19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ТАМАГЫ, КИЙИМДЕРИ ЖАНА УНААСЫ


 
 
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ТАМАГЫ ЖӨНӨКӨЙ (КОШУМЧАСЫЗ) БОЛОТ

 

Аз. Мехди (ас)дын, Эмир-үл Мүминин Али алейхиссалам сыяктуу, ТАМАГЫ ЖӨНӨКӨЙ... (Bihar-ul Envar, т. 52, 279-б.)

 

Имам Садык (ас) айткан: «... Аллахка ант болсун, АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН... ТАМАГЫ КОШУМЧАСЫЗ.» (Bihar-ul Envar, т. 52, 354-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КИЙИМДЕРИ ДА, ТЕРИСИ ДА ЖАРКЫРАГАН БОЛОТ

 

Имам Али (а.с) айтат: Расулуллах (сав) мага кайрылып мындай деди: «АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ҮСТҮНДӨ НУРДАН КИЙИМДЕР БАР...» (Bihar, т. 36, 337-б.; т. 51, 108-б.)

 

Хасан бин Махбуб-и Зеррад айтат: Имам Рыза алейхиссалам мага мындай деди: «... (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ҮСТҮНДӨ НУРДАН КИЙИМДЕР БАР.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani,  207-б.)

 

Хадисте «үстүндө нурдан кийимдер бар» сөздөрү менен Аз. Мехди (ас)дын кийиминин жаркыраган болооруна ишарат кылынган. Белгилүү болгондой, «нур» «жарык булагы» эмес, «жарыкты чагылтуучу» маанисине келет.

Курандын «Жана айды алар ичинде бир нур кылып, күндү болсо (жарык кылуучу жана ысытуучу) бир шам чырак кылган.» (Нух Сүрөсү, 16) аятында болсо күндүн бир жарык булагы экени, «нур» сөзү менен айтылган айдын болсо жарыкты чагылтаары белгиленген.

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ) СЫЯКТУУ АК ЖАРКЫРАГАН ЖАНА ТАЗА КИЙИМДЕРДИ КИЙЕТ

 

Абан бин Таглиб айтат: имам Жафери Садык а.с.дын мындай дегенин уктум, мен Каимди (Аз. Мехди (ас)) көрүп жаткан сыяктуумун. Нажафтын артында Расулуллахтын ак соотун кийет жана соотту кийген соң денеси Расулуллахтын денесиндей кеңейет. Бейиш жибектеринен бир кийим сооту жабат... (İmam Mehdi, Ali İrfan, Velayet Yayıncılık, 94-б.)

 

Аз. Алинин неберелеринен болгон Имам Жафери Садык (ас) Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылган бир хадисте акыр заманда чыга турган Аз. Мехди (ас) жөнүндө анын Пайгамбарыбыз (сав) сыяктуу ак, таза жана жаркыраган кийимдер кийээрин билдирген. Бул жерде «бейиш жибеги» деп таза жана жаркыраган көрүнүш айтылууда. Аз. Мехди (ас)дагы нур менен тазалыкка басым жасоо үчүн «бейиш жибеги» деген сөз колдонулган. Чындыгында болсо бейиш жибеги бейишке тиешелүү бир кездеме. Ошондой эле, бул хадисте Аз. Мехди (ас)дын денесинин Пайгамбарыбыз (сав) сыяктуу кең жана жарашыктуу болооруна көңүл бурулган.

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН МАШИНАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

 

Аз. Мехди (ас) токтоо мүнөздүү, жакшы келбеттүү... АНЫН АТЫ КАРАҢГЫЛАРДА ОН ТӨРТТҮК (ТОЛГОН) АЙ СЫЯКТУУ ЖАРКЫРАЙТ. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЭҢ ЖАКШЫ ТОПТУН АЛДЫНДА ЖҮРӨТ. Алар Аллахтын динин кучактап, аны менен Аллахка жакындоого аракеттенишет... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 171-б.)

 

Хадисте Аз. Мехди (ас) доорунда техникалык унаалардын биринин «машина» болооруна жана ал машиналардын фараларына, ички чырактарына көңүл бурулган. Хадисте берилген маалыматтан Аз. Мехди (ас)дын машинасынын фараларынын да жаркырашы түшүнүктүү болууда.

Ошондой эле хадисте Аз. Мехди (ас)дын «атынын он төрттүк ай сыяктуу» жаркырашына басым жасалганы да өтө таң калыштуу. Бул Аз. Мехди (ас)дын машинасындагы тоголок, чоң, жаркыраган бир жарык булагына ишарат кылууда; бул болсо Аз. Мехди (ас)дын машинасынын фараларын өтө так сүрөттөйт.

«Ал эң жакшы топтун алдында жүрөт» сөздөрү менен болсо Аз. Мехди (ас)дын машинасынын өз шакирттеринен турган бир конвойдун алдынан кетээрине ишарат кылынууда.

Же «алдында жүрөт» сөзү Аз. Мехди (ас)дын ал машинанын алдыңкы тарабында отураарын көрсөтүүдө.

 

Абан бин Таглиб мындай дейт, Имам Жафери Садык алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Мен Каимди (Аз. Мехди (ас)ды) Куфанын Нажафында көрүп жаткан сыяктуумун. ... АНДАН СОҢ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КАРА-АК ТҮСТҮҮ ЭКИ КӨЗҮНҮН АРАСЫ НУР СЫЯКТУУ ЖАРКЫРАГАН БИР АТКА МИНЕТ...»

 
Бул хадисте болсо машинанын эки тарабындагы эки фарага көңүл бурулган жана Аз. Мехди (ас)дын кара жана ачык түстүү машиналарды колдоноору айтылган.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder