АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН МҮНӨЗҮ
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ГА ОКШОШ
Аз. Мехди (ас) Аллахка карата өтө моюн сунуучу. Мүнөзү (адеп-ахлагы) жагынан Пайгамбар
(сав)га окшош.
(Kıyamet Alametleri, Berzenci (Берзенжи), 163-б.)
Мүнөзү
(адеп-ахлагы) менин мүнөзүм болгон бир урпагым (Аз. Мехди (ас)) чыгат.
(Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, 21-б.)
Пайгамбарыбыз (сав)дын сонун мүнөзү
Куранда мындайча кабар берилген:
Күмөнсүз сен жогорку жана өтө бийик
бир ахлактуусуң (мүнөздүүсүң). (Калем Сүрөсү, 4)
АЗ. ДАВУД (АС)ДЫН
ТАРТЫНУУСУНА, АЗ. АЙЙУБ (АС)ДЫН САБЫРЫНА ЭЭ БОЛГОН АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН МҮНӨЗҮ
ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ)ДЫН МҮНӨЗҮНДӨЙ БОЛОТ
ИМАМ МЕХДИ (АЗ. МЕХДИ) (АС)ДЫН
МҮНӨЗҮ АЛЛАХТЫН ПАЙГАМБАРЫ (САВ)ДЫН МҮНӨЗҮ. Бүт нерсеге Кадир (Кудуреттүү) болгон Аллах Аллахтын элчисинин мүнөзүн
«Жогорку ахлак (мүнөз)» катары ишарат кылган. (Калем
Сүрөсү, 4-аят; Mikyaal
al-Makaarem, 1-том, 84-бет; İküd'dürer,
31-бет; A'laam al-Waraa, 291-бет; Muntakhab
al-Asar, 183-бет Al-Malaahem wa-al-Fetan'дан
алып өткөргөн.)
Имам Мехди Аз. Мехди (ас) ДАВУД ПАЙГАМБАР (АС)ДЫН (КҮНӨӨЛӨРДӨН) ТАРТЫНЫШЫНА жана АЙЙУБ ПАЙГАМБАР
(АС)ДЫН САБЫРЫНА ээ. (Kefaayah
al-Asar, 43-бет)
АЗ. МЕХДИ (АС) ДҮЙНӨНҮН ЭҢ
ЖОГОРКУ МҮНӨЗДҮҮ АДАМЫ БОЛОТ
Имам Мехди (ас) бүт адамдардын ЭҢ ТОКТОО, ЭҢ (КҮНӨӨДӨН) ТАРТЫНГАН, ЭҢ ДИНЧИЛ, ЭҢ ЖООМАРТ, ЭҢ ЭР ЖҮРӨК
ЖАНА ЭҢ ОПАЛУУСУ (ТУРУКТУУСУ). (Ehqaaq
al-Haqq, 13-том, 367-бет)
Имам Мехди (ас) БҮТ КҮНӨӨЛӨРДӨН, КЕМЧИЛИКТЕРДЕН, ТАЗА ЭМЕС НЕРСЕЛЕРДЕН ЖАНА КАТАДАН
АЛЫС ЖАНА ТАЗАЛАНГАН. (Bihar-ül
Envar, 53-том, 187-бет)
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН МҮНӨЗҮНҮН
ЫЙМАНДУУЛАРГА ӨРНӨК БОЛУШУ
Аллахтын болгон нур ага (Аз. Мехди (ас)га) жетет.
Диний илимдерди жана өрнөк мүнөздү кабыл
алат. (Аллахтан алат.) (Konavi
Risalet-ül Mehdi, s. 161 B)
Куранда Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын
да чын ыкластан ыйман келтиргендер үчүн эң сонун өрнөк экени билдирилген:
Ант болсун, силер үчүн, Аллахты жана
акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп зикир кылгандар (эстегендер) үчүн
Аллахтын Пайгамбарында (Элчисинде) сонун бир өрнөк бар. (Ахзаб Сүрөсү, 21)
АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ БИР
ТҮНДӨ ЫСЛАХ КЫЛАТ (ЖЕТИЛТЕТ)
Эль-Мехди бизден, Эхли Бейттен. Аллах аны бир түндө ыслах кылат (жетилтет)
(б.а. тообосун кабыл алат же нурлар жана хикматтар менен жабдыйт).
(Sünen-i İbni Mace (Сүнени
Ибни Маже) Kitabü-l 'fiten Tercemesi ve Şerhi
(Китабүл фитен котормосу жана чечмелөөсү)- Kahraman Neşriyat, 10-том, которгон: Haydar
Hatipoğlu, 34-бап, 348-бет)
Ислам аалымдары бул хадисти
төмөнкүчө чечмелешкен:
... Бир түндө Аз. Мехди (ас)дын
ыслах кылынышы сөзү болсо Женабы Хакктын ага кутуп даражасын беришине ишарат.
Бул даражага аракет, эмгек менен жетүү мүмкүн эмес. Улуу Мевла Курани Керимде
айткандай, Аз. Пайгамбар (сав)га берилген бул лүтуф (сыйлык) Аз. Мехди (ас)га
да берилген. Улуу Мевла Курани Керимде
Шура Сүрөсүнүн 52-аятында Пайгамбарыбыз (сав)га мындай деген: «Сен китеп
эмне, ыйман эмне билчү эмессиң. Бирок Биз аны (китепти) кулдарыбыздан
каалаганыбызды аны менен туура жолго жеткирчү бир нур кылдык. Күмөнсүз сен
туура жолду көрсөтүүдөсүң.» Аз. Мехди (ас) диний маселелерде өз доорундагы
мужтахиддердин эң пазилеттүүсү (жакшысы) жана эң кемчиликсизи. Бул да анын
бийиктигин, даражасынын жогорулугун, макамынын бийиктигин көрсөтөт.
(Ali b. Sultan Muhammed el-Kari el-Hanefi
(Али б. Султан Мухаммед эль-Кари эль-Ханефи),
"Risaletül Meşreb elverdi fi mezhebil Mehdi)
Бедиүззаман Саид Нурси болсо Аз.
Мехди (ас)дан мындайча сөз кылат:
Акыр замандын эң чоң бузукулук убагында, албетте, ЭҢ ЧОҢ БИР МУЖТАХИД (ижтихад кылган чоң
Ислам аалымы), ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЭҢ ЧОҢ БИР
МУЖАДДИД (ар кылымдын башында диний акыйкаттарды мезгилдин муктаждыгына
жараша сабак берүү үчүн жөнөтүлгөн чоң Ислам аалымы, жаңылоочу), ОШОНДОЙ ЭЛЕ ХАКИМ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ МЕХДИ,
ОШОНДОЙ ЭЛЕ МУРШИД (туура жолду көрсөткөн киши), ЖАНА КУТБ-У АЗАМ (Мусулмандар аны ээрчиген чоң олуялардан,
мезгилдин эң чоң муршиди) катары бир нурдуу затты жөнөтөт жана ал зат Эхли
Бейти Небевиден (Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан) болот...
(Mektubat (Мектубат), 411-412)
АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БИР
КҮНДӨ АБДАН ЧОҢ БИР НЕМАТ ЖАНА КҮЧ БЕРЕТ
Имам Мухаммед Таки (ас) Абдулазим Хасениге мындай
деди: «Каим – бул убада кылынган Аз. Мехди (ас). Көздөн кайым (көрүнбөгөн)
кезде аны күтүү, көрүнгөндө болсо ага моюн сунуу керек... Мухаммед (сав)ды
Пайгамбар тандаган Аллахка ант болсун, эгер кыямат болушуна бир күн эле калган
болсо да, Аллах Аз. Мехди (ас) чыксын жана дүйнө жүзүн зулумдукка толгон
сыяктуу адилеттикке толтурсун деп ал күндү созот, АНЫН (Аз. Мехди (ас)дын) БИЙЛИГИН МУСА (АС)ДЫН БИЙЛИГИ СЫЯКТУУ БИР
КҮНДӨ ОҢДОЙТ. Муса (ас) жубайы үчүн бир аз от алууга барды. Бирок рисалет (Аллахтын
милдет берүүсү) жана пайгамбарлык макамы менен кайтты.» (İmam
Muhammed Taki (Имам Мухаммед Таки)) (Bihar-ul
Envar, 51-т., 156-б.; Isbat-ül
Hüdat, 6-т., 420-б.) (Имамдан
мындан тышкары ушул багытта беш хадис алып өткөрүлгөн.)
АЗ. МЕХДИ (АС) БЕЙИШ КАЛКЫНЫН
СЕЙИТТЕРИНЕН (МЫРЗАЛАРЫНАН)
Хаким, Ибни Маже жана Эбу Наим Аз. Энесден алып
баяндашты. Мен Расулуллах (сав)дан уктум. Мындай деди: «БИЗ АБДУЛМУТТАЛИПТИН УРПАГЫНАН ЖЕТИ КИШИ БЕЙИШТИН МЫРЗАЛАРЫБЫЗ. Мен,
Хамза, Али, Жафер, Хасан, Хүсейин жана МЕХДИ.» (Ali Bin
Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler
(Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) - Ahir Zaman Mehdisinin
Alametleri, Kahraman Neşriyat, 19-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАРГА
ЖАРЫК ЧАЧКАН БИР КҮН СЫЯКТУУ
Булуттар күндүн бетин тосуп калганда
адамдар күндөн пайдаланган сыяктуу, андан да (Аз. Мехди (ас)дан) ошондойчо
пайдаланышат. (Yenabiu'ly-Mevedde, 477-б.)
Аз. Мехди (ас) Аллах аны адамдардан
жашыруун кармаган, Аз. Мехди (ас) экени билинбеген кездерде да илими, чын
ыкласы, сонун мүнөзү жана Аллахка болгон терең жакындыгы менен адамдарды
агартып, алардын жүрөктөрүн Аллахка жана Куран ахлагына жакындатат.
АЗ. МЕХДИ (АС) АЛЛАХТЫ
ДҮЙНӨДӨГҮ БҮТ НЕРСЕДЕН КӨП СҮЙӨТ ЖАНА АЛЛАХТАН ТЕРЕҢ БИР УРМАТ МЕНЕН КОРКОТ
АЗ. МЕХДИ (АС) АЛЛАХТЫН АЛДЫНДА,
АЛЛАХТЫН УЛУУЛУГУ АЛДЫНДА ХУШУ ЭТҮҮЧҮ (урмат менен коркуучу), өтө хушу этүүчү; канаттарын ачып, башы менен ылдый
асмандын чокусунан жерди көздөй түшүп бараткан бир бүркүт сыяктуу. Аз. Мехди
(ас) АЛЛАХТЫН ЖЕЛАЛИ АЛДЫНДА УШУНДАЙ ХУЗУ (кичипейилдик абалы, кичипейил
болуу, Аллахтын улуулугун, Желал жана Жамалын, бийиктигин ойлонуудан келип
чыккан адамдагы бейпилдик жана хушу (урмат менен коркуу) абалы) ЖАНА ХУШУ
ЭТҮҮЧҮ (урмат менен коркуучу). Аллах менен улуулугу Анын денесинде көрүнгөн
жана Аллахтын затында жок болгон. (El-Mehdiyy-il
Mev'ud..., 1-т., 280- жана 300-б.)
Аз. Мехди (ас) чымчыктын (гергес чымчыгы) канаты
менен титиреши сыяктуу Аллахтан абдан
корккон бир киши. (Nuaym b.
Hammad, vr 91a)
Аз. Мехди (ас) адилеттүү, куттуу жана таптаза.
АКЫЙКАТТАН КЫПЫНДАЙ ДА ӨТПӨЙТ (АТТАБАЙТ) АЛ (Аз. Мехди (ас)). АЛЛАХ АНЫН (АЗ.
МЕХДИ (АС)ДЫН) КОЛУ МЕНЕН ИСЛАМ ДИНИН БИЙИК КЫЛАТ... Аз. Мехди (ас) ДАЙЫМА АЛЛАХ КОРКУУСУН ЖҮРӨГҮНДӨ АЛЫП
ЖҮРӨТ. Жана Аллахтын Кабатындагы такаррук (жакындык) макамынан улам да бой
көтөрбөйт (мактанбайт). (El-Mehdiyy-il
Mev'ud..., 1-т., 280- жана 300-б.)
(Аз. Мехди (ас)) Аллахка өтө моюн сунуучу.
(Kıyamet Alametleri, 163-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ӨТӨ ТАКЫБАЛЫК ЭЭСИ.
«АЛЛАХТАН АБДАН КОРККОН БИРӨӨ. БҮРКҮТ ТҮРҮНӨН НЕСИР КУШУНУН КАНАТТАРЫ МЕНЕН
ТИТИРЕШИ СЫЯКТУУ АЛЛАХТАН КОРКОТ.»
(Kitabü'l-Bürhan Fi Alamet-il Mehdiyy il Ahir
Zaman, 53-б.)
Наим б. Хаммад Кабдан алып мындай деди:
МЕХДИ
ЧЫМЧЫКТЫН (ГЕРГЕС ЧЫМЧЫГЫНЫН) КАНАТЫ МЕНЕН ТИТИРЕШИ СЫЯКТУУ АЛЛАХТАН АБДАН
КОРККОН КИШИ.
(Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler
(Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер), Ahir Zaman Mehdisi'nin
Alametleri Ali bin Hüsameddin El Muttaki, 23-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ТУРГАН ҮЙДӨ
АЛЛАХТЫН АТЫ КӨП ЭСТЕЛЕТ
Муфаззалдан, Имам Жафери Садык алейхиссаламдан
уктум, ал мындай деди: «БУЛ БУЙРУКТУН
ЭЭСИНИН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) БИР ҮЙҮ БАР, АЛ ҮЙДҮ «ХАМД (МАКТОО) ҮЙҮ» ДЕШЕТ.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 216-б.)
Аз. Мехди (ас)дын үйү Аллахка көп
хамд (мактоо) айтылган, ибадат кылынган, Аллахтын ыраазылыгы көздөлгөн жана
Куран ахлагы кылдаттык менен (өтө бекем) жашалган бир жер.
ӨТӨ МЭЭРИМДҮҮ БОЛУШУ
Тавус: ... АЗ.
МЕХДИ (АС) АЛСЫЗДАРГА (БАЙКУШТАРГА) ӨТӨ МЭЭРИМДҮҮ. (El-Havi, 2-т., 150-б.)
Аз. Мехди (ас) ушунчалык
мээримдүү болгондуктан, анын убагында бир адамдын да мурду канабайт.
(El-Kavlu'l Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il
Muntazar, 42-б.)
... Жакырларга өтө
мээримдүү болушу Мехди (ас)дын алааматтарынан. (Mer'iy b.
Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr
Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")
... Байкуштарга (алсыздарга) да өтө мээримдүү болушу. (Nuaym b.
Hammad, vr. 50b; Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min
Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")
Махмуд б. Вахиб Кызоглу Багдади Ханефи: «Cevheret-ul
Kelam (Жевхерет-ул Келам)» аттуу китепте мындай деп жазат: АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖЫЛУУ КАНДУУ (БООРУКЕР)
ЖАНА СУЛУУ БИР ЖАШ ЖИГИТ...
(Cevheret-ul Kelam, 157-б.)
Аз. Мехди (ас)дын маанилүү бир
өзгөчөлүгү, төмөнкү хадисте билдирилгендей, муктаж абалдагы жакырларга өтө
мээримдүү болушу, алардын бейпил жана бакубат жашоосу үчүн ар кандай социалдык
иш-аракетти колдоп аларга мүмкүнчүлүк бериши болот.
Имам Мехди (ас) көп өлчөмдөрдө байлык таркатат. ЖАКЫРГА ЖАНА МУКТАЖГА ӨТӨ ЖУМШАК. (Muntakhab
al-Asar, 311-бет)
МУСУЛМАНДАРДЫ КОРГОО
СЕЗИМИНИН КҮЧТҮҮ БОЛУШУ
Аз. Мехди (ас)дын коргоо сезиминин
өтө күчтүү болоору хадистерде билдирилген. Исламга каршы айтылган ар кандай
сөзгө толук жооп берип, ар кандай агымды толук таасирсиз (майнапсыз) абалга
келтирет.
Исламга каршы айтыла турган бир сөз
дагы ага оор келет.
(El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il
Muntazar, 30-б.)
ЗААЛЫМГА КАРШЫ АКЫЙКАТТЫ
ЖАКТАШЫ
Аз. Мехди (ас) заалымга
каршы акыйкатты жактайт. Ал тургай (заалым) бир адамдын азуу тишиндеги
(адилетсиздик менен алынган бир тиштемди) да андан тартып алат жана ээсине
кайтарат.
(En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı
Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal )
ЭЧ КИМДИН ТАЛАМЫН ТАЛАШПАШЫ
Ал менин үммөтүмдөн, тенеззүл этпеген (Аллахтан башка эч кимге өзүн карыздар сезбеген)
бир киши. (Suyuti (Суйути), el-havi,
2/24)
МУКТАЖДЫКТАРЫН АДАМДАРГА
БИЛДИРБЕЙТ
Аз. Хүсейин (ра)дан суралды:
«Имам Мехди кайсы алааматтар менен билинет?»
Мындайча жооп берди: «... Адамдар ага муктаж болушат. Ал болсо адамдарга муктаждыгын билдирбейт (айтпайт).»
(Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf
el-Makdisi "Feraidu Fevaidi'l Fikr
Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")
АДАМДАРГА ЖАКШЫЛЫК КЫЛЫШЫ
Заман үзгүлтүккө учураган (системалар өзгөргөн) бир
мезгилде Мехди (ас) деген бир киши келет жана
өтө берешен жана сонун (киши) болот. (Kitab-ül
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 14-б.)
Ал фитналар чыккан бир мезгилде (убакта) келет жана эч бир акысыз берешендик кылат
(мал-мүлк таркатат). (El Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 24-б.)
ӨТӨ ЖООМАРТ БОЛУШУ
«Тавус: ... АЗ.
МЕХДИ (АС) МАЛ-МҮЛК САДАКА КЫЛУУДА ӨТӨ ЖООМАРТ.» (El-Havi, 2-т., 150-б.)
Акыр заманда бир халифа болот, мал-мүлктү санап, эсептебестен бөлүштүрөт (таркатат). (Kitab-ül
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 15-б.)
Башчыларыңардан бир башчы (амир) болот, мал-мүлктү санабайт. Бирөө андан мал-мүлк
сураганда, «ал» дейт. Ал кийимин жайат жана ал болсо толтурат. (Kitab-ül
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 15-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ӨТӨ СҮЙҮҮГӨ
ТОЛО ЖАНА ДОСТУККА ЖАКЫН БОЛОТ
Аз. Мехди (ас)дын сүйүүсү,
боорукердиги, сылыктыгынан улам бүт адамдар андан ыраазы болгон, өтө сүйгөн,
чын көңүлдөн ага моюн сунган бир адам болот. Аз. Мехди (ас) доорунда сүйүү,
мээрим, боорукердик ушунчалык көп болуп, сулуулуктар ушунчалык көбөйүп, байлык
да өтө көбөйүп, адилеттик, тынчтык жана бейпилдик ушунчалык тарагандыктан,
«Анын убагында чоңдор «аттиң мен кичине болгонумда», кичинелер болсо «аттиң мен
чоң болгонумда» дешет.»1 Аз. Мехди
(ас)дын доору Аз. Мехди (ас)дын сүйүүсү, мээрими, сонун мүнөзү жана терең
ыйманы себебинен «жакшы адамдардын жакшылыгы көбөйүп, жамандарга карата да
жакшылык кылынган»2 бир доор
болот.
Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде
Аз. Мехди (ас)дын өтө мээримдүү жана сүйүүгө толо болоору, бүт адамдардын анын
айланасында сүйүү жана кубаныч менен чогулаары, адамдар эле эмес, деңиздердеги
балыктардын, асмандагы канаттуулардын да андан ыраазы болоору, бүт адамзат үчүн
кубаныч булагы болоору айтылат.
АЗ. МЕХДИ (АС) УШУНЧАЛЫК МЭЭРИМДҮҮ
БОЛГОНДУКТАН, анын убагында бир адам да
уйкусунан ойготулбайт, бир адамдын да мурду канабайт. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 42-б.)
Аз. Мехди (ас)дын кызматтары ушунчалык маанилүү
жана чоң; риваяттарда АНЫН БАШКАРУУСУНАН
АДАМДАР ЭЛЕ ЭМЕС, БҮТ ЖЕР МЕНЕН АСМАН ЖАШООЧУЛАРЫНЫН ДА ЫРААЗЫ БОЛООРУ АЙТЫЛАТ. (İs'afür-Ragıbin,
146-б.; el-Havi, 2:66, 67)
(АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЧЫГЫШЫ ЫЙМАНДУУЛАР ҮЧҮН ЭЛЕ ЭМЕС, ЖЕР
МЕНЕН АСМАН ЖАШООЧУЛАРЫ ҮЧҮН ДА КУБАНЫЧ БУЛАГЫ БОЛОТ. Канаттуулар,
жапайы айбандар, деңиздеги балыктар дагы сүйүнүшөт. (Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), 162, 163-б.)
Баары анын (Аз. Мехди (ас)дын)
айланасында жакшы көргөн балдарына чын жүрөктөн сүйүп жакын болгон бир атанын
мажилисинде же калкына мээримдүү бир хандын алдында сымал отурат, (жана) көңүл кубанткан аяттарды жана кубанычтуу
кабарларды түбөлүк бакыт мекенинде көрсөтөт. (Seyyid
Murtaza Müçtehidi Sistani, Nashr Almas Yayınları, 257-б. )
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын адамдарга
болгон сүйүү жана боорукердигине көңүл бурулган. Аз. Мехди (ас) бүт адамдарга
сүйүү жана боорукердик менен мамиле кылат, жана анын жанында бүт адамдар
өздөрүн бейпил, бактылуу сезишет. Ошондой эле, хадисте Аз. Мехди (ас)дын
сүйүнчүлөөчү болоору да айтылууда. Аз. Мехди (ас) келген убакта калкты оор
абалдан Курандын нуру менен чыгарат, жана кыйналып жаткан адамдарды сүйүнүчтүү
кабарлары менен кубантат.
АДАМДАР, БАЛ ААРЫЛАРЫНЫН БАШЧЫЛАРЫ
АЙЛАНАСЫНДА ЧОГУЛУШУ СЫЯКТУУ, АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АЙЛАНАСЫНДА ЧОГУЛУШАТ. Андан мурда зулумдукка толгон дүйнөнү Ал адилеттикке
толтурат. Адилеттүүлүгү ушунчалык (күчтүү) болгондуктан, уйкудагы бир адам да
ойготулбайт жана бир тамчы кан да төгүлбөйт. Дүйнө Аср-ы Саадетке (Пайгамбарыбыз
(сав) убагындагы бакубаттык доору) кайткандай болот. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 29-б.)
(Аз. Мехди (ас)) Пайгамбардын (сав) жолунан жүрөт.
Уктап жаткан кишини ойготпойт, кан да төкпөйт... Жер бети зулумдук менен
кыйноонун оруна адилеттикке толот. Бүт нерсени акыйкаттык жана адилеттик менен
бирдей (тең) кылып тапшырат. ОШЕНТИП ЖЕР
МЕНЕН АСМАН ЖАШООЧУЛАРЫ АНДАН ЫРААЗЫ БОЛГОНУ СЫЯКТУУ, АСМАНДАГЫ КАНАТТУУЛАР,
ТОКОЙДОГУ ЖЫРТКЫЧ АЙБАНДАР, ДЕҢИЗДЕГИ БАЛЫКТАР ДА ЫРААЗЫ БОЛУШАТ. (Medineli
Allame Muhammed b. Resul el-Hüseyni el-Berzenci
(эль-Хүсейни эль-Берзенжи), Pamuk Yayıncılık, İstanbul, 2002,
163-б.)
АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) УБАГЫНДА
БӨРҮ МЕНЕН КОЙ БИРГЕ ОЙНОП, ЖЫЛАНДАР ЖАШ БАЛДАРГА ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗБЕЙТ. Адам бир ууч урук таштап, 700 ууч түшүм алат... (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 43-б.)
Аз. Мехди (ас)дын сүйүүсү,
боорукердиги жана мээрими адамдардын да бир-бирин сүйүшүнө, сылык болушуна,
боорукер жана мээримдүү мамиле кылышына себепчи болот. Бул мындайча кабар
берилет:
Аз. Мехди (ас) убагында Аср-ы Саадеттеги сыяктуу, ӨЧКӨН СЕЗИМДЕР БИР-БИРДЕН УРУКТАНЫП, ГҮЛ
АЧАТ. (el-Havi l'il-Fetava, 67, 68-б.; Rahbavi,
Kıyamet Alametleri, 162, 163-б.)
(АЗ. МЕХДИ (АС)) АЛЛАХТЫН УРУКСАТЫ
МЕНЕН ТАШ СЫЯКТУУ ЖҮРӨКТӨРДҮ ЖУМШАРТА АЛАТ, КӨМҮР СЫЯКТУУ РУХТАРДЫ АЛМАЗГА
АЙЛАНТА АЛАТ, өлүк рухтарды ыймандын
нуру менен тирилте алат... (El-Kavlü'l-Muhtasır,
24-б.; Şaban Döğen Mehdi ve Deccal
(Мехди жана дажжал), 194-195-б.)
Бул хадистерде Аз. Мехди (ас)дан
мурда адамдардын сүйүүдөн, мээримден алыс болоору, кээ бир адамдардын
жүрөктөрүнүн катуу болуп калаары, кээ бир адамдардын тереңдиктен алыс болоору,
рух сулуулугунун азайаары, бирок Аз. Мехди (ас) чыккан (көрүнгөн) соң адам
рухундагы сүйүү, мээрим, боорукердик, сылыктык сыяктуу бүт сонун сезимдердин
кайрадан жанданаары кабар берилүүдө.
АЗ. МЕХДИ (АС) ӨТӨ ЭР ЖҮРӨК
БОЛОТ, ЭР ЖҮРӨКТҮК, БЕКЕМДИК, ТУРУКТУУЛУК ЖАНА КӨМӨКТӨШҮҮ СЫПАТТАРЫНА ЭЭ БОЛОТ
Фитналардын алдын алуу ага оор
келбеген жана өлтүрүү да аны артка кайтара албаган Эхли Бейтиме (урпагыма) тиешелүү бирөө (Аз. Мехди (ас)) ээ болбостон
күндөр менен түндөр бүтпөйт. (Ali Bin
Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler
(Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) – Ahir Zaman Mehdisinin
Alametleri, Kahraman Neşriyat, 13-б.)
Аз. Мехди (ас) өз ишин өтө кылдат (дисциплиналуу)
жасайт. (Kıyamet Alametleri, Berzenci, 175-б.)
Адамдар акыйкатка кайтканга чейин
(пикирдик) күрөшүн улантат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi
Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)
Мехди (ас) эсебин өтө кылдат жасайт жана убадасынан
кайтпайт. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, 24-б.)
Алдынан тоолор чыкса дагы, аларды эзип өтөт, ал
тоолордо өзүнө жол табат. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 39-б.)
«Эй ыймандуулардын Мырзасы, бизге сенин Мехдиң (ас)
жөнүндө кабар бер.» Ыймандуулардын Мырзасы (сав) мындай деди: «... (АЗ. МЕХДИ
(АС)) ӨЛҮМ КЕЛГЕНДЕ КОРКПОЙТ;
ыймандуулар айланасын курчаганда алыстап жүз бурбайт; СОГУШЧАНДАР АГА КАРШЫ
КҮРӨШКӨНДӨ ТЫНЧСЫЗДАНБАЙТ... ЖООМАРТ ЖАНА ЭР ЖҮРӨК...» (Kitab-ül
Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-т.], Ansariyan
Yayıncılık, топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi,
İran-Kum, 2003, 184-б.)
Аллах Куранда көптөгөн аятында
элчилеринин сонун адеп-ахлагы жана эр жүрөк мүнөздөрүнөн сөз кылат. Элчилер коомдорунун
бүт танууларына, шылдыңдарына, тузактарына жана чабуулдарына эң сонун жооп
беришкен жана дайыма Аллахтын жардамы менен жеңип чыгышкан.
Демек сен өзүңө буйрук кылынган
нерсени апачык айт жана мушриктерге алдырба. (Хижр Сүрөсү, 94)
АЗ. МЕХДИ (АС) КҮЧТҮҮ ЫЙМАНЫ,
СҮРҮ, ОЛУТТУУЛУГУ, АК СӨӨКТҮҮ МАМИЛЕЛЕРИ ЖАНА ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН АЛ
ЖӨНҮНДӨГҮ СҮРӨТТӨӨЛӨРҮ МЕНЕН ТААНЫЛАТ
Аз. Мехди (ас) ыйманы, ак сөөктүгү,
жагымдуулугу, олуттуулугу, сонун мамилелери, сонун адеп-ахлагы, эч кимден белек
албашы, тескерисинче, белек таркатышы, бүт адамдарга Ислам ахлагын эч кандай
акы талап кылбастан айтып берип жайышы, кылган кызматтарынан эч кандай акы,
кызыкчылык күтпөшү жана ар бир кыймыл-аракетинде Исламга пайдалуу болушу менен
таанылат. Мусулмандар Пайгамбарыбыз (сав) ал жөнүндө билдирген мындай
өзгөчөлүктөрүн бүт жакта сөз кылышат жана бул Аз. Мехди (ас)дын таанылышында
өзүнчө бир далил болот.
Эбуъл Жаруд мындай дейт:
Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламга: «... ИМАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЭМНЕ МЕНЕН
ТААНЫЛАТ?» дегенде мындай деди:
«ХИДАЯТ
ЖАНА ЖАГЫМДУУЛУГУ (БИЙИКТИГИ) МЕНЕН ЖАНА АЛИ МУХАММЕДДИН АНЫН (АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫН) ПАЗИЛЕТТЕРИН (СОНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН) МОЙНУНА АЛЫШЫ МЕНЕН.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 284-б.)
Харис бин Мугайре-и Насры мындай дейт, Имам Жафери
Садык алейхиссаламга «ИМАМ (АЗ. МЕХДИ
(ас)) ЭМНЕ МЕНЕН ТААНЫЛАТ?» дегенде мындай деди:
«ЖАГЫМДУУЛУГУ
ЖАНА ОЛУТТУУЛУГУ МЕНЕН. БАШКА ЭМНЕ МЕНЕН ТААНЫЛАТ? МЫНДАН ТЫШКАРЫ, АДАЛ ЖАНА
АРАМ МЕНЕН, ЭЛДИН АГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ МЕНЕН ЖАНА АНЫН ЭЧ КИМГЕ МУКТАЖ
БОЛБОШУНАН ТААНЫЛАТ...» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 283-б.)
Харис бин Мугайре-и Насры мындай дейт: Имам Жафери
Садык алейхиссаламга «Имам (Аз. Мехди (ас)) эмне менен таанылат?» дегенде
мындай деди:
«ЖАГЫМДУУЛУГУ ЖАНА ОЛУТТУУЛУГУ
МЕНЕН.»
«Башка эмне менен
таанылат?»
«Мындан тышкары, адал
жана арам менен, ЭЛДИН АГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ МЕНЕН ЖАНА АНЫН ЭЧ КИМГЕ МУКТАЖ
БОЛБОШУНАН таанылат, анын жанында Расулуллах (сав)дын куралы (кылычы)
болот.»
Эбуъл Жаруд мындай дейт: Имам Мухаммед Бакыр
алейхиссаламга: Эхли Бейттен болгон кандайдыр бир каим имамдан кийин келе
турган имам (Аз. Мехди (ас)) эмне менен таанылат? дегенде мындай деди:
«ХИДАЯТ ЖАНА ЖАГЫМДУУЛУГУ
(БИЙИКТИГИ) МЕНЕН жана Али Мухаммеддин анын
пазилеттерин моюнга алуусу менен...»
(http://www.al-shia.org/html/tur/books/book1/021.htm#link20)
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН
ИШ-АРАКЕТТЕРИНДЕ ТУУРА ЭМЕС ЖАНА ЗУЛУМДУКТУН БОЛБОШУ
Мен Аз. Мехди (ас)ды пайгамбарлардын барактарында
(китептеринде) мындайча көрөм: «Аз.
Мехди (ас)дын иш-аракеттеринде зулумдук да, туура эместик да жок.»
(Nuaym b. Hammad, vr. 50b; Ali Bin Hüsameddin El
Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин
Суйути жыйнагынан хадистер) – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri,
Kahraman Neşriyat, 21-б.)
АДАЛДАРДЫ ЖАНА АРАМДАРДЫ
БИЛЕТ
Аз. Хүсейин (ра)дан суралды:
«Имам Аз. Мехди (ас) кайсы алааматтар менен
билинет?» Минтип жооп берди: «Көңүлүнүн бейпилдиги жана олуттуулугу менен, адал менен арамды өтө жакшы билиши менен таанылат.
(Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf
el-Makdisi "Feraidu Fevaidi'l Fikr
Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")
АЗ. МЕХДИ (АС) ӨЗ ДООРУНУН ЭҢ
ЖАКШЫСЫ БОЛОТ
Мухаммед үммөтүнүн
эң жакшысы жана силердин кыйынчылыктарды кетирүүчү велиңер (досуңар) болгон
кишиге кошулгула.. Ал Аз. Мехди (ас). (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il
Mehdiyy-il Ahir Zaman, 57-б.)
Жашаган доорунда жер жүзүнүн эң жакшысы өзү (Аз. Мехди (ас)) болот. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 27-б.)
Аз. Мехди (ас) (өз доорундагы) адамдардын
эң жакшысы.
(Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 58-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ХИКМАТЫ,
БААМЫ, ПАРАСАТЫ ЖАНА ТҮШҮНҮГҮ АБДАН КҮЧТҮҮ БОЛОТ
Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын Аллах
ага берген өзгөчө бир күчкө ээ болоору билдирилет:
Ал эч ким биле албаган жашыруун бир
күчтүн ээси болгондуктан Аз. Мехди (ас) деп аталган.
(Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman)
Мухйиддин Араби Аз. Мехди (ас)дын
кээ бир өзгөчөлүктөрүн санаган. Төмөнкү сөздөрүндө Аз. Мехди (ас)дын көңүл
бурган негизги 9 өзгөчөлүгүн айтып өткөн:
1. Парасаттуу болушу
2. Ыйык китепти түшүнүшү
3. Аяттардын маанисин билиши
4. Дайындай турган адамдардын абалы
менен мамилелерин билиши
5. Ачууланганда да мээрим менен
адилеттиктен алыстабашы
6. Нерселердин класстарын билиши
7. Иштердин татаал, баш айланткан
тараптарын билиши
Себеби буларды билген бир лидер бере
турган өкүмдөрүндө жаңылбайт. Аз. Мехди (ас) салыштыруу илимин аны менен өкүм
кылуу үчүн эмес, андан качынуу үчүн билет. Себеби берген өкүмү туура бир илхам
натыйжасы болот. Б.а. Аз. Мухаммед (сав) алып келген шариятка ылайык өкүм
берет. Ушул себептен, Пайгамбарыбыз (сав) аны сүрөттөп жатып «менин изимден
жүрөт, ката кетирбейт» деген. Мындан көрүнүп тургандай, Аз. Мехди (ас) шарият
ээси эмес, шариятка моюн сунуучу.
8. Адамдардын муктаждыгын жакшы түшүнүшү
Себеби алардын ар кандай иштерине
жараш үчүн Аллах аны башка адамдар ордуна тандаган. Лидерлердин мамилеси жана
иш-аракеттери өзүнөн мурда калктын кызыкчылыгын көздөш керек... Калктын
пайдасына карама-каршы келген нерселер менен алектенип, алардын ишине жарабаган
бир лидер айдалышы керек. Себеби аны менен башка адамдар арасында айырма жок
болуп калат.
9. Өзгөчө анын мезгилинде муктаждык
сезилген кайып (билинбеген, жашыруун) илимдерине ээ болушу. Себеби ошонун
урматында гана жаңы жаңы пайда болгон маселелерди чече алат. (Kıyamet
Alametleri (Кыямат алааматтары), 189-б.)
Аз. Мехди (ас)дын баам-парасаты жана
түшүнүгү өтө күчтүү болот. Көп нерсени Аллахтын илхамы менен сезет.
Имам Садык (ас) мындай деди: «АЗ. МЕХДИ (АС) АР КООМДУН (ЭЛДИН) ИШТЕРИНИН ИЧ ТАРАБЫНАН (жашырган
нерселеринен) КАБАР БЕРЕТ ЖАНА ДОСУН
ДУШМАНЫНАН ПАРАСАТ МЕНЕН АЙЫРМАЛАЙТ.» (Sırat'ul-Mustakifm,
2-т., 254-б.)
АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ЭҢ
ТУУРА ӨКҮМДҮ ИЛХАМ КЫЛАТ
... Аз. Мехди (ас) ДАВУД (АС) ЖАНА
АЛ-И ДАВУД ӨКҮМҮ МЕНЕН ӨКҮМ ЧЫГАРАТ жана
эч кимден күбө менен далил сурабайт. Шейх Мүфид мындай дейт: «Каим-и Ал-и
Мухаммед (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ (ЧЫККАНДА), АЗ. ДАВУД (АС) СЫЯКТУУ,
Б.А. БАТЫН (ЖАШЫРУУН) МААЛЫМАТЫ МЕНЕН ӨКҮМ ЧЫГАРАТ, күбөгө муктаж болбостон
өкүм берет. АЛЛАХ ӨКҮМДҮ АГА ИЛХАМ КЫЛАТ ЖАНА АЛ АЛЛАХТАН БОЛГОН ИЛХАМГА
КАРАП ӨКҮМ БЕРЕТ. (İrşad (Şeyh
Müfid (Шейх Мүфид)), 365-366-б.)
АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)) УБАГЫНДА ЭЧ
КИМГЕ ЖАМАНДЫК КЫЛЫНБАЙТ. (El-Mehdiyy-il Mev'ud..., 1-т., 280- жана 300-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС)ДА АЛЛАХТЫН
«ХАДИ»; «ХИДАЯТ БЕРҮҮЧҮ» ЫСМЫНЫН БЕРЕКЕСИ БОЛОТ
Диъбел атактуу ыр саптарын Имам Рызанын (ас)
жанында окуган соң мындай деди:
«Аз. Мехди (ас) сөзсүз кыям этет (чыгат): Аллахтын ысым жана берекеси менен чыгат»
(б.а. Имамдын кыямы сөзсүз.) Ал Аллахтын
ысым жана берекеси менен кыям этет.» (Yenabi-ul
Mevedde, 2-т., 197-б.)
Аллахтын «Хади», б.а. «Хидаят
берүүчү, Туура жолго салуучу» ысмы Аз. Мехди (ас)да да көрүнөт. «Аз. Мехди» ысмы да «хидаятка (туура
жолго) жеткирүүчү» маанисине келет. Аз. Мехди (ас) Аллахтын уруксаты менен
дүйнөнүн төрт тарабындагы бүт адамдардын Аллахка ыйман келтиришине жана Ислам
ахлагына багытталышына себепчи болот.
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ӨСҮМДҮК,
ЖАНЫБАРЛАРДЫ СҮЙҮШҮ
Аз. Мехди (ас) кургак
(куураган) бир даракты тиккенде болсо дарак ошол замат жашылданып жалбырак
байлайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il
Mehdiyy-il Muntazar, 43-б.)
Аз. Мехди (ас) бир жерге кургак бир бутакты тигет жана бутак жалбырак байлап жашылданат. (Kitab-ül
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 67-б.)
Бул куттуу хадистерде Аз. Мехди
(ас)дын өсүмдүктөрдү сүйөөрү жана аларды өз колу менен өстүрөөрүнө ишарат
кылынууда. Башка бир куттуу хадисте болсо мындай деп айтылат:
Аз. Мехди (ас) учуп бараткан бир кушту ишарат кылганда, куш ошол замат бул буйрук
менен жерге түшөт. Кургак бир даракты тиккенде болсо, дарак ошол замат
жашылданып, жалбырак байлайт.
(El-Kavlu'l Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il
Muntazar, 43-б.)
Бул хадисте болсо Аз. Мехди (ас)дын
жаныбарлар менен алектенээри, жаныбарлардын да аны сүйөөрүнө ишарат кылынууда.
Башка бир хадисте «жер менен асман жашоочуларынын Аз. Мехди (ас)ды сүйөөрү»,
«канаттуулардын жана деңиздердеги балыктардын дагы андан ыраазы болоору»
билдирилүүдө:
Анын халифалыгынан (руханий
лидерлигинен) жер менен асман жашоочулары, бүт жапайы айбандар, канаттуулар, ал
тургай, деңиздеги балыктар да ыраазы болушат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il
Mehdiyy-il Muntazar, 31-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАНЫБАРЛАРДЫ
СҮЙӨТ ЖАНА АЛАРДЫН АБАЛЫН ТҮШҮНӨТ
АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ТАСТЫКТАЛГАН,
КАНАТТУУ МЕНЕН БҮТ АЙБАНАТТАРДЫН ТИЛИН БИЛГЕН БИРӨӨ. (Muhammed B.
Resul El Hüseyin El Berzenci (Эль-Хүсейин Эль-Берзенжи), Kıyamet
Alametleri, 188-б.)
Аз. Мехди (ас)дын айбанаттарга
болгон сүйүүсү жана боорукердиги өтө күчтүү болот; алардын абалын,
муктаждыктарын өтө жакшы түшүнөт. Анын убагында жер жүзүндөгү бүт жандыктар
сыяктуу жердеги жана асмандагы бүт айбанаттар да Аз. Мехди (ас)ды өтө жакшы
көрүп, баары андан ыраазы болушат:
Аз. Мехди (ас) менен сүйүнчүлөшкүлө... АНДАН ЖЕР МЕНЕН АСМАН ЖАШООЧУЛАРЫ ЫРААЗЫ... (Kitab-ül
Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 13-б.)
АНЫН (Аз. Мехди (ас)дын) ХАЛИФАЛЫГЫНАН (руханий лидерлигинен) ЖЕР
МЕНЕН АСМАН ЖАШООЧУЛАРЫ, АЛ ТУРГАЙ АБАДАГЫ КУШТАР ДАГЫ ЫРААЗЫ БОЛОТ. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 26-б.)
... АЛ КЕЗДЕ
(Аз. Мехди (ас) доорунда) ЖЕР МЕНЕН
АСМАН ЖАШООЧУЛАРЫ, БҮТ ЖАПАЙЫ АЙБАНДАР, КУШТАР, АЛ ТУРГАЙ, ДЕҢИЗДЕГИ БАЛЫКТАР
ДАГЫ АНЫН ХАЛИФАЛЫГЫ МЕНЕН (руханий лидерлиги менен) КУБАНЫШАТ...
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЭЧ
МАЛ-МҮЛКҮ БОЛБОЙТ
Ал (Аз. Мехди (ас)) ДҮЙНӨГӨ БЕРИЛБЕЙТ ЖАНА (УШУЛ СЕБЕПТЕН) ТАШ ҮСТҮНӨ ТАШ ЖЫЙНАБАЙТ.
(El-Mehdiyy-il Mev'ud..., 1-т., 280- жана 300-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР
АРАСЫНДА ЭҢ ИЛИМДҮҮ ЖАНА АДАМДАР ҮЧҮН ЭҢ ЖАКШЫ ДОС
Анан Аз. Мехди (ас)дын сыпаттарын санап мындай
деди: «АРАҢАРДАГЫ ЭҢ КЕНЕН БАШПААНЕК,
АРАҢАРДАГЫ ЭҢ ИЛИМДҮҮ ЖАНА ДОСТОРУН, ЖАКШЫ КӨРГӨНДӨРҮН ЭҢ КӨП СУРАП ТУРУУЧУ.
Аллахым! Анын чыгышын кайгылардын жоголушуна себепчи кыл жана үммөттүн
чачырандылыгын аны менен топто! Эгер Аллах сени жеткирсе (үлгүртсө), АГА МОЮН СУНУУГА ЧУРКА (АНЫ ЭЭРЧИ) ЖАНА
АНДАН ЭЧ КАЧАН БАШ ТАРТПА (АЙРЫЛБА). ЭГЕР ҮЛГҮРҮП, АГА ЖЕТИП ЖАНА ХИДАЯТ
ТАПСАҢ, АНДАН ЭЧ БАШ ТАРТПА (АЙРЫЛБА). Ах –жана колу менен көкүрөгүн
көрсөтүп- аны канчалык күчтүү көргүм келет.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 252-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН УСЛУБУ ЖАНА
МАМИЛЕСИ ӨТӨ ЧЫН ЖҮРӨКТӨН БОЛОТ
Аз. Мехди (ас)дын динге чакыруу ыкмасы адамдардын жүрөктөрүнө терең таасир берген жана
Аллахка өтө чын ыкластуу жүрөк менен багытталган абалда болот. Динден
алыстагандар ибадаттарына, көңүл токтукка жана бейпилдикке кайтышат. (İkdud Durar,
156-бет, Bihar- ül Envar, 53-том, 36- жана 280-б.)
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын Ислам
ахлагын баяндап жатканда өтө чын ыкластуу бир ыкма колдоноору айтылган. Аллах
Аз. Мехди (ас)дын чын ыкласын да себепчи кылып «Хади» сыпаты менен көрүнөт жана
адамдарды хидаятка (туура жолго) жеткирет. Аз. Мехди (ас) доорунда адамдар чын
жүрөктөн Аллахка ыйман келтиришет жана ыйманы алсыздаган адамдардын кайрадан
ыймандары күчтөнөт. Аз. Мехди (ас)дын Ислам ахлагын баяндоодогу чын ыкласына
өзгөчө көңүл бурулушунун себептеринин бири – бул Аз. Мехди (ас) жашаган доордо
адамдардын көпчүлүгүнүн чын ыкластан алыс (жасалма) болушу. Хадисте, ошондой
эле, ыйман келтирген адамдардын жүрөктөрүнүн ыраазы болооруна (тынчтанып, көңүл
ток болооруна) жана коопсуздук (бейпилдик) орун алаарына да көңүл бурулган.
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ИШТЕРДИ ӨТӨ
БАТ БҮТҮРҮШҮ
Бул абал 7 жылга созулат. Бирок анын ар бир жылы силердин 20 жылыңарга тете болот. (El-Kavlu'l
Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 44-б.)
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын бир
жылынын адамдардын 20 жылына тете болоору кабар берилүүдө. Аз. Мехди (ас)
адамдар көп жылдар бою жасай албаган иштерди өтө кыска убакыт ичинде бүтүрөт.
Ар нерсеге өтө ылдам, акылдуу, хикматтуу жана тамырынан чече турган жолду табат
жана ишке ашырат.
АЗ. МЕХДИ (АС) АЛЛАХТЫН
ИЛХАМЫ МЕНЕН АДАМДАРДЫ ӨТӨ ЖАКШЫ ТААНЫЙТ; АЛГАН ЧЕЧИМДЕРИНДЕ КҮБӨ КЕРЕК БОЛБОЙТ
Имам Мехди (ас) АЛЛАХТАН КЕЛГЕН МААЛЫМАТКА ЫЛАЙЫК өкүм берет. Адамдарды ЧЫНЫГЫ ЖАНА ИЧКИ АБАЛДАРЫ МЕНЕН
тааныйт. Давуд Пайгамбар (сав) жана Сулайман Пайгамбар (ас)дын чечимдери
сыяктуу АНЫН ӨКҮМДӨРҮНӨ ДА КҮБӨ ТАЛАП
КЫЛЫНБАЙТ. (Bihar-ül Envar, 18-том, 341-бет; 52-том, 325-бет; Mikyaal
al-Makaarem, 1-том, 6-бет, 83-84 жана 145-б.)
Хадисте Аллахтын туура чечимдерди
Аз. Мехди (ас)дын жүрөгүнө илхам кылаарына ишарат кылынууда. Аз. Давуд (ас)дын
жана Аз. Сулайман (ас)дын адилеттүү өкүмдөрү сыяктуу Аз. Мехди (ас)дын да бүт
өкүмдөрү ушул себептен адилеттүү болот. Аз. Мехди (ас)дын жүрөгүнө адамдардын
кулк-мүнөздөрү жана чыныгы жүздөрү илхам кылынат жана адамдар жөнүндө чечим
чыгарып жатканда Аз. Мехди (ас) далилге жана күбөгө муктаж болбойт. Окуялардын
ички (чыныгы) жүзүнүн Аз. Мехди (ас)га Аллах тарабынан сездирилээри хадисте
ишарат кылынган.
АЗ. МЕХДИ (АС) ЖОГОРКУ
ПАРАСАТТУУ БОЛОТ ЖАНА АЛЛАХТЫН КААЛООСУ МЕНЕН КАЙЫП ИЛИМДЕРИН БИЛЕТ
Имам Садык (ас) мындай деген: «Аз. Мехди (ас) ар элдин иштеринин ички тарабынан (жашырган
нерселеринен) кабар берет жана досун душманынан парасат менен тааныйт.» (Sırat'ul-Mustakim,
2-т., 254-б.)
УЛУУ АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ
ХИКМАТЫ, ИЛИМИ, ХИДАЯТЫ МЕНЕН БАГЫТТАЙТ
Аллах Тааланын Аз. Мехди (ас)га
кантип жардам берээрин Имам Рыза (ас) мындайча чечмелеген:
Аллах Аз. Мехди (ас)га жүрөк кеңдигин берет. Жүрөгүн акыйкат менен
хикматтардын (акылмандык) булагы кылат, ага дайыма илимин илхам кылат.
Андан соң эч бир суроонун жообунан алсыз болбойт, ишенимдүү жол көрсөтүүдө жана
акыйкаттарды баяндоодо эч жаңылбайт: (Аллахтын каалоосу менен) катадан таза
(алыс). Дайыма Аллахтын жол көрсөтүүчүлүк, ийгилик (жардам) жана тастыктоосуна
ээ болот. Ката жана жаңылыш айтып алуудан алыс. Кулдарына далил жана күбө
болушу үчүн аны бул макамга Аллах тандаган. Аллах бул Өзүнөн болгон
берешендигин каалаганына берет жана Аллах өтө берешен. (Usul-u
Kafi, 1-т., 390-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) «ЭЧ КИМДЕ ЖОК
ИЛИМДЕРДИН» ЭЭСИ БОЛОТ
«(Аз. Мехди (ас)дын) Анын фыкых (шарият) илими ОН ААЛЫМДЫКЫНА БАРАБАР.» (Nuaym bin
Hammad, Kitab-ül Fiten)
Имам Садык (ас) мындай дейт:
«ИЛИМ
ЖЫЙЫРМА ЖЕТИ БӨЛҮККӨ БӨЛҮНГӨН. Адамзат ушул күнгө чейин мунун ЭКИ БӨЛҮГҮНӨ
гана жете алды. Каимибиз (АЗ. МЕХДИ
(АС)) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ (ЧЫККАНДА) КАЛГАН ЖЫЙЫРМА БЕШ БӨЛҮГҮ ДА ЧЫГАТ жана
адамдар арасында жайылат.» (Bihar, 52-т., 336-б.)
... АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ИЛИМ МЕНЕН АКЫЛМАНДЫГЫ
БҮТ БААРЫНАН ЖОГОРУРААК. Аз. Мехди
(ас) Пайгамбар (сав)дын атын алып жүрөт жана адеп-ахлагы да Мухаммед (сав)дын
адеп-ахлагы болот. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, 1-т., 281-282- жана 266- жана 300-б.)
Аллах адамдарга хидаят (туура жолго
жетүү) себепчиси болушу үчүн милдет (кызмат) тапшырган бүт пайгамбар менен
элчилерин илимий жана дене жагынан кубаттуу кылган. Аллах акыр замандын хидаят
башчысы кылып тандаган Аз. Мехди (ас) да жашаган доорунда ушул өзгөчөлүгү менен
абдан көңүл бурат. Аз. Мехди (ас) Аллахтын берешендиги натыйжасында өтө бийик
илимдерге ээ болот. Бирок хадис менен риваяттардагы маалыматтардан бул илимдин
кадимки биз билген илимдерден көбүрөөк, хикмат (акылмандык), тереңдик, акыл,
баам жана парасат экени түшүнүктүү болууда.
Андагы бул хикмат, баам, парасат,
окуяларды жоромолдой алуу жана жыйынтык чыгара алуу жөндөмү себебинен, адамдар
Аз. Мехди (ас)га узаткан ар суроодо, чечүү жолун издеген ар темада теңдешсиз
бир акылды көрүшөт. Мурда эч ойлоруна келбеген жолдорду, эч көрө албаган
чечимдерди, эч акылдары жетпеген көз-караштарды Аз. Мехди (ас)дан угуп, ишке
ашырышат.
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖИФР
(ЭБЖЕД) ИЛИМИН БИЛИШИ
Аз. Мехди (ас)дын вехби (Аллахтан
берилген) илимге тиешелүү дагы бир өзгөчөлүгү болсо – бул эбжед эсебин жана ага
байланыштуу сырларды билиши. Ташкөпрүлүзаде Ахмет (Taşköprülüzade
Ahmet) Мырза "Mevzuatu'l-Ulum" аттуу
эмгегинде (11-т./ 246-б.) Аз. Мехди (ас)дын жифр илимин билээрин жазган:
Кээ бирлер айтышты, бул кемчиликсиз илим китеби
акыр заманда чыгышы күтүлгөн Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө, алар жифр илимин билишет жана сырларын
аңдап түшүнүшөт. Өткөн пайгамбарлардын китебинен да бул илим келген. (Mehdilik ve
İmamiye, İbrahim Süleymanoğlu, 252-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) АЛЛАХТАН БИР
НЕМАТ КАТАРЫ ЛЕДҮН ИЛИМИ СЫЯКТУУ ЖАШЫРУУН ИЛИМДЕР МЕНЕН ЖАБДЫЛАТ
Каъб: «Кыям эте тургандын Аз. Мехди (ас) деп
аталышынын себеби жашыруун иштерге
хидаят этилиши себебинен.» дейт. (Kitab-ul
Havi li'l Fetava, 2-т., 148-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) КЕРЕМЕТТҮҮ БИР
НЕРСЕНИ БАЙКАЙТ
Расулуллах (сав) мындай деди: «Мехди бизден Эхли
Бейттен. АЛЛАХ АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ)
БИР ТҮНДӨ ЫСЛАХ КЫЛАТ (ЖЕТИЛТЕТ).»
(Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, s.19)
«АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЭЧ КИМ БИЛЕ АЛБАГАН ЖАШЫРУУН БИР КҮЧТҮН ЭЭСИ БОЛГОНДУКТАН Мехди деп
аталган.» (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, 19-б.)
Бир риваятта Аз. Мехди (ас)дын «БИР ТҮНДӨ ЖЕТИЛЭЭРИ» кабар берилип,
башка бир риваятта болсо «өзгөчө бир илимге ээ болоору» билдирилген. Бул сөздөр
сөз болуп жаткан «ошол түн ичинде» Аз. Мехди (ас)дын «кереметтүү бир илимге
жетээри» сымал бир МААНИНИ билдирүүдө. Аз. Мехди (ас)дын бул укмуштуу
маалыматка жетиши натыйжасында андан да жетилип (акылмандыгы өсүп), ыйманынын
абдан бекемдеши түшүнүктүү болууда.
Хадисте берилген бул маалыматтар Аз.
Мехди (ас)дын бир тараптан ледүн илимине, бир тараптан болсо эч ким билбеген
өзгөчө бир илимге ээ болооруна ишарат кылууда.
АЗ. МЕХДИ (АС) АЛЛАХТЫН
ИЛХАМЫ МЕНЕН «АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЛЫГЫНА ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ МАМИЛЕНИ» БИЛЕТ ЖАНА ОШОГО
ЖАРАША КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ КЫЛАТ
Мындай дедим: «АЗ.
МЕХДИ (АС) АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЛЫГЫН КАЙДАН БИЛЕТ?» (АЛ) АЙТТЫ: «АЛЛАХ АНЫН ЖҮРӨГҮНӨ
РАХМАТЫН (ЫРААЗЫЛЫГЫН) КӨРСӨТӨТ.» (түшүрөт).» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 191-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) КИМДИН ДОС,
КИМДИН ДУШМАН ЭКЕНИН ЗАМАТТА ТҮШҮНӨТ
«АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ ТОПТОРДУН
ЖАШЫРУУН ПЛАНДАРЫНАН КАБАРДАР БОЛОТ ЖАНА ПЛАНДАРЫН ӨЗДӨРҮНӨ АЙТАТ. АЗ. МЕХДИ
(АС) КАРАП ЭЛЕ (ЖҮЗҮНӨН) ДОС МЕНЕН ДУШМАНЫН ТААНЫЙТ.» (İrşad (Şeyh
Müfid), 365-366-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ИШТЕРДИ ЖАНА
АДАМДАРДЫ ЭЧ КЕМЧИЛИКСИЗ БАШКАРЫШЫ МЕНЕН БЕЛГИЛҮҮ БОЛОТ
Тавус: АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫН АЛААМАТТАРЫНЫН БИРИ – БУЛ БАШЧЫ КЫЛЫП ДАЙЫНДАГАНДАРЫН ЖАКШЫ
КӨЗӨМӨЛДӨШҮ...» (El-Havi, 2-т., 150-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) УБАГЫНДА БҮТ
АДАМДАРДЫН АКЫЛЫ АЧЫЛАТ ЖАНА ИЛИМДЕРИ КӨБӨЙӨТ
Аз. Мехди (ас) чыккан (көрүнгөн) соң
ага моюн сунган (аны ээрчиген) адамдардын чын ыкласы жана акылы өсөт. Аз. Мехди
(ас) адамдардын адеп-ахлак жана кулк-мүнөзү жагынан жетилишине себеп болот,
мунун натыйжасында болсо адамдардын Аллахтын аяттарын түшүнүү күчү жана
түшүнүгү ачылат.
Имам Бакыр (ас) мындай деген: «Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде колун кулдардын башынын үстүнө
койот, ошентип акылдарын жыйнап, абдан жетилип өнүгүшөт. Аллах көрүүлөрүн жана
угууларын күчтөндүрөт. Натыйжада алар менен Каим (Аз. Мехди (ас)) арасында эч
кандай парда/тоскоолдук калбайт...» (Yevm'ul-Halas,
269-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ӨКМӨТҮ (руханий
лидерлиги) УБАГЫНДА БААРЫНА ИЛИМ МЕНЕН ХИКМАТ (АКЫЛМАНДЫК, ДААНЫШМАНДЫК)
ҮЙРӨТҮШӨТ, натыйжада аялдар
үйлөрүндө Аллахтын китеби жана Пайгамбардын (сав) сүннөтү менен өкүм беришет. (Bihar'ül
Envar, 52-т., 352-б.)
Ал мезгилде ЖАЛПЫ
КАЛКТЫН АКЫЛ КҮЧҮ ЖЫЙНАЛЫП ЖОГОРУЛАЙТ. АЗ. МЕХДИ (АС) АЛЛАХТЫН ТАСТЫКТООСУ
МЕНЕН АДАМДАРДЫН АКЫЛЫН КЕМЧИЛИКСИЗГЕ ЖЕТКИРЕТ (Аллахтан болгон тарбия менен
кемчиликсиздикке жеткирет) ЖАНА БҮТ БААРЫНДА БИР АГАРУУ (САБАТТУУЛУК) ПАЙДА
БОЛОТ. (Usul-u Kafi, 1-т., Kitab'ül
Akl, хадис: 21)
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КУРАН
АХЛАГЫН ТҮШҮНДҮРҮҮ УСЛУБУНДАГЫ ЧЫН ЖҮРӨКТҮҮЛҮК АДАМДАРДЫН АЛЛАХКА ТЕРЕҢ ЫЙМАН
КЕЛТИРИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ
Имам Мехди (ас)дын ДИНДИ ТҮШҮНДҮРҮҮ (БАЯНДОО) УСЛУБУ УШУНДАЙ БОЛОТ; АДАМДАР ДИНДИ
ЖҮРӨКТӨРҮНҮН ТЕРЕҢИНЕН КАБЫЛ АЛЫШАТ жана АЛЛАХКА ӨТӨ ЧЫН ЫКЛАСТУУЛУК МЕНЕН
(чын жүрөктөн) сыйынышат. Динден алыстагандар бейпилдик жана коопсуздукка
кайтышат. (İküd'dürer, 156-бет; Bihar-ül
Envar, 53-том, 86-бет; 52-том, 36- жана 280-бет)
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АДАМДАРДЫН
БЕРЕКЕСИНЕ СЕБЕПЧИ БОЛУШУ
... ал жакка (Аз. Мехди (ас)дын жанына)
баргандардын баары андан береке табышат.
(El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il
Muntazar, 26-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) АКЫЛЫНА ЖАНА
ЫЙМАНЫНА ӨТӨ ИШЕНИЛЕ ТУРГАН БИР АДАМ БОЛОТ, АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ ТААНЫГАН ЧЫН
ЫКЛАСТУУ АДАМДАР АНЫ ЭЭРЧИШЕТ
«Эй ыймандуулардын Мырзасы (сав), бизге сенин
Мехдиң (ас) жөнүндө кабар бер.» Ыймандуулардын Мырзасы (сав) мындай деди: «... АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЭҢ ЖАКШЫ БАШПААНЕК
АРАҢАРДАГЫ, ЭҢ ЖАКШЫ БИЛҮҮЧҮ ЖАНА ЭҢ СЫЛЫК (АДАМ). Эй Аллахым, ага
берилгендик (опаалык) антын кыйынчылыктан чыгуунун себепчиси кыл жана ҮММӨТТҮН ЧАЧЫРАНДЫЛЫГЫН АНЫН КОЛУ МЕНЕН
БИРИКТИР. Силерге уруксат берилгенде муну кылгыла жана эгер ага (Аз. Мехди
(ас)га) жетүүгө бир жол тапсаңар, АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) БАШКА ЖОЛ
ТУТУНБАГЫЛА.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar,
51-том], Ansariyan Yayıncılık, топтогон: Muhammed
Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 184-бет)
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ДЕНЕСИ
МЕНЕН ҮНҮ ӨТӨ КҮЧТҮҮ БОЛОТ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ СӨЗДӨРҮ МЕНЕН ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ ӨТӨ
ТААСИРДҮҮ БОЛОТ
Аз. Рыза (ас) Раййан б. Салтынын «Сен Сахиб-ул
Эмрсиңби?» суроосуна мындайча жооп берди: «Ооба мен да Сахиб-ул Эмр (буйрук
ээси)мин, бирок жер жүзүн адилеттикке толтура турган Сахиб-ул Эмр мен эмесмин.
Убада кылынган Каим (Аз. Мехди (ас))
жашы бир аз өтүп калганда, бирок жаш көрүнүштө чыгат (көрүнөт). УШУНЧАЛЫК КҮЧТҮҮ БОЛОТ; ЖЕР ЖҮЗҮНҮН ЭҢ ЧОҢ
ДАРАГЫНА КОЛ СОЗСО АНЫ ТАМЫРЫНАН ҮЗҮП ЫРГЫТАТ, ТООЛОР АРАСЫНДА КЫЙКЫРСА КАТУУ
ТАШТАР УН-ТАЛКАН БОЛОТ. Муса (ас)дын асасы менен Сулайман (ас)дын шакеги
анда. ... Аллах каалаган убакытка чейин аны көздөрдөн алыс кармайт. Андан соң
көрүнөт жана жер жүзүн мурда зулумдукка толгондой адилеттикке толтурат. (Bihar-ul
Envar, 52-т., 32-б.; İsbat-ul
Hudat, 6-т., 19-б.)
АЗ. МУСА (АС) АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫН СОНУН МҮНӨЗДӨРҮН БИЛГЕНДЕ, «АЗ. МЕХДИ (АС) БОЛУУ ҮЧҮН» АЛЛАХКА ДУБА
КЫЛГАН
Салим-ул ешелл'дан:
«АЗ. МУСА БИН ИМРАН ТООРОТТУН
БИРИНЧИ БӨЛҮМҮНДӨ АЛИ МУХАММЕДДИН КАИМИНЕ (АЛЕЙХИССАЛАМ) (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА)
БЕРИЛГЕН КҮЧ-КУДУРЕТ МЕНЕН ПАЗИЛЕТТЕРДИ КӨРГӨНДӨ: РАББИМ, МЕНИ АЛИ МУХАММЕДДИН
КАИМИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЛЫП ЧЕЧ» ДЕДИ. Ага мындайча айтылды: Чынында ал (Аз. Мехди (ас)) Ахмеддин (Пайгамбарыбыз
(сав)дын) урпактарынан.
КИЙИН ТООРОТТУН ЭКИНЧИ БӨЛҮМҮН
КАРАГАНДА КАЙРА УШУНУ КӨРДҮ. ОШОЛ ЭЛЕ СӨЗҮН КАЙТАЛАДЫ ЖАНА АГА КАЙРА ОШОЛ ЭЛЕ
ЖООП БЕРИЛДИ. АНАН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМДӨ ДА ОШОЛ НЕРСЕЛЕРДИ КӨРГӨНДӨ МУРДАКЫ СӨЗДӨРҮН
КАЙТАЛАДЫ ЖАНА МУРДАКЫ (ОШОЛ ЭЛЕ) ЖООБУН АЛДЫ.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 280-б.)
Демек каапырларга баш ийбе жана
аларга (Куран менен) чоң бир жехд (күрөш) кыл. (Фуркан Сүрөсү, 52)
Өздөрү жаракат алган соң Аллах менен
элчисинин чакырыгына жооп бергендер, араларынан жакшылык кылгандар менен (күнөөдөн)
сактангандар үчүн чоң бир сыйлык бар. (Али Имран Сүрөсү, 172)
АР БИР ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ӨЗҮНӨ
АЛЫШЫ
Ар милдетти өзүнө алат жана алсызга, кыйналганга жардам берет.
(M. Muhyiddin Arabi (М.
Мухйиддин Араби) "Futuhat-El Mekkiye", 366-бап, 3-т., 327- 328-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ АР КАНДАЙ
ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР
Мындай деди: Эй Эмирүлмүминин! Бул Аз. Мехди (ас)
кимден? (Ал) Мындай деди: Бени Хашимден (Хашим уулдарынан), араптардын бийик
тоосунун чокусунан. АЛ УШУНДАЙ БИР
ДЕҢИЗ; АЛ МААНИ ДЕҢИЗИНДЕ АДАМДАР ИЛИМИЙ ЖАНА АДЕП-АХЛАК ЖАГЫНАН ЧЕКСИЗ ӨНҮГӨ
АЛАТ. АГА КОРГОЛОНГОНДОР ҮЧҮН БИР КООПСУЗДУК... (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 251-б.)
ЭЧ НЕРСЕ АГА МОЮН СУНУУДАН (АНЫН
ШАКИРТИ БОЛУУДАН, АНЫ ЭЭРЧҮҮДӨН) ТОСУП КОЙБОСУН, сага жолтоо (тоскоол) болгондор дайыма фитнага баргандар. Сүйлөгөндө
жамандыкты сүйлөшөт, унчукпай турганда бузуку, ичтери ирик.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 252-б.)
Мындай деди: Эй Эмирүлмүминин! Бул Аз. Мехди (ас)
кимден? (Ал) Мындай деди: Бени Хашимден (Хашим уулдарынан), араптардын бийик
тоосунун чокусунан. Ал ушундай бир деңиз; ал маани деңизинде адамдар илимий
жана адеп-ахлак жагынан чексиз өнүгө алат. Ага корголонгондор үчүн бир
коопсуздук, калк (адамдар) кекенүүгө
толгондо аларды пак (таза) кылуучу зат, өлүм көрүнгөндө коркпойт, өлүм ага
жеткенде чочубайт, күрөш майданынан эч артка чегинбейт. ТАЖРЫЙБАЛУУ, ЖЕҢҮҮЧҮ,
ҮСТӨМ, АРСТАН, БЕКЕМ, КООМУНУН ТИРЕГИ, ЭР ЖҮРӨК, Аллахтын илим кылычы,
лидер, бүт баарын айланасында чогултат, бийиктик жана абройдун булагы болгон
үйдө чоңойгон, анын бийиктиги эң асыл бийиктиктен келип чыгат. (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 251-б.)
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын
шакирттеринин ага моюн сунушуна жолтоо болууга аракет кылгандардын фитна
чыгаруучу адамдар экени билдирилген. Ал адамдардын тескери, фитна чыгаруучу;
сүйлөгөндө да, унчукпаган кезде да фитна, бузукулукту ойлонгон, ичтери ирик,
уятсыз адамдар экенине хадисте көңүл бурулган.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder