АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АДАМДАР
ТАРАБЫНАН ӨТӨ СҮЙҮЛҮШҮ
Сөзсүз ал, адамдардын башына келген жамандыктар
себебинен, Аз. Мехди (ас) аларга эң
сүйүктүү болгонго чейин чыкпайт. (Ali Bin
Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman
Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 27-б.)
Жер жана асман жашоочулары андан (Аз.
Мехди (ас)дан) ыраазы болот.
(Heysemi, VII т., 313-б.; Ebu
Nuaym'dan, Suyuti (Суйути), II т., 58-б.; Ali Bin
Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman
Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 31-б.)
Аллах бүт
адамдардын жүрөктөрүн анын (Аз. Мехди (ас)дын) сүйүүсү менен толтурат. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 42-б.)
Аз. Мехди (ас) адамдарга келет; аны жаңы келин сыяктуу жакшы көрүп, сүйүп
кучакташат... (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki,
Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri,
Kahraman Neşriyat, 35-б.)
Анын (Аз. Мехди (ас)дын)
халифалыгынан (руханий лидерлигинен) жер менен асман жашоочулары, бүт жапайы
айбандар, куштар, ал тургай деңиздеги балыктар да ыраазы болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il
Muntazar, 31-б.)
Бул фитналардын эң акыркысы күнөөсүз
адамдардын өлтүрүлүшү; мына ошондо андан
бүт баары ыраазы боло турган Аз. Мехди (ас) чыгат. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin
Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman
Neşriyat, 38-б.)
Аллах анын (Аз. Мехди
(ас)дын) сүйүүсүн адамдардын жүрөктөрүнө салат. Ошентип алар күндүздөрү арстанга айланган жана
түндөрүн ибадат менен өткөргөн бир коом болушат. (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l
Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")
Мухаммед үммөтүнөн ыраазы болбогон бир дагы адам калбайт. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci (Аль-Хүсейни Эль-Берзенжи), Kıyamet Alametleri,
163-б.)
Жүзү сулуу, жыты жагымдуу,
жарашыктуу (сүрдүү), бирок адамдарга
сылык жана жакын. (Mehdi, Deccal, Mesih, 102-б.)
БҮТ ТАРАПТА АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН
СӨЗ КЫЛЫНЫШЫ
Хадистерде Аз. Мехди (ас) убагында
анын атынын көп сөз кылынаары айтылат. Бул Аз. Мехди (ас)дын ысмынын дүйнөнүн
төрт тарабына жетээрин көрсөтөт:
Асмандан бир жарчы (мүнади) «Акыйкат Ал-и
Мухаммедде» деп бакырган кезде Аз. Мехди (ас) көрүнөт. Бүт баары ал жөнүндө гана сүйлөшөт, анын сүйүүсүн ичет жана андан башка
эч нерседен сөз кылышпайт. (Ali Bin
Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman
Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 33-б.)
Бир жарчы (мүнади) асмандан «Акыйкат Аз. Мухаммед
(сав) элинде» деп бакырган соң Аз. Мехди (ас) сүйүүсү адамдардын жүрөктөрүнө
орнойт жана андан башка эч нерсе жөнүндө
сөз кылынбайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil
Mehdiyy-il Muntazar, 20-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДА
ДҮЙНӨДӨГҮ БҮТ ЖАНДЫКТАР АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН ЫРААЗЫ БОЛУШАТ
Эбу Саид Пайгамбардын (сав) мындай дегенин риваят
кылат: ... АСМАН ЖАНА ЖЕР ЖҮЗҮНҮН
ЖАШООЧУЛАРЫ АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) ЫРААЗЫ БОЛУШАТ... (El-Beyan,
72-б., Es-Sevaik-ul Muhrika, 161-б., Yenabi-ul
Mevedde, 2-т., 177-б.)
ЫЙМАН КЕЛТИРГЕНДЕР АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫН ЧЫГЫШЫН САГЫНУУ МЕНЕН КҮТҮШӨТ
... Асмандардын жана жердин жашоочулары ал
жетишпегендиктен дарт ичинде болушат, ыйман
келтирген эркектер менен ыйман келтирген аялдар ал (Аз. Мехди (ас)) жок кезде
сагынуу менен күтүшөт жана башаламандык ичинде болушат. (El-Sahife
El-Mehdiye'den Seçme Dualar, Seyyid Murtaza Müçtehidi Sistani, 65-б., Kifayetul
Athar: 158; El-Bihar 36: 337 жана 51: 109)
Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде Аз.
Мехди (ас) көрүнөөрдөн мурдакы доордо ыймандуулардын да, асман менен жердеги
жандыктардын да Аз. Мехди (ас)дын көрүнүшүн сагынуу менен күтүшөөрүн билдирген.
Аз. Мехди (ас)дан мурда ыймандуулардын зулумдук жана кысымчылык астында
кыйынчылык ичинде күн өткөрөөрүнө көңүл бурган. Ошондой эле, дарвинист жана
материалисттик система өкүмдарлык кылган дүйнөлүк тартип ичинде жашашкандыктан
адамдардын азап тартаарын, бирок бир тараптан терең сагынуу менен Аз. Мехди
(ас) көрүнгөн соң келе турган бейпил жана коопсуз жашоону үмүт кылышаарын кабар
берген.
Чынында эле Аз. Мехди (ас)
көрүнөөрдөн мурдакы доордо дүйнөгө жайылган сүйүүсүздүк, ач көздүк жана
душмандык маанайы жана бул маанай себеп болгон бейпилсиздик, каргаша жана
анархия ыймандуулардын Аз. Мехди (ас)га болгон мындай сагынычын андан да
күчөтөт.
АДАМДАРДЫН МҮМКҮН БОЛГОН АР
КАНДАЙ СЕБЕП МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ЧУРКАШЫ, АГА МОЮН СУНУШУ ЖАНА АНДАН БАШ
ТАРТПАШЫНЫН МААНИСИ
Пайгамбардын (сав) мындай дегени
айтылган: «Бизден болгон акыйкат үчүн Каим (Аз. Мехди (ас)) кыям этмейинче эч
качан кыямат болбойт. Бул болсо Аллах уруксат берген бир убакта болот. Аны
ээрчиген кутулат, андан артта калган болсо кыйрайт. Эй Аллахтын кулдары,
Аллахтан корккула: АЗ. МЕХДИ (АС)
ЧЫККАНДА (КӨРҮНГӨНДӨ) БҮТ БААРЫН ТАШТАП, КОЛДОГУ БОЛГОН МҮМКҮНЧҮЛҮК МЕНЕН АНЫ
КӨЗДӨЙ ЧУРКАГЫЛА. Себеби ал Аллахтын халифасы (Мусулмандардын руханий
лидери) жана менин камкорчум.» (Bihar-ul Envar, 51-б., 65-б.; İsbat-ul Hudat, 6-т., 382-б.)
... Эгер Аллах сени үлгүртсө, АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) МОЮН СУНУУГА ЧУРКА
(АНЫ ЭЭРЧИ) ЖАНА АНДАН ЭЧ КАЧАН АЙРЫЛБА. ЭГЕР ҮЛГҮРҮП, АГА ЖЕТСЕҢ ЖАНА ХИДАЯТ
ТАПСАҢ АНДАН ЭЧ АЙРЫЛБА. Ах –жана колу менен көкүрөгүн көрсөтүп- аны канчалык
көргүм келет.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 252-б.)
ЭЧ НЕРСЕ СЕНИ АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА)
МОЮН СУНУУДАН (АНЫН ШАКИРТИ БОЛУУДАН, АНЫ ЭЭРЧҮҮДӨН) ТОСПОСУН, сага жолтоо болгондор дайыма фитна издегендер.
Сүйлөгөндө жамандыкты сүйлөшөт, унчукпаганда бузуку жана ичтери ирик. (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 252-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ
МУСУЛМАНДАРДЫН ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУЧУСУ БОЛОТ; АНЫН ДООРУНДА БҮТ АДАМДАРГА КӨП
МАЛ-МҮЛК, БЕЛЕК ТАРКАТЫЛАТ
Хумран бин Аъйандан, Имам Мухаммед Бакыр
алейхиссалам мындай деди: «Бул диниңерди кандарга буланган тыбырчылаган абалда
көрүп жаткан сыяктуумун. Жана аны силерге биз эхли бейттен бирөөдөн (Аз. Мехди
(ас)дан) башка эч ким кайтара албайт. АЛ (АЗ.
МЕХДИ (АС)) СИЛЕРГЕ АР ЖЫЛЫ ЭКИ ЖОЛУ БЕЛЕК АЛЫП КЕЛЕТ, АЙЫНА ЭКИ ЖОЛУ СИЛЕРГЕ
ЫРЫСКЫ БЕРЕТ, илим менен акылмандык силерге анын убагында берилет.
Натыйжада аял өз үйүндө улуу Аллахтын китеби жана Расулуллах (сав)дын сүннөтүнө
карап өкүм берет.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani,
Gaybet-i Numani 216-б.)
Хадисте берилген маалыматтардан Аз.
Мехди (ас) кызматка дайындаган кишилери аркылуу Мусулмандарга мал-мүлк менен
белек таратаары; эл арасында турганда өзү да өз колу менен көп санда белек
менен мал-мүлк таратаары түшүнүктүү болууда.
ЧЫККАНДА АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ
АДАМДАР ӨТӨ СҮЙҮШӨТ
Селеме б. Зүфер мындай дейт: «Бир
күнү Хүзейфенин жанында «Аз. Мехди (ас) кыям этти (чыкты)» деп айтылганда,
Хүзейфе: «Эгер Аз. Мехди (ас) кыям эткен болсо силер Расулуллах (сав) дооруна
жакын адамдарсыңар жана асхаб (сахабалар) дагы эле араңарда жашап жатат. Анда
чындап бактылуу жана жыргалчылык адамдары болосуңар. Бирок жок, бул туура эмес,
АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР ЖАМАНДЫК,
АЙБАНДЫК ЖАНА ЗУЛУМДУКТАН ТАЖАГАН ЖАНА ЭЧ БИР КАЙЫП (ЖАШЫРУУН ЖАШАГАН) АЛ
(КИШИ)ДЕЙ БИЙИК ЖАНА СҮЙҮКТҮҮ БОЛБОГОН БИР КЕЗДЕ КЫЯМ ЭТЕТ.» деди. (El-Havi, 2-т., 159-б.)
Сөзсүз ал, адамдардын башына келген
жамандыктар себебинен, АЗ. МЕХДИ (АС)
АЛАРГА ЭҢ СҮЙҮКТҮҮ БОЛГОНГО ЧЕЙИН ЧЫКПАЙТ. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden
Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 27-б.)
АЛЛАХ БҮТ АДАМДАРДЫН
ЖҮРӨКТӨРҮН АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) СҮЙҮҮСҮ МЕНЕН ТОЛТУРАТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il
Muntazar, 42-б.)
РИВАЯТТАРДА АЗ. МЕХДИ (АС)
ЧЫККАНДА, БҮТ АДАМДАРДЫН АНЫ ЭЭРЧИШИ БИЛДИРИЛГЕН
Аз. Имам Рыза мындай деди: «... ЧЫККАНДА БОЛСО АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) МОЮН СУНУУ КЕРЕК...» (Yenabi-ul
Mevedde, 2-т., 197-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР
ТАРАБЫНАН ТААНЫЛА ЭЛЕК КЕЗДЕРДЕ ДА АЛАРДЫН СҮЙҮҮСҮНӨ ЖАНА КЫЗЫГУУСУНА ЭЭ БОЛУП,
ОЙЛОРУНАН ЧЫКПАЙТ
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder