АС) АЛАРДЫН КӨЗ-КАРАШТАРЫН КУРАНДЫ КӨЗДӨЙ
БАГЫТТАП АНЫ КУРАНДЫН ЧЫНДЫКТАРЫНЫН КЫЗМАТЫНА БУРАТ.
АНАН СИЛЕРГЕ КИТЕП МЕНЕН СҮННӨТТҮН КАНТИП УНУТУЛГАНЫН КӨРСӨТӨТ ЖАНА АНЫН ЖАНДУУ
МААНИЛЕРИН ЖАНДАНТАТ.
(Nehcü'l Belağa, hutbe 134)
Аз. Мехди (ас) чыккан акыр заманда
кээ бир адамдар Куранды өз напсилерине, өз кызыкчылыктарына карап жоромолдошуп,
адамдарды да ошол жоромолдорго тартууга аракеттенишет. Аз. Мехди (ас) болсо
адамдарга Куран аяттарынын чыныгы маанилерин айтып берет. Адамдар Куран
аяттарынан, Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнөн руханий өтө алыстаган бул доордо
аларга аяттардын чыныгы маанилерин айтып берет.
АЗ. МЕХДИ (АС) ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ)ДЫН СҮННӨТҮН
ЭЭРЧИЙТ, ИСЛАМ ДИНИНЕ КИЙИН КОШУЛГАН КОШУМЧАЛАРДЫ ТАЗАЛАП, ДИНИБИЗДИ
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН ДООРУНДАГЫ ЧЫНЫГЫ АБАЛЫНА КАЙТАРАТ
Абдуллах бин Ата айтат: Имам Эбу Жафери Бакыр
алейхиссаламга мындай дедим: «БИЗГЕ КАИМ
АЛЕЙХИССАЛАМДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) КАБАР БЕР...» МЫНДАЙ ДЕДИ: «РАСУЛУЛЛАХТЫН
(САВ) ЖОЛУНАН ЖҮРӨТ; МУРДАКЫ НЕРСЕЛЕРДИ ЖОККО ЧЫГАРЫП (АЛЫП САЛЫП), ЖАҢЫ
НЕРСЕЛЕР МЕНЕН КЕЛЕТ.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 216-б.)
АЗ. МЕХДИ
(АС) АДАМДАРДЫН АР КАНДАЙ ТЕМАДА КУРАН АХЛАГЫ БОЮНЧА ОЙЛОНУП МАМИЛЕ КЫЛЫШЫНА
ШАРТ ТҮЗӨТ; Б.А. АЛАРДЫ: ЭҢ ТУУРА, ТАК, ЛОГИКАЛУУ, АКЫЛДУУ МАМИЛЕ КЫЛУУГА
ҮНДӨЙТ
Имам Мухаммед Бакыр (ас) мындай деген: «Каимибиз (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ
КУЛДАРДЫН БАШЫН КОЛУ МЕНЕН СЫЛАЙТ ЖАНА АЛАРДЫН ЧАЧЫРАНДЫ ОЙЛОРУН БИР ЖЕРГЕ
ЖЫЙНАЙТ. АЛАРДЫ БИР МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙ БАГЫТТАЙТ жана аларда жактырылган
адеп-ахлакты кемаль даражасына (кемчиликсиздик деңгээлине) жеткирет. (Bihur-ul
Envar, 52-т., 336-б.)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder