19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ТЫШКЫ КӨРҮНҮШҮ


 

Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын мүнөзү жана илимий күрөшүнөн тышкары, тышкы көрүнүшүн да майда-баратына чейин сүрөттөгөн. Пайгамбарыбыз (сав)дын Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү сүрөттөөлөрү ушунчалык терең жана ачык болгондуктан, Аз. Мехди (ас) чыкканда аны көргөндөр бул сүрөттөөлөрдөн аны ошол замат таанышат.

Бир аятта Ахли Китаптын (мурда китеп берилгендер – иудей, христиандар) Пайгамбар Мырзабыз (сав)ды «балдарын тааныган сыяктуу» таанышаары айтылат:

 

Биз китеп бергендер аны (пайгамбарды) өз балдарын тааныган сыяктуу таанышат. Ошого карабастан, алардын бир бөлүгү чындыкты билип туруп, жаап-жашырышат. (Бакара Сүрөсү, 146)

 

Бул аят ишарат маанисинде Аз. Мехди (ас)дын таанылышына да ишарат кылууда. Аз. Мехди (ас) да чыкканда, Пайгамбарыбыз (сав)дын сүрөттөөлөрүнүн негизинде адамдар аны балдарын тааныган сыяктуу таанышат. Бирок ошого карабастан, кээ бир адамдар ал куттуу инсанды таанымаксан болушат жана аны танышат.

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ТЫШКЫ

КӨРҮНҮШҮНҮН ТААНЫЛЫШЫНДАГЫ

ТАҢ КАЛЫШТУУ ДЕТАЛЬДАР

 

Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде андан кийинки кылымдарда боло турган окуялар же адамдардын эч бири жөнүндө Аз. Мехди (ас) жөнүндөгүчөлүк көп жана детальдуу маалымат берген эмес. Хадистерде Аз. Мехди (ас) менен бирге Аз. Иса (ас)дын да акыр заманда жер бетине экинчи жолу келээри жана дажжалдын да чыгаары кабар берилген. Бирок Аз. Иса (ас) жөнүндө да, дажжал жөнүндө да Аз. Мехди (ас)чалык таң калыштуу жана детальдуу маалыматтар берилген эмес.

Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын кулк-мүнөзү, жашоосу жана кыла турган иштеринчелик, тышкы көрүнүштөрү жөнүндө да таң калыштуу терең сүрөттөөлөр орун алган. Алардын баарын чогуу караганда, ал өзгөчөлүктөрдүн кандайдыр бир адамда кокустан чогулуп калбашын түшүнүүгө болот.

Бул ошол эле учурда Мусулмандардын Аз. Мехди (ас)ды эң туура таанып, аныкташынын канчалык маанилүү экенин көрсөтүүдө. Жакынкы жылдары таанылып чыга турган Аз. Мехди (ас)га жолукканда, иншаАллах (Аллах кааласа), бүт Мусулмандар Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын тышкы көрүнүштөрү жөнүндө айтылган бүт таң калыштуу терең сүрөттөөлөрдүн тууралыгын өз көздөрү менен көрүшөт.

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Аз. Мехди (ас)ды таанытуучу денесиндеги детальдуу ишараттардын ар биринин өз орду айтылып, ар бирине өзүнчө аттар колдонулган. Кээ бири МЕҢ, кээ бири ИЗ, кээ бири ИШАРАТ, кээ бири МӨӨР же БЕЛГИ, кээ бири ЖАЛБЫРАК деп аталып, кээ бири болсо БЕРМЕТ же ЖЫЛДЫЗга окшотулган.

Мындан тышкары, Аз. Мехди (ас)дын терисинин, чачынын жана сакалынын түсү, бою, дене түзүлүшүнүн бүт детальдары, жүзүнүн жалпы өзгөчөлүктөрү, башынын жана маңдайынын формасы, мурдунун, каштарынын, тиштеринин өзгөчөлүктөрү сыяктуу таанытуучу сыпаттары да укмуш терең сүрөттөлгөн.

Мисалы, бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) «Аз. Мехди (ас)дын ОҢ бутунда КАРА бир ИЗ болоорун» айткан. Бирок көңүл бурулган болсо бул жерде бир изден эле сөз болгон жок, ал издин КАРА экени, ОҢ БУТУНДА болоору сыяктуу так аныктоочу детальдар да берилген. Төмөндөгү хадистерден Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын тышкы көрүнүшү жөнүндө берген маалыматтарды терең көрө алабыз.

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) СУЛУУ ЖАНА НУРДУУ

 

Ал (Аз. Мехди (ас)) сулуу бир жигит, жүзү сулуу. ЖҮЗҮНҮН НУРУ башына жана чачтарынын карасына чейин көтөрүлөт. (Mehdilik ve İmamiye,  153-б.; İkdüd Dürer'den)

 

Жүзү жаркыраган ЖЫЛДЫЗ СЫМАЛ НУРДУУ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 33-б. /Kitab-ül Burhan Fi Alamatil-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 22-б.)

 

Пайгамбарыбыз (сав) «Менин урпагымдан 40 жаштагы Мехди. Жүзү асманда ЖАРКЫРАГАН ЖЫЛДЫЗ СЫЯКТУУ.» деп айткан. (Ali b. Sultan Muhammed el-Kari el-Hanefi "Risaletül Meşreb Elverdi fi Mezhebil Mehdi")

 

Аз. Мехди (ас) менин урпактарымдан. Анын жүзү жаркыраган жылдыз сыяктуу. (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")

 

СУЛУУ ЖҮЗДҮҮ. ЖҮЗҮНҮН НУРЛАРЫ АГА БИЙИКТИК (СҮР) БЕРЕТ. (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")

 

Ал (Аз. Мехди (ас)) орто бойлуу жана СУЛУУ ЖҮЗДҮҮ бир жаш жигит... ЖҮЗҮНҮН НУРУ чачынын, сакалынын жана башынын каралыгы үстүнө КҮН СЫЯКТУУ ЖАРКЫРАЙТ жана ага бийиктик (улуулук) берет. (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")

 

Хумран бин Аъйан айтат, Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламга: «...Сенин кожоюнуң Аз. Мехди (ас) кең курсактуу, маңдайында из бар, ЖҮЗҮ СУЛУУЛАРДЫН УРПАГЫ. (Б.А. ЖҮЗҮ СУЛУУ)» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 253-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖҮЗҮ БЕРМЕТ АГЫН ЭСКЕ САЛАТ ЖАНА

ЖАРКЫРАГАН ТАЗА ЖҮЗДҮҮ БОЛОТ

 

АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНИН УРПАКТАРЫМДАН БИР ЗАТ. ЖҮЗҮ БЕРМЕТ ЖЫЛДЫЗЫ СЫМАЛ. (Ebu Davud, Mehdi 1., Kıyamet Alametleri, İsmail mutlu 155-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ӨҢҮ АРАБТАРДАЙ, Б.А.

КАРА ТОРУГА ЧАЛГАН АК БОЛОТ

 

 

Араб элинин терисинин (денесинин) өңү Пайгамбар Мырзабыз (сав)дыкы сыяктуу кызылга (кара торуга) аралаш ак. Риваяттарда Аз. Мехди (ас)дын денесинин өңүнүн да ошондой болоору айтылат.

 

Аз. Мехди (ас)дын түсү Араби (арабтардыкындай)... (İbn Hacer El Mekki; "El-Kavlü'l Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar", 15-75-б.)

 

Аз. Мехди (ас)дын түсү Араби. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 163)

 

Араб элинин түсү кызылга аралаш ак.

Аз. Пайгамбар (сав)дын түсү дагы кызылга чалган ак түс эле. Бирок денесинин көрүнгөн тараптары күн, шамал сыяктуу нерселердин таасири менен кара торуга чалчу. Риваяттардан Аз. Мехди (ас)дын дене түсүнүн да Пайгамбар Мырзабыз (сав) менен бирдей түстө болоору көрүнүп турат.

Риваяттарда Пайгамбарыбыз (сав)дын денесинин түсү мындайча билдирилген:

Энес б. Малик (ра) мындай дейт: «Пайгамбар Мырзабыз (сав) орто бойлуу эле; узун да эмес, кыска да эмес эле; көрүнүшү жагымдуу эле. Чачы болсо тармал да эмес, түз да эмес эле. Куттуу (Аллахтын жакшылыгы болгон нерсе, берекелүү) жүздөрүнүн түсү болсо нурдуу ак эле.» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 2-том, Hilal Yayınları, Ankara, 1976, 7-8-б.)

 

Аз. Хасан (ра) алып өткөргөн: «Расулуллах Мырзабыз (сав) табиятынан сүрдүү жана сулуу эле. Чачтары тармал менен түздүн арасы эле; өзүнөн-өзү экиге бөлүнгөн болсо аларды башынын эки жагына түшүрчү, андай болбосо бөлчү эмес. Өстүргөн кезде чачы кулак жумшагынан өтчү. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын түсү эзхеръул-левн (өтө ак жана жаркыраган түс) эле, б.а. нурдуу ак эле. Маңдайы ачык эле. Каштары орок сыяктуу, коюу жана бир-бирине жакын эле. Моюну таза мрамордон жасалган айкелдердин мойну сымал күмүштөй жаркыраган эле. Денесинин бүт бөлүктөрү бир-бирине төп келишип, жарашыктуу бир дене түзүлүшүнө ээ эле...» (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1-том, Hilal Yayınları, Ankara,1976, 18-22-23-б.)

 

Энес б. Малик (ра) мындай дейт: «Расулуллах Мырзабыздын бою өтө узун да, өтө кыска да эмес эле. Түсү болсо таза ак да, коюу кара тору да эмес эле. Чачтары болсо түз да, тармал да эмес эле. Кырк жашына келгенде Аллах Таала Аны пайгамбар кылып жөнөттү. Пайгамбар болгон соң Меккеде 10 жыл, Мединада да 10 жыл жашады жана 60 жаштарында көз жумду. Бул утурумдук дүйнө менен коштошкондо, чачы менен сакалында 20 кыл ак чач жок эле.» (Сүнени Тирмизи котормосу, Которгон: Осман Зеки Молламехметоглу (Osman Zeki Mollamehmetoğlu), Yunus Emre Yayınevi, İstanbul, 4-том, 201-б.)

 

«Мырзабыз (сав) ак-кызгылт аралаш өңдө эле. Көздөрү кара, кирпиктери коюу жана узун эле.» (Аз. Али (р.а.), G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 2-том, Gonca Yayınevi, İstanbul, 1997, 519/4-б.)

 

Энес б. Малик Аз. Пайгамбар (сав)дын түсү жөнүндө мындай деди: Ак эле. Бирок кара торуга чалган ак эле. (İbni Kesir, Şemail'ür- Resul, 28-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АЧЫК ӨҢДҮҮ БОЛОТ ЖАНА

ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫКЫНА ОКШОШ

ТҮСТӨ ЭКИ МЕҢИ БОЛОТ

 

Эбу Жафер Имам Мухаммед Бекир (ас) Азрети ата-бабалары аркылуу Эхли Бейттин лидери, Азрети, Ыймандуулардын Амири (ас)дын минбардан айткандарын алып баяндаган: «АКЫР ЗАМАНДА УРПАКТАРЫМДАН БИР КИШИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫГАТ, АК ТҮСКӨ АРАЛАШ АЧЫК ТҮСТҮҮ БОЛОТ, ... ПАЙГАМБАРДЫН ӨҢҮНДӨ ЭКИ ЭТ МЕҢИ БОЛОТ. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КӨТӨРҮЛӨТ.» (İmam Hz. Mehdi (as)'ın Hayatı (Имам Аз. Мехди (ас)дын өмүрү), Allame Bakır  Şerif el- Kureyşi (Алламе Бакыр Шериф эль-Курейши))

 

«Мехди менин неберелеримден. ... ТҮСҮ АРАБТАРГА, ДЕНЕСИ ИЗРАИЛ УРПАКТАРЫНА ОКШОШ. ...».

[El-Beyan fi Ahbari Sahib-üz Zaman]

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ИЙИНИНДЕ ЭЛЧИЛИК

МӨӨРҮ БАР

 

Куттуу хадистерде айтылышынча, Аз. Мехди (ас)дын эки ийини арасында Аз. Мухаммед (сав)дагы сыяктуу анык бир алаамат болгон «пайгамбарлык мөөрү» болот.

 

Аз. Мехди (ас)дын ийининде Пайгамбар Мырзабыз (сав)дагы пайгамбарлык мөөрү болот. (El-Kavlu'l Muhtasarr Fi Alamatil Mehdiyy- il Muntazar, 41-б.)

 

Ийининде Пайгамбар (сав)дын алааматы бар. /Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 23-б.)

 

Ийининде Пайгамбар (сав)дын белгиси бар. (Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), Berzenci (Берзенжи), 163-б.)

 

Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын денесинде ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ГА ТИЕШЕЛҮҮ БИР АЛААМАТ болоорун кабар берген. Башка хадистерде болсо БУЛ АЛААМАТТЫН ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН ПАЙГАМБАРЛЫК МӨӨРҮ ЭКЕНИ айтылган жана ПАЙГАМБАРДЫН БЕЛГИСИНЕ окшотулган. Бул дагы Аз. Мехди (ас)га байланыштуу өтө маанилүү дагы бир таң калыштуу маалымат.

Белгилүү болгондой, МӨӨРДҮН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ КОЮУ ТҮСТӨ БОЛУШУ жана ТЕРИНИ КАПТАГАН БИР ТҮЗҮЛҮШТӨ БОЛОТ.

Мындан тышкары, Аз. Мехди (ас)дын аркасындагы бул мең үчүн да анык критерий айтылып, орду так көрсөтүлгөн. Риваяттарда ар пайгамбардын оң колунун үстүндө пайгамбарлык мөөрү болоору кабар берилген. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын пайгамбарлык мөөрүнүн болсо шемаили шерифинде (дене сүрөттөлүшүндө) «сол далысында дененин бетинде, жүрөгүнүн тушунда» экени айтылган. Ошондуктан хадистерде «Аз. Мехди (ас)дын ийининде Пайгамбар Мырзабыз (сав)дагы пайгамбарлык мөөрүнүн болоорунун айтылышы» Аз. Мехди (ас)дын да «АРКАСЫНДА СОЛ ДАЛЫ СӨӨГҮНҮН БЕТИНДЕ, ЖҮРӨК ТУШУНДА КОЮУ ТҮСТӨ ЧОҢ БИР МЕҢ БОЛООРУН» көрсөтүүдө.

 

Расулуллах (сав)дын пайгамбарлык мөөрү

 

Жабир б. Семүре (ра) айтып берген:

Мен Расулуллах Мырзабыз (сав)дын далы сөөктөрү арасында жайгашкан пайгамбарлык мөөрүн көрдүм. (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1-том, Hilal Yayınları, Ankara, 1976, 36-б.)

 

Эбу Саид б. Йезидден риваят кылынган: көзүм Пайгамбарыбыз (сав)дын эки далысы арасындагы мөөргө урунду. (Sünen-i Tirmizi (Сүнени Тирмизи), 6/126)

 

Аз. Алинин неберелеринен Ибрахим б. Мухаммед (ра) алып айтып берген:

Чоң атам Аз. Али Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын өзгөчөлүктөрүн айтып берип жатып, Расулуллахтын Хилйеси (сонун сыпаттар, кооздук, зыйнат, жасалга, сулуу жүз, көрүнүш) жөнүндөгү хадисти толук айтат жана:

«Далы сөөктөрү арасында пайгамбарлык мөөрү бар эле. Жана Ал пайгамбарлардын акыркысы» дечү. (Et-Tirmizi İmam Ebu İ'sa Muhammed, Şemail-i Şerife, 1-том, Hilal Yayınları, Ankara, 1976, 38-б.)

 

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АРКАСЫНДА

ЖАЛБЫРАККА ОКШОШ БИР МЕҢ БАР

 

Эбу Басир мындай дейт: Имам Мухаммед Бакыр же Жафери Садык алейхиссалам мындай деп айтты: «... (Аз. Мехди (ас)дын) эки далы сөөгүнүн арасында бир мең бар. СОЛ ДАЛЫ СӨӨГҮНҮН СОЛ АСТЫҢКЫ ТАРАБЫНАН БИР ЖАЛБЫРАК БАР, МИРТ ЖАЛБЫРАГЫ СЫЯКТУУ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 253-б.)

 

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын аркасындагы бул меңдин орду да өтө терең айтылып, ЭКИ ДАЛЫ СӨӨГҮНҮН ОРТОСУНДА; СОЛ ДАЛЫ СӨӨГҮНҮН СОЛ АСТЫҢКЫ ТАРАБЫНДА экени белгиленген. Меңдин түзүлүшү да өтө терең сүрөттөлүп, «МИРТ ДАРАГЫНЫН ЖАЛБЫРАГЫНА» окшотулган. Бул жердеги «ЖАЛБЫРАК»ка окшоштуруудан меңдин «дарак жалбырагын эске сала турган абалда четтери бар, асты жагынан жогорураакта четтери орун алган бир мең экени», ошол эле учурда «соолуган бир жалбырак өңүндө; б.а. сары же теринин өңүндөгү бир мең экени» көрүнүп турат.

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ДЕНЕСИ ИЗРАИЛ

УРПАКТАРЫ СЫЯКТУУ

 

Аз. Мехди (ас)дын бою, келбети Бани Израил (Израил урпактары) төрөлөрү сыяктуу. (El-Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 36 29)

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Денеси Израил денеси. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 24)

 

Аз. Мехди (ас) Бани Израилден бир адамдай. (Кыймылы аларга окшошот, б.а. сүрдүү жана энергиялуу.) (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 23 30)

 

Абдуллах б. Харрис мындай дейт: АЗ. МЕХДИ (АС) кырк жашында турат жана (көрүнүшү жагынан) ИЗРАИЛ УРПАКТАРЫНА ОКШОШОТ. (Kitab-ul Havi li'l Feteva, 2-т., 135-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) БАСЫШЫ СЫРТТЫ КӨЗДӨЙ

БОЛОТ

 

Бир өзгөчөлүгү – бул басып баратканда сандарынын ачык жана бир-биринен алыс болушу. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 32-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) СҮЙЛӨП ЖАТКАНДА БАСЫМ ЖАСОО ҮЧҮН КОЛУН КОЛДОНОТ

 

Хадисте «Аз. Мехди (ас) сүйлөп жатканда колун да колдоноору; сүйлөп жатканда сөздөрүнө басым жасагысы келгенде колун кыймылдатаары жана адамдардын болсо анын бул кыймылдарын көрөөрү» кабар берилген:

 

Аз. Мехди (ас) ... жай жана оор сүйлөгөн кезде ОҢ КОЛУН СОЛ ТИЗЕСИНЕ УРАТ. (İmam Suyuti (Имам Суйути), Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), Ölüm ve Diriliş (Өлүм жана тирилүү), 174-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ОРТО БОЙЛУУ БОЛОТ

 

Аз. Мехди (ас) орто бойлуу болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 41-б.)

 

Эбу Абдуллах Нуайм б. Хаммаддын Эбу Жафер б. Мухаммед б. Али Эль-Бакырдан риваяты боюнча, Аз. Алиден Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүктөрү суралды, ал болсо мындай жооп берди: «Ал (Аз. Мехди (ас)) орто бойлуу жана сулуу жүздүү бир жаш жигит...» (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")

 

Пайгамбар Мырзабыз (сав) да, хадистерде Аз. Мехди (ас) үчүн айтылгандай, орто бойлуу. Риваяттарда мындайча айтылат:

 

Энес б. Малик риваяттарда мындай деди: «Расулуллах (сав) орто бойлуу эле.»

(Tirmizi (Тирмизи), Şemail-i Şerif (Шемаили Шериф), 15-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) СҮРДҮҮ КИШИ БОЛОТ

 

Ал (Аз. Мехди (ас))... сүрдүү бир инсан. (İkdüd dürer)

 

Аз. Мехди (ас) Бани Израилден бир адамдай. (Кыймылы аларга окшошот, б.а. сүрдүү жана энергиялуу.) (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 23-30)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН САКАЛЫ КОЮУ БОЛОТ

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Сакалы коюу болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Сакалы коюу. (Kıyamet Alametleri, Berzenci (Берзенжи), 163-б.)

 

... (Аз. Мехди (ас)) Кара чачтуу. Кара сакалдуу. (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")

 

... (Аз. Мехди (ас)дын) Жүзүнүн нуру чачынын, сакалынын жана башынын карасы үстүнө күндөй жаркырайт жана ага бийиктик берет. (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")

 

Аз. Мехди (ас) коюу сакалдуу... (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН САКАЛЫ КАПТАЛДАРЫ АЗ, ТӨМӨН ТАРАБЫ БОЛСО УЗУН БОЛОТ

 

... (АЗ. МЕХДИ (АС)) ОРТО БОЙЛУУ, КАРА ТОРУ, МЕЖЗУМ (КЫСКА САКАЛДУУ), КЕВСЕЖ (САКАЛЫ КАПТАЛДАРЫНДА АЗ, ТӨМӨН ТАРАБЫ УЗУН); ... БИР АДАМ, АНЫ ШУАЙБ БИН САЛИХ ДЕШЕТ. АК КИЙИМЧЕН, КАРА ЖЕЛЕКТҮҮ 4000 КИШИНИН БАШЧЫСЫ...**. (Fetava-i Hadîsiyye, Ebü'l-Abbas Şehabeddin Ahmed İbn Hacer el-Heytemi-41)

 

Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас) жөнүндө кабар берген детальдардын бири Аз. Мехди (ас)дын сакалы менен байланыштуу. Көптөгөн хадисте Аз. Мехди (ас)дын сакалдуу болоорун кабар берген Пайгамбарыбыз (сав) бул хадисинде болсо ал сакалдын формасы жөнүндө терең маалымат берген. Аз. Мехди (ас)дын сакалынын формасынын капталдары аз, б.а. ичке болуп түшкөн, ылдый тарабы болсо узун бир формага ээ экенин айткан.

Бул хадисте Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)ды Шуайб бин Салих деп атоодо. Хадисти түшүндүргөн улуу Ислам аалымы Хейтеми Азрети Аз. Мехди (ас) үчүн колдонулган Шуайб сөзүнүн «кичинекей топ (шубежик)» маанисинде колдонулганын айтып, бул сөз менен Аз. Мехди (ас)дын көп сандагы каапырларга каршы пикирдик күрөш жүргүзө турган дос-курдаш тобунун санынын өтө аз экени билдирилгенин айткан. Бин Салих сөзү менен болсо Аз. Мехди (ас)дын атасынын да салих (ыкластуу) бир адам экенине көңүл бурулганын айткан. Пайгамбарыбыз (сав) хадисте ак кийимине көңүл бурулган Аз. Мехди (ас) жөнүндө Хейтеми Азрети сахих хадистерге таянып кошумча бир маалымат да берген жана Аз. Мехди (ас)дын бир атынын Харрас, б.а. «Арстан» экенин айткан.

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ТИШТЕРИ КООЗ ЖАНА

ЖАРКЫРАГАН БОЛОТ

 

Аз. Али (ра)дан алып айтылган:

«Аз. Мехди (ас)... алдыңкы тиштери жаркыраган...»

 

Ал (Аз. Мехди (ас)) тиштери жаркыраган... (İmam Suyuti (Имам Суйути), Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), Ölüm ve Diriliş (Өлүм жана тирилүү), 1699-б., 174-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАШЫЛ КӨЗДҮҮ ЖАНА САКАЛЫ КАПТАЛДАРЫНДА АЗ БОЛГОН БИР КИШИ БОЛОТ

 

АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖАШЫЛ КӨЗДҮҮ, ОРОК КАШТУУ, ИЙИЛГЕН МУРУНДУУ, КОЮУ САКАЛДУУ, ОҢ ЖААГЫН КӨЗДӨЙ САКАЛСЫЗ БИР ЖАШ ЖИГИТ. (Мехди жөнүндө келген кабарлар (Nurul Ebsar)Ehl-i Beyt & Oniki İmam, Kutuplar ve Mezhep İmamlarının Menkıbeleri Şeblenci (1250),Tercüme (Котормо): Saim Güngör, (Pamuk Yayıncılık Nisan 2004 Том: 628 77 93) 588-589-б.)

 

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистер Аз. Мехди (ас)дын тышкы көрүнүшү жөнүндө өтө маанилүү маалыматтарды берүүдө.

 

1.

 

АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖАШЫЛ КӨЗДҮҮ ... БИР ЖАШ ЖИГИТ.

 

Аз. Мехди (ас) жөнүндө билдирилген куттуу хадистер боюнча, Аз. Мехди (ас)дын көздөрү жашыл болот.

 

2.

 

АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ... ОРОК КАШТУУ, ... БИР ЖАШ ЖИГИТ.

 

Аз. Мехди (ас)ды адамдарга тааныта турган өзгөчөлүктөрүнүн бири – анын каштары ийилген (керме) болот:

 

(АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КАШЫ ИЙИЛГЕН. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, "Kıyamet Alametleri" Pamuk Yayınları, Trc. Naim Erdoğan, 163-б.)

 

3.

 

АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ... ИЙИЛГЕН МУРУНДУУ ... БИР ЖАШ ЖИГИТ.

 

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистер боюнча, Аз. Мехди (ас)дын мурду кичинекей жана түз болот, мурдунун ортоңку бөлүгүндө белгилүү-белгисиз бир дөмпөйүү болот:

 

(АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) Чачы коюу, маңдайы кенен жана маңдайында бир аз чуңкурча бар. МУРДУ КИЧИНЕКЕЙ ЖАНА ДАЛ КӨПҮРӨ БӨЛҮГҮНДӨ ӨТӨ КИЧИНЕКЕЙ БИР ДӨМПӨЙҮҮ БАР... (Bihar-ül Envar, c. 13)

 

4.

 

АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ... КОЮУ САКАЛДУУ ... БИР ЖАШ ЖИГИТ.

 

Аз. Мехди (ас)дын сакалы өтө кооз жана коюу болот:

 

(АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) САКАЛЫ КОЮУ.

 (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, "Kıyamet Alametleri" Pamuk Yayınları, Trc: Naim Erdoğan, 163-б.)

 

(АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) САКАЛЫ КОЮУ БОЛОТ.

 (Ahmet İbn-i Hacer-i Mekki (Heytemi), Beklenen Mehdi'nin Alametleri, El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)

 

5.

 

АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ... ОҢ ЖААГЫН КӨЗДӨЙ САКАЛСЫЗ БИР ЖАШ ЖИГИТ.

 

Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас) жөнүндө берген дагы бир маалымат – бул Мехди (ас)дын сакалынын формасынын ичке формада экени; капталдарынан аз, б.а. жаагы бою ичке болуп түшүп, төмөн тарабы болсо узун бир формага ээ экендиги.

 

Темим урпактарынан ОРТО БОЙЛУУ, КАРА ТОРУ, МЕЖЗУМ (ЖУКА САКАЛДУУ), КЕВСЕЖ (САКАЛЫ КАПТАЛДАРЫНДА АЗ, ТӨМӨН ТАРАБЫ УЗУН БОЛГОН; БАШКА БИР МААНИСИ БОЛСО ЙЕМЕН НЕГИЗДҮҮ) БИР АДАМ; аны Шуайб бин Салих дешет. АК КИЙИМДҮҮ, КАРА ЖЕЛЕКТҮҮ 4000 КИШИНИН БАШЧЫСЫ. Аз. Мехди (ас)дын алдыңкысы болот жана ким менен пикирдик күрөшкө кирбесин, согушта ким ага каршы чыкпасын, аны жеңет**. (Fetava-i Hadîsiyye, İbn-i Hacer-i Heytemi-41)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) КЫЛЫЙ КӨЗДҮҮ

 

Хумран бин Аъйан мындай дейт: Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламга мындай дедим: ... «Аз. Мехди (ас) КЫЛЫЙ КӨЗДҮҮ (КӨЗДӨРҮ КИЧИНЕ, ТОГОЛОК ЧОҢ ЭМЕС)...» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 252-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) КЕҢ ДЕНЕЛҮҮ

 

Пайгамбарыбыз (сав) акыр замандын эң улуу кутбу, замандын ээси Аз. Мехди (ас) жөнүндө билдирген маалыматтар арасында Аз. Мехди (ас)дын тышкы көрүнүшү өтө терең кабар берилген. Бул өзгөчөлүктөрдүн бири – бул Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав) сыяктуу сүрдүү (жарашыктуу) жана денесинин кең болушу. Аз. Мехди (ас)дын кең курсактуу жана кең далылуу болооруна көңүл бурулган. Ошондой эле, Аз. Мехди (ас)дын каштарынын бир-бирине эакын экени, ылдам басканда жандуу, кыймылдуу бир табиятка ээ экени да түшүнүктүү болууда.

 

(Аз. Мехди (ас)) Чоң денелүү... (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")

 

Йахйа бин Нуфальден, ал тургай, Муса бин Жафер (ас) аср намазынан соң колдорун көтөрүп, дуба кылат, андан ким үчүн дуба кылганын сурайм. Ал мындай дейт: Мухаммед (сав) бүлөсүнөн Эль-Мехди үчүн жана минтип улантты: КЕҢ КУРСАКТУУ, КАШТАРЫ ЖАКЫН, БУТТАРЫ ӨТӨ ЭНЕРГИЯЛУУ, ДАЛЫЛАРЫ КЕҢ..., АНЫН ТҮНҮ АЛЛАХКА МОЮН СУНУП ЖАНА САЖДА КЫЛЫП ЖЫЛДЫЗДАРГА КАРООЛ БОЛОТ, АНЫ КҮНӨӨЛӨГӨНДӨРДҮН ЖАПКАН ЖАЛААЛАРЫ АГА АЛЛАХТЫН АЛДЫНДА ТААСИР БЕРБЕЙТ, АЛ НУР ЧАЧУУЧУ БИР ШАМ ЧЫРАК, АЛЛАХТЫН БУЙРУГУ МЕНЕН ЧЫГАТ. (Bihar'ul  Envar: 86-81)

 

Эбу Жафер Имам Мухаммед Бекир (ас) Азрети бабалары аркылуу Эхли Бейттин лидери, Азрети, Ыймандуулардын Амири (ас)дын минбардан айткандарын алып өткөргөн, «АКЫР ЗАМАНДА УРПАКТАРЫМДАН БИР КИШИ ЧЫГАТ, ... АЧЫК ЖАНА КЕҢ КУРСАКТУУ БОЛОТ, САН СӨӨКТӨРҮ КЕНЕН ЖАНА ЧОҢ, БЕЛГИЛҮҮ БОЛОТ, ...» (İmam Hz. Mehdi (a.s.)'nin Hayatı, Allame Bakır  Şerif el- Kureyşi)

 

Башка бир хадисте Азрети Али (ас) Имам Мехди (ас)дан мындайча сөз кылат: «МАҢДАЙЫ КЕНЕН ... АЧЫК ЖАНА КЕҢ КУРСАКТУУ, САНДАРЫ КЕНЕН, ...» (Yenabi-ül Mevedde, 423-б.)

 

(Аз. Мехди (ас)) Курсагы чоң, эки саны арасы ачык... (Fevaidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar, 13-б.)

 

(Аз. Мехди (ас)) Эки саны арасы ачык... (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Fevaidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Маңдайы кең. (Хадис Аз. Мехди (ас)дын башынын да чоң болооруна ишарат кылууда.) (Ali Bin Hüsamettin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути чогулткан хадистер) - Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, 22-б.)

 

КУРСАГЫНЫН КЕҢ БОЛУШУ

 

... Курсагы чоң, эки саны арасы ачык...

 (Fevaidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar, s. 13)

 

 

САН СӨӨГҮ КЕНЕН

 

Аз. Мехди (ас)дын курсагы кең болгондуктан сандары да кенен (жоон) болот.

 

Ал (Аз. Мехди (ас)) маңдайы ачык... курсагы чоң, эки саны арасы ачык... (Fevaidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar, 13-б.)

 

(Аз. Мехди (ас)) Эки саны арасы ачык... (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Fevaidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН МАҢДАЙЫ АЧЫК

ЖАНА КЕҢ БОЛОТ

 

Аз. Мехдинин маңдайы ачык жана кең болгондуктан, башынын да чоң болоору хадистерден түшүнүктүү болот.

 

Мехди менден... Маңдайы ачык. (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 21-б.)

 

Аллах Таала менин урпактарымдан маңдайы ачык, жер бетин адилеттикке толтуруп, мал-мүлктү адамдарга көп көп бере турган бир урпагымды (Аз. Мехди (ас)ды) жөнөтөт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)

 

Сөзсүз Аллах менин урпактарымдын арасынан маңдайы ачык (болгон) бир инсанды (Аз. Мехди (ас)) жөнөтөт. (Fevaidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar, 11-б.)

 

Ал (Аз. Мехди (ас)) маңдайы ачык... (İmam Suyuti, Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, 1699-б., 174-б.)

 

Аз. Мехди (ас)дын маңдайы ачык. (Бул хадисти Эбу Давуд Сүненинде, Хаким болсо Мүстедрек китебинде риваят кылган.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН МУРДУ КИЧИНЕКЕЙ

ЖАНА ИЧКЕ

 

Анын маңдайы кең, мурду болсо ичке болот. (Tirmizi (Тирмизи); Büyük Hadis Külliyatı (Чоң хадис жыйнагы), Rudani 5-том, 365-б.)

 

... (Аз. Мехди (ас)) кичинекей мурундуу... (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, "Kıyamet Alametleri" Pamuk Yayınları, Trc. Naim Erdoğan, 163-б.)

 

«Мехди мен(ин урпактарым)дан. Анын маңдайы ачык жана МУРДУ ИЧКЕ. ...» (Ahmed, b. Hanbel II-291, III-17) (Süneni Ebu Davud Terceme ve şerhi (Сүнени Эбу Давуд котормо менен түшүндүрмөсү) 14-том, Şamil yayıncılık, K. el-Mehdi (35), 404-б.)

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Чачы коюу, маңдайы кең жана маңдайында бир аз чуңкур бар. МУРДУ КИЧИНЕКЕЙ жана дал көпүрө бөлүгүндө өтө кичинекей бир дөмпөйүү бар. Жаагында сыртка чыгып турган бир меңи бар. (Bihar-ül Envar, 13-том)

 

Абдулмелик Исами (1111): Меккеде жашаган белгилүү тарыхчылардан. Ал "Sımt-ul Nucum-il Avali" аттуу төрт томдук тарых китебинде мындай деп жазат:

«... АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ТОКТОО, СУЛУУ ЖҮЗДҮҮ ЖАНА СУЛУУ ЧАЧТУУ, ИЧКЕ МУРУНДУУ ЖАНА КЕҢ ЖҮЗДҮҮ БИР ЖИГИТ.» (Sımt-ul Nucum-il Avali, 4-т., 138-б.) (Hz. Mehdi Aleyhisselam, Abdullah Turan, Al-i Taha, 157-б.)

 

Имам Ахме Эбу Йала Семуйех Зийаүъл-Макдиси эль-Мухтареде Эбу Саид (ра)дан риваят кылышы боюнча, Азрети Пайгамбар (сав) мындай деп айткан: Эхли Бейтимден чачы тегиз, маңдайы ачык, МУРДУ КАДЫРЕСЕ БИР АДАМ жер бетин андан мурда зулумдукка толтурулган сыяктуу адилеттүүлүккө толтурмайынча кыямат болбойт. (Muhammed bin Salih ed-Dimaşki, Peygamber (saas) Külliyatı, 202-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КАШТАРЫ КЕРМЕ

БОЛОТ

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Кашы керме (ийилген). (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, "Kıyamet Alametleri" Pamuk Yayınları, Trc. Naim Erdoğan, 163-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧАЧЫ КАРА

 

Эбу Абдуллах Нуайм б. Хаммаддын Эбу Жафер б. Мухаммед б. Али Эль-Бакырдан риваяты боюнча, Аз. Алиден Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүктөрүнөн суралды, ал болсо мындай жооп берди:

«... Чачтары далыларынын үстүнө төгүлөт. Жүзүнүн нуру чачынын, сакалынын жана башынын каралыгы үстүнө күндөй жаркырайт жана ага бийиктик берет.»

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Жүзүнүн нуру башына жана чачтарынын карасына чейин көтөрүлөт. (Mehdilik ve İmamiye, 153-б. / İkdüd Dürer'den)

 

(Аз. Мехди (ас)) Кара чачтуу. Кара сакалдуу. (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si ìFevaidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazarî)

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Жүзүнүн нуру чачынын, сакалынын жана башынын каралыгы үстүнө күндөй жаркырайт жана ага бийиктик берет. (Ukayli ìEn-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamalî)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧАЧТАРЫ КООЗДУГУ

МЕНЕН КӨҢҮЛ БУРАТ

 

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын «сулуу жүздүү жана сулуу чачтуу» болоору кабар берилген. Мындан тышкары, «кең жүздүү» деген сөз аркылуу башка хадистерде «маңдайы кең» экени кабар берилген Аз. Мехди (ас)дын башынын да Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын куттуу башы сыяктуу чоңураак болоору түшүнүктүү болууда.

 

Ахмед б. Синан Кирмани Димешки (1019) ахли сүннөттүн белгилүү аалымдарынан жана «Ahbar-ud Duvel (Ахбар-уд Дувел)» аттуу китепте мындай деп жазат:

«... Ал (Аз. Мехди (ас)) ОРТО БОЙЛУУ, СУЛУУ ЖҮЗДҮҮ, СУЛУУ ЧАЧТУУ...» (Ahbar-ud Duvel, 117-б. Хижрий 1382-ж. басылмасы)

 

Абдулмелик Исами (1111): Меккеде жашаган белгилүү тарыхчылардан. Ал "Sımt-ul Nucum-il Avali (Сымт-ул Нужум-ил Авали)" аттуу төрт томдук тарых китебинде мындай деп жазат:

«... АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ТОКТОО, СУЛУУ ЖҮЗДҮҮ ЖАНА СУЛУУ ЧАЧТУУ, ИЧКЕ МУРУНДУУ ЖАНА КЕҢ ЖҮЗДҮҮ БИР ЖИГИТ.» (Sımt-ul Nucum-il Avali, 4-т., 138-б.; Hz. Mehdi Aleyhisselam, Abdullah Turan, Al-i Taha, 157-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ОҢ БУТУНДА КАРА БИР

ИЗ БАР

 

(Аз. Мехди (ас)дын) оң бутунда КАРА БИР ИЗ БАР. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 251-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН МАҢДАЙЫНДА БИР

МЕҢ БАР

 

Эбу Басир мындай дейт: Имам Мухаммед Бакыр же Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: «Эй Эбу Мухаммед! Каимдин (Аз. Мехди (ас)дын) эки алааматы (же алааматтары) бар. БАШЫНДА БИР МЕҢ жана бир из бар жана эки далы сөөгүнүн арасында бир мең бар. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 253-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН МАҢДАЙЫНДА БИР ИЗ

(ЖАРА ИЗИ) БАР

 

Хумран бин Аъйан мындай дейт, Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламга мындай дедим: «... (Аз. Мехди (ас)дын) МАҢДАЙЫНДА ИЗ БАР, жүзүндө болсо мең.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 252-б.)

 

Хумран бин Аъйан мындай дейт, Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламга: «... (Аз. Мехди (ас)дын) МАҢДАЙЫНДА ИЗ БАР, жүзү сулуулардын урпагы. (Б.а. жүзү сулуу)...» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 252-253-б.)

 

Эбу Басир мындай дейт: Имам Мухаммед Бакыр же Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: «Эй Эбу Мухаммед! Каимдин (Аз. Мехди (ас)дын) эки алааматы (же алааматтары) бар. БАШЫНДА бир мең жана БИР ИЗ БАР... (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 253-б.)

 

Аз. Мехди (ас)дын маңдайындагы ал из БИР ЖАРА ИЗИ болуш керек. Мындан тышкары, хадисте «мең» ордуна «из» сөзүнүн колдонулушу ал издин меңден ачыгыраак түстө экенин көрсөтүүдө.

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН МАҢДАЙЫ

ЖАРКЫРАГАН БОЛОТ

 

Эбу Саид Эль-Худри Аллахтын Элчиси (сав)дан алып айтат, «Күмөнсүз, Улуу Аллах менин урпактарымдан жана Эхли Бейтимден... МАҢДАЙЫ ЖАРКЫРАГАН БИРӨӨНҮ ЧЫГАРАТ, ошентип ал жер бетин адилеттик, бакубаттык жана экономикалык теңдикке толтурат.» [İkdüd Dürer fi Ekber-i Muntazar, 101-б.]

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН БЕТИНДЕ МЕҢ БАР

 

Риваяттардан Аз. Мехди (ас)дын бетинде бермет сымал, жылдыздай жаркыраган, б.а. ачык түстөгү бир мең болоору түшүнүктүү болууда:

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Бетинде бермет сымал, бир жылдыздай жүзүн жаркыраткан бир ишарат бар. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, "Kıyamet Alametleri" Pamuk Yayınları, Trc: Naim Erdoğan)

 

Аз. Мехди (ас) коюу сакалдуу, алдыңкы тиштери жаркыраган, жүзү меңдүү, маңдайы ачык. (Mer'iy b. Yusuf b. Ebu Bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Fevaidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Жүзүндө бир мең болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 41-б.)

 

(Аз. Мехди (ас)дын) Жүзүндө бир мең бар. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki)

 
Аз. Мехди (ас)дын бетинде БЕРМЕТ СЫМАЛ жана БИР ЖЫЛДЫЗДАЙ жүзүн ЖАРКЫРАТКАН БИР ИШАРАТ бар. Бул жерде да «мең» сөзү эле колдонулбастан, ал меңдин бүт өзгөчөлүктөрү айтылган. «Бермет сымал», «жылдыздай» жана «жаркыраган» сөздөрү ал меңдин формасы жөнүндө да, түсү жөнүндө да терең маалымат камтыйт. Берилген бүт бул маалыматтардан ал меңдин карараак түстө эмес, ТЕРИ ӨҢҮНДӨ БИР МЕҢ ЭКЕНИ түшүнүктүү болууда.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder