УЛУУ ИСЛАМ ААЛЫМДАРЫ КУРАНДА АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ЖАНА ИСЛАМ АХЛАГЫНЫН ДҮЙНӨГӨ ЖАЙЫЛЫШЫНА ИШАРАТ КЫЛГАН КЭЭ БИР АЯТТАРДЫ МЫНДАЙЧА ТҮШҮНДҮРҮШКӨН
Эбу
Басирден: Имам Бакыр азретине бул аят
жөнүндө суралганда мындай деди: «Ичтеринде жана сырттарында Аллахтын ажайып
жана кызыктай кереметтерин көрүшүп, АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГЫШЫНЫН АКЫЙКАТ
ЭКЕНИНЕ ИШЕНИШЕТ. МЫНДА ЭЧ КИМДИН КҮМӨНҮ КАЛБАЙТ.»
• ХУД
СҮРӨСҮНҮН 86-АЯТЫ:
Эбу Жафер (р.а.) бул алааматтардын мындайча
санаган:
«... Ал (Аз. Мехди (ас)) чыкканда артын Каабага
жөлөйт. Ага (Аз. Мехди (ас)) ээрчигендерден 313 киши моюн сунат (ээрчийт). Аз.
Мехди (ас) алгач төмөнкү аятты окуйт: «ЭГЕР
МОМУН (ЫЙМАНДУУ) БОЛСОҢОР, АЛЛАХТЫН КАЛТЫРГАНЫ СИЛЕР ҮЧҮН ЖАКШЫРААК.» (Худ Сүрөсү, 86)
Бул аятты окуп мындай дейт: «МЕН СИЛЕР ҮЧҮН АЛЛАХТЫН КАЛТЫРГАНЫ ЖАНА ХАЛИФАСЫМЫН (Мусулмандардын
руханий лидеримин). МЕН АНЫН ХУЖЖЕТИМИН.» АЗ. МЕХДИ (АС)ГА САЛАМ БЕРГЕНДЕР
ТӨМӨНКҮДӨЙ САЛАМ БЕРИШЕТ: «САЛАМ САГА ЭЙ АЛЛАХТЫН ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ КАЛТЫРГАНЫ
(БАКИЙЙЕСИ!» Анан баары ага (Аз. Мехди (ас)га) бейъат (биат) кылат (моюн
сунат). (Аз. Мехди (ас)дын) Адамдарынын
саны он миңге жетет. Аллахтан башкага ибадат кылган, Мусеви (еврей) жана
Христиандардын баары ага (Аз. Мехди (ас)га) ыйман келтирет. Ошентип жер жүзүндө
жалгыз эл калат; ал Ислам эли. Анан Аллахтан башкага сыйынгандардын үстүнө
асмандан бир от түшөт жана аларды күйгүзөт. Туурасын Аллах билет.»
(Nurul Ebsar, Ehl-i Beyt, Oniki İmam, Kutuplar ve
Mezhep İmamlarının Menkıbeleri Şeblenci (1250),Tercüme: Saim Güngör, (Pamuk
Yayıncılık Nisan 2004 Cilt: 628 77 93) s. 594)
• НУР
СҮРӨСҮНҮН 55-АЯТЫ:
АЛЛАХ АРАҢАРДАН ЫЙМАН КЕЛТИРГЕНДЕРГЕ
ЖАНА САЛИХ (ЧЫН ЫКЛАСТУУ) ИШТЕРДИ КЫЛГАНДАРГА УБАДА КЫЛГАН: ЭЧ КҮМӨНСҮЗ,
АЛАРДАН МУРДАКЫЛАРДЫ «КҮЧ ЖАНА БИЙЛИК ЭЭСИ» КЫЛГАН СЫЯКТУУ АЛАРДЫ ДА ЖЕР
ЖҮЗҮНДӨ «КҮЧ ЖАНА БИЙЛИК ЭЭСИ» КЫЛАТ, АЛАР ҮЧҮН ТАНДАП ЖАКТЫРГАН ДИНИН АЛАРГА
БЕКЕМДЕП, ЖАЙГАШТЫРАТ ЖАНА АЛАРДЫ КОРКУУЛАРЫНАН КИЙИН БЕЙПИЛДИККЕ АЙЛАНДЫРАТ.
АЛАР ЖАЛАҢ ГАНА МАГА ИБАДАТ КЫЛЫШАТ ЖАНА МАГА ЭЧ НЕРСЕНИ ШЕРИК КОШУШПАЙТ. КИМ
МЫНДАН КИЙИН ЧЫНДЫКТАН БАШ ТАРТСА, ДАЛ ОШОЛОР – БУЗУКУЛАР.
(Нур Сүрөсү, 55)
Али бин Хасан аркылуу Аййаси тарабынан риваят
кылынды: Анын жанында бул улук аят
окунду: Алар, Аллахка ант болсун, биздин эхли бейттин сүйгөндөрүнөн. АЛЛАХ БИЗДЕН БИР ИНСАНДЫН (АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫН) КОЛУ МЕНЕН АЛАРГА (МУНУ) КЫЛДЫРАТ. АЛ ИНСАН БОЛСО БУЛ ҮММӨТТҮН
МЕХДИСИ.
(Mecmau'l beyan fi tefsiri'l-Kuran Ebu Ali
Eminuddin Fazl, Hasan b. Fazl Tabersi 1986, c:4, sf. 832)
Айаши тафсиринде:
Зейнел-Абидин Азрети: ... (Нур Сүрөсү, 55) аятын
окуду жана мындай деди: «ВАЛЛАХИ!
АЛАР БИЗ ЭХЛ-И БЕЙТТИ СҮЙГӨНДӨР. АЛЛАХ АЛАР ҮЧҮН МУНУ СӨЗСҮЗ КЫЛАТ, БИЗДЕН
БИРӨӨНҮН КОЛУ МЕНЕН... АЛ БУЛ ҮММӨТТҮН МЕХДИСИ.»
• АНБИЯ
СҮРӨСҮНҮН 105-АЯТЫ:
«АНТ БОЛСУН, БИЗ ЗИКИРДЕН (БҮТ
АЛЛАХТАН КЕЛГЕН КИТЕПТЕР ЖЕ ТООРОТ) КИЙИН ЗАБУРДА ДА: «ЭЧ КҮМӨНСҮЗ, ЖЕРГЕ
МЕНИН САЛИХ КУЛДАРЫМ МУРАСКОР БОЛУШАТ» ДЕП ЖАЗДЫК. (Анбия Сүрөсү, 105)
ИМАМ МУХАММЕД БАКЫР (А.С.) БУЛ АЯТ
ЖӨНҮНДӨ МЫНДАЙ ДЕГЕН: «БУЛАР АКЫР ЗАМАНДА ЧЫГА ТУРГАН АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН
ТОБУ.»
(Mecma-ul Beyan Tefsiri.)
• МАИДА
СҮРӨСҮНҮН 54- ЖАНА ЭНЪАМ СҮРӨСҮНҮН 89-АЯТТАРЫ:
«ЭЙ ЫЙМАНДУУЛАР! СИЛЕРДЕН КИМ
ДИНИНЕН КАЙТСА, АЛЛАХ ЖАКЫНДА УШУНДАЙ БИР КООМ АЛЫП КЕЛЕТ; АЛ АЛАРДЫ (АЗ.
МЕХДИ (АС)ДЫ ЖАНА АНЫ ЭЭРЧИГЕН МУСУЛМАНДАРДЫ) СҮЙӨТ, АЛАР ДА АНЫ СҮЙҮШӨТ.
МОМУНДАРГА КАРАТА ЖӨНӨКӨЙ, КААПЫРЛАРГА КАРАТА НАМЫСТУУ ЖАНА КАТУУ (БОЛУШАТ).
АЛЛАХ ЖОЛУНДА ЖЕХД КЫЛЫШАТ (ПИКИРДИК
КҮРӨШ ЖҮРГҮЗҮШӨТ) ЖАНА ЭЧ БИР СЫН ТАККАНДЫН СЫНЫНАН КОРКУШПАЙТ...» (Маида
Сүрөсү, 54)
... Имам Жафер Садык (ас) бул аят
жөнүндө мындай деген: «БУЛ АЯТТА ИШАРАТ КЫЛЫНГАН КЫЗМАТТЫН ЭЭСИ (АЗ. МЕХДИ
(АС)) КОРГОО АСТЫНДА. ЭГЕР АДАМДАРДЫН БААРЫ КЕТСЕ ДА, АЛЛАХ АНЫ (АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫ) ЖАНА ТОБУН АЛЫП КЕЛЕТ. АЛАР УЛУУ АЛЛАХ АЛАР ЖӨНҮНДӨ МЫНДАЙ ДЕГЕН
КИШИЛЕР: «Эми тигилер буларды танса, БИЗ БУЛАРДЫ ТАНБАЙ ТУРГАН БИР КООМДУ
(АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ ЖАНА АНЫ ЭЭРЧИГЕН (АГА МОЮН СУНГАН) МУСУЛМАНДАРДЫ) БУЛАРГА
ӨКҮЛ КАЛТЫРГАНБЫЗ. (Энъам Сүрөсү, 89)
АЛАР (АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАНА АГА
МОЮН СУНГАН МУСУЛМАНДАР) ТӨМӨНКҮ АЯТТА АЙТЫЛГАН КИШИЛЕР: «ЭЙ ЫЙМАНДУУЛАР! СИЛЕРДЕН
КИМ ДИНИНЕН КАЙТСА, АЛЛАХ ЖАКЫНДА УШУНДАЙ БИР КООМ АЛЫП КЕЛЕТ ... (Маида
Сүрөсү, 54)..» (Tefsir-un Nu'mani.)
• ЙАСИН
СҮРӨСҮНҮН 30-АЯТЫ:
БИРОК ХУЖЖАТ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КАЛКТЫ
ТААНЫЙТ, КАЛК БОЛСО АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) ТААНЫЙ АЛБАЙТ. ДАЛ ЙУСУФ СЫЯКТУУ. ЙУСУФ
ЭЛДИ ТААНЫГАНЫ МЕНЕН АЛАР ЙУСУФТУ ТАНУШЧУ. АНАН АЗ. АЛИ ТӨМӨНКҮ АЯТТЫ ОКУДУ:
«КУЛДАРГА АЗАП БОЛСУН, ЭЛЧИ (ПАЙГАМБАР) АЛАРГА КЕЛГЕН САЙЫН АНЫ ШЫЛДЫҢДАШЧУ.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani s. 162)
• АНБИЯ
СҮРӨСҮНҮН 105-АЯТЫ:
«АНТ БОЛСУН, БИЗ ЗИКИРДЕН (ТООРОТТОН)
КИЙИН ЗАБУРДА ДА: «ЭЧ КҮМӨНСҮЗ, ЖЕРГЕ МЕНИН САЛИХ КУЛДАРЫМ МУРАСКОР БОЛУШАТ» деп жаздык. Имам Бакыр жана Садыктан риваят
кылынат: «Бул жердеги (аятта айтылган) «САЛИХ КУЛДАР» АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН
ДОСТОРУ.» (Hüseyin es-Şirazi, sf. 113)
• НЕМЛ
СҮРӨСҮНҮН 62-АЯТЫ:
«ЖЕ БОЛБОСО КЫЙЫНЧЫЛЫК ЖАНА
МУКТАЖДЫК ИЧИНДЕГИГЕ АГА ДУБА КЫЛГАНДА ЖООП БЕРГЕН, ЖАМАНДЫКТЫ АЧЫП КЕТИРГЕН
ЖАНА СИЛЕРДИ ЖЕР ЖҮЗҮНҮН ХАЛИФАЛАРЫ КЫЛГАНБЫ? ...»
НЕМЛ СҮРӨСҮ 62-АЯТ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ
ХАДИС:
Мухаммед бин Муслим мындай дейт: «Хажети
(муктаждык ичинде) болгон бирөө Аны чакырганда Ага жооп берет.» аяты жөнүндө Имам Мухаммед Бакыр алейхиссалам мындай деди: Бул
аят Каим (Аз. Мехди (ас)) алейхиссалам жөнүндө түшкөн. Ак бир куш абалында
Каабанын жолунан келип ЭЛ АРАСЫНДА АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БИРИНЧИ БИАТ ЭТЕ (МОЮН
СУНА) ТУРГАН – БУЛ ЖАБРАИЛ АЛЕЙХИССАЛАМ. (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani s.37)
• БАКАРА
СҮРӨСҮНҮН 155-АЯТЫ:
Ант болсун, БИЗ СИЛЕРДИ БИР АЗ
КОРКУУ, АЧКАЛЫК ЖАНА МАЛ-МҮЛК, ЖАН ЖАНА ТҮШҮМДӨРДҮН БИР БӨЛҮГҮН АЗАЙТУУ МЕНЕН
СЫНАЙБЫЗ. Сабыр кылгандарды сүйүнчүлө. (Бакара Сүрөсү, 155)
... Эбу Басирден: Имам Жафери Садык
алейхиссалам мындай деди:
КАИМДИН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КЫЯМЫНАН
МУРДА *БИР ЖЫЛ ЭЛДЕР АЧ КАЛАТ ЖАНА АЛАРДЫ ӨЛТҮРҮЛҮҮ КОРКУУСУ ОРОЙТ;
МАЛ-МҮЛКТӨРҮ, ЖАНДАРЫ ЖАНА ТҮШҮМДӨРҮ АЗАЙАТ. Бул окуя Аллахтын
Китебинде апачык жазылган. Анан төмөнкү аятты окуду: «СИЛЕРДИ КОРКУУ,
АЧКАЛЫК, МАЛ-МҮЛК, ЖАН ЖАНА ТҮШҮМДӨРДҮН БИР БӨЛҮГҮН АЗАЙТУУ МЕНЕН СӨЗСҮЗ
СЫНАЙБЫЗ. ЖАНА САБЫР КЫЛГАНДАРДЫ СҮЙҮНЧҮЛӨ.»
(Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani
s. 297)
*Аз. Мехди (ас)дын кыямынан мурда
дүйнө жүзүндө 7 жылга созулган өтө чоң бир экономикалык каатчылык болот. Имам
Жафери Садык (ас) 7 жылга созула турган бул экономикалык кризистин жана
таасиринин өзгөчө бир жыл бою өтө күчөй турганына көңүл бурган.
Ошол сыяктуу, Мухаммед Бин Муслимден
алынган башка бир риваят боюнча болсо;
• Имам
Жафери Садык алехийссалам мындай деди:
• Каимдин
(Аз. Мехди (ас)дын) кыямынан мурда белгилер бар: «Улуу Аллах тарабынан момун
(ыймандуу) кулдарына балээлер келет. Бул белгилер эмнелер? деп айттым.
• Айтты:
АЛ АЛЛАХ АЗЗЕ ВЕ ЖЕЛЛЕНИН ТӨМӨНКҮ БУЙРУГУ. «СИЛЕРДИ КОРКУУ, АЧТЫК, МАЛ-МҮЛК,
ЖАН ЖАНА ТҮШҮМДӨРДҮ АЗАЙТУУ МЕНЕН СӨЗСҮЗ СЫНАЙБЫЗ. ЖАНА САБЫР КЫЛГАНДАРДЫ
СҮЙҮНЧҮЛӨ.»
• Айтып
жатат: Силер момундарды сөзсүз сынайбыз. Коркуу менен, б.а. салтанаттарынын
аягына жакын баланча уулдарынын өкмөтү менен коркутабыз. Жана ачтык менен, б.а.
дандардын кымбатчылыгы менен. Жандар(дын азайышы), б.а. ылдам жана кокустан
өлүмдөр. Түшүмдөр(дүн азайышы), б.а. жер иштетүүнүн азайышы жана мөмөлөрдүн берекесинин
азайышы. САБЫР КЫЛГАНДАРДЫ СҮЙҮНЧҮЛӨ, Б.А. МЫНА ОШОНДО КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС))
АЛЕЙХИССАЛАМДЫН ЧЫГЫШЫ МЕНЕН (АЛАРДЫ) СҮЙҮНЧҮЛӨ. Анан мага айтты: Эй Мухаммед! Бул анын чечмелениши (чыныгы мааниси жана
жоромолу мына ушул). Аллах аззе ве желле айтат: «Анын чечмеленишин бир гана
Аллах жана терең илимдүүлөр билишет.»
• АЛИ
ИМРАН СҮРӨСҮНҮН 83-АЯТЫ:
АЛАР АЛЛАХТЫН ДИНИНЕН БАШКА БИР ДИН
ИЗДЕП ЖАТЫШАБЫ? ЧЫНДЫГЫНДА, АСМАНДАРДА ЖАНА ЖЕРДЕ ЭМНЕ БАР БОЛСО, БААРЫ –
КААЛАСА ДА, КААЛАБАСА ДА – АГА МОЮН СУНАТ ЖАНА АГА КАЙТАРЫЛЫШУУДА. (Али Имран Сүрөсү, 83)
Тефсир-и Айашиде Имам Муса Казым
аркылуу, бул аяттын Аз. Мехди (ас)га ишарат кылганы риваят кылынат.
• ХАДИД
СҮРӨСҮНҮН 17-АЯТЫ:
БИЛГИЛЕ, ЧЫНДАП АЛЛАХ ӨЛҮМҮНӨН СОҢ
ЖЕР ЖҮЗҮНӨ ЖАШОО БЕРЕТ. КҮМӨНСҮЗ, БИЗ АКЫЛЫН КОЛДОНУШААР ДЕП СИЛЕРГЕ АЯТТАРДЫ
ТҮШҮНДҮРДҮК. (Хадид Сүрөсү, 17)
Селам б. Мустенир болсо Имам Мухаммед Бакыр (ас)дан
төмөнкү хадисти риваят кылган:
«АЛЛАХ ТААЛА КЫЯМ ЭТЕ ТУРГАН АЗ.
МЕХДИ (АС)ДЫН КОЛУ МЕНЕН ЖЕРДИ ТИРИЛТЕТ. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) АДИЛЕТТИК МЕНЕН
ЭЛДИ БАШКАРАТ. ОШЕНТИП ЖЕР ЖҮЗҮ ЗУЛУМДУК МЕНЕН ӨЛГӨН СОҢ, АЗ. (МЕХДИ (АС))
АДИЛЕТТИК МЕНЕН КАЙРА ТИРИЛТЕТ.» (Şeyh Tusi,
Gaybet, s. 120; Duhayyil, el-Hz. Mehdi, s. 57)
• ХУД
СҮРӨСҮНҮН 8-АЯТЫ:
Ант болсун, алардан азапты саналуу бир
үммөткө (же белгилүү бир мөөнөткө) чейин кечиктирсек, сөзсүз: «Аны тоскон эмне?» дешет. Кабарыңар болсун; аларга бул келе
турган күнү алардан кайра тосулбайт жана шылдыңдап жаткан нерселери аларды
бекем оройт. (Худ Сүрөсү, 8)
...Исхак бин Абдулазизден:
Имам Жафери Садык алейхиссалам «АЛАРДАН
АЗАПТЫ САНАЛУУ БИР ҮММӨТКӨ ЧЕЙИН КЕЧИКТИРСЕК аяты жөнүндө мындай деди:
Азап Каим алейхиссаламдын (Аз. Мехди
(ас)дын) кыямы. Саналуу бир үммөт болсо Бедирде согушкандардын санынчалык
болгон жардамчылары.»
• БАКАРА
СҮРӨСҮНҮН 148-АЯТЫ:
... Демек жакшылыктарда (сооп
иштерде) жарышкыла. Каерде болбогула, Аллах силерди чогултат. Күмөнсүз Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. (Бакара
Сүрөсү, 148)
...Эбу Басирден:
ИМАМ ЖАФЕРИ САДЫК АЛЕЙХИССАЛАМ
«ЖАКШЫЛЫК ИШТЕРГЕ ЧУРКАГЫЛА, КАЕРДЕ БОЛСОҢОР ДА АЛЛАХ БААРЫҢАРДЫ ЗАМАТТА
ТОПТОП, БИРИКТИРЕТ аяты жөнүндө мындай деди: «Каим
(Аз. Мехди (ас)) менен асхабы (жардамчылары) жөнүндө түшкөн. Аллах аларды (Аз.
Мехди (ас) менен асхабын) сөзсүз бир жерге чогултат.»
• РАХМАН
СҮРӨСҮНҮН 41-АЯТЫ:
(Себеби ал күнү) Кылмышкер-күнөөкөрлөр
беттеринен таанылып, маңдайларынан жана буттарынан кармалышат. (Рахман Сүрөсү, 41)
...Эбу Басирден:
Имам Жафери Садык
алейхиссалам «КЫЛМЫШКЕРЛЕР ӨҢДӨРҮНӨН ТААНЫЛАТ аяты жөнүндө мындай
деди: АЛЛАХ АЛАРДЫ ТААНЫЙТ, БИРОК БУЛ АЯТ КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖӨНҮНДӨ
ТҮШКӨН. (АЗ. МЕХДИ (АС)) АЛАРДЫ ӨҢДӨРҮНӨН (КӨРҮНҮШҮНӨН) ТААНЫЙТ ЖАНА АСХАБЫ
МЕНЕН БИРГЕ АЛАРДЫ ПИКИР МЕНЕН ТАЛКАЛАЙТ.
• ФУССИЛЕТ
СҮРӨСҮНҮН 53-АЯТЫ:
КҮМӨНСҮЗ АНЫН АКЫЙКАТ ЭКЕНИ АЛАРГА
АПАЧЫК БЕЛГИЛҮҮ БОЛСУН ҮЧҮН БИЗ АЯТТАРЫБЫЗДЫ СЫРТТА ДА, ӨЗ НАПСИЛЕРИНДЕ ДА
АЛАРГА КӨРСӨТӨБҮЗ. Бүт нерсеге Раббиңдин күбө экени жетпейби? (Фуссилет Сүрөсү, 53)
Эбу Басир айтат: Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламга Аллах аззе ве желленин бул
аятынын тафсири суралды: «ӨТӨ ЖАКЫНДА АЛАРГА ААЛАМДАГЫ ЖАНА РУХТАРЫНДАГЫ
ДАЛИЛДЕРДИ КӨРСӨТКӨНҮБҮЗДӨ, АЯГЫНДА АНЫН АКЫЙКАТ ЭКЕНИН ТҮШҮНҮШӨТ.» Мындай
деди: Аларга напсилериндеги месх (айбандашуу) көрсөтүлөт жана ааламдын
аларга тарайганы көрсөтүлөт. Ошентип алар Аллахтын кудуретин өз напсилеринде
да, ааламдарда да көрүшөт. «Аягында анын акыйкат экенин түшүнүшөт.» Мына ошондо
Каим (Аз. Мехди (ас)) чыгат. Ал (Аз. Мехди (ас)) Аллах Аззе ве Желледен келген
акыйкат жана бул эл аны (Аз. Мехди (ас)ды) сөзсүз көрөт.»
• МАИДА
СҮРӨСҮНҮН 54-АЯТЫ:
Эй ыймандуулар! Силерден ким дининен
кайтса, Аллах жакында ушундай бир коом алып келет; ал аларды сүйөт, алар да аны
сүйүшөт. Момундарга карата жөнөкөй, каапырларга карата намыстуу жана катуу
(болушат). Аллах жолунда жехд кылышат
жана эч бир сын таккандын сынынан коркушпайт. Бул Аллахтын бир берешендиги, аны
каалаганына берет. Аллах (мээрими) кең, билүүчү. (Маида Сүрөсү, 54)
Сулейман бин Харуни Ижли мындай
дейт: Имам Жафери Садык
алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Бул буйруктун ээсинин (Аз. Мехди
(ас)дын) жардамчылары белгиленген, эгер элдин баары өлсө да Аллах анын (Аз.
Мехди (ас)дын) жардамчыларын алып келет. Аллах аззе ве желле алар (Аз. Мехди
(ас) менен жардамчылары) жөнүндө мындай деген: «Алар ага карата каапыр
болушса да, Ага ушундай бир коом (топ) бергенбиз, ага карата каапыр болушпайт.»
Аллах алар (Аз. Мехди (ас) менен жардамчылары) жөнүндө ошондой
эле мындай деген: «Аллах ушундай бир коом алып келет: Аллах аларды (Аз.
Мехди (ас) менен жардамчыларын) сүйөт, алар да (Аз. Мехди менен
жардамчылары) да Аллахты сүйүшөт. Ыймандууларга карата кичипейил,
каапырларга карата бийик (тик караган эр жүрөк).»
• БАКАРА
СҮРӨСҮНҮН 249-АЯТЫ:
Талут аскерлери менен бирге чыкканда
айтты: «ЧЫНДЫГЫНДА АЛЛАХ СИЛЕРДИ БИР ДАРЫЯ МЕНЕН СЫНАЙТ...» (Бакара Сүрөсү, 249)
Эбу Басир мындай дейт: Имам Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: «Талуттун асхабы
(тобу) бир дарыя менен сыналган жана Аллах алар жөнүндө «Силерди бир дарыя
менен сынайбыз» деген эле. КАИМ (АЗ. МЕХДИ) АЛЕЙХИССАЛАМДЫН АСХАБЫ
(ТОБУ) ДА ОШОЛ СЫЯКТУУ СЫНАЛЫШАТ.»
• АЛИ
ИМРАН СҮРӨСҮНҮН 200-АЯТЫ:
Эй ыйман келтиргендер, сабыр кылгыла
жана сабырда жарышкыла, (чек араларда) күзөттөшкүлө. Аллахтан корккула. Балким
кутулаарсыңар. (Али Имран Сүрөсү, 200)
Имам Бакыр (ас) бул аятты мындайча
чечмелеген:
«Эй Мухаммедилер!
Парздарды аткарууда сабыр кылгыла, душмандарыңардын азаптарына сабырдуу
болгула, бир-бириңерге жардам бергиле, ИМАМЫҢАР МЕХДИ РАСУЛГА БЕКЕМ
ТУТУНГУЛА.» (Süleyman İbrahim, Meveddet
Pınarları, Hz. Muhammed Aleyhisselam ve Al-i Aba, On İki İmam, Hz. Mehdi (as)
Resul Hakkındaki Ayet ve Hadisler, Çeviren: Adnan M. Selman, s. 219)
• ТООБО
СҮРӨСҮНҮН 33-АЯТЫ:
Мушриктер каалабаса да Ал динди
(Исламды) бүт диндерден жогору кылуу үчүн элчисин хидаят жана акыйкат дин менен
Ал жөнөткөн. (Тообо Сүрөсү, 33)
Имам Жафер Садык Азрети бул аят жөнүндө:
«Аллахка
ант болсун! Каим (Аз. Мехди (ас)) чыкмайынча бул аяттын мааниси ишке ашпайт.
Абайе
бин Ребъиден Эмирел Мүминин Аз. Али (к.в.) жогорудагы аят жөнүндө:
«Напсим кудуреттүү колунда болгон Аллахка ант ичем!
Эрте менен кечинде ичинде «Ашхаду ан
ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммеден Расулуллах» деп айтылбаган бир дагы
айыл менен шаар калбайт» деди.
Имам Зейнел-Абидин жана Имам
Мухаммед Бакыр Азрети:
«Женабы Хакк сөзсүз Каим (Аз. Мехди
(ас)) менен Ислам динин бүт диндерге үстөм кылат» деди.
• ЙУНУС
СҮРӨСҮНҮН 20-АЯТЫ:
Анан айтышат: «Раббиңден сага бир
аят (керемет) түшсө кана!..» Айткын: «Кайып бир гана Аллахка тиешелүү,
силер күтө тургула; мен да силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн.» (Йунус Сүрөсү, 20)
...ЖАФЕР САДЫК АЗРЕТИ: «БУЛ
АЯТТАГЫ КАЙЫП АЗ. МЕХДИ (АС) деди.
• ХУД
СҮРӨСҮНҮН 80-АЯТЫ:
«СИЛЕРГЕ ЖЕТЕ ТУРГАН КҮЧҮМ БОЛГОНДО
ЖЕ ИШЕНИМДҮҮ БИР ЖЕРГЕ КОРГОЛОНО АЛГАНЫМДА» ДЕДИ. (Худ Сүрөсү, 80)
Котормо-түшүндүрмөсү: Аз. Лут (ас) Аллахка арызданып коомуна кайрылып: Силерге каршы туруу
үчүн менин бир күчүм болгондо же өтө бекем бир мунарага корголоно алганымда.
Имам Жафер Садык Азрети: «Бул улук аяттагы Аз. Лут (ас) тилеген күч Каимдин (Аз. Мехди
(ас)дын) күчү, корголонууну каалаган мунара болсо Аз. Мехди (ас)дын тобу эле.
«Рукн-и Шедид» алар. Алардын бири кырк адамдын күчүндө жана ар биринин жүрөгү
темирдей...» деген.
• ЙУНУС
СҮРӨСҮНҮН 110-АЯТЫ:
Элчилер үмүттөрүн үзүп, эми биз
чындап жалганга чыгарылдык деген убакта аларга жардамыбыз келген; биз кимди
кааласак ал кутулат. Кылмышкер-күнөөкөрлөр тобунан оор азабыбыз эч качан артка
кайтарылбайт. (Йунус Сүрөсү, 110)
Муфаддалдан, Жафер Садык Азретинен, атасынан,
аталарынан, Эмирел Мүминин Аз. Алиден (к.в.):
Аллахтын
нусраты (жеңиши) адамдар жашоонун ордуна өлүмдү каалаганда келет, Раббим
Китаб-ы Желилинде төмөнкү аятта айткандай:...
Пайгамбарлар «Нусрат-ы мевъуденин
ылдам келбешинен» үмүтсүз болуп, жалганга чыгарылдык деп ойлогон кезде кокустан
жардамыбыз (Аз. Мехди (ас))
аларга келди. Биз каалаганыбызды куткарабыз.
ЖЕНАБЫ ХАККТЫН (АЛЛАХТЫН) НУСРАТЫ (ЖАРДАМЫ) КАИМ (АЗ.
МЕХДИ (АС)) МЕНЕН КЕЛЕТ.
• АНБИЯ
СҮРӨСҮНҮН 105-АЯТЫ:
Ант болсун, Биз Зикирден кийин
Забурда да: «Эч күмөнсүз, жерге Менин салих кулдарым мураскор болушат» деп
жаздык. (Анбия Сүрөсү, 105)
Биз муну Левх-и
Махфузда жазгандан кийин, ант болсун, Забурда да жазган элек. Албетте жерге
салих кулдарым мураскор болот.
Мухаммед Бакыр жана Жафер Садык
Азрети:
«БУЛ АЯТТА АЙТЫЛГАНДАР КАИМ (АЗ.
МЕХДИ (АС)) МЕНЕН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ (ТОБУ)» ДЕДИ.
• ХАЖ
СҮРӨСҮНҮН 41-АЯТЫ:
Аларды жер жүзүндө бекем орноштуруп,
бийлик берсек, намаздарын толук окушат, зекет беришет, жакшылыктарга буюруп,
жамандыктардан кайтарышат. Иштердин акыбети Аллахтын колунда. (Хаж Сүрөсү, 41)
Эбуъл Жаруддан:
...
Ал зулумдук менен мекендеринен чыгарылгандарга, эгер жерде орун берсек, «алар
(Аз. Мехди (ас) менен жардамчылары) бийликке жеткен соң көбүшпөйт», намаздарын
улантышат, зекеттерин беришет, жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарышат.
Алардын бүт үмүтүнүн акыбети Аллахка тиешелүү.
Имам Бакыр Азрети: «БУЛ АЯТ АЗ.
МЕХДИ (АС) МЕНЕН АСХАБЫ (ЖАРДАМЧЫЛАРЫ) ЖӨНҮНДӨ ТҮШКӨН. АЛЛАХ АЛАРДЫ ЧЫГЫШТАН
БАТЫШКА ЧЕЙИН БҮТ ДҮЙНӨГӨ ЭЭ КЫЛАТ, ИСЛАМДЫ АЛАР МЕНЕН БИЙИК КЫЛАТ, ЗУЛУМДУК
МЕНЕН ДИНДЕГИ КОШУМЧАЛАРДАН ЭЧ НЕРСЕ КАЛБАЙТ.»
• ЗАРИЯТ
СҮРӨСҮНҮН 23-АЯТЫ:
Асман менен жердин Раббисине ант
болсун, КҮМӨНСҮЗ, АЛ (СИЛЕРГЕ УБАДА КЫЛЫНГАН) СИЛЕРДИН (ӨЗ АРА)
СҮЙЛӨШКӨНҮҢӨРДӨЙ, АЛБЕТТЕ АНЫК БИР ЧЫНДЫК. (Зарият Сүрөсү, 23)
Котормо-түшүндүрмөсү: Асмандардын жана жердин Раббиси акысы үчүн күмөнсүз ал (Аз. Мехди
(ас)) сүйлөп жаткан сөзүңөрдөй акыйкат.
Бул аятта Женабы Хакк: «АСМАНДАРДЫН ЖАНА ЖЕРДИН РАББИСИНЕ АНТ КЫЛАМ, КАИМДИН (АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫН) ЧЫГЫШЫ ЖӨНҮНДӨГҮ УБАДА СҮЙЛӨП ЖАТКАН СӨЗҮҢӨРДӨЙ КҮМӨНСҮЗ ЖАНА АКЫЙКАТ»
дейт.
• РУМ
СҮРӨСҮНҮН 4, 5-АЯТТАРЫ:
... Жана ал күнү момундар
сүйүнүшөт. Аллахтын жардамы менен. Ал каалаганына жардам берет... (Рум
Сүрөсү, 4-5)
Имам Жафер Садык (ас) бул аят
жөнүндө: «КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫККАНДА МОМУНДАР АЛЛАХТЫН НУСРАТЫ (ЖАРДАМЫ)
МЕНЕН ЖЕҢИЛДЕШЕТ» деди.
• ФУССИЛЕТ
СҮРӨСҮНҮН 53-АЯТЫ:
Күмөнсүз анын акыйкат экени аларга
апачык белгилүү болсун үчүн биз аяттарыбызды сыртта да, өз напсилеринде да
аларга көрсөтөбүз. Бүт нерсеге Раббиңдин күбө экени жетпейби? (Фуссилет Сүрөсү, 53)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder