АЗ.
МЕХДИ (АС)ДЫН БЕТИНДЕГИ МЕҢ АЗ.
МУСА
(АС)ДЫН БЕТИНДЕГИ МЕҢГЕ
ОКШОШ
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын бетиндеги
ачык түстүү меңге окшош меңдин Аз. Муса (ас)дын бетинде да бар экенине көңүл
бурулган. Аз. Мехди (ас) Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын урпактарынан болот
жана бүт пайгамбарлар бир атадан келет. Аллах гендик байланышты да себепчи
кылып, Аз. Мехди (ас) менен башка пайгамбарлар арасында окшоштуктар жараткан.
Аз. Мехди (ас)дын түз мурдунун башталышында, эки кашы арасында кичинекей
бир чуңкур бар. Бетиндеги меңи Аз. Муса
(ас)дагы сыяктуу сыртка чыгып турат жана жылдыз сыяктуу жаркыраган. Териси
өтө жаркыраган. (Bihar-ül Envar, 13-том, 243-б. (Фарсча котормо))
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖҮЗҮ ТАЗА ЖАНА
БЕЙПИЛ
Белгилүү акын Ага Сеййид Хасан Азретиден (Аз. Мехди
(ас)дан) сөз кылган: «СУЛУУЛУГУ ТАЗА
ЖҮЗҮНӨН КӨТӨРҮЛӨТ, ЭРТЕ МЕНЕНКИ ЖЕЛ (АНЫН) БЕЙПИЛДИК БЕРҮҮЧҮ ЖҮЗҮНӨН ЖАЙЫЛАТ.»
[Minanur Rahman, 2/237]
«Мехди менин неберелеримден. ЖҮЗҮ ЖАРКЫРАГАН БИР ЖЫЛДЫЗ СЫЯКТУУ, ...Асмандарда жана жерде
жашаган бүт жандыктар менен канаттуулар дагы анын өкүмдарлыгынан жана
халифалыгынан (орун басар) бактылуу болот. Жыйырма жыл бою өкүм сүрөт.»
[El-Beyan fi Ahbari Sahib-üz Zaman]
АЗ.
МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАШЫ
Хадистерде айтылган Аз. Мехди
(ас)дын жөнөтүлгөн жаштары анын кызматын баштаган, адамдар аны тааный турган
жана иш-аракетин көрө турган жаштарын көрсөтөт.
(Аз. Мехди (ас)дын) Жашы 30 менен 40 арасында кезде жөнөтүлөт... Аз. Мехди (ас) менин
урпактарымдан. 40 жаштарында. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 41-б.)
Аз. Мехди (ас) менин урпактарымдан. Ал 40 жашында. Жүзү жаркыраган бир жылдыз
сыяктуу. (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b.
Ahmet b. Yusuf el-Makdisi "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi
El-Muntazar")
Ал (Аз. Мехди (ас)) жаш бир адам. (Mer'iy
b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l
Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")
АЗ.
МЕХДИ (АС)ДЫН МАҢДАЙЫНДА БИР АЗ
ЧУҢКУР
БАР
(Аз. Мехди (ас)дын) Чачы коюу, маңдайы кенен жана маңдайында бир аз чуңкурайуу бар. Мурду
кичинекей жана дал көпүрө бөлүгүндө өтө кичине бир дөмпөгү бар. Бетинде сыртка
чыккан бир меңи бар. (Bihar-ül Envar, 13-том)
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын кең
маңдайындагы бир аз чуңкурайууга көңүл бурулган. Аз. Мехди (ас)дын кичинекей
жана түз мурдунун орто бөлүгүндө билинер-билинбес бир дөмпөйүү болот. Хадисте
мындан тышкары Аз. Мехди (ас)дын бетиндеги меңдин сыртка чыккан формада экени
да кабар берилүүдө.
АЗ.
МЕХДИ (АС)ДЫН ТЕРИСИ ЖАРКЫРАГАН
Аз. Мехди (ас)дын жүзү алтын-коло бир металл сыяктуу
жаркырайт. Ушунчалык жаркыраган
болгондуктан терисинин чыныгы түсү дээрлик көрүнбөйт. (Bihar-ül
Envar, 13-том, 263-б.)
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын терисинин
сулуулугуна көңүл бурулган. Көптөгөн хадисте жашы өтүп калган кезде да 40
жаштарда көрүнөөрү сүйүнчүлөнгөн Аз. Мехди (ас)дын териси өтө көзгө урунарлык
даражада жаркыраган жана чың болот.
АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫН ЭКИ КАШЫНЫН АРАСЫНДА КИЧИНЕКЕЙ БИР ЧУҢКУР БАР
Аз. Мехди (ас)дын... ЭКИ КАШЫ АРАСЫНДА КИЧИНЕКЕЙ БИР ЧУҢКУР БАР... (Bihar-ül
Envar, 13-том, 243-б., Фарсча
котормо)
Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят
кылынган хадисте Аз. Мехди (ас)дын эки кашы арасында (БИР СЫЗЫК АБАЛЫНДА) ТАБИГЫЙ БИР КАБАК ЧУҢКУРУ бар экени кабар
берилген.
АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАШЫ
ӨТҮП КАЛГАН
КЕЗДЕ ДА ЖАШ
КӨРҮНӨТ
Аз. Мехди (ас)дын жашы өткөн убакыт
менен бирге бүт адамдар сыяктуу өтөт. Бирок көрүнүшүндөгү жаштык дайыма калат.
Аз. Мехди (ас) дайыма болжол менен 40 жаштардагы бир киши көрүнүшүндө болот.
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын тааныта турган өзгөчөлүктөрүнүн бири катары жаш
көрүнүшүнө көңүл бурулушунун себеби – бул акыр заманда адамдардын эрте
улгайышы. Чынында эле бүгүн болуп жаткан акыр заманда көп адамдардын жаш туруп
эле улгайганы көңүл бурууда. Көп жаштардын терилери эрте эле бырыш басып,
көздөрүнүн айланасында сызыктар бат көбөйүп, улгайуу алааматтары эрте пайда
болууда. Аз. Мехди (ас)дын жаш көрүнүшүн Аллах коргойт жана жашы өтүп калган
кезде да 40 жаштардагыдай көрүнөт.
Жана анын (Аз. Мехди (ас)дын) ИШАРАТТАРЫНЫН БИРИ – АНЫН КҮНДӨРДҮН ЖАНА ТҮНДӨРДҮН ӨТҮШҮ МЕНЕН
УЛГАЙБАШЫ. (Muntekab-ül Esar, Lütfullah
Gülpaygani, 285-б.)
Хадистерде берилген бул
маалыматтардын ар бири өтө укмуш детальдуу маалыматтар. Пайгамбарыбыз (сав)дын
хадистеринде эч ким мынчалык майда-баратына чейин сүрөттөлгөн эмес. Аз. Мехди
(ас)дын өмүрү жөнүндөгү бүт маалыматтар сыяктуу, тышкы көрүнүшүндөгү бүт
өзгөчөлүктөрүнүн да мынчалык так билдирилген болушу – Аз. Мехди (ас)ды сүйүп
күткөн жана аны тааныгысы келген бүт Мусулмандар үчүн бир жагынан өтө маанилүү
бир ишарат, экинчи жагынан болсо өтө кубанычтуу бир немат-жакшылык.
Хадистерде билдирилген Аз. Мехди
(ас)дын бүт Ислам ааламынын биригишине себепчи болуп Мусулмандардын руханий
лидерлигин аркалашы; динге каршы агымдарды таасирсиз кылып Ислам ахлагын бүт
дүйнөгө орнотушу; Аз. Иса (ас) менен бирге намаз кылышы жана бүт Христиан
ааламынын Исламга кайтышын камсыз кылышы сыяктуу бүт башка алааматтар менен
бирге, тышкы көрүнүшүндөгү бул детальдардын да Аз. Мехди (ас)да чогулганын
көрүү адамдарда, Аллахтын уруксаты менен, ал чыкканда Аз. Мехди (ас)дын ким
экени жөнүндө эч талаш-тартыш калтырбайт.
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ
(САВ)ГА ОКШОШ КЭЭ
БИР ТЫШКЫ
КӨРҮНҮШТӨРҮ
1. «Аллах Расулу саллаллаху
алейхи ва саллам абдан жарашыктуу жана сүйкүмдүү эле. Куттуу жүзү айдын он
төртүндөгү толгон ай сыяктуу жаркырачу... МУРДУ
БИР ТОП СУЛУУ ЭЛЕ... Коюу сакалдуу, чоң көздүү, түз беттүү эле. Оозу кең, ТИШТЕРИ БЕРМЕТТЕЙ ЖАРКЫРАГАН ЭЛЕ...
Моюну бир күмүш нуру сыяктуу эле... ЭКИ
ДАЛЫСЫ АРАСЫ КЕҢ, далы сөөктөрүнүн баштары жоон эле...» (Büyük Hadis
Külliyatı (Чоң
хадис жыйнагы), Cem'ul-fevaid min Cami'il-usul ve Mecma'iz-zevaid,
İmam Muhammed Bin Muhammed bin Süleyman er-Rudani, 5-том, İz
Yayıncılık, 31-б.)
2. Энес б. Малик (ра) мындай
дейт: «Расулуллах Мырзабыздын бою өтө узун да, өтө кыска да эмес эле. ӨҢҮ БОЛСО ТАЗА АК ДА, ӨТӨ КАРА ТОРУ ДА ЭМЕС
ЭЛЕ. ЧАЧТАРЫ БОЛСО ТҮЗ ДА, ТАРМАЛ ДА ЭМЕС ЭЛЕ. ... Бул убактылуу дүйнө
менен коштошкондо чачы менен сакалында 20 кыл ак чач жок эле.» (Sünen-i
Tirmizi Tercümesi (Сүнени Тирмизи котормосу), Которгон:
Osman Zeki Mollamehmetoğlu, Yunus Emre Yayınevi, İstanbul, 4-том,
201-б.)
3. «РАСУЛУЛЛАХ
(САВ) АК, СУЛУУ ЖАНА ТОКТОО эле.» (Et-Tirmizi
İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 2. cilt, Hilal Yayınları, Ankara,
1976, 7-8-б.)
4. Энес б. Малик (ра) мындай дейт: «Пайгамбар Мырзабыз ОРТО
БОЙЛУУ ЭЛЕ; узун да эмес, кыска да эмес эле; жагымдуу көрүнүшү бар эле.
Чачы болсо тармал да, түз да эмес эле. Куттуу (Аллахтын жакшылыгы бар, берекеттүү)
ЖҮЗҮНҮН ӨҢҮ БОЛСО НУРДУУ АК ЭЛЕ.» (Et-Tirmizi
İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 2-том,
Hilal Yayınları, Ankara, 1976, 7-8-б.)
5. Бера б. Азиб (ра) мындай
дейт: «Расулуллах Мырзабыздан СУЛУУРААК
бирөөнү көргөн жокмун. ДАЛЫСЫНА ТҮШКӨН
ЧАЧТАРЫ БАР ЭЛЕ. ЭКИ ДАЛЫ АРАСЫ КЕҢ ЭЛЕ. БОЮ БОЛСО КЫСКА ДА, УЗУН ДА ЭМЕС ЭЛЕ.» (Sünen-i Tirmizi Tercümesi
(Сүнени Тирмизи котормосу), которгон:
Osman Zeki Mollamehmetoğlu, Yunus Emre Yayınevi, İstanbul, IV-том,
210-б.)
6. Аз. Алинин неберелеринен
Ибрахим б. Мухаммед (ра) риваят кылат:
«Чоң атам Аз. Али Пайгамбар Мырзабызды айтып
жатканда Аны мындайча сүрөттөчү: «Пайгамбар Мырзабыз ӨТӨ УЗУН ДА, КЫСКА ДА ЭМЕС ЭЛЕ; АЛ ӨЗ КООМУНУН ОРТО БОЙЛУУСУ ЭЛЕ.
ЧАЧТАРЫ ТАРМАЛ ДА, ТҮПТҮЗ ДА ЭМЕС ЭЛЕ; БИР АЗ ТАРМАЛ ЭЛЕ. КУТТУУ ЖҮЗҮНҮН ӨҢҮ
КЫЗЫЛГА ЧАЛГАН АК; КӨЗДӨРҮ КАРА; КИРПИКТЕРИ КОЮУ ЖАНА УЗУН; ДАЛЫСЫНЫН БАШТАРЫ
ИРИ ТҮЗҮЛҮШТӨ ЭЛЕ. Ал адамдардын
эң жоомарт көңүлдүүсү, эң чынчылы, эң жумшак табияттуусу жана эң дос жандуусу
эле. АНЫ КОКУСТАН КӨРГӨНДӨР АНЫН СҮРҮ
АЛДЫНДА ӨТӨ КАТУУ ТОЛКУНДАНЫШЧУ; ЖОГОРКУ СЫПАТТАРЫН БИЛИП МАЕГИНДЕ БОЛГОНДОР
БОЛСО, Аны баарынан көп жакшы көрүшчү...» (Et-Tirmizi
İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1. cilt, Hilal Yayınları, Ankara,1976,
18-19-б.)
7. Аз. Хасан (ра) алып айтып
берген: «РАСУЛЛУЛЛАХ МЫРЗАБЫЗ
ЖАРАТЫЛЫШЫНАН СҮРДҮҮ (АЛЫМДУУ) ЖАНА СУЛУУ ЭЛЕ. КУТТУУ ЖҮЗҮ ТОЛГОН АЙДЫН
ЖАРКЫРАШЫ СЫЯКТУУ НУР ЧАЧААР ЭЛЕ. ОРТО БОЙЛУУДАН УЗУНУРААК, АРЫК УЗУНДАН КЫСКА
ЭЛЕ. Чачтары тармал менен түз ортосунда эле; эгер өзүнөн-өзү экиге бөлүнгөн
болсо аларды башынын эки тарабына түшүрчү, эгер андай болбосо бөлчү эмес.
Өстүргөндө чачы кулак жумшагынан өтчү. ПАЙГАМБАР
МЫРЗАБЫЗ (САВ)ДЫН ӨҢҮ ЭЗХЕРЪУЛ-ЛЕВН (ӨТӨ АК ЖАНА ЖАРКЫРАГАН) ЭЛЕ, Б.А. НУРДУУ
АК ЭЛЕ. МАҢДАЙЫ АЧЫК ЭЛЕ. КАШТАРЫ ОРОК СЫЯКТУУ, КОЮУ ЖАНА БИР-БИРИНЕ ЖАКЫН ЭЛЕ.
Моюну таза мрамордон жасалган айкелдердин моюну сыяктуу күмүштөй тунук эле.
Денесинин бүт мүчөлөрү бир-бирине төп келишип, ЖАРАШЫКТУУ ТҮЗҮЛҮШТӨ ЭЛЕ...» (Et-Tirmizi
İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1-том,
Hilal Yayınları, Ankara,1976, 18-22-23-б.)
8. Эбу Хүрейре (ра) мындай дейт:
«АЗРЕТИ ПАЙГАМБАР КҮМҮШТӨН ЖАРАТЫЛГАНДАЙ
НУРДУУ АК ЭЛЕ; ЧАЧТАРЫ БОЛСО БИР АЗ ТАРМАЛ ЭЛЕ.» (Et-Tirmizi
İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1-том,
Hilal Yayınları, Ankara,1976, 28-29-б.)
9. «МЫРЗАБЫЗ
(САВ) АККА КЫЗГЫЛТ АРАЛАШ ТҮСТӨ ЭЛЕ...» (Hz.
Ali (ra), G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2-том,
Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 519/4-б.)
10. «АЛЛАХ
РАСУЛУНУН (ЭЛЧИСИНИН) МАҢДАЙЫ КЕҢ, ОРОК КАШТУУ ЭЛЕ, КАШТАРЫ КОЮУ ЭЛЕ. Эки кашынын арасы ачык, таза бир күмүш сыяктуу эле...
САКАЛЫ КОЮУ ЭЛЕ. МОЮНУ ӨТӨ СУЛУУ ЭЛЕ, УЗУН ДА, КЫСКА ДА ЭМЕС ЭЛЕ. МОЙНУНУН
КҮН МЕНЕН ШАМАЛ КӨРГӨН ТАРАБЫ КУЙМА КҮМҮШ КУМУРА СЫЯКТУУ КҮМҮШТҮН АКТЫГЫ МЕНЕН
АЛТЫНДЫН КЫЗЛЫДЫГЫН ЧАГЫЛТКАНДАЙ ЖАРКЫРАЧУ. КӨКҮРӨГҮ КЕҢ ЭЛЕ, КӨКҮРӨГҮНҮН
ТҮЗДҮГҮ КҮЗГҮНҮ, АКТЫГЫ БОЛСО АЙДЫ ЭСКЕ САЛААР ЭЛЕ. ДАЛЫЛАРЫ КЕҢ ЭЛЕ. КОЛ МЕНЕН
БУЛЧУҢДАРЫ ЧОҢ ЭЛЕ. Алаканы жибектен да жумшак эле.» (Huccetü'l
İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2-том,
Çeviri: Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998, 820-б.)
11. ... «Нур жүздүү жана СУЛУУ КЕЛБЕТТҮҮ эле; АРЫК, ИЧКЕ ДА ЭМЕС ЭЛЕ.
... Чачы менен кирпик жана муруттары коюу эле. Үнү жоон эле. Унчукпай турганда
оор басырыктуу (токтоо), СҮЙЛӨГӨНДӨ БОЛСО АЛЫМДУУ (СҮРДҮҮ) эле. Алыстан
караганда адамдардын эң сулуусу жана эң сүйкүмдүүсү көрүнчү; жакындан караганда
болсо жагымдуу көрүнүшү бар эле. Өтө таттуу сүйлөчү. ОРТО БОЙЛУУ ЭЛЕ;
караган адам кыска да, узун да эмес экенин сезчү. ҮЧ КИШИНИН АРАСЫНДА ЭҢ
СУЛУУ КӨРҮНГӨНҮ ЖАНА НУР ЖҮЗДҮҮСҮ ЭЛЕ. ...» (İbni
Sa'd, Tabakat, I, 230-231; Taberani, el-Mu'cem'ül-Kebir, IV, 49, nu:3605, VII,
105, nu:6510; Hakim, el-Müstedrek, III, 9-10; Beyhaki, Delail'ün-Nübüvve, I,
276-284; İbn'Asakir, Tarihu Medineti Dumeşk, III, 314-336, Prof. Dr. Ali
Yardım, Peygamberimizin Şemaili, Damla Yayınevi, 3 Baskı, İstanbul, 1998, 48-б.)
12. Жабир
б. Семүре (ра) мындай дейт: «МЕН
РАСУЛУЛЛАХ МЫРЗАБЫЗДЫН ДАЛЫ СӨӨКТӨРҮ АРАСЫНДА ЖАЙГАШКАН ПАЙГАМБАРЛЫК МӨӨРҮН
КӨРДҮМ. ...» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed,
Şemail-i Şerife, 1-том, Hilal
Yayınları, Ankara,1976, 36-б.)
13. Эбу
Надре (ра) мындай дейт: «Асхабдан Эбу Саид эль-Худриден Расулуллах Мырзабыздын ПАЙГАМБАРЛЫК МӨӨРҮНҮН кандай нерсе
экенин сурадым. КУТТУУ АРКАСЫНДА ГҮЛ
БҮЧҮРҮ СЫЯКТУУ БИР ТИШТЕМ ЭТ экенин айтты.» (Et-Tirmizi
İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1-том,
Hilal Yayınları, Ankara,1976, 42-б.)
14. Эбу
Хүрейре (ра) мындай дейт: «Мен Расулуллах Мырзабыздан сулуураак бирөөнү көргөн
жокмун; күн анын куттуу жүзүндө айланып жүргөндөй эле. ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗДАН ЫЛДАМЫРААК БАСКАН БИРӨӨНҮ ДА КӨРБӨДҮМ; басып
баратканда жер бети буттары астында түрүлүп бараткандай эле. БИЗ АРТЫНАН БАРАТКАНДА АРТТА КАЛЫП КАЛБАШ
ҮЧҮН ЖАНДАЛБАСКА ТҮШЧҮБҮЗ.» (Et-Tirmizi
İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1-том,
Hilal Yayınları, Ankara, 1976, 157-б.)
15. Аз. Эбу Атабе (ра)дан: «БАСЫП БАРАТКАНДА КҮЧТҮҮ КАДАМДАР МЕНЕН БАСЧУ.» (G.Ahmed
Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2-том, Gonca
Yayınevi, İstanbul, 1997, 541/2)
16. Аллах Расулу (Элчиси) адамдардын эң сөзмөрү, ЭҢ ТАРТИПТҮҮ СҮЙЛӨГӨНҮ
ЖАНА ЭҢ ТАТТУУ СӨЗДҮҮСҮ ЭЛЕ (оозунан бал акчу)! Ал мындай дечү: «Мен
арабдын эң фасихимин (катасыз сүйлөгөн. Ачык жана кооз сүйлөгөн).» (Taberani,
Hakim; Huccetü'l İslam İmam Gazali, İhya'u Ulum'id-din, 2-том, котормо:
Dr. Sıtkı Gülle, Huzur Yayınevi, İstanbul 1998,
800-б.)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder