ХАДИСТЕРДЕ ИШАРАТ КЫЛЫНГАН
1956-ЖЫЛДЫН МААНИСИ
Хижрий 1300-жылдардын баалуу
мужеддиди Бедиүззаман Саид Нурси Азрети Рисале-и
Нурда (Risale-i Nur) 1956-жылга атайын
токтолгон. 1956-жылы болгон окуялар эске алынганда, Саид Нурси Азретинин өзгөчө
ушул жылга көңүл бурушу өтө таң калыштуу.
Рисале-и Нур шакирти Ахмед Фейзи Кул
1950-жылы жазган "Maidet-ül Kur'an ve Hazinet-ül Bürhan" аттуу
эмгегинде кээ бир аяттардын эбжед маанилерин санаган. Бул эмгек Бедиүззаман
Саид Нурси Азрети тарабынан кабыл алынып, "Tılsımlar Mecmuası"
аттуу бөлүктүн аягына кошулган. Бул эмгекте эбжед мааниси катары Христиан жыл
эсеби боюнча 1956-жылды берген аят – бул Таха Сүрөсүнүн 68-аяты.
«Коркпо! дедик, үстөм боло (жеңе)
турган сөзсүз сенсиң.» (Таха Сүрөсү, 68)
Бул аяттагы «сөзсүз сенсиң» сөздөрүнүн эбжед мааниси 1956-жылды берет.
1956-жыл өтө маанилүү бир жыл. Бедиүззаман Саид Нурси да, Ахмед Фейзи Кул да бул
жылга өзгөчө маани берип, токтолушкан. Бедиүззаман Саид Нурси Азрети 1956-жылга
ишарат кылган башка бир аяттын жоромолун Emirdağ Lahikası аттуу эмгегинде мындайча жасаган:
Чындыгында мүнафыктар оттун эң
төмөнкү кабатында. Аларга бир жардамчы таба албайсың. (Ниса Сүрөсү, 145)
... Эгер шадда эки «нун» саналса,
окулбаган хамзалар жана (йе) да саналса, 1376 (1956-1957) болуп, бул зулүматлы
нифактын (динсиздик жана зулумдукка таянган, эки жүздүү мүнафык системасынын)
оозу жап болуу (токтоо) даражасына... (Emirdağ
Lahikası (1), Mektup no: 15)
Бедиүззаман Азрети бул жердеги «бул зулүматлы нифактын оозу жап болуу
даражасына» сөздөрү менен 1956-ЖЫЛДЫН
заалим каапырдык системанын, мүнафыктыктын, дарвинист-материалист системанын
кыйрашынын БАШТАЛЫШЫ экенин
айтууда. Чындап эле 1956-жылдан соң Ислам ааламында көп алга жылуулар болгон.
Куранда «1956-жылдын» эбжедин берген
башка бир аят болсо Али Имран Сүрөсүнүн 81-аяты.
Бир кезде Аллах бардык
пайгамбарлардан, «Мен силерге китеп жана пайгамбарлык бергенден кийин силерге жаныңардагыны
тастыктаган бир элчи келгенде, сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам
бересиңер» - деп анык бир сөз (убада) алды жана: «Макул болдуңарбы, ушунуңар
менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?» деди. Алар: «Кабыл алдык» дешти.
(Анда Аллах): «Күбө болгула, Мен да силер менен бирге күбө болуучуларданмын» -
деди. (Али Имран Сүрөсү, 81)
Бул аяттагы «... кийин силерге жаныңардагыны тастыктаган бир элчи келди...» сөздөрүнүн
эбжеди «1956-жылды» көрсөтүүдө. Рисале-и Нурларга болгон тыюунун алып
салынышы да ушул жылга туш келген. 1956-жыл Рисале-и
Нур үчүн өтө маанилүү бир жыл болгон. Белгилүү болгондой, ошол жылга чейин Рисале-и Нурду алып жүрүү, окуу,
таркатууга тыюу салынып, Нур Рисалелери жөнүндө бир миң беш жүздөй тергөө
иштери ачылган эле. 1956-жылы болсо 8 жыл Афйон шаарында созулган соттун
аякташы менен бул багыттагы чоң укуктук күрөш да аягына чыккан жана
рисалелердин ичинде эч кандай кылмыштык элементи жок ыймандык эмгектер экени
сот чечими менен бекитилген. Афйон Соту, 1956-жылы Түркия диний иштери башкарма
кеңеши бүт Рисале-и Нур жыйнагын
бир-бирден карап ар бир Рисале жөнүндө оң жана пайдалуу Курандын бир чечмелөөсү
деп рапорт берип, Нур Рисалелеринин пайдасына чечим алган жана натыйжада
Рисале-и Нурлардын басып, көбөйтүлүшү эркин койо берилген.
Бедиүззаман Саид Нурси Азретинин
Рисалелерде 1956-ЖЫЛГА өзгөчө басым
жасашынын мааниси 1956-жылы Түркияда жана дүйнөдө болгон чоң жана маанилүү
окуяларды караганыбызда да апачык көрүнөт.
1956-жылы болгон чоң жана маанилүү
окуялар төмөнкүлөр:
1956-ж. 3-январь
Судан көз-карандысыз бир республика болгонун
жарыялады.
1956-ж. 20-март
Тунис Франциядан көз-карандысыздыкка жетти.
1956-ж. 23-март
Пакистан дүйнөнүн алгачкы Ислам Республикасы болду.
1956-ж. 7-апрель
Марокко көз-карандысыздыгын жарыялады.
1956-ж.
Ортоңку класстарда дин сабагы окутулуп баштаган.
АЗ. МЕХДИ
(АС) АРАПЧА БИЛБЕЙТ
Мухйиддин ибнүъл-Араби Азрети Хаким
эт-Тирмизи Азретинин "Hatmü'l-evliya"да сураган
суроолоруна жооп берүү үчүн жазган "el-cevabü'l-müstakim"
аттуу эмгегинде мындай деген:
«... Ал (Аз.
Мехди (ас)) арапча жакшы сүйлөй албайт, бирок адеп-ахлагы жагынан андан
айырмаланбайт. Ал орто бойлуу эрлерден. Мүлктүн доору аны менен бүтөт жана
велайет (олуялык) аны менен аягына чыгат. Анын ысмы «тирүү» болгон бир
жардамчысы бар. Өзү руханий, көрүнүшү адам кейпинде.» (El-cevabü'l-müstakim
amma seele anhü et-türmizi el-hakim, bayezid, no: 3750, 242b yaprağı) (Kıyamet ve Alametleri, Ömer öngüt,
Hakikat Yayıncılık, 288-б.)
АЗ. МЕХДИ
(АС) РИМДИ РУХАНИЙ ЭЭЛЕЙТ, ВАТИКАНДА ЧОҢ БИР ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЛОТ
«... Аз. Мехди (ас) менен шакирттери
... (Римди) тасбих жана такбир менен каратышат... Ал шаардын (ВАТИКАНДЫН)
дубалдары бир-бирден кулайт...» (Muhammed B.
Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 204-б.)
Италияда болгон жер титирөө
натыйжасында Ватикандын дубалдарында бузулуулар болгон. Римде көп имараттар жер
менен жексен болгон.
ЧЫГЫШТАН БИР ТОП АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГЫШЫ ҮЧҮН
ШАРТТАРДЫ ДАЯРДАЙТ
Чыгыш тарабынан бир катар адамдар
чыгып, Аз. Мехди (ас)дын салтанатын (өкүмдарлыгын) даярдашат.
(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il
Muntazar, 21-б.)
Шарктан (чыгыштан) бир
жамаат чыгат жана Аз. Мехди (ас)дын салтанатына жардам берет. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin
Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 60-б.)
... Анан Иерусалимге түшүшөт жана Аз. Мехди (ас) үчүн салтанат даярдашат. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 47-б.)
АЛЛАХТЫН АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БОЛГОН
СҮЙҮҮСҮ СЕБЕБИНЕН ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР ТОКТОЙТ
АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) УРМАТЫНА
ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨРДҮ ТОКТОТОМ. (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 70-б.)
АСХАБЫ КЕХФ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН
ЖАРДАМЧЫСЫ БОЛОТ
Асхаб-ы Кехф (үңкүр ээлери) Аз.
Мехди (ас)дын жардамчылары болот.
(Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy il Ahir
Zaman, 59-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ЖӨНҮНДӨ АР
КАНДАЙ ПИКИРЛЕР АЙТЫЛАТ, БИРОК КИЙИН БИР ПИКИРГЕ КЕЛИНЕТ
Аз. Мехди (ас) жөнүндө ар кандай
пикирлер болоору хадисте айтылган. Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү бир-биринен
айырмалуу көптөгөн пикирлер акырындап чыныгы жана туура пикирде биригет.
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын себепчи болушу менен бир-бирине бир тууган болгон
Мусулмандардын акыларынын кыйынчылык менен курулаары айтылат. Мусулмандардын ал
доордо оор кысымчылык шарттарында жашашы жана адилетсиздикке туш болоору
хадистерден көрүнүп турат. Аллахтын Аз. Мехди (ас)ды себепчи кылышы аркылуу
дүйнөдө адилеттик, толеранттуулук жана коопсуздук орнойт. Бул Аз. Мехди (ас)дан
мурда дүйнөдө адилетсиздик менен сүйүүсүздүктүн өкүм сүрөөрүнө ишарат кылат.
Аллахтын адамдарга болгон ыраазылыгы менен сүйүүсү Аз. Мехди (ас) себеби менен
артат. Ислам дини Аз. Мехди (ас)дын себепчи болушу аркылуу чыныгы абалына
кайтат жана Ислам ахлагы дүйнөгө орнойт.
Замандын ээси Эль-Мехди (Аз. Мехди (ас)) жөнүндө ар түрдүү пикирлер биригип ээрчийт, ар
кандай көз-караштар арасында булар биригет, анын себеби менен эң жакын
досторуңардын акылары жулуп чыгарылат, анын себеби менен душмандарыңардын
жамандыктарына каршы турасыңар жана дүйнө жүзүн анын себеби менен жакшылык жана
адилеттикке толтурасыңар, анын чыгышы менен бирге кулдардын үстүндөгү
немат-жакшылыктар менен ыраазылык артат (өсөт). Кадыр-барк жана мактоо менен чындыктар ордуна кайтарылат жана дин анын
колу менен кайрадан курулат. (Seyyid
Murtaza Müçtehidi Sistani, Nashr Almas Yayınları, 343-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДА БОЛО ТУРГАН
КЭЭ БИР МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАР
Андан «(Аз.
Мехди (ас)) качан чыгат?» деп сурадым. Ал мындай деди: «Ирактын Анбар аймагында, Евфрат менен Шираз жана Дижле жээгинде
аскерлерди көргөнүңдө, Куфанын куполу бузулганда, Куфада кээ бир үйлөр
күйгөндө, булардын баарын көргөнүңдө Аллах каалаганын чындыгында жасайт, эч
ким Аллахтын буйругуна тоскоол боло албайт жана эч ким Анын өкүмүн өзгөртө
албайт.» (Falahi Ssa'il: 199; жана El-Misbaah:
51 жана El-Baladul Amin: 35)
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын чыгуу
алааматтары айтылууда. Акыр заманда болгон окуялардан Ирактын басып алынышында
Ирактын Анбар аймагында Америка армиясынын башкарууну көпкө чейин башкарышы көп
гезит, телевизорлордо айтылган. Түркияда Евфрат менен Дижле жээгинде ПКК (PKK) террорунун
күчөшү да ушул убакта болгон. Хадисте айтылган «Шираз» шаары болсо Ирандагы бир
шаардын ысмы болуу менен бирге Тегерандын да эски аты. Шах Пехлеви төңкөрүш
менен бийликтен алынган кезде Ирандагы эң чоң кагылышуулар Тегеранда болгон.
Хадисте ошол эле учурда Ирактын Куфа шаарында болгон кагылышууларга да
токтолгон. Америка аскерлери менен аймактагы тирешүүчү топтор арасында болгон кагылышуулар
медиада (ММКда) көп жарыяланган. Пайгамбарыбыз (сав) акыр заманда боло турган
чоң (маанилүү) окуяларды 1400 жыл мурда кабар берген. Хадисте, ошондой эле, Аз.
Мехди (ас)дын чыгышына тоскоол болууга аракеттенген кишилердин болушу мүмкүн
экенине да ишарат кылынууда. Аллах тагдырда жараткан окуяларга тоскоол болууга
эч кимдин күчү жетпейт, Аллах сөзсүз буйругун орундатат.
АЗ. МЕХДИ (АС) ЭМГЕКТЕРИНДЕ РИСАЛЕ-И НУРДАН
ПАЙДАЛАНАТ
... Бул акыйкаттан көрүнүп тургандай; КИЙИН КЕЛЕ ТУРГАН АЛ МУБАРЕК (КУТТУУ) ЗАТ
РИСАЛЕ-И НУРДУ БИР ПРОГРАММА КАТАРЫ НЕШР ЖАНА ТАТБИК КЫЛАТ (жазуу жана
таркатуу аркылуу жайат жана турмушка ашырат). (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, 9-б.)
Бедиүззаман бул сөзү менен дагы бир
жолу Аз. Мехди (ас)дын келээрин сүйүнчүлөгөн жана ал куттуу заттын өз
кызматтарын жасап жатканда, өзүн «Аз. Мехди (ас)га негиз даярдаган бир алдынан
жүргөн аскер» катары санаган Бедиүззамандын эмгектеринен да пайдаланаарын
айткан.
Бедиүззаман Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү
сөздөрүнүн көпчүлүгүндө кайталаган «КЕЛЕ
ТУРГАН» сөзүн бул жерде да колдонгон. Бедиүззаман бул сөздөрү менен Аз.
Мехди (ас)дын мурдакы мужеддиддер жана Бедиүззаман жашаган доорлордо
келбегенин; ал куттуу заттын булардын баарынан «КИЙИН» келээрин айткан. Мындан тышкары, Бедиүззаман муну келээр
чакты көрсөткөн этишти колдонуу аркылуу эле эмес, ага кошумча «КИЙИН» сөзү менен да тастыктап өтө
тактап айткан.
Бедиүззаман, мындан тышкары, бул
жерде «ЗАТ» сөзүн сыпаттап, Аз.
Мехди (ас)дын «КАНДАЙ ЗАТ» экенин да
айтууда. Бедиүззаман Аз. Мехди (ас)дын «КУТТУУ
БИР ЗАТ» экенин белгилөөдө. «КУТТУУ
(МУБАРЕК)» сөзү «Аллахтын жакшылыгы
болгон» маанисине келет. Бедиүззаман бул жерде колдонгон бул «куттуу» сыпаты менен Аз. Мехди (ас)дын
ыйманын, аткара турган кызматтарын мактоодо. Бедиүззаман бүт бул терең
маалыматтар аркылуу Мусулмандарга Аз. Мехди (ас)дын адеп-ахлагын жана күрөшүн
таанытып, ал жогорку адеп-ахлактуу кишини кайсы өзгөчөлүктөрү менен таануу
мүмкүн экенин айтууда.
Бедиүззаман эмгектеринде Аз. Мехди
(ас)дан мурдакы кылымдын мужеддиди болушу себебинен өзүн «Аз. Мехди (ас)дын бир
алды», «ага негиз даярдаган бир аскери» деп сыпаттаган. Дагы бир сөзүндө болсо
«өзү эккен уруктардын Аз. Мехди (ас) тарабынан өрчүтүлөөрүн жана ал куттуу
инсан себебинен ал уруктардын жарып чыгаарын» айтуу менен Аз. Мехди (ас) келээрден
мурда кылган кызматтары менен ага «бир алдыңкы даярдык» кылганын айтууда. Бедиүззаман бул сөзүндө болсо Рисале-и Нур
жыйнагынын Аз. Мехди (ас) динге чакырууда колдоно турган бир алдыңкы даярдык
экенин айткан. Бедиүззаман Аз. Мехди (ас) чыккан кезде Рисалелердин жазылып
даяр болоорун жана ыйманды куткаруу кызматында Рисалелерден пайдаланаарын
айткан. Бедиүззаман бул сөздөрү менен өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин,
Аз. Мехди (ас)дын «АНДАН КИЙИНКИ УБАКТА
КЕЛЕ ТУРГАН БИР ИНСАН ЭКЕНИН» дагы бир жолу айтып кеткен.
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН АКЫР ЗАМАН
ХАДИСТЕРИН АЗ. МЕХДИ (АС) ЭҢ ТУУРА ТҮШҮНДҮРӨТ
Эбу Басир айтат, Имам Мухаммед Бакыр
алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «... Айтты: Аз. Мехди (ас) кыям эткенде
Расулуллахтын жолунан жүрөт. БИР ГАНА АЛ
(АЗ. МЕХДИ (АС)) РАСУЛУЛЛАХТЫН (САВ) ЭМГЕКТЕРИН ТҮШҮНДҮРӨТ...» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 191-б.)
Бул хадис өзгөчө акыр заман
хадистери жөнүндө айтылган. Аз. Мехди (ас) ал хадистердин чыныгы маанисин
түздөн-түз билген киши болгондуктан, Пайгамбарыбыз (сав)дын акыр заман
жөнүндөгү хадистерин эң туура ал түшүндүрөт.
АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ) АРАСЫНДА
КӨЗ БОЙОМОЧУ УЛГАЙГАН БИР АДАМ БОЛОТ
Амр ибн ал-ас риваят кылган: «Пайгамбар Мырзабыз
мындай деген: «МЕН БУЛ ҮММӨТТҮН АЛГАЧКЫСЫМЫН.
АЗ. МЕХДИ (АС) БУЛ ҮММӨТТҮН ОРТОСУНДА. АЗ. ИСА (АС) БОЛСО АЯГЫНДА. АРАБЫЗДА
БОЛСО АЛДАМЧЫ (КӨЗ БОЙОМОЧУ) УЛГАЙГАН БИР АДАМ БАР.» (Bihar ül
Envar, 51-том, Kitab ul Gaybet, Allame Muhammed
Bakır El-Meclisi, 132-б.)
Хадисте Пайгамбарыбыз (сав) акыр заманда
дүйнөнү канга, зулумдукка жана азапка чөмүлткөн бүт Жаратканды тануучу
системалардын түпкү логикасын түзгөн дарвинизмдин пикирдик атасы Дарвинге
ишарат кылган. Белгилүү болгондой, Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда дүйнөнүн
башаламандык (хержү мерж) ичинде калаары, чоң согуштар, кыргындар жана
кыйроолор болоору, эгоизмдин, сүйүүсүздүктүн, ишенбестиктин орношу, адамдар
бир-биринен өтө алыстаган бир заман болоору Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде
акыр заман алааматтары катары кабар берилген. Мындай абалдын жаралышында
Дарвиндин жана анын пикирлеринен келип чыккан дарвинизмдин өтө чоң таасири
болгон. Бирок Аз. Мехди (ас)дын чыгышы менен бирге дарвинизм, материализм,
коммунизм, фашизм сыяктуу бүт Жаратканды тануучу философиялар кыйрайт, андан
соң Аз. Иса (ас) түшөт. Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас) доорлору адамзат
тынчтык, бейпилдик жана жыргалчылыкта жашаган, адамдар топ-топ болуп Аллахтын
акыйкат динине кирген, Ислам ахлагы орногон бир доор болуп, дарвинизмдин
таасири жок болот. Бул алтын кылым, устат Саид Нурси Азретинин айтуусу боюнча,
хижрий 1506-жылдарга чейин уланат. (Туурасын Аллах билет.)
ХАДИСТЕРДЕ 1997- ЖАНА 1999-ЖЫЛГА
ИШАРАТТАР
Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтары
кабар берилген хадистердин биринде болсо 1997- жана 1999-жылдарга көңүл
бурулган:
Адамдар 95-жылга чейин малик (мүлктүү) болушат,
б.а. иштер жакшы жүрөт. 97- жана 99-жылы мүлктөрү жок болот (түгөйт)...
(El-Kavlu'l Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il
Muntazar, 54-б.)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder