20 Şubat 2013 Çarşamba

ХАДИСТЕРДИ АКЫЛ ЖАНА АЛЛАХ МЫЙЗАМЫНА ЫЛАЙЫК ТҮШҮНҮШ КЕРЕК


АКЫР ЗАМАН МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС) ЖӨНҮНДӨГҮ ХАДИСТЕРДИ АКЫЛ ЖАНА АЛЛАХ МЫЙЗАМЫНА ЫЛАЙЫК ТҮШҮНҮШ КЕРЕК

 
 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КЕЛИШИ ЖӨНҮНДӨГҮ ХАДИСТЕРДИ ЖОМОК СЫМАЛ ЖОРОМОЛДОО ТУУРА ЭМЕС

 

Бедиүззаман Саид Нурси Азрети Кастамону Лахикасы'нда (Kastamonu Lahikası) кээ бир жахил (сабатсыз, түшүнүгү жок) дин аалымдарынын хадистерди тышкы маанисине гана карап, акылга сыйбас түшүндүрмөлөр менен жоромолдошоорун, ушул себептен акыл жана абийир менен оңой гана түшүнө турган темаларда өздөрүнүн да күмөнгө түшүшөөрүн, ошол эле учурда илими аз Мусулмандарга да зыян тийгизээрин айтат. Саид Нурси Азрети акыр заман Мусулмандары көп туш болгон мындай жагдайды өтө маңыздуу баян кылган.

 

... КЭЭ БИР ЗАХИРИ УЛАМАЛАР (хадистердин тышкы маанисин карап өкүм чыгарчу аалымдар) АЛ РИВАЯТ ЖАНА ХАДИСТЕРДИН ЗАХИРИНЕ (тышкы маанисине) КАРАП КҮМӨНГӨ ТҮШҮШКӨН. ЖЕ СЫХХАТЫН (тууралыгын) (уламыш сыяктуу, жомоктордо айтылган чындыкка сыйбас бир нерседей туура эмес) ТАНЫП ЖЕ УЛАМЫШ (ЖОМОК) СЫМАЛ БИР МААНИ БЕРИП, МУХАЛ БИР СУРЕТТИ (дээрлик мүмкүн эмес, акыл менен таразалап түшүнүүгө мүмкүн болбогон өзгөчөлүктөрдөгү бир кишини) КҮТҮП ЖАТКАНДАЙ (айтып беришкендиктен), АВАМЫ МУСЛИМИНГЕ (андай метафизикалык түшүндүрмөлөргө ишене албай кыйналган же ушул себептен ишенбегендиктен, эл арасынан илими жок Мусулмандарга ыймандык жактан) ЗЫЯН ТИЙГИЗИШЕТ. (Kastamonu Lahikası, б. 80)

 

Чындап эле учурда кээ бир жахил (түшүнүгү жок) дин аалымдары чыгып, Пайгамбар Мырзабыздан риваят кылынган хадистерди дал Саид Нурси Азрети айткандай, тышкы маанисине карап жоромолдошууда жана ушундайча өз ойлорунда Аз. Мехди (ас)дын келишин жаап-жашырууга аракет кылышууда. Саид Нурси бул сөзүндө айткан дин аалымдарынын учурда да дал ошондой ыкмалар менен адамдарды алдоого аракеттенишин, Аллахтын каалоосу менен, Бедиүззамандын бир керемети десек болот.

Мисалы, учурда кээ бир жахил жана фанат дин аалымдары «Аз. Мехди (ас) өтө укмуштуу бир адам болот жана чыгаар чыкпас элдер тарабынан ошол замат таанылат», «Аз. Мехди (ас)га танка, ок, курал-жарак, ал тургай, атом бомбасы да эч нерсе кыла албайт», «Аз. Мехди (ас)дын башынын үстүндө адамдар караганда көрө турган абалда булут үстүндө периштелер болот жана ал периштелер дайыма Аз. Мехди (ас)ды ишарат кылып адамдарга таанытат» деген сыяктуу ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ)ДЫН ХАДИСТЕРИНЕ ЖАНА АЛЛАХТЫН АДАТЫНА ТОЛУГУ МЕНЕН КАРАМА-КАРШЫ КЕЛГЕН БИР СӨЗДӨРДҮ АЙТЫШУУДА.

Аз. Мехди (ас)дын жанында периштелердин болоорун жана ал периштелердин ага жардам берээрин Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадистеринде айткан:

 

АЗРЕТИ ЖАБРАИЛ (А.С) ЖАНА АЗРЕТИ МИКАИЛ (А.С), КЫРК АЛТЫ МИҢ (46000) ПЕРИШТЕ Имам Мехди (Аз. Мехди (ас))дын ЖАРДАМЧЫЛАРЫ ЖАНА ЖОЛДОШТОРУ арасында болот. (Şeyh Sadooq'un(a.r.) Al-Amaali, отурум: 92, бет: 504; No'mani, Al-Ghaibah бет: 56; Tafseer al-Ayyaashi, том: 1, бет: 197; Bihar-ül Envar, том: 19, бет: 284; бет: 52, бет: 326 Kaamil al-Ziyaaraat'тан алган; том:  52, бет: 356; том: 53, бет: 14, 87; Tafseer al-Burhaan, том: 1, бет: 313; Al -Burhaan Fi Alaamaat-e-Mahdi Aakher al-Zamaan (as), бет: 77; Mikyaal al-Makaarem, том: 1, бет: 29, 73-74)

 

Бирок АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАНЫНДАГЫ ПЕРИШТЕЛЕРДИН КӨРҮНҮШҮ РУХАНИЙ ААЛАМДА ГАНА ИШКЕ АШКАН ЖАНА ОШОНДУКТАН ПЕРИШТЕЛЕР ГАНА КӨРӨ АЛА ТУРГАН БИР ОКУЯ БОЛОТ.

Аллах (ж.ж.) Куранда Пайгамбарыбыз (сав)дын коомунан кээ бир кишилердин Аз. Мухаммед (сав)дын пайгамбарлыгынын бир далили катары жанында периште түшүрүлүшү керек дешкенин кабар берип, андан соң Пайгамбарыбыз (сав)дын эскертүүчү катары жөнөтүлгөн бир адам, бир элчи гана экенин билдирген:

 

Эми алардын: «Ага бир казына түшүрүлүшү же АНЫ МЕНЕН БИРГЕ БИР ПЕРИШТЕ КЕЛИШИ КЕРЕК ЭМЕС БЕЛЕ?» дегенинен улам көкүрөгүң кысылып сага вахий болгондордун бир бөлүгүн таштайсыңбы? Сен болгону бир эскертүүчүсүң. Аллах бүт нерсеге өкүл. (Худ Сүрөсү, 12)

 

Дагы көп аяттарда болсо пайгамбарларды танган кишилердин көбүнчө ишенүү үчүн периштелерди көрүү шартын койгону айтылат:

 

«Эгер чын сүйлөп жаткан болсоң, БИЗГЕ ПЕРИШТЕЛЕРДИ АЛЫП КЕЛИШИҢ КЕРЕК ЭМЕСПИ?» Биз периштелерди акыйкат менен гана түшүрөбүз. Анда болсо аларга көз ачтырылбайт. (Хижр Сүрөсү, 7-8)

 

Жана айтышат: «АГА БИР ПЕРИШТЕ ТҮШҮРҮЛҮШҮ КЕРЕК ЭМЕС БЕЛЕ?» Эгер бир периште түшүрүлгөн болгондо, албетте иш бүткөн болмок, анан аларга көз ачтырылмак эмес. (Энъам Сүрөсү, 8)

 

Чындыгында, БИЗ АЛАРГА ПЕРИШТЕЛЕР ТҮШҮРСӨК, АЛАР МЕНЕН ӨЛҮКТӨР СҮЙЛӨШСӨ ЖАНА БҮТ НЕРСЕНИ АЛДЫЛАРЫНА ЧОГУЛТСАК ДА, АЛЛАХ КААЛАМАЙЫНЧА, БААРЫ БИР АЛАР ИШЕНИШМЕК ЭМЕС. Бирок алардын көпчүлүгү жахилдик кылышууда. (Энъам Сүрөсү, 111)

 

Алар ӨЗДӨРҮНӨ ПЕРИШТЕЛЕРДИН КЕЛИШИН, же болбосо Раббиңдин келишин же Раббиңдин кээ бир аяттарынын келишин күтүп жатышабы? Раббиңдин аяттарынан кээ бирлери келген күнү, мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен бир жакшылык таппаган болсо, эч кимге ыйманы пайда бербейт. Айткын: «Күткүлө, биз да күмөнсүз күтүп жатабыз.» (Энъам Сүрөсү, 158)

 

(Каапырдыкка адашкандар) АЛАРГА ПЕРИШТЕЛЕРДИН КЕЛИШИНЕН же Раббиңдин буйругунун келишинен башка бир нерсени күтүп жатышабы? Алардан мурдакылар да ушундай кылышкан. Аллах аларга зулумдук кылган жок, бирок алар өз напсилерине зулумдук кылышты. (Нахл Сүрөсү, 33)

 

Анан коомунан каапырдыкка адашкан алдыңкылар айтышты: «Бул силерге окшогон бир адам гана. Силерге үстөм болгусу келип жатат. ЭГЕР АЛЛАХ (АНЫН АЙТКАНДАРЫН) КААЛАГАНДА, СӨЗСҮЗ ПЕРИШТЕЛЕРДИ ТҮШҮРМӨК. Биз өтмүш аталарыбыздан да муну уккан эмеспиз.» (Мүминун Сүрөсү, 24)

 

Айтышты: «Бул элчиге эмне болгон, тамак жейт жана базарларда жүрөт? АГА АНЫ МЕНЕН БИРГЕ ЭСКЕРТҮҮЧҮ БОЛО ТУРГАН БИР ПЕРИШТЕ ТҮШҮРҮЛҮШҮ КЕРЕК ЭМЕС БЕЛЕ?» (Фуркан Сүрөсү, 7)

 

«Андай болсо (эгер чынчыл болсо), үстүнө алтындан билериктер ташталышы же жанында АНЫ МЕНЕН БИРГЕ ПЕРИШТЕЛЕР КЕЛИШИ КЕРЕК ЭМЕС БЕЛЕ?” Ошентип өз коомун басмырлады, алар болсо ага моюн сунушту. Чындыгында алар бузуку бир коом эле. (Зухруф Сүрөсү, 53-54)

 

Аларга «Бир гана Аллахка кулчулук кылгыла» деп алдыларынан жана арттарынан элчилер келгенде, айтышты: «ЭГЕР КААЛАГАНДА РАББИБИЗ ПЕРИШТЕЛЕР ТҮШҮРМӨК. МЫНДАН УЛАМ БИЗ СИЛЕРДИН АЛЫП КЕЛГЕН НЕРСЕЛЕРИҢЕРДИ ЖОККО ЧЫГАРАБЫЗ (ТАНАБЫЗ).» (Фуссилет Сүрөсү, 14)

 

«Же ӨЗҮҢ АЙТКАНДАЙ, асманды үстүбүзгө бөлүк бөлүк түшүрүшүң же АЛЛАХТЫ ЖАНА ПЕРИШТЕЛЕРДИ АЛДЫБЫЗГА (КҮБӨ КАТАРЫ) АЛЫП КЕЛИШИҢ КЕРЕК.» «Же алтындан бир үйүң болушу керек же асманга көтөрүлүшүң керек. Бизге биз окуй ала турган бир китеп түшүрмөйүнчө сенин көтөрүлгөнүңө да ишенбейбиз». Айткын: «Раббимди улуулайм; мен элчи кылынган бир адамдан башкасы эмесмин». Аларга хидаят (туура жол) келгенде, адамдарды ишенүүдөн (ыймандан) алардын: «Аллах элчи кылып бир адамды жөнөттүбү?» деген сөздөрү гана тосуп койду. АЙТКЫН: «ЭГЕР ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ (АДАМ ЭМЕС) ЫРААЗЫ БОЛУП ЖҮРГӨН ПЕРИШТЕЛЕР БОЛГОНДО, БИЗ ДА АЛАРГА АСМАНДАН ЭЛЧИ КАТАРЫ АЛБЕТТЕ ПЕРИШТЕЛЕРДИ ЖӨНӨТМӨКПҮЗ.» (Исра Сүрөсү, 92-95)

 

Бул аяттардан да апачык көрүнүп тургандай, ыйман кылбагандардын айткан шылтоолору ар доордо бир эле болгон. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын доорундагы каапырлар Пайгамбарыбыз (сав)га ишенбешинин далили катары жанында периште болбошун айтканы сыяктуу, учурда да ыйман кыла албаган кээ бир адамдар Аз. Мехди (ас) сыяктуу вели (олуя) бир адамдын чыгышын кабыл албаш үчүн дал ошол ыкманы колдонушууда.

«Аз. Мехди (ас)дын башынын үстүндө бир периште болот», «бүт адамдар ал периштени көрүшөт» жана «Аз. Мехди (ас)ды ушундайча таанышат» деп, дүйнө шарттарында Аллахтын каалоосу менен эч качан болбой турган бир нерсени айтышып, Аз. Мехди (ас)дын чыгышына өз ойлорунда жолтоо боло алабыз деп ойлошууда.

Хадистерде «Аз. Мехди (ас)дын башынын үстүндөгү бир булуттан бир периштенин жар салып, «Аз. Мехди (ас) ушул, ага моюн сунгула» деп Аз. Мехди (ас)ды таанытаары айтылат, бирок хадисте айтылган булут адамдар көрө ала турган бир булут эмес. Руханий ааламда периштелер менен жин ааламы көрө ала турган бир булут. Мындай окуя периштелер менен жиндер үчүн акылга сыйбас бир көрүнүш болбойт. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде кабар берилгендей, Аз. Мехди (ас) адамдардан тышкары, жиндер менен периштелердин да Аз. Мехдиси болот. Аллах Аз. Мехди (ас)ды 3 бөлөк ааламга тең мээрим катары жөнөткөн. Ошондуктан бул сөз жиндерге жана өзгөчө периштелер ааламына тиешелүү жана мындай көрүнүш алар үчүн кадыресе бир окуя болот. Хадисте айтылган окуя ишке ашып бир периште Аз. Мехди (ас)ды сүйүнчүлөп таанытканда, башка бир хадисте айтылгандай башка периштелер да ал чакырыкты кабыл алып, Аз. Мехди (ас)га жардам беришет. Пайгамбарыбыз (сав)дын бул жөнүндөгү хадистери мындай:

 

... Аз. Аллах 3000 периштени ага (Аз. Мехди (ас)га) жардамга жөнөтөт. (Nuaym b. Hammad)

 

Аллах аны (Аз. Мехди (ас)ды) үч миң периште менен колдойт. (El Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki, б. 41) 

 

Ошондуктан бул хадистердин сырттан көрүнгөн маанисине карап жоромол жасабаш керек. Себеби бул жерде «бир булуттун ичинде бир периштенин келип адамдар менен сүйлөшүшү жана аларга Аз. Мехди (ас)ды таанытышы» жөнүндө айтылбаганы анык. Мындай окуя Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)да да, башка пайгамбарлардын эч бирөөсүндө да болгон эмес. Пайгамбарларга да периштелер эч качан периште экени жүз пайыз көрүнүп турган көрүнүштө эмес, дайыма сулуу бир адам кейпинде келишкен. Мындай керемет болсо, адамдардын баары мажбурлуу ыйман келтиришип, Аз. Мехди (ас)ды кабыл алышмак жана эч күмөн санашмак эмес. Бирок мындай абал Аллах Куранда билдирген Аллахтын адатына толугу менен карама-каршы. Себеби Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу мындай керемет болсо, дүйнө жашоосунда адамдар үчүн жаратылган «сыноо» болбой калмак, бул болсо Куран боюнча мүмкүн эмес. Периштелер адамдарга көрүнбөйт. Периштелер Аз. Мехди (ас)га көрүнбөстөн жардам беришет, адамдардын жүрөгүнө Аллахтын каалоосу менен, «Бул киши Аз. Мехди (ас)» деп илхам кылышат. Кээ бир кишилер айткандай, асмандан периштелер адамдарга көрүнүп, «Бул Аз. Мехди (ас). Ага моюн сунгула» десе, ошондой эле булуттан бир кол чыгып, Аз. Мехди (ас)ды көрсөтүп ага моюн сунууну ишарат кылса жана миллиондогон адамдар бул окуяга күбө болушса, бүт мындай ачык жана анык далилдерге карабастан Аз. Мехди (ас) дагы эле Мехди экенин кабыл албаса, анда мындан ал периштелердин эч биринин сөзүнө ишенбейт деген маани келип чыгат. Бул болсо мүмкүн эмес нерсе. Периштелер ачык сүйлөшүшү өз араларында болот.

 

Аз. Мехди (ас) Меккеге барат жана ал жерде, өзү каалабай турса да, адамдардын «эгер кабыл албасаң, сенин мойнуңа урабыз» деп мажбурлашынан соң Рүкун менен Макам арасында биаттарын (моюн сунууларын) кабыл алат. (El-kavlu'l muhatasar fi alamet-il mehdiyy-il muntazar, б. 32)

 

Аз. Мехди (ас)дын жанында көрүнгөн бир периште болуп бүт адамдарды ага моюн сунууга чакырса, Аз. Мехди (ас) да өзүнүн Аз. Мехди (ас) экенине анык ишенет. Мындай абалда адамдардын аны мажбурлап Аз. Мехди (ас) экенин кабыл алдырышынын кажети жок болот. Себеби жанында көрүнгөн бир периште турса, анын айткандары туура жана анык далил болгондуктан, Аз. Мехди (ас) каршы чыкмак эмес. Анда Аз. Мехди (ас)дын адамдардын ага моюн сунушун кабыл алышы шарт болмок.

 

Ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн аалымдар бир-биринен кабарсыз Мехдини издөө үчүн жолго чыгышат жана аалымдардын ар бирине 310дой адам жолдош болот... бир-бирлеринен «ал жерге эмне үчүн келгенин» сурашканда, баары «бул фитналарды токтото турган жана Константинопольду руханий ээлей турган Мехдини издеп жатабыз, себеби биз анын, атасынын апасынын жана аскерлеринин аттарын билдик» деп жооп беришет. (El-kavlu'l muhatasar fi alamet-il mehdiyy-il muntazar, б. 40)

 

Ислам аалымдарынын Аз. Мехди (ас)ды издеп чыгаары Пайгамбарыбыздын (сав) хадистеринде көп жерде айтылат. Аз. Мехди (ас)дын башынын үстүндө анын Аз. Мехди (ас) экенин айткан көрүнгөн бир периште болсо, бүт адамдар ким экенин жана турган жерин заматта билип калышмак. Ислам аалымдарынын Аз. Мехди (ас)ды издеп чыгышынын эч кажети болмок эмес. Кээ бир жахил дин аалымдары Аз. Мехди (ас)дын чыгышын өз ойлорунда адамдардан жашыра алуу үчүн дагы бир «жол» катары «Аз. Мехди (ас)га танка, ок, курал-жарак, ал тургай, атом бомбасы да таасир бере албайт» дешүүдө. Чындыгында болсо, Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын пайгамбарларга көп тараптан окшошоорун жана алар сыяктуу ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшөөрүн айткан. Аз. Мехди (ас) да пайгамбарлар сыяктуу жалган жалааларга кабылып, ар кандай кыйынчылык, жалаа жана балээлер менен сыналат, жана каапырлар курган тузактарга туш болот. Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистер төмөнкүдөй.

Имам Зейнул Абидин алейхис-салам мындай деген:

«БИЗДИН КАИМИБИЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)) МЕНЕН АЛЛАХТЫН ЭЛЧИЛЕРИ АРАСЫНДА БИР КАТАР ОКШОШТУКТАР БАР. НУХ, ИБРАХИМ, МУСА, ИСА, АЙЙУБ ЖАНА МУХАММЕД САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА АЛИХ ПАЙГАМБАРЛАРДЫН АР БИРИ МЕНЕН БИР ОКШОШТУГУ БАР. Нух менен узун өмүрлүү болушунда, Ибрахим менен жашыруун төрөлүшүндө жана калктан алыс болушунда; Муса менен корккон абалы (Аз. Мехди (ас)га багытталган коркунучтардын көптүгү; өлтүрүү, тузак куруу, камакка алуу, көзөмөлгө алуу, сүргүн сыяктуу ар кандай кооптуулуктардын көп болушу) жана көздөрдөн алыс жашашында (дайыма жашырынып жашашында); Иса менен элдин ал жөнүндө талаш-тартышка түшүшүндө (кээ бир адамдардын «Аз. Мехди (ас) келет», кээ бирлеринин болсо «келбейт» дешинде); Аййуб менен балээден соң кутулуунун келишинде (Аз. Мехди (ас)га да көптөгөн кыйынчылык, оору, дарттардын келиши, бирок Аз. Аййуб сыяктуу Аллахтын мээрими менен баарынан кутулушунда); Мухаммед (сав) менен болсо кылыч менен кыям этишинде (Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттары болгон куттуу желеги, кылычы жана көйнөгүнүн (жемпер) Аз. Мехди (ас)дын жанында болушунда) окшоштугу бар.» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап 3-хадис)

 

«Эбу Басир айтат: Имам Мухаммед Бакыр Алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Бул КӨЗДӨН КАЙЫМДЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЭЭСИНДЕ ТӨРТ ПАЙГАМБАРДЫН СҮННӨТҮ БАР:... Айттым: «АЗ. ЙУСУФТУН СҮННӨТҮ ЭМНЕ?» АЙТТЫ: «ЗЫНДАН МЕНЕН КӨЗДӨН КАЙЫМ (АЛЫС) БОЛУУ.»... (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 190)

 

Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде акыр замандын Чоң Мехдисинин дажжалият системасынын кысымдарына, кыйноо менен азаптарына туш болоорун, камалаарын, өлтүрүлүү коркунучу менен жашаарын, колдору менен буттарынан чынжырга байланаарын, мойнуна жез барак асылып, азап менен кыйынчылыкка ташталаарын, элден обочо кармалаарын айткан.

Эгер Аз. Мехди (ас) кээ бирлер айткандай башында көрүнгөн периштелер бар, курал-жарак, танка, ок эчтеке кыла албаган укмуштуу бир жандык болгондо, кантип түрмөгө камалып, кантип кыйноо, кысымчылык көрүп, кыйынчылык ичинде жашамак эле? Эч бир курал-жарак, бомба эч нерсе кыла албаган бир кишиге ким жакындай алат, ким андай кишини камап же кыйнай алат? Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын көздөн кайым (эл көзүнөн алыс) болгон учуру болоорун да айткан. Эгер Аз. Мехди (ас) андай укмуштуу бир адам болгондо, эмне үчүн элден жашынып, көздөрдөн алыс жашамак эле?

Көрүнүп тургандай, кээ бир жахил дин аалымдарынын айткан сөздөрү Бедиүззаман Саид Нурси Азрети айткан сүрөттөөгө толук дал келүүдө. Мусулмандарды ушул сыяктуу ыкмалар менен жаңылтууга жана алдоого аракеттенүү дүйнөдө жана акыретте адамды чоң жоопкерчилик астында калтырышы мүмкүн.

Аллах бир Куран аятында мындай деп билдирет:

 

Кыямат күнү өз күнөөлөрүнүн баарын жана караңгылык менен адаштыргандарынын күнөөлөрүнүн бир бөлүгүн көтөрүшү үчүн. Карачы, кандай жаман жүктү аркалашууда. (Нахл Сүрөсү, 25)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КЕЛИШИ КАНЧА ТҮРДҮҮ ЫКМА МЕНЕН ЖАШЫРЫЛУУДА?

 

Аз. Мехди (ас)дын келиши жана бар экени жөнүндө ар кандай жаңылыштыктарга түшкөн көптөгөн адамдар бар. Бул жаңылуулардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

1. Аз. Мехди (ас) буга чейин жашап кеткен, илгери чыккан.

 

2. Аз. Мехди (ас) руханият, б.а. көзгө көрүнбөс бир рух сыяктуу. Ошондуктан бир адам деп күтүүнүн мааниси жок.

 

3. Аз. Мехди (ас) келет, бирок бир канча кылымдан кийин келет.

 

4. Аз. Мехди (ас) катардагы бир адам болот. Аз. Мехди (ас) Бедиүззаман эмгектеринде «Аз. Мехди (ас)дын үч кызматы бар» деп айткан кызматтардын 2- жана 3-кызматтарын орундатат, материалист, дарвинист жана атеист философиялар менен пикирдик күрөш жүргүзбөйт, ыйманга себеп болчу акыйкат, далилдерди баян кылбайт, болгону Рисалелерди (Бедиүззамандын эмгектерин) окуй турган кайсы бир саясий лидер. Ошондуктан өтө таанылган бирөө болбойт.

 

5. Аз. Мехди (ас) деген бир киши такыр жок жана эч качан келбейт.

 

6. Аз. Мехди (ас) келиши мүмкүн, бирок бул темаларды изилдөө туура эмес. Аз. Мехди (ас) келгенде биздин кызмат кылып жатканыбызды көрүшү керек, ошондуктан изилдөөнүн кажети жок. Келсе келет, келбесе жок.

 

7. Башынын үстүндөгү бир периште бүт адамдарга көрүнүп «Бул Мехди, ага моюн сунгула» деши, Аз. Мехди (ас)га танка, ок, курал-жарак эч нерсе кыла албашы зарыл. Мындай өзгөчөлүктөрү жок киши Аз. Мехди (ас) эмес.

 

8. Акыр заманда көп санда Мехди келет. Үч, беш, он даана Мехди келиши мүмкүн. Баары акырын Мехдилик кызматтарын орундатып көз жумушат, ошондуктан бул чындыкты өтө аз киши билет.

 

Аз. Мехди (ас)дын келиши жөнүндө Расулуллах (сав)дын ушунчалык ачык хадистери, Бедиүззаман Саид Нурси Азретинин ушунчалык так, түшүнүктүү сөздөрү турганда, муну мынчалык татаал жана түшүнүксүз кылып, жаап-жашырууга аракет кылуу – акыр замандын кызыктай жана олуттуу өзгөчөлүктөрүнүн бири. Аз. Мехди (ас)дын келиши жана бар экени жөнүндөгү жогоруда санап өтүлгөн жаңылыштыктарга түшкөн жүз миллиондогон адам бар. Аз. Мехди (ас) ушул кылымда келет деп ишенгендер болсо башында 313 киши болот. Учурдагы жалпы көрүнүш да мунун ушундай экенин көрсөтүүдө. Расулуллах Мырзабыз (сав) куттуу хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын жанында 313 кишинин чогулаарын айткан.

Ачык, анык хадистер боюнча, Аз. Мехди (ас)ды түшүнө алган 313 кишиден башка эч ким болбойт. Түшүнбөшүнүн себеби жогоруда саналган жаңылыштыктар. Кээ бир адамдар Аз. Мехди (ас)дын бар экенин чындап түшүнбөсө, кээ бирлери шайтандык бир аракет менен билмексен болот жана Аз. Мехди (ас) көрүнгөнгө чейин абал ушундайча уланат. Бедиүззаман Саид Нурси Азрети болсо Аз. Мехди (ас)дын ыймандын нуру менен таанылаарын жана аны байкап жанында боло турган кишилердин өтө аз санда болоорун мындайча билдирет:

Бул озуйпа (милдет) таянган күч жана руханий армиясы ыклас, берилгендик жана биримдик сыпаттарына толук ээ болгон бир катар шакирттер. Канчалык аз болушса да, руханий жактан бир армиядай күчтүү жана кымбаттуу болушат. Мына ошол  көп тараптуу, ошол кубаттуу армия Ал-и Мухаммед Алейхиссалату Вассалам жана Аз. Мехдинин эң өзгөчө армиясы. (Emirdağ Lahikası, б. 259)

Аз. Мехди (ас)дын чыгышына тиешелүү бүт алааматтар чыкканына жана ал ишараттар апачык болгонуна карабастан, Аз. Мехди (ас)дын таанылбашы өтө чоң бир керемет. Бирок адамдардын көпчүлүгүнүн көзүнө парда тартылган жана адамдар ушул ачык чындыктарга карабастан, Аз. Мехди (ас)ды байкай албай жатышат. Бул абал акыр замандын күчүнүн чоңдугун, маанилүүлүгүн, баам-парасаттын канчалык жоголгонун, адамдардын кандай акылда экенин көрсөтүүдө.

Бирок Аз. Мехди (ас)дын чындап жалгыз бир киши экенин жана ушул кылымда чыгаарын Аллахтын уруксаты менен бүт дүйнө жакында түшүнөт.

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АКЫЛГА СЫЙБАС ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР МЕНЕН –АЛЛАХ МЫЙЗАМЫНА КАРШЫ АБАЛДА- КЕЛБЕЙТ; БҮТ ПАЙГАМБАРЛАРДАГЫ СЫЯКТУУ, АКЫЛ КАБЫЛ АЛА ТУРГАН –АЛЛАХ МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫКТУУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР МЕНЕН- КЕЛЕТ

 

Аз. Мехди (ас) адамдар, кааласа да каалабаса да, ыйман кылууга мажбур боло тургандай бир көрүнүштө чыкпайт. Тескерисинче, Аз. Мехди (ас) кадыресе жана Аллах мыйзамына туура келген бир көрүнүштө болот жана Аллах мыйзамына туура келген кадыресе бир өмүр сүрөт. Ансыз да, ушул себептен Аз. Мехди (ас) эл арасында оңойчулук менен таанылбайт, акырындап кийинчерээк таанылат. Бедиүззаман Саид Нурси айткандай, «жакын шакирттери дагы ыймандын нуру менен гана; ага карашканда Аз. Мехди (ас)ды байкашат.»

 

«Анын алааматтары келди.» (Мухаммед Сүрөсү, 18) аятынын бир нуктеси (терең мааниси) бул заманда элден момундардын ыйман деңгээлин жана күмөн менен тынчсыздануулардан коргоо үчүн жазылган. Акыр заманда ишке аша турган окуяларга байланыштуу хадистердин бир бөлүгүнүн окшоштуруп баяндалган Куран аяттары сыяктуу терең маанилери бар. Мухкемдер (Курандын жоромол талап кылбаган ачык аяттары) сыяктуу тафсир кылынбайт (чечмеленбейт) жана бүт адамдар биле бербейт. Балким тафсир (чечмелөө) ордуна тевил кылышат (башкача чечмелешет).

... «Чындыгында болсо ал аяттардын тафсирин (чыныгы чечмеленишин) Аллахтан жана илимде тереңдеген жана истикамет (тууралык) ээси болгондордон башкасы биле албайт» (Али Имран Сүрөсү, 7) сыры менен, болуп өткөн соң тевилдери (чыныгы маанилери) түшүнүктүү болот жана эмне ой айтылганы белгилүү болот, илимде расих болгондор (илимде тереңдеген; диний илими бекем жана күчтүүлөр) «Биз буга ишендик. Мухкем (ачык) аяттар да, мутешабих (салыштырмалуу) аяттар да баары Раббибиздин Кабатынан түшүрүлгөн.» (Али Имран Сүрөсү, 7) деп ал жашыруун акыйкаттарды ачыкка чыгарышат. (Şualar, 5. Şua, б. 578)

 

Биринчи жагдай:

Ыйман жана сунуш (жоопкерчилик) ыктыяр чөйрөсүндө (эрк жана бир нерсени тандай алуу күчү жагынан) бир сыноо, бир тажрыйба, бир жарыш болгондуктан, пардалуу (үстү жабык) жана терең жана теткик (изилдөө) жана тажрыйба талап кылган теориялык маселелер албетте бедихи (өтө белгилүү жана ачык) болбойт. Жана баары кааласа каалабаса тастыктай турган (бүт баары кабыл ала турган) даражада зарыл болбойт. Ошентип Эбу Бекирлер аъла-йы иллийинге (бийиктердин эң бийигине) чыгышсын жана Эбу Жехилдер эсфел-и сафилинге (төмөндөрдүн эң төмөнүнө) түшүшсүн (үчүн). Ыктыяр калбаса (адамдагы бир нерсени тандай алуу күчү, б.а. эрк жоголсо) теклиф калбайт (анда кишинин жоопкерчилиги да калбайт). Жана ушул сыр менен хикматтан (даанышмандыктан) улам, кереметтер сейрек жана кээ-кээде берилет (кээ-кээде гана кереметтер болот). Дүйнөдөгү сыноо шарттарында көзгө көрүнө турган кыямат алааматтары жана кыяматтын болушун кабар берген белгилер, кээ бир Курандагы мутешабих (өкүмү ачык эмес, чечмелөө керек болгон) аяттар сыяктуу, жабык жана тевилдүү (чечмелөө талап кылган абалда) болот. Бирок, күндүн магрибден (батыштан) чыгышы бедахет даражасында (апачык абалда) бүт адамдарды тастыктоого мажбур кылгандыктан (бүт баары көрүп ишене турган бир окуя болгондуктан), тообо эшиги жабылат; андан соң тообо менен ыйман макбул болбойт (бул окуя болгон соң, Аллах Кабатында кишинин тообосу жана ыйман келтирилиши кабыл алынбайт). Себеби Эбу Бекирлер, Эбу Жехилдер менен тастыкта бирге болушат (анда жакшылар да, жамандар да бул чындыктарды кабыл алат жана экөөсү тең бирдей абалда болгон болот). Ал тургай, Азрети Иса Алейхиссаламдын нүзулү (экинчи жолу жер жүзүнө түшүшү) да жана анын Иса Алейхиссалам экени ыймандын нуру менен билинет; бүт баары биле бербейт.

 

Экинчи жагдай:

Пайгамбарларга билдирилген умур-у гайбийе (кайыпка тиешелүү, билинбеген иштердин жана окуялардын) бир бөлүгү майда-бараттары менен билдирилет. Бул жакта эч кыскартуу болбойт жана кийлигише албайт. Курандын жана куттуу хадистин (Пайгамбарыбыз (сав) айткан, Аллахтын Курандан тышкаркы сөздөрү орун алган хадистердин) мухкематы (чечмелөө талап кылбаган ачык болгондору) сыяктуу. Жана калган бир бөлүгү кыскача билдирилет, тафсилат (майда-бараттары) жана тасвираты (баяндары) анын ижтихадына тапшырылат (диний жактан анык өкүмү билдирилбеген нерселер болгондуктан, Пайгамбардын Куран менен хадиске таянып түшүндүрүп өкүм беришине калтырылат). Ыйманга кирбеген хадисат-ы кевнийеге (ыйман темаларынан тышкары, ааламда болгон окуяларга) жана вукуат-ы истикбалийеге (келечекте боло турган окуяларга) тиешелүү хадистер сыяктуу. Бул бөлүктө, Пайгамбарыбыз (А.С.М.) белагаты менен (максатка жана шарттарга эң ылайыктуу жасаган; сонун, маңыздуу сөздөрү менен), салыштырмалуу окшоштуруулар менен, сыноонун сырына туура келген абалда терең баяндап, аларды мисалдар менен түшүндүрөт. Мисалы: бир маекте терең бир добуш угулду. Айтты: «Бул добуш жетимиш жылдан бери тозок тарапка кулап бараткан бир таштын ушул мүнөттө тозоктун түбүнө жетип түшүшүнүн добушу.» Бул кызыктай кабардан беш-алты мүнөттөн соң бирөө келип айтты: «Эй Расулуллах! Жетимиш жашындагы баланча мүнафык көз жумду, тозокко кетти.» (Müslim: Cennet (Муслим: Бейиш), 31, хадис №: 2844; Müsned, 3:341, 346) (Бул мисал) Пайгамбардын бийик белигане келамынын (кемчиликсиз, орундуу, абалга ылайык айткан маңыздуу сөзүнүн) тевилин (чечмеленишин жана түшүндүрмөсүн) көрсөттү.

 

Үчүнчү жагдай: эки маңыз.

Биринчиси:

Тешбихтер жана темсилдер сүрөтүндө (окшоштуруу жана салыштырма мисалдарды колдонуп) риваят кылынган кээ бир хадистер ортодон убакыт өткөн сайын эл арасында тыштан көрүнгөн мааниси менен туура деп кабыл алынгандыктан, ал хадистер ишке ашкан окуяларга туура келбегендей көрүнгөн. Чындыктын өзү болгонуна карабастан, окуялардын негизи хадистерде айтылганга толук туура келгени байкалбай калууда.

 

Экинчиси:

Кээ бир хадистер Мусулмандар көпчүлүк болгон же Ислам ахлагы жашалган же халифалыктын борбору турган жер жөнүндө болгону менен, бүт адамдар жөнүндө деп кабыл алынган жана белгилүү бир топ жөнүндө болгонуна карабастан, бүт адамдарды камтыган жана жалпы бир нерседей кабыл алынган.

 

Төртүнчү жагдай:

Ажал жана мевт (өлүм) сыяктуу, билинбеген иштердин көптөгөн акылмандык жана максатка ылайык жашыруун сакталышы сыяктуу, дүйнөнүн жандалбаска түшкөн абалы жана өлүмү жана адамдардын жана айбандардын ажалы менен өлүмү болгон кыямат дагы көптөгөн пайда жана акылмандык менен жашырылган...

 

... Эгер булар апачык белгилүү болгондо, ыймандын кээ бир негиздери менен чындыктары апачык көзгө көрүнөр болуп калмак, баары кааласа каалабаса тастыктамак (бүт адамдар бул чындыктарга ишенип ыйман келтиришмек). Ыктыяр (абийирди колдонуп бир нерсени тандай алуу күчү) менен эркке байланыштуу дүйнө жашоосундагы сыноонун сыры жана ыйман келтирүүнүн артындагы акылмандык менен максат да бузулмак (жок болмок).

 

Мына ушул сыяктуу көптөгөн максат жана акылмандыктар менен келечек жөнүндөгү билинбеген иштер менен окуялар жашыруун болгондуктан, бүт адамдар ар мүнөттө ажалын да, жашоосун да ойлогондуктан, дүйнө үчүн да, акырет үчүн да иштеген сыяктуу, ар кылымда да кыяматтын болушун да, дүйнөнүн уланышын да ойлогондуктан, бир жагынан убактылуу дүйнө жашоосунда түбөлүк жашоосуна, экинчи жагынан эч өлбөй тургандай болуп дүйнөнү сулуулаганга аракет кыла алат.

... Жана материалдык ааламда келечекте боло турган окуялардын көпчүлүгүнүн ушундай терең сырлары болгондуктан, кайыптан (келечектен) кабар берүүгө тыюу салынган. (Аллахтын мыйзамындагы) «Кайыпты бир гана Аллах билет» эрежесине карата сыйлабастык жана баш ийбестик кылбаш үчүн, медар-ы теклиф (дин талап кылган жоопкерчиликтер, диндин буйруктары менен тыюулары) жана ыйман негиздеринен башка, Аллахтын уруксаты жана буйругу менен, келечек жөнүндө билинбеген жана жашыруун окуялардан кабар бергендер дагы ишарат маанисинде пардалуу жана үстү жабык кабарлар беришкен. Ал тургай, Тоорот жана Инжил жана Зебурда Пайгамбарыбыз жөнүндө келген сүйүнүчтүү кабарлар менен маалыматтар дагы белгилүү деңгээлде пардалуу жана жабык келген; (натыйжада) ал китептерге моюн сунган кээ бир адамдар ал чындыктарды өз пикирлери менен туура эмес жоромолдошуп ыйман келтиришкен эмес. Бирок ыйман негиздери менен байланыштуу темаларда түшүндүрүп жана кайталап кабар берүү жана апачык баяндап берүү адамдын сыноосундагы жоопкерчиликтери жагынан керектүү болгондуктан, Аллахтан алган маалыматтарды адамдар түшүнө тургандай кылып айтып берген Пайгамбарыбыз (сав) акыретке байланыштуу темаларды терең жана дүйнөнүн келечеги жөнүндөгү темаларды болсо кыскача кабар берген.

 

Бешинчи жагдай:

... Дажжалдын кылымдарына тиешелүү кереметтери, алар менен байланыштуу абалда риваят кылынгандыктан, ал өзгөчөлүктөрдүн ал кишилердин өзүндө болоору кабыл алынып, ошондой элестетилгендиктен, ал риваяттын мааниси жаап, жашырылган. Мисалы, учак жана поезд менен саякат кылышы...

 

Мисалы, Ислам дажжалы өлгөндө ага кызмат кылган шайтандын Стамбулдагы Дикилиташта бүт дүйнөгө кыйкыраары кеңири тараган (Müslim: Fiten (Муслим: Фитен), 34) жана бүт баары ал үндү угушат: «Ал өлдү». Б.а. өтө таң калыштуу жана шайтандарды да таң калтыра турган радио менен кыйкырылып, кабар берилет.

 

Дажжалдын режимине (башкаруусуна) жана курган комитетине (жашыруун жамаатына) жана өкмөтүнө тиешелүү кызыктай абалдары жана коркунучтуу иш-аракеттери анын өзү менен байланыштуу риваят кылынгандыктан мааниси жашырылган. Мисалы (хадисте) «ушунчалык күчтүү жана (ишин) уланта берет; Азрети Иса (ас) гана аны өлтүрө алат (таасирсиз кылат), башка чара жок» (Tirmizi, Fiten: 62; Ebû Dâvud, Melâhim: 14; Müsned, 3:420, 4:226; el-Hâkim, el-Müstedrek, 4:529-530) (деп) риваят кылынган. Б.а. анын кесибин (ыкмасын) жана жырткыч режимин (башкаруусун) буза турган, өлтүрө турган (таасирсиз кылып руханий жок кыла турган) Аллах Кабатынан жөнөтүлгөн жана улук, чын ыкластуу бир дин Исевилерде (Христиандарда) чыгат жана Куран акыйкатына моюн сунган жана Ислам дини менен биримдик түзүп бириккен ал Христиандык дини Азрети Иса Алейхиссаламдын экинчи жолу жер жүзүнө түшүшү менен ал динсиз (атеист) кесип (жол, агым) кыйрап, (руханий) өлөт. Болбосо анын өзүн (дажжалды) бир микроп, бир оору да өлтүрө алат.

 

Кээ бир хадис риваят кылган кишилердин туура эмес өкүм чыгарып жасаган чечмелөөлөрү хадис сөздөрүнө аралашып хадис деп кабыл алынып, маани (хадистердин чыныгы мааниси) жашырылат. Ошондуктан ал хадистердин ишке ашкан окуяларга дал келгени байкалбай калат, мутешабих өкүмүнө кирет (булар чечмелөө талап кылган хадистер деп кабыл алынат).

 

Илгерки заманда бул заман (учурдагы) сыяктуу жамааттын жана коомдун руханий кишилиги ачыкка чыкпагандыктан жана көп өзгөчөлүктү жалгыз бир кишиге жүктөө пикири кеңири тарагандыктан, жамааттын өзгөчөлүгү жана чоң иш-аракеттери ал жамааттын башындагы кишилерге берилгендиктен; ал кишилер керемет жана бүт сыпаттарга ылайык жана дал келиши үчүн денесинен жана күчүнөн жүз даража чоң бир ажайып (кызыктай) дене жана укмуш бир айкел жана өтө кереметтүү бир күч жана бийликтүү болушу талап кылынгандыктан ошондой (элестетилип) баяндалган. Ишке ашкан окуяларга туура келбегенде ал риваят мутешабих (салыштырмалуу) болот.

 
... «Чоң Аз. Мехдинин» абалдары (өзгөчөлүктөрү) мурдакы Аз. Мехдилерге ишарат кылган риваяттарга туура келбегендиктен, мутешабих хадис өкүмүнө кирет (чечмелөө керек болгон хадистер деп кабыл алынат)...

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder