19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДА ЕВРЕЙЛЕР


 
 
АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫНЫГЫ ТООРОТТУ ЧЫГАРАТ ЖАНА БИР ЕВРЕЙ ЖАМААТЫ АНЫН СЕБЕБИНЕН МУСУЛМАН БОЛОТ

 

«Анын Аз. Мехди (ас) денилишинин себеби мындай. Ал еврейлер ажылык кылган Дамаск тоолорунан бир тоонун ичиндеги Тооротко тиешелүү китептерди чыгарат жана еврейлерден бир жамаат анын колунда Мусулман болот.» (İmam-ı Suyuti)

 

«Анын Аз. Мехди (ас) денилишинин себеби Дамаскта жайгашкан тоолордун бирине кайрылышы. Ал жерден (ЧЫНЫГЫ) ТООРОТ КИТЕПТЕРИН ЧЫГАРАТ, ЕВРЕЙЛЕРГЕ ДАЛИЛ СУНАТ.» (Suyuti, el-Havi li'l Feteva, II. 81)

 

КӨП ЕВРЕЙЛЕР АЗ. МЕХДИ (АС) СЕБЕБИНЕН МУСУЛМАН БОЛОТ

 

Нуайм Селман б. Исадан риваят кылды, ал айтты: «Угушум боюнча, Аз. Мехди (ас)дын колунда (убагында) бейпилдик (секине) болгон табыт Таберийа көлүнөн чыгарылат жана Байтул Макдисте Анын алдына алып келинет. Еврейлер аны көргөндө, өтө азынан тышкары, көпчүлүгү Мусулман болушат.» (Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman Hz. Mehdisi'nin Alametleri, (Kitabül Burhan fi Alametil Hz. Mehdiyyil Muntazar), 23-б., Tercüme: Müşerref Gözcü - Kahraman Neşriyat)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН БИРГЕ ИЗРАИЛ (ИСРАИЛ) УРПАКТАРЫНАН БИР ЭЛ БОЛОТ

 

Аз. Мехди (ас) көрүнгөндө Аз. Муса (ас)дын коомунан болгон ыймандуу, Аллахка карата чын ыкластуу еврейлер менен байланышта болот жана ал коомдон бир топ адам аны менен бирге иш-аракет кылат.

 

Шейх эль-Мүфид Эль-Иршад аттуу китебинде эль-Муфезел ибн Өмерден Эбу Абдуллах (ас)дын мындай дегенин билдирген: «ИМАМ МЕХДИ МЕНЕН БИРГЕ... МУСА КООМУНАН БИР КАЛК БОЛОТ.» (El-Irşad, El-Mufid El-Tusi 402-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ЕВРЕЙЛЕРДИ АЗ. ДАВУД (АС) ЖАНА АЗ. СУЛАЙМАН (АС)ДЫН ӨКҮМҮ МЕНЕН БАШКАРАТ

 

Аз. Мехди (ас) Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан болот. Белгилүү болгондой, Энъам Сүрөсүнүн 83-87-аяттары арасында пайгамбарлардын бир атадан экени билдирилген. Б.а. бүт пайгамбарлар бир атадан тарашкан. Ушул себептен, Аз. Мехди (ас) да, табигый түрдө, Аз. Муса (ас)дын, Аз. Сулайман (ас)дын, Аз. Аййуб (ас)дын жана Аз. Давуд (ас)дын урпактарынан болот. Аз. Мехди (ас) көрүнгөндө китеп берилгендерге (еврей, христиандарга) боорукердик жана сүйүү менен мамиле кылып, аларды коргоп колдойт. Мындай чын ыкластуу мамилеси кээ бир еврейлердин Мусулман болушуна себепчи болот. Аз. Мехди (ас) еврейлер арасында Тоороттун чыныгысы менен өкүм берет.

 
Али ибн-Ибрахим атасы ибн Эбу Өмер, Мансурдан, Фазыл эль-Аоур Эбу Убейдеден билдирген: ПАЙГАМБАРДЫН ЭХЛИ БЕЙТИНЕН КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЕЛГЕНДЕ, ДАВУД ЖАНА СУЛАЙМАН ӨКҮМДАРЛЫГЫ БОЮНЧА БАШКАРАТ.»

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder