31) Багдаддын оттор менен жок
кылынышы
Акыр заманда Багдад оттор менен жок кылынат...
(Risaletül Huruc ül Mehdi, 3-том, 177-б., Каттоо 854)
32) Ирак армиясынын чөлдө жоголушу
«Аз. Мехди (ас)дын беш алааматы болот. Алар
Сүфйани, Йемани, асмандан бир чакырык, Бейдада
бир армиянын чөгүшү жана күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү.» (Nuaym Bin
Hammad (Нуайм Бин Хаммад))
...Дамасктан (Сириядан) өзүнчө бир армия ага каршы
жөнөтүлөт, бирок ал армия чөлдө жерге
чөгөт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il
Muntazar, 22-б.)
Бирок ал армия чөлгө киргенде,
Зулхүлейфе деген жерде ушунчалык топуракка көмүлгөндүктөн, алардын үстүндөгүлөр астындагыларды, астындагылар
үстүндөгүлөрдү кыяматка чейин көрө алышпайт. El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 21-б.)
33) Ирактыктардын акчасынын калбашы
«Ирактыктардын колунда өлчөй турган бир таразасы жана соода кыла
турган бир акчасы дээрлик калбайт.» (Kenzul Ummal,
Kitab-ul kıyame, kısm-ul efal. 5-т. 45-б. El Muttaki (Эль Муттаки))
Ирактыктардын азыр колунда акча
болсо дагы, ал акча менен бир нерсе сатып алууда кыйналып жатышат.
34) Ирак менен Дамаскка (Сирияга) эмбарго
Эбу Надре (Р.А.) мындай деди; Жабир (Р.А.)нын
жанында турганыбызда мындай деди: «Ушундай
бир заман келатат, Ирак элине бир кафиз (кило), бир дирхам берилбейт».
«Бул кимден улам болот?» дедик. «Ажемдер (Араб
эместер) буга бөгөт болушат» деди. Анан: «Дамаск
элине бир динар, бир мүдй (кило) берилбейт» деди. «Бул кимден улам
болот» дедик. «Румдардан (гректерден) улам» деди. (Sahih
Muslim (Сахих Мүслим), 6961)
35) Ирактын кайрадан түзүлүшү
...Жана Ирактагы күнөөсүз адамдар Дамаскты көздөй
башпаанек издешет. Дамаск кайрадан түзүлөт, Ирак да кайрадан түзүлөт.»
(Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame, kısm-ul efal. 5-т. 254-б., El Muttaki
(Эль Муттаки))
36) Дамаскта фитналардын болушу
Дамаскта фитналар бир тараптан тынчыган сайын,
башка бир тараптан тутунат.
Асмандан жарчы бир периште «Аз. Мехди (ас) амириңер
(башчыңар). Аз. Мехди (ас) Халифаңар (руханий лидериңер).» дегенге чейин
фитналар бүтпөйт. (Risalet-ül Huruc-ül Mehdi... 63-б.)
37) Күнөөсүз жаш балдардын
өлтүрүлүшү
... Мухаммед үммөтүнөн күнөөсүз бир жаш бала
өлтүрүлгөндө, асмандан бир периште «акыйкат анда (Аз. Мехди (ас)да) жана анын
жанындагыда» деп кыйкырат. (Sabban
isafur Ragibin 154-б.)
38) Ирак элинин Дамаскка, түндүккө качышы
... Иракка кол салынмайынча кыямат болбойт. (мына
ошондо)
Күнөөсүз
жана таза Ирак калкы Дамаскка качат.
(Risalet-ül Huruc-ül Mehdi, 210-б.)
39) Дамаскта, Иракта жана Арабистанда
каргашалардын болушу
«Расулуллах (сав) мындай деген: ...Ушундай балээ
жана кырсыктар болот; эч ким корголоно турган бир жер таба албай калат. Ал балээлер Дамасктын айланасында
жойлойт, Ирактын үстүнө түшөт. Арабистан жарым аралынын колу менен бутун
байлайт. Ислам үммөтү ал жакта балээлерге каршы кырларда согушушат. Эч
ким аларга боор ооруп; вах! вах! да дебейт. Алар балээни бир жактан тосууга
аракет кылып жатышканда, башка жактан ал кайра чыгат.»
(Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame, kısm-ul efal. 5-т. 38-39-б. El Muttaki
(Эль Муттаки))
... балээлер Дамасктын айланасында
жойлойт,
Ирактын
үстүнө түшөт.
Арабистан
жарым аралынын колу менен бутун байлайт.
40) Евфрат менен Дижле (Түркияда бир шаар) арасында чоң
уруштардын болушу
Евфрат менен Дижле арасында Зевра деген бир шаар болот.
Ал жерде чоң бир
согуш болот. Аялдар туткунга алынып, эркектер болсо кой союлгандай мууздалат.»
(Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame, kısm-ul efal. 5-т. 38-б. El Muttaki (Эль Муттаки))
41) Ирак элинин үч топко бөлүнүшү
Расулуллах (сав)дын айтуусу боюнча, Ирак калкы үч топко бөлүнөт. Бир
бөлүгү талоончуларга (мародер)
кошулат. Бир бөлүгү үй-бүлөлөрүн
артка таштап качышат. Бир бөлүгү согушуп, өлтүрүлүшөт. Силер буларды көргөнүңөрдө кыяматка
даярдангыла.
(Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi
El-Muntazar)
Күфе калкы үч топко бөлүнөт: Бир бөлүгү Сүфйанинин армиясына кошулат... Бир
бөлүгү алар менен согушат... Бир бөлүгү болсо талоончуларга
кошулат...
(En-Necmu's Sakıb Fi Beyanı Enne'l Mehdi Min Evladı
Ali B.Ebi Talib)
Бир бөлүгү талоончуларга кошулат
Бир бөлүгү үй-бүлөлөрүн артка таштап
качышат
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder