Аз. Мехди (ас)дын ысмынын Пайгамбарыбыз
(сав)дын ысмына дал келиши
Эбу Давуд менен Тирмизинин Ибни Месут (ра)дан
риваят кылышы боюнча, Аллахтын Элчиси (сав) мындай деген: «АНЫН ЫСМЫ ЫСМЫМА, атасынын ысмы болсо атамдын ысмына ДАЛ КЕЛЕТ...» (Kıyamet
Alametleri, Genişletilmiş 9. baskı, 159-160-б.)
Аз. Мехди (ас)дын «хидаят берүүчү» маанисине
келиши
Силерден же кийин келгендерден бирөө ага жеткен
болсо, кар үстүндө сойлоп болсо да ага кошулсун. Албетте, АЛАР ХИДАЯТ (туура жол) ЖЕЛЕКТЕРИ. (Ramuz El
Ehadis, 1-том, 298-б., №: 2)
... Мындан кийин силерге МЕНДЕН БИР ХИДАЯТ КЕЛГЕНДЕ, ким Менин хидаятымды ээрчисе, аларга
коркуу жок жана алар кайгыга калышпайт.» (Бакара Сүрөсү, 38)
Жана аларды Өз буйругубуз менен ХИДАЯТКА БАГЫТТООЧУ АЛДЫҢКЫЛАР (жол
башчылар) КЫЛДЫК ... (Анбия Сүрөсү, 73)
АЛЛАХ
ХИДАЯТ БЕРГЕНДЕР мына УШУЛАР; демек СЕН ДА алардын БУЛ
ХИДАЯТЫН ЭЭРЧИ (МОЮН СУН)... (Энъам Сүрөсү, 90)
Аз. Мехди (ас)дын Аллахтын уруксаты менен
сөзсүз келээри
Дүйнө Мусулмандарга Эхли Бейтимден БИР КИШИ МАЛИК (БАШЧЫ) БОЛГОНГО ЧЕЙИН
КЫЙРАБАЙТ ЖАНА ЖОК БОЛБОЙТ. (Kitab-ül
Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, Ali b. Hüsameddin el-Muttaki, 10-б.)
Сенин Раббиң «негизги жайгашуу
борборлоруна» аларга аяттарыбызды окуган БИР ЭЛЧИ ЖӨНӨТМӨЙҮНЧӨ ШААРЛАРДЫ
КЫЙРАТПАЙТ... (Касас Сүрөсү, 59)
Жана МЕХДИНИН
ЧЫГЫШЫ КЫЯМАТ АЛААМАТТАРЫНЫН АЛГАЧКЫСЫ. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir
Zaman Alametleri, 494-б.)
... КЫЯМАТ-СААТЫНЫН
аларга күтүүсүз келишинен башкасын күтүп жатышабы? МЫНА АНЫН ИШАРАТТАРЫ КЕЛДИ...
(Мухаммед Сүрөсү, 18)
Аз. Мехди (ас)дын келишинен үмүт үзүлгөн бир
убакта чыгышы
АДАМДАР ҮМҮТСҮЗ БОЛУП, «ЭЧ МЕХДИ
ДЕГЕН НЕРСЕ ЖОК ЭКЕН» ДЕГЕН убакта Аллах Мехдини жөнөтөт... (Kitab-ul Burhan fi-Alamet-il
Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)
... МЕХДИ
(АС) Расулуллах (сав)дын желеги менен адамдардын башына балээ үстүнө балээ
жааган жана ЧЫГЫШЫНАН ҮМҮТ ҮЗҮЛГӨН КЕЗДЕ
ЧЫГАТ... (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)
... «АЛЛАХ АНДАН КИЙИН ЭЧ КАЧАН БИР
ЭЛЧИ ЖӨНӨТПӨЙТ» деген элеңер... (Момун
Сүрөсү, 34)
Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда жер жүзүндө
фитна менен бузукулуктун көбөйүшү
БИР ФИТНА КӨРҮНӨТ, АРТЫНАН БАШКА
ФИТНАЛАР БОЛОТ. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il
Mehdiyy-il Ahir Zaman, 26-б.)
Кыяматтын алдында КАРАҢГЫ ТҮНДӨР СЫЯКТУУ ФИТНАЛАР БАР. (Ramuz-El
Ehadis, 121/5)
Алар шаарларда көбүшкөн эле. Ошентип ал жерлерде БУЗУКУЛУКТУ ТАРКАТЫП-КӨБӨЙТҮШКӨН ЭЛЕ.
(Фежр Сүрөсү, 11-12)
Мехди чыгаардан мурда... адамдар арасында ФИТНАЛАР КӨБӨЙӨТ... (El Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil
Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki, 39-40-б.)
Алардын көпчүлүгүнүн күнөөдө,
душмандыкта жана арамды жеште аракеттерин КӨБӨЙТКӨНҮН КӨРӨСҮҢ... (Маида Сүрөсү, 62)
Аз. Мехди (ас)дын чыгышынын жарыяланышы
АНЫН ЫСМЫ МЕНЕН АСМАНДАН ЖАР САЛЫНАТ
жана эч ким анын Мехди экенин
тана албайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil
Mehdiyy-il Muntazar, 49-б.)
АСМАНДАН БИР ҮН АНЫ ЫСМЫ МЕНЕН ЧАКЫРАТ
жана чыгыштагы, батыштагы, ал
тургай, уктап жаткан дагы ал үндү угуп, ойгонот. (El-Kavlu-l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 56-б.)
Раббибиз, биз: «РАББИҢЕРГЕ ЫЙМАН
КЕЛТИРГИЛЕ» ДЕП ЫЙМАНГА ЧАКЫРГАН БИР ЧАКЫРУУЧУНУ УКТУК, ошол замат ыйман келтирдик.
(Али Имран Сүрөсү, 193)
Аз. Мехди (ас)га моюн сунулушу
МЕХДИНИН ЖЕЛЕГИНДЕ БИАТ (МОЮН СУНУУ)
АЛЛАХ ҮЧҮН ДЕП ЖАЗЫЛГАН. (Ali bin
Hüsamettin el Muttaki, Celalettin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler- Ahir Zaman
Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 65-б.)
Күмөнсүз, САГА МОЮН СУНГАНДАР
АЛЛАХКА гана МОЮН СУНУШТУ... (Фетих Сүрөсү, 10)
Аз. Мехди (ас) чыкканда аны ээрчүү
Силерден ким ага жеткен болсо, КАР
ҮСТҮНДӨ СОЙЛОП БОЛСО ДА АГА КЕЛСИН. АГА КОШУЛСУН. Себеби ал Мехди. (İbn Mace,
Fiten, B 34, H 4082; İbn Ebi Şeybe, т. VII, 527-б.; Kitab-ül
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 14-б.)
Биз элчилердин баарын Аллахтын
уруксаты менен АГА МОЮН СУНУЛУШУНАН БАШКА бир нерсе менен жөнөткөн жокпуз... (Ниса Сүрөсү, 64)
Бирок ЧУРКАП САГА КЕЛГЕН болсо...» (Абаса Сүрөсү, 8)
Адамдардын Аз. Мехди (ас)га баш ийиши
Адамдар, бал аарыларынын башчылары айланасында
чогулушу сыяктуу, АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН
АЙЛАНАСЫНДА ЧОГУЛУШАТ... (El Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 29-б.)
... КАЙСЫ ЖАКТА БОЛБОГУЛА, АЛЛАХ
СИЛЕРДИ БИР ЖЕРГЕ ЧОГУЛТАТ (БИРИКТИРЕТ)... (Бакара Сүрөсү, 148)
Аз. Мехди (ас)дын шаар борборунан чыгышы
жана Константинопольду руханий каратышы
Дүйнөдөн эч убакыт калбай, бир күн эле калса дагы,
ал күнү менин үй-бүлөмдөн бир зат Дейлем тоосуна (же өрөөнүнө) жана КОНСТАНТИНОПОЛЬ ШААРЫНА ээ болушу үчүн
Аллах Таала күмөнсүз ал күндү созот. (Kitab-ül
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 74-б.),
(Ölüm-Kıyamet -Ahiret ve Ahir Zaman Alametler, 440-б.)
Сенин Раббиң «НЕГИЗГИ ЖАЙГАШУУ
БОРБОРЛОРУНА» аларга аяттарыбызды окуган бир элчи жөнөтмөйүнчө шаарларды
кыйратпайт... (Касас Сүрөсү, 59)
Аз. Мехди (ас)дын Аллах коркуусунун
өтө күчтүү болушу
Мехди гергес кушунун канаты менен ТИТИРЕШИ СЫЯКТУУ АЛЛАХТАН ӨТӨ КОРККОН бир
киши. (Nuaym b. Hammad, vr 91a)
... АНДАН ИЧТЕРИ ТИТИРЕП-КОРККОНДОР
жана Аллахтан башка эч кимден коркпогондор. Эсеп тутуучу катары Аллах жетет. (Ахзаб Сүрөсү, 39)
Мехди АЛЛАХКА
КАРАТА ӨТӨ МОЮН СУНУУЧУ. Адеп-ахлагы жагынан Пайгамбарга окшош. (Kıyamet
Alametleri, 163-б.)
Мага «ЧЫН КӨҢҮЛДӨН-КОШУМЧАСЫЗ
БАГЫТТАЛГАНДЫН» жолун ээрчи. (Локман
Сүрөсү, 15)
... Бүркүт сымал Нешир кушунун канаттары менен ТИТИРЕШИ СЫЯКТУУ АЛЛАХТАН КОРКОТ. (El Kavlu-l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 51-б.)
Жана алар Анын Улуулугунан ИЧТЕРИ
ТИТИРӨӨДӨ БОЛГОНДОР. (Анбия
Сүрөсү, 28)
Аз. Мехди (ас)дын өтө мээримдүү болушу
Аз. Мехди УШУНЧАЛЫК
МЭЭРИМДҮҮ БОЛГОНДУКТАН, анын убагында бир адамдын да мурда канабайт. (El-Kavlu'l
Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 42-б.)
... Жана анын жанындагылар да каапырларга
карата катуу, өз араларында болсо МЭЭРИМДҮҮЛӨР... (Фетих Сүрөсү, 29)
Аз. Мехди (ас)дын өтө сабырдуу болушу
Эй Эхли Бейт! Мехди бизден. Азиз жана жалил АЛЛАХ АНЫ БИР ТҮНДӨ ЫСЛАХ ЖАНА ИРШАД КЫЛАТ
(туура жолду көрсөтөт). (Ölüm-Kıyamet-Ahiret
ve Ahir Zaman Alametleri, 437-б.)
... Эми, албетте, АЛ ТУПТУУРА БИР
ЖОЛГО ЖЕТКИРИЛГЕН. (Али Имран Сүрөсү, 101)
Мехдинин пазилети жана бийиктиги бүт кайгыларга
жана күчтүү фитналарга БОЛГОН КҮЧТҮҮ
САБЫРЫНАН улам... (Tılsımlar
Mecmuası, 212-б.. İs'afür Rağıbin'den naklen. Mehdi
ve Deccal, Şaban Döğen, 154-б.)
Ант болсун, сенден мурда да
элчилерди жалганга чыгарышты; аларга жардамыбыз келгенге чейин ЖАЛГАНГА
ЧЫГАРЫЛГАН ЖАНА КЫЙЫНЧЫЛЫК ТАРТКАН НЕРСЕГЕ САБЫР КЫЛЫШТЫ. ... (Энъам Сүрөсү, 34)
Аз. Мехди (ас)дын күрөшчү болушу
Мехди чыгыш тараптан чыгат. АЛДЫНАН ТООЛОР ЧЫКСА ДА, аларды эзип өтөт, ал тоолордо өзүнө жол табат. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 39-б.)
Чындыгында алар тузак курушту. Бирок
алардын ТУЗАГЫ ТООЛОРДУ ОРДУНАН КЫЙМЫЛДАТА ТУРГАН БОЛСО ДА, Аллах Кабатында
аларга даярдалган тузак (жаза) бар. (Ибрахим
Сүрөсү, 46)
АДАМДАР АКЫЙКАТКА КАЙТКАНГА ЧЕЙИН
(пикирдик) КҮРӨШҮН УЛАНТАТ. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)
(Жер бетинде) ФИТНА КАЛБАГАНГА ЧЕЙИН
АЛАР МЕНЕН КҮРӨШКҮЛӨ... (Бакара
Сүрөсү, 193)
Аллахтын Аз. Мехди (ас)ды
жардамчылары
менен колдошу
Билип койгула, Аллахтын жер
жүзүндөгү достору МЕХДИ (АС)ГА МОЮН
СУНГАНДАР (аны ээрчигендер). (El Kavlu-l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki, 52-б.)
Айткын: «Эгер силер АЛЛАХТЫ СҮЙСӨҢӨР
МАГА БАШ ИЙГИЛЕ; АЛЛАХ ДА СИЛЕРДИ СҮЙСҮН жана күнөөлөрүңөрдү кечирсин. Аллах
кечиримдүү, боорукер.» (Али Имран
Сүрөсү, 31)
... Булуттардын асманда топтолушу сыяктуу, АЛЛАХ АНЫН АЙЛАНАСЫНА БИР КООМ (ТОП)
ЧОГУЛТАТ. Алардын ЖҮРӨКТӨРҮН ДОСТОШТУРАТ.
... (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, 57-б.)
... АЛ ЖҮРӨКТӨРҮҢӨРДҮН АРАСЫН
ДОСТОШТУРУП-ЖАКЫНДАТТЫ жана силер Анын немат-жакшылыгы менен бир туугандар
болуп турдуңар... (Али Имран Сүрөсү, 103)
Аз. Мехди
(ас)дын жардамчыларынын санынын
аз болушу
САНДАРЫ Бедир тобуна (313) БАРАБАР... Алардын саны ТАЛУД МЕНЕН ДАРЫЯНЫ КЕЧИП
ӨТКӨНДӨРГӨ БАРАБАР. (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-i
Mehdiyy-il Ahir Zaman, 57-б.)
Бирок, АЛ ЖЕРДЕ БИР ҮЙДӨН БАШКА
МУСУЛМАН КӨРБӨДҮК. (Зарият Сүрөсү, 35)
Араларында аялдар да бар 314 КИШИЛИК БИР ТОП түзүшөт... (Kitab-ul
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 57-68-б.)
... «Чындыгында, БУЛАР АЗ АДАМДАН
ТУРГАН БИР ТОП». (Шуара Сүрөсү, 54)
Аз. Мехди (ас)га араларында аялдар да болгон 314 КИШИ моюн сунат. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 25-б.)
... Ансыз да аны менен бирге ӨТӨ
АЗЫНАН БАШКАСЫ ЫЙМАН КЫЛБАГАН ЭЛЕ. (Худ
Сүрөсү, 40)
Эстегиле; СИЛЕР САН ЖАГЫНАН АЗ
ЭЛЕҢЕР... (Энфал Сүрөсү, 26)
... бул 313 КИШИ
түнкүсүн абид (көп ибадат кылган киши), күндүз баатыр сыпатына ээ. (Kıyamet
Alametleri, 169-б.)
... Канчалаган КИЧИНЕКЕЙ ТОП
көбүрөөк болгон бир топко Аллахтын уруксаты менен үстөм келген... (Бакара Сүрөсү, 249)
Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынын адеп-
ахлагы
АНЫН АСКЕРЛЕРИ АДАМДАРДЫН ЭҢ ЖАКШЫСЫ. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 47-б.)
Ыйман кылып салих (чын ыкластуу)
иштерди кылгандар болсо; мына ОШОЛОР ЖАРАТЫЛГАНДАРДЫН ЭҢ ЖАКШЫЛАРЫ. (Беййине Сүрөсү, 7)
Аягында Аллах жолунда эч бир СЫНДАГАНДЫН СЫНЫНАН КОРКПОГОН тандамал Мусулмандар алар менен
күрөшүшөт. (Sünen-i İbn-i Mace, 10/359)
Аллах жолунда күрөшкөн жана
СЫНДАГАНДЫН СЫНЫНАН КОРКПОГОН бир топ (эл) алып келет. (Маида Сүрөсү, 54)
Жардамчыларынын Аз. Мехди (ас)га иштеринде
көмөк көрсөтүшү
МАМЛЕКЕТ ИШТЕРИНИН ООРДУКТАРЫН АНЫ МЕНЕН БӨЛҮШҮШӨТ
(кеңешишет). (Kıyamet Alametleri, 187-б.)
Анан ИШ(ТЕР)ДИ БӨЛҮШТҮРГӨНДӨРГӨ ант
болсун. (Зарият Сүрөсү, 4)
Аз. Мехди (ас) менен жардамчыларынын
түндөрү да ибадат кылышы
... АЛАР күндүз арстан, ТҮНКҮСҮН
БОЛСО АБИД (көп ибадат кылуучулар)... (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il
Mehdiyy-il Ahir Zaman, 57-68-б.)
ТҮНҮ БОЮ БОЛСО ӨТӨ АЗ УКТАШЧУ. Алар
таңкы (эрте мененки) убактарда тообо (истигфар) кылышчу. (Зарият Сүрөсү, 17-18)
Аллахтын Аз. Мехди (ас)ды периштелер менен
колдошу
Аллах аны 3
МИҢ ПЕРИШТЕ МЕНЕН КОЛДОЙТ. (El Kavlu-l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki, 41-б.)
«Раббиңердин силерге ПЕРИШТЕЛЕРДЕН
ТҮШҮРҮЛГӨН ҮЧ МИҢ КИШИ МЕНЕН ЖАРДАМ ЖЕТКИРИШИ силерге жетпейби?» деп жаткансың.
(Али Имран Сүрөсү, 124)
... алардын ҮСТҮНӨ ПЕРИШТЕЛЕР
ТҮШӨТ... (Фуссилат Сүрөсү, 30)
... АЛДЫЛАРЫНДА ЖЕБРАИЛ, АРТТАРЫНДА
МИКАИЛ БОЛОТ... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il
Muntazar, 47-б.)
... эми Аллах анын Мевласы; ЖЕБРАИЛ жана
момундардын салих(тер)и да. Алардын артынан ПЕРИШТЕЛЕР ДА АНЫН КОЛДООЧУСУ. (Тахрим Сүрөсү, 4)
Раббиң периштелерге вахий кылган
эле: «Күмөнсүз Мен силер мененмин, ыйман келтиргендерге бекемдик кошкула...» (Энфал Сүрөсү, 12)
... ПЕРИШТЕЛЕРИ ДА (СИЛЕРГЕ ДУБА
КЫЛЫШУУДА)... (Ахзаб Сүрөсү, 43)
АЛ ПЕРИШТЕЛЕР Аз. Мехди (ас)га каршы
чыккандын ЖҮЗҮНӨ ЖАНА АРКАСЫНА УРАТ. (El Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil
Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki, 41-б.)
Андай болсо, ПЕРИШТЕЛЕР ЖҮЗДӨРҮНӨ
ЖАНА АРКАЛАРЫНА УРУП УРУП жандарын алганда кандай болот? (Мухаммед Сүрөсү, 27)
Аз. Мехди (ас) менен жардамчыларынын
кыйынчылыкка туш болушу жана алардан
мокобошу
Акыр заманда ҮММӨТҮМДҮН
БАШЫНА султандарынан (башчы) КҮЧТҮҮ
БАЛЭЭЛЕР КЕЛЕТ, натыйжада жерлер Мусулмандарга тар сезилет. (Kitab-ül
Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 12-б.)
... Аллах жолунда АЛАРГА КЕЛГЕН
(КЫЙЫНЧЫЛЫК ЖАНА МЭЭНЕТ)ТЕН УЛАМ мокошкон да жок, моюн да сунушпады. Аллах
сабыр кылгандарды сүйөт. (Али
Имран Сүрөсү, 146)
Менден кийин Эхли Бейтим БАЛЭЭ ЖАНА МЭЭНЕТТЕРГЕ ТУШ БОЛУШАТ жана ТАРЧЫЛЫККА КАБЫЛЫШАТ (мекендеринен
чыгарылышат). (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il
Mehdiyy-il Ahir Zaman, 14-б.)
ЖОЛУМДА КЫЙНОО ТАРТКАНДАРДЫН,
согушуп өлтүрүлгөндөрдүн сөзсүз жамандыктарын жашырам. (Али Имран Сүрөсү, 195)
Ант болсун, сенден мурда да элчилер
жалганга чыгарылышты, аларга жардамыбыз келгенге чейин жалганга чыгарылганына
жана АЗАПКА ТУШ БОЛГОНУНА сабыр кылышты... (Энъам Сүрөсү, 34)
Эй адамдар! Мухаммед үммөтү жана өзгөчө анын Эхли
Бейти көп балээлер көрдү, жана БИЗ АЗАП
ЖАНА АДИЛЕТСИЗДИККЕ туш болдук. (Kitab-ül
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)
... Аларга ушундай бир жокчулук,
УШУНЧАЛЫК ЖАН ЧЫДАГЫС БИР КЫЙЫНЧЫЛЫК КЕЛДИ жана ушунчалык чайпалышты... (Бакара Сүрөсү, 214)
Аз. Мехди (ас) менен жамаатынын Аллахтын
коргоосу астында болушу
Каршы чыккандар АЛАРГА ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛБАЙТ. Бул (абал кыяматка чейин ушундайча
уланат.) (Kıyamet Alametleri, 286-б.)
... Силер туура жолго жетсеңер
(түшсөңөр), адашкан СИЛЕРГЕ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛБАЙТ... (Маида Сүрөсү, 105)
Аз. Мехди (ас)дын Аллахтын акыр заман үчүн
атайын тандаган бир киши болушу
АЛЛАХ АНЫ БАШКА АДАМДАР ҮСТҮНӨ
ТАНДАГАН. (Kıyamet Alametleri, 189-б.)
РАББИҢ КААЛАГАНЫН ЖАРАТАТ ЖАНА
ТАНДАЙТ; тандоо алардын колунда эмес... (Касас Сүрөсү, 68)
Аз. Мехди (ас)дын адамдарды Аллахка ыйман
келтирүүгө чакырышы
АДАМДАРДЫ АЛЛАХ ЖАНА ЭЛЧИСИНЕ МОЮН
СУНУУГА ЧАКЫРАТ. (El Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil
Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki, 50-б.)
Силерге эмне болуп жатат; ЭЛЧИ
СИЛЕРДИ РАББИҢЕРГЕ ЫЙМАН КЫЛУУГА ЧАКЫРЫП-ЖАТСА Аллахка ыйман келтирбей
жатасыңар? Чындыгында болсо Ал силерден анык бир сөз (убада) алган эле. Эгер
ыймандуу болсоңор (ишенип сөзүңөрдү аткаргыла). (Хадид Сүрөсү, 8)
Аз. Мехди (ас)дын Ислам динин чыныгы
абалына кайтарып, бидаттарды жок кылышы
Аз. Пайгамбар (сав) башында Исламды бутунда
кармаган сыяктуу, МЕХДИ да эң аягында ИСЛАМДЫ БУТУНДА КАРМАЙТ. (El-Kavlu-l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 27-б.)
... АЛ ДИНДИ (ИСЛАМДЫ) БҮТ ДИНДЕРГЕ
ҮСТӨМ КЫЛУУ ҮЧҮН элчисин хидаят менен жана акыйкат дин менен жөнөткөн Ал. (Тообо Сүрөсү, 33)
Мехди ДИНДИ
ПАЙГАМБАРДЫН (САВ) УБАГЫНДАГЫ СЫЯКТУУ ДАЛ ӨЗҮНДӨЙ ИШКЕ АШЫРАТ. Жер жүзүнөн
мезхептерди жок кылат. Таза жана чыныгы динден башка бир дагы мезхеп калбайт... (Kıyamet
Alametleri, 186-187)
(Аз. Мехди (ас) убагында) Дин биримдиги да болот,
анан АЛЛАХТАН БАШКАСЫНА СЫЙЫНЫЛБАЙТ. (Sünen-i
İbni Mace, cilt 10, Haydar Hatipoğlu, Bab 33, 331-335-б.)
СИЛЕРДИ сүннөтүмдү бекем карманууга, рашид жана МЕХДИ ХАЛИФАЛАРЫМДЫН (ОРУН
БАСАР) ЖОЛУНАН ЖҮРҮҮГӨ ЧАКЫРАМ. (İbni Mace,
Mukaddime 6, Ebu Davud, Sünnet. 5. Mehdi ve Deccal, Şaban Döğen, 139-б.)
БУЛ МЕНИН ТУПТУУРА ЖОЛУМ. Демек аны
ээрчигиле. (Энъам Сүрөсү, 153)
Аз. Мехди (ас)дын адамдардын акыйкат динди
жашашына себепчи болушу
... Биаттан (моюн сунуудан) мурда адамдар ТОП-ТОП ага агышат... (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 25-б.)
Адамдардын Аллахтын динине ТОП-ТОП
киргенин көргөнүңдө. (Наср
Сүрөсү, 2)
Аз. Мехди (ас)дын Мусулмандар арасында
биримдикти камсыздашы
АЛЛАХ биз аркылуу адамдарды ширк душмандыгынан куткарып, алардын жүрөктөрүнө
достук менен сүйүү салган жана дин бир тууганы кылган сыяктуу, МЕХДИ АРКЫЛУУ
фитна душмандыгынан куткарат жана БИР ТУУГАН КЫЛАТ. (Kitab-ül
Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, Ali b. Hüsameddin el-Muttaki, 20-б.)
... ЖҮРӨКТӨРҮҢӨРДҮН АРАСЫН
ДОСТОШТУРУП-ЖАКЫНДАТТЫ... (Али Имран
Сүрөсү, 103)
Аз. Мехди (ас)дын Ислам ахлагынын дүйнөгө
жайылышына себепчи болушу
Жалпылай жер жүзүнүн малиги (башчысы) төртөө.
Алардын экөөсү: Зулкарнейн менен Сулайман ыймандуулардан, калган экөө, Немруд
менен Бухтуннаср каапырлардан. ЖЕРГЕ
бешинчи болуп ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН БИРӨӨ ЭЭ БОЛОТ. Б.А. МЕХДИ. (Mektubat-ı
Rabbani, 2/1163)
... «Күмөнсүз, ЖЕРГЕ САЛИХ
(ЫКЛАСТУУ) КУЛДАРЫМ МУРАСКОР БОЛОТ» деп жаздык. (Анбия Сүрөсү, 105)
Жана алардан кийин СИЛЕРДИ АЛ ЖЕРГЕ
СӨЗСҮЗ ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ... (Ибрахим
Сүрөсү, 14)
МЕХДИ Зулкарнейн менен Сулайман сыяктуу ДҮЙНӨГӨ ӨКҮМДАРЛЫК КЫЛАТ. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 29-б.)
Үммү Селеменин риваяты боюнча, АЗ. МЕХДИ (АС) ИСЛАМДЫ ЖЕР ЖҮЗҮНҮН АР КАЙСЫ АЙМАКТАРЫНА ЖАЙАТ (ОРНОТОТ). (İmam-ı
Rabbani, Mektubat, I: 565)
... Эч күмөнсүз, алардан
мурдакыларды «күч жана бийлик ээси» кылган сыяктуу, АЛАРДЫ ДА ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ «КҮЧ
ЖАНА БИЙЛИК ЭЭСИ» КЫЛАТ... (Нур
Сүрөсү, 55)
Мехди ЧЫГЫШ
МЕНЕН БАТЫШ АРАСЫНДАГЫ БҮТ ТАРАПТЫ (РУХАНИЙ) каратат. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 57-б.)
Берекелүү кылган ЖЕРДИН ЧЫГЫШЫНА ДА,
БАТЫШЫНА ДА ал кор кылынып-алсыз кылынгандарды МУРАСКОРЛОР КЫЛДЫК... (Аьраф Сүрөсү, 137)
Аллах ага (Мехдиге) УШУНЧАЛЫК КҮЧ БЕРЕТ: бир түн ичинде зулумдукту жана элин жоготот...
(Muhyiddin Arabi el-Endülüsu, Futuhat-ül Mekkiye, Bab 66, Kıyamet
Alametleri, 186-б.)
... УШУНДАЙ БИР «КҮЧ ЖАНА
МҮМКҮНЧҮЛҮК» БЕРЕБИЗ; аяттарыбыз урматында силерге жете алышпайт... (Касас Сүрөсү, 35)
Аз. Мехди (ас)дын Мусулмандардын руханий
лидери болушу
Мехди Зулкарнейн жана Сулайман сыяктуу ДҮЙНӨГӨ ӨКҮМДАРЛЫК КЫЛАТ. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, s. 29)
АЛ СИЛЕРДИ ЖЕР ЖҮЗҮНҮН ХАЛИФАЛАРЫ
КЫЛДЫ... (Энъам Сүрөсү, 165)
БИЗ БОЛСО жер жүзүндө күчтөн
тайдырылгандарга берешендик кылып, АЛАРДЫ БАШЧЫЛАР (ЛИДЕРЛЕР) КЫЛУУ жана
мураскорлор кылууну КААЛАЙБЫЗ. (Касас
Сүрөсү, 5)
Жер жүзүндөгү бүт адамдардын Аз.
Мехди (ас)дан ыраазы болушу жана аны өтө сүйүшү
Аз. Мехди келгенде, адамдар АНЫ
ЖАКШЫ КӨРҮП, СҮЙҮҮ МЕНЕН КУЧАКТАШАТ. (El Kavlu-l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki, 37-б.)
Ыйман келтиргендер менен салих (чын
ыкластуу) амалдарды кылгандар болсо РАХМАН (АЛЛАХ) АЛАР ҮЧҮН БИР СҮЙҮҮ КЫЛАТ. (Мерйем Сүрөсү, 96)
Аз. Мехди (ас)дын жер жүзүндө адилеттик менен
өкүм бериши
Зулумдук менен бузукулукка толгон ДҮЙНӨ ал (Аз. Мехди) келген соң АДИЛЕТТИККЕ
ТОЛУП ТАШАТ. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil
Mehdiyy-il Muntazar, 20-б.)
... Аларга пайгамбарлары келгенде,
АРАЛАРЫНДА АДИЛЕТТИК МЕНЕН ӨКҮМ БЕРИЛЕТ жана алар зулумдукка кабылышпайт. (Йунус Сүрөсү, 47)
Аз. Мехди (ас) доорунда жер жүзүнүн
тынчтыкка толушу
ДУШМАНДЫК МЕНЕН КЕКЕНҮҮНҮ ДА ЖОК
КЫЛАТ... Идиш сууга толгон сыяктуу, ЖЕР ЖҮЗҮ ТЫНЧТЫККА ТОЛОТ... Согуш да жүктөрүн таштайт. (Sünen-i
İbni Mace, Kitabü-l fiten Tercemesi ve Şerhi- Kahraman Neşriyat, том 10,
Mütercim (которгон): Haydar Hatipoğlu, бап 33, 331-335-б.)
Эй ыйман келтиргендер, БААРЫҢАР
ЧОГУУ «ТЫНЧТЫК ЖАНА БЕЙПИЛДИККЕ (СИЛМГЕ, ИСЛАМГА) КИРГИЛЕ... (Бакара Сүрөсү, 208)
... Эч кимдин арасында бир ДУШМАНДЫК КАЛБАЙТ. (Sahih-i
Müslim (Сахихи Муслим), 1/136)
Жана бүт ДУШМАНДЫКТАР,
уруштар, кызганычтыктар сөзсүз ЖОК
БОЛОТ. (Sahih-i Müslim (Сахихи
Муслим), 1/136)
... ошондо сени менен арасында
ДУШМАНДЫК БОЛГОН КИШИНИН ЖАКЫН БИР ДОС(УҢ) БОЛУП КАЛГАНЫН (көрөсүң). (Фуссилет Сүрөсү, 34)
Аз. Мехди (ас) доорунда жер жүзүнүн бүт
тарабынын коопсуз болуп калышы
(Мехди) убагында БИР АДАМ ДА УЙКУСУНАН ОЙГОТУЛБАЙТ, БИР АДАМДЫН ДА МУРДУ КАНАБАЙТ. (Kıyamet
Alametleri, 163-б.)
... БЕЙПИЛДИК мына ОШОЛОР ҮЧҮН жана
алар хидаятка жетишкен. (Энъам
Сүрөсү, 82)
Душмандык менен КЕКЕНҮҮНҮ ДА ЖОК
КЫЛАТ. (Sünen-i İbni Mace, Kitabü-l Fiten Tercemesi ve
Şerhi, том 10, Haydar Hatipoğlu, бап 33, 331-335-б.)
Биз алардын көкүрөктөрүндө
КЕКЕНҮҮДӨН ЭМНЕ БАР БОЛСО АЛЫП САЛГАНБЫЗ. ... (Аьраф Сүрөсү, 43)
... жана АМАНАТКА
ЗЫЯН КЕЛБЕЙТ... (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil
Mehdiyy-il Muntazar, 43-б.)
(Жана) Алар АМАНАТТАРЫНА жана убадаларына
БЕКЕМ ТУРУУЧУЛАР. (Мүминун Сүрөсү, 8)
Аз. Мехди (ас) убагында топуракка
береке келиши
... жана ЖЕРДИН
ӨСҮМДҮГҮ ӨТӨ КӨП БОЛОТ... (El Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)
... БҮТ НЕРСЕНИН ӨСҮМДҮГҮН ӨСТҮРДҮК,
АНДАН БИР ЖАШЫЛДЫК ЧЫГАРДЫК, АНДАН БИР-БИРИ ҮСТҮНӨ ЖЫЙЫЛГАН ДАНДАР
ЧЫГАРУУДАБЫЗ... (Энъам Сүрөсү, 99)
... Адам БИР
УУЧ УРУК ТАШТАП, 700 УУЧ ТҮШҮМ АЛАТ... (El Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 43-б.)
... садака бергендердин мисалы ЖЕТИ
БАШАК БАЙЛАГАН, АР БИР БАШАКТА ЖҮЗ ДАН БОЛГОН бир дандын (уруктун) мисалы
сыяктуу. ... (Бакара Сүрөсү, 261)
Аз. Мехди (ас)
доорунда теңдешсиз бир молчулук
менен байлык болушу
... БУЮМДУ,
МАЛ-МҮЛКТҮ ТАРАТАТ, бирок молчулуктан улам эч ким кабыл албайт... (El Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 31-б.)
Сөзсүз, ал УБАКТА
МАЛ-МҮЛК КӨБӨЙҮП, СУУДАЙ АГАТ, аны эч ким (маани берип) кабыл албайт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret
ve Ahir Zaman Alametleri, 464-б.)
Ал кезде ҮММӨТҮМ
НЕМАТТАРГА БӨЛӨНӨТ... (El Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)
... Аллах Өз берешендигинен АЛАРДЫ
БАЙ КЫЛАТ... (Нур Сүрөсү, 32)
... АЛЛАХ КААЛАГАНЫНА ЭСЕ ЭСЕ
КӨБӨЙТӨТ... (Бакара Сүрөсү, 261-262)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder