АЗ. МЕХДИ (АС) МУСУЛМАНДАРДЫ
ЭРКИНДИККЕ ЖЕТКИРЕТ, АТЕИСТ СИОНИСТТЕР МЕНЕН АТЕИСТ МАСОНДОРДУН ШАЙТАНДЫК
УЮМДАРЫН ТОКТОТОТ
Нежхүл Белагадан: Ыймандуулардын Мырзасы (сав)
мындай деди: «... (АЗ. МЕХДИ (АС))
ТУТКУНДУ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРУУ, КУЛДУ АЗАТ КЫЛУУ жана ТУУРА ЭМЕС БАГЫТКА БУРУЛГАН
УЛУТТУ ТАРКАТУУ ЖАНА ТУУРА ЖОЛДОГУЛАРДЫ БИРИКТИРҮҮ ҮЧҮН эр жүрөктүк
өрнөктөрүн көрсөтөт.» (Kitab-ül
Gaybet, [Bihar-ul Envar, т. 51],
Ansariyan Yayıncılık, Derleyen (топтогон): Muhammed
Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 186-б.)
Аз. Мехди (ас) өз доорунда БАСЫП АЛЫНГАН АР КАЙСЫ ИСЛАМ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ
ТУТКУНГА АЛЫНЫП ТҮРМӨГӨ КАМАЛГАН МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАРЫН ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРАТ.
ОШОНДОЙ ЭЛЕ, АТЕИСТ СИОНИСТТЕР МЕНЕН АТЕИСТ МАСОНДОР ТҮЗГӨН ШАЙТАНДЫК УЮМДУ
ТААСИРСИЗ (НАТЫЙЖАСЫЗ) КЫЛАТ. Аз. Мехди (ас) Аллахка багытталган, Анын
туптуура жолундагыларды Аллахтын уруксаты менен бириктирип, адамдар арасында
бейпилдик, тынчтык жана коопсуздукту камсыздайт.
МУСУЛМАНДАРДЫН БӨЛҮНҮҮЧҮЛҮГҮН АЗ. МЕХДИ (АС) ЖОК
КЫЛЫП, ИСЛАМ ААЛАМЫН БИРИКТИРЕТ
Аз. Мехди (ас) чыга турган доордун
өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул Ислам ааламынын бир жана бүтүн болбошу. Ислам
ааламынын бөлүнүп жарылышы, Мусулман калктар менен топтор арасындагы
бөлүнүүчүлүк, пикир келишпестик, ал тургай, кагылышуулардын болушу Аз. Мехди
(ас)дын чыгуу алааматтарынын бири. Аз. Мехди (ас) көрүнгөндө мындай
чачырандылыкты толук жок кылып, Мусулман дүйнөсүнүн биримдигин камсыздайт. Бүт
Мусулмандар сүйүү жана кубаныч менен Аз. Мехди (ас)дын айланасында биригишет.
Амире бинт-и Нуфейл айтат: Имам Хүсейн
алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «СИЛЕР
БИР-БИРИҢЕРДЕН БЕРИ (АЛЫС) ЭКЕНИҢЕРДИ АЙТМАЙЫНЧА, БИР-БИРИҢЕРДИН ЖҮЗҮНӨ
ТҮКҮРМӨЙҮНЧӨ, БИР-БИРИҢЕРДИ ТАКФИР КЫЛМАЙЫНЧА (сен динден чыктың демейинче)
ЖАНА БИР-БИРИҢЕРДИ КАРГАМАЙЫНЧА күткөнүңөр (Аз. Мехди (ас)дын чыгышы) келбейт. Андай
болсо ал кезде эч кандай жакшылык жок дедим. Ал мындай деди: «Жакшылыктын баары ошол заманда. Каимибиз
(АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТЕТ (КӨРҮНӨТ) ЖАНА БУЛАРДЫН БААРЫН ЖОК КЫЛАТ.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 240-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ МУСУЛМАНДАР
АРАСЫНДАГЫ ФИТНА, КАРГАША ЖАНА БӨЛҮНҮҮНҮ ЖОК КЫЛЫП, МУСУЛМАНДАРДЫ БИР ТУУГАН
КЫЛАТ
Нуайм б. Хаммад жана Эбу Наим; Мекхуль аркылуу Аз.
Алиден риваят кылышкан. Ал мындай дегенин айткан: «Эй Расулуллах (сав) Аз. Мехди (ас) бизден, Ал-и Мухаммедденби, же
бизден эмеспи?» Айтты: «Жок, тескерисинче
Бизден. Аллах бул динди биз менен баштаган сыяктуу, Аны менен аягына
чыгарат. Жана алар биз менен ширктен кутулган сыяктуу, Анын менен да фитнадан кутулушат. Аллах биз менен адамдарды мушрикче
душмандыктан куткарып, алардын жүрөктөрүнө достук менен сүйүү салган жана дин
бир тууганы кылган сыяктуу, Аз. Мехди (ас) менен фитна душмандыгынан (кекенүү,
жаман көрүү, жек көрүү жана душмандыктан) куткарат жана бир тууган кылат.»
Табарани Эвсадда Амр б. Али Тарики менен Аз. Али б.
Эби Талибден риваят кылды. Аз. Али Аз. Пайгамбар (сав)дан «Эй Расулуллах Аз. Мехди (ас) бизденби же бизден эмеспи?» деп
сурады. Ал айтты: «Тескерисинче Бизден. Улуу
Аллах Исламды биз менен баштаган сыяктуу Аны менен аягына чыгарат. Биз менен
алар араларындагы ширк жана душмандыктан кутулган жана жүрөктөрүнө достук менен сүйүү орногон сыяктуу, (Аз. Мехди (ас)дын
келиши менен) кайра ошондой болот. (Celaleddin
Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman Hz. Mehdisi'nin Alametleri,
(Kitabül Burhan fi Alametil Hz. Mehdiyyil Muntazar), 23-б., Tercüme:
Müşerref Gözcü - Kahraman Neşriyat)
Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын бүт
Мусулмандар арасындагы фитна жана бөлүнүүчүлүктү токтотоору; жүрөктөрдө достук
менен сүйүүнү орнотуп бүт Мусулмандардын бир туугандыгына себепчи болоору
билдирилген.
АЗ. МЕХДИ
(АС) АДАМДАРДЫ ДОСТУККА ЖАНА БИР БОЛУУГА ЧАКЫРАТ
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КӨРҮНҮШҮ ЖАНА
КЫЯМЫНДА БҮТ НЕРСЕ ДОСТУК МЕНЕН БИРИМДИК БОЛОТ... (El-İhtisas
(Şeyh Müfid), 24-б.)
(АЗ. МЕХДИ (АС) УБАГЫНДА)
ЖҮРӨКТӨРДӨГҮ КЕКЕНҮҮЛӨР КЕТИП, БҮТ ТАРАПТЫ БЕЙПИЛДИК МЕНЕН КООПСУЗДУК КУРЧАЙТ. (Bihar'ül
Envar, т. 10)
АЗ. МЕХДИ
(АС) ДООРУНДА ЖОЛДОН ЧЫККАН СИСТЕМАЛАР КЫЙРАЙТ
Наим жана Эбу Наим Эбу Саидден риваят кылды, Ал
Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айтты: «Заман ИНКИТАА ТУШ БОЛГОН (СИСТЕМАЛАР ӨЗГӨРГӨН) БИР УБАКТА Мехди деген бир
зат келет жана берешендиги мол жана сонун болот.» (Ali Bin
Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman
Mehdisinin Alametleri, 14-б.)
Дүйнөнүн бүт тарабында режимдер
(системалар) өзгөрдү жана өзгөрүп жатат. Атеист, марксист, фашист, империалист
системалардын баары кыйрады. Мунун Аз. Мехди (ас) чыга турган кылымда болушу
Расулуллах (сав)дын бир керемети.
АЗ. МЕХДИ (АС) ДҮЙНӨНҮ ЖАМАНДЫКТАР МЕНЕН ЗААЛЫМ
ФИЛОСОФИЯЛАРДАН КУТКАРЫП, АДАМДАР АРАСЫНА СҮЙҮҮ МЕНЕН ТЫНЧТЫКТЫ ЖАЙАТ
Момундардын Эмири (сав) сабактарында бизге ушундай
сүйүнүчтүү кабарды айтты: дүйнө жамандардан
тазаланат жана арылат, заалим өкүмдарга каршы согуш (пикирдик күрөш) сегиз айга
созулат, анан сүйүү менен тынчтык орнойт. (El-Sahife
El-Mehdiye'den Seçme Dualar, Seyyid Murtaza Müçtehidi Sistani, 69-б.)
Аз. Мехди (ас)дын үч чоң кызматынын
(милдетинин) бири болгон дарвинизм жана материализм менен жүргүзгөн пикирдик
күрөшү натыйжасында дүйнөдө бул философиялардын жемиши болгон заалимдик, таш
боордук, сүйүүсүздүк сыяктуу адам табиятына карама-каршы иштер токтойт. Өлкөлөр
менен адамдарды дин ахлагын жашоодон, бир-бирин сүйүүдөн, мээрим көрсөтүүдөн,
ынтымакта жашоодон, бир-бирине дин ахлагына ылайык жакшы мамиле кылуудан тоскон
агымдар токтойт. Адамдарды материалист, Аллахка ишенбеген, руханий
баалуулуктарын жоготкон, бузулган бир өмүр сүрүүгө түрткөн бул философиялар
жана алардын ишке ашыруучулары Аз. Мехди (ас) урматында пикирдик жактан
таасирсиз болуп калышат. Дүйнө жүзүндө сүйүү менен тынчтык орноп, өлкөлөр жана
адамдар арасында терең достук, көмөктөшүү, биримдик жана ынтымак өкүм сүрөт.
АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАРДЫН БҮТ МАСЕЛЕЛЕРИН ЧЕЧЕТ,
БҮТ АДАМДАРГА ЖАРДАМГА ЧУРКАЙТ
АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАРДАМГА КЕЛҮҮЧҮ ЖАНА
ФЕРЙАДРЕС (ТЕЗ ЖАРДАМГА ЧАКЫРГАНГА
ЖАРДАМГА ЧУРКАГАН, ЖАРДАМ БЕРҮҮЧҮ). АЛЛАХ АНЫ ДҮЙНӨДӨГҮ АДАМДАРДЫН ТЕЗ
ЖАРДАМЫНА ЖЕТИШИ ҮЧҮН ЖӨНӨТӨТ... (El-Mehdiyy-il
Mev'ud, 1-т.,
264, 275, 277, 285, 287, 288, 311, 318-б., 2-т., 11-б.)
АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ
СЕБЕПЧИ КЫЛЫП, ЗОМБУЛУКТУ ДА, ЗОМБУЛУКТУН ФИЛОСОФИЯСЫН ДА ЖОК КЫЛАТ
Шейх Тусинин Гайбети: «Анан Аз. Мехди (ас)дын
жогорулашы болот... АЛЛАХ АЛ (АЗ. МЕХДИ
(АС)) АРКЫЛУУ ЖАЛГАНДАРДЫ ЖОК КЫЛАТ. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) АРКЫЛУУ ЗОМБУЛУКТУ ЖОК
КЫЛАТ. Ал (Аз. Мехди (ас)) мойнуңардагы туткундук уятын жок кылат.» (Kitab-ül
Gaybet, [Bihar-ul Envar, том 51],
Ansariyan Yayıncılık, Derleyen: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 132-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) УБАГЫНДА ЗААЛЫМДАРДЫН
ӨКҮМДАРЛЫГЫ БҮТӨТ
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder