20 Şubat 2013 Çarşamba

АЗ. МЕХДИ (АС) ДА МЕДРЕСЕДЕ ОКУБАЙТ


ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ) МЕДРЕСЕДЕ ТААЛИМ АЛГАН ЭМЕС, АЗ. МЕХДИ (АС) ДА МЕДРЕСЕДЕ ОКУБАЙТ, АГА БЕРИЛГЕН АТАЙЫН ИЛИМДЕР МЕНЕН ГАНА ӨКҮМ БЕРЕТ

 

Пайгамбарыбыз (сав) да уммий эле, б.а. окуп-жазганды билчү эмес. Ал атайын бир медресе таалимин алган эмес эле. Чет тил таалимин да алган эмес эле. Пайгамбарыбыз (сав) арап тилин гана билчү, Аллах ага жашыруун жана ледүн илимдерин насип кылган. Хижрий жыл санагы боюнча 1400-жылы чыга турган жана акыр замандын чоң мужеддиди, кутбу, эң чоң акыркы вели (олуя) болгон Аз. Мехди (ас) да кандайдыр бир медресе таалимин албайт, жашыруун жана ледүн илимдерине гана ээ болот. Аллах Аз. Мехди (ас)ды бир түндө оңдойт, б.а. Аз. Мехди (ас) бир түндө өтө терең илимдерге ээ болот.

Пайгамбарыбыз (сав) да Аз. Мехди (ас)дын ушундай өзгөчө бир илим менен илимдендирилгенин мындайча кабар берген:

 

Эль-Мехди бизден, Эхли Бейттен. АЛЛАХ АНЫ БИР ТҮНДӨ ОҢДОЙТ (б.а. тообосун кабыл алат же даанышмандыктар менен жабдыйт). (Sünen-i İbni Mace Kitabü-l 'fiten Tercemesi ve Şerhi- Kahraman Neşriyat, том 10, Mütercim: Haydar Hatipoğlu, бап: 34, бет: 348)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АЛГАЧ ЧЫККАНДА ТААНЫЛБАЙТ

 

Имам Раббани Азрети Аз. Мехди (ас)дын КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА ЧЫГААРЫН, өз доорунда кылым башынан он сегиз жыл өтсө дагы анын чыкпаганын айткан:

 

Бирок бул чыгуу Аз. Мехди (ас) чыгаарда боло турган чыгуу эмес. Себеби АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЧЫГЫШЫ КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА БОЛОТ. Азыр болсо кылымдын башынан он сегиз жыл өттү. (İmam-ı Rabbani, Mektubat-ı Rabbani, 381. Mektup, б: 1184)

 

Имам Раббани Азретинин «АНЫН ЧЫГЫШЫ КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА БОЛОТ» деген сөзү АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГУУ АЛААМАТТАРЫНЫН КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА БОЛУП БАШТАЙТ ДЕГЕН МААНИГЕ КЕЛЕТ; кылым башталаары менен Аз. Мехди (ас) чыгат, Ислам ахлагы ошол замат орнойт жана Аз. Мехди (ас)ды көрөөр замат адамдар тааныйт ДЕГЕН МААНИГЕ ЭМЕС.

Чындап эле Имам Раббани Азрети айткандай, ХИЖРИЙ 1400-ЖЫЛДАН БҮГҮНКҮ КҮНГӨ ЧЕЙИНКИ 30 ЖЫЛДЫК УБАКЫТ ИЧИНДЕ ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ) АЙТКАН АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГУУ БЕЛГИЛЕРИНИН ДЭЭРЛИК БААРЫ БОЛДУ. (китепте бул белгилер орун алган.)

Имам Раббани Азретинин бул жердеги «АЗЫР БОЛСО КЫЛЫМДЫН БАШЫНАН ОН СЕГИЗ ЖЫЛ ӨТТҮ» деген сөзү да маанилүү. Имам Раббани Азрети бул сөзүндө эгер Аз. Мехди (ас) чыккан болгондо, дилгир жана кереметтүү вели (олуя) бир адам катары өзүнүн да кылым башынан ал кезге чейин өткөн 18 жыл ичинде болуп өткөн чыгуу белгилеринен Аз. Мехди (ас)ды ыймандын нуру менен сезээрине жана байкаарына ишарат кылган. Бирок Имам Раббани Азрети жашаган доордо кылым башталышынан он сегиз жыл өтсө дагы Аз. Мехди (ас)дын чыгуу белгилери болгон эмес, жана ошондуктан Аз. Мехди (ас) да чыккан эмес.

Ошондуктан Имам Раббани Азрети Аз. Мехди (ас) чыгаар замат Ислам ахлагы бүт дүйнөгө орнойт, натыйжада Аз. Мехди (ас)ды көргөндүн баары ошол замат тааныйт деген сыяктуу ойду эч айткан эмес. Өзү сыяктуу терең илимдүү олуя кишилердин гана Аз. Мехди (ас)ды байкай алаарына көңүл бурган.

Аз. Мехди (ас) алгач чыкканда бүт адамдардын ошол замат тааныбашы, эл арасында жүрсө дагы билинбеши, ДИЛГИР ЖАНА КЕРЕМЕТТҮҮ ОЛУЯ АДАМДАРДЫН АНЫ ЫЙМАН НУРУНАН, ЫЙМАН ТЕРЕҢДИГИНЕН ЖАНА ЫЙМАН САЛАБАТТУУЛУГУНАН ТААНЫЙ АЛААРЫ Саид Нурси Азретинин сөздөрүнөн да көрүнүп турат:

 

Бирок айткан элек: Бул дүйнө тажрыйба майданы. Акылга эшик ачылат, бирок ыктыяры колдон алынбайт. ДЕМЕК АЛ ИНСАНДАР (б.а. акыр замандын негизги инсандары –АЗ. МЕХДИ (ас) менен АЗ. ИСА (ас)), ал тургай, ал укмуш дажжал дагы ЧЫККАНДА КӨПЧҮЛҮГҮ, АЛ ТУРГАЙ ӨЗҮ ДА БАШЫНДА дажжал экенин БИЛБЕЙТ. БАЛКИМ ЫЙМАН НУРУНУН КӨҢҮЛ КОЮШУ МЕНЕН АЛ АКЫР ЗАМАН ИНСАНДАРЫ (б.а. акыр замандын негизги инсандары АЗ. МЕХДИ (ас) жана АЗ. ИСА (ас)) ТААНЫЛЫШЫ МҮМКҮН. (Sözler, 343-344-беттер)

 

Имам Раббани сыяктуу дилгир жана кереметтүү олуя бир адам болгон Бедиүззаман Саид Нурси Азрети Мектубат аттуу эмгегинде Аз. Иса (ас)ды да кайрадан дүйнөгө келгенде бүт адамдардын билбешин, жанындагы ТЕРЕҢ ЫЙМАНДУУ ШАКИРТТЕРИ ТАРАБЫНАН ЫЙМАНДЫН НУРУ МЕНЕН ТААНЫЛААРЫН айткан:

 

... АЗРЕТИ ИСА АЛЕЙХИССАЛАМ КЕЛГЕН КЕЗДЕ, бүт адамдар АНЫН ЧЫНЫГЫ ИСА экенин билиши зарыл эмес. АНЫН МУКАРРЕБ ЖАНА ХАВАССЫ (терең ыймандуу жакын шакирттери) ыймандын нуру менен АНЫ ТААНЫЙТ. Бедахет (заматта жана апачык) даражасында БҮТ БААРЫ АНЫ ТААНЫБАЙТ... (Mektubat, б: 60)

 

ИМАМ РАББАНИ АЗРЕТИНИН СӨЗДӨРҮНӨН ДА, САИД НУРСИ АЗРЕТИНИН АЙТКАНДАРЫНАН ДА АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГААРЫ МЕНЕН ИСЛАМ АХЛАГЫ ЗАМАТТА БҮТ ДҮЙНӨГӨ ОРНОП, АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ АДАМДАР ТАРАБЫНАН ОШОЛ ЗАМАТ ТААНЫЛАТ ДЕГЕН МААНИ КЕЛИП ЧЫКПАЙТ.

Аз. Мехди (ас) чыкканда Ислам ахлагы дүйнөнүн төрт тарабына заматта жайылып орносо, анда Аз. Мехди (ас)ды баары таанып, байкамак. Андай шартта Аз. Мехди (ас) эч кандай кыйынчылык көрмөк эмес. Чындыгында болсо, Аз. Мехди (ас)дын калк тарабынан таанылбашы, ал тургай ал жагынан Аз. Йусуф (ас)га окшошоору, кыйынчылык менен кысымчылыкка кабылаары, Аз. Муса (ас) сыяктуу өлтүрүлүү, тузак курулуу, туткунга алынуу, сүргүн кылынуу сыяктуу ар кандай коркунучтун ичинде, жашынып жашаары Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринде апачык айтылган:

 

... АНАН АЗ. МЕХДИ АЛЕЙХИССАЛАМ АЗ. ЙУСУФКА ОКШОШОТ ЖАНА АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КАЛКТЫ КӨРГӨНҮН БИРОК КАЛКТЫН АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КӨРӨ АЛБАГАНЫН жана Аз. Али да айткандай АСМАНДАН ЖАР САЛЫНГАНГА ЧЕЙИН АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КӨРҮНБӨШҮ АНЫК. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 167)

 

Эбу Басир айтат: Имам Мухаммед Бакыр Алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Бул КӨЗДӨН КАЙЫМДЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЭЭСИНДЕ ТӨРТ ПАЙГАМБАРДЫН СҮННӨТҮ БАР...» Айттым: «АЗ. ЙУСУФТУН СҮННӨТҮ ЭМНЕ?» АЙТТЫ: «ЗЫНДАН ЖАНА КӨЗДӨН КАЙЫМ (АЛЫС) БОЛУУ.»... (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 190)

 

Седири Сейрефи айтат: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссаламдан уктум: Мындай деди: «БУЛ ИШТИН ЭЭСИНДЕ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДА) ЙУСУФКА БИР ОКШОШТУК БАР.» МЫНДАЙ ДЕДИМ: «СЕН БИЗГЕ БИР КӨЗДӨН КАЙЫМДЫ ЖЕ КЕРЕМЕТТИ КАБАР БЕРИП ЖАТКАНДАЙСЫҢ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 189)

 

Имам Зейн-ул Абидин алейхиссалам мындай деген: «Биздин каимибиз (Аз. Мехди (ас)) менен Аллахтын элчилери арасында бир катар окшоштуктар бар. Нух, Ибрахим, Муса, Иса, Аййуб жана Мухаммед саллаллаху алейхи ва алих пайгамбарлардын ар бири менен бир окшоштугу бар. Нух менен узун өмүрлүү болушунда, Ибрахим менен жашыруун төрөлүшүндө жана калктан алыс болушунда; МУСА МЕНЕН КОРККОН АБАЛЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БАГЫТТАЛГАН КОРКУНУЧТАРДЫН КӨПТҮГҮ; ӨЛТҮРҮҮ, ТУЗАК КУРУУ, КАМАККА АЛУУ, КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ, СҮРГҮН СЫЯКТУУ АР КАНДАЙ КООПТУУЛУКТАРДЫН КӨП БОЛУШУ) ЖАНА КӨЗДӨРДӨН АЛЫС ЖАШАШЫНДА (ДАЙЫМА ЖАШЫРЫНЫП ЖАШАШЫНДА); Иса менен элдин ал жөнүндө талаш-тартышка түшүшүндө (кээ бир адамдардын «Аз. Мехди (ас) келет», кээ бирлеринин болсо «келбейт» дешинде); Аййуб менен балээден соң кутулуунун келишинде (Аз. Мехди (ас)га да көптөгөн кыйынчылык, оору, дарттардын келиши, бирок Аз. Аййуб сыяктуу Аллахтын мээрими менен баарынан кутулушунда); Мухаммед (сав) менен болсо кылыч менен кыям этишинде (Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттары болгон куттуу желеги, кылычы жана көйнөгүнүн (жемпер) Аз. Мехди (ас)дын жанында болушунда) окшоштугу бар.» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап 3-хадис)

 

 

КЫЯМАТТЫН ЖЫЛЫНА ИШАРАТ КЫЛГАН ХАДИСТЕРДЕГИ БИР-БИРИНЕ КАРАМА-КАРШЫДАЙ КӨРҮНГӨН МААЛЫМАТТАР АЙТЫП БЕРҮҮДӨГҮ КАТАЛАР, ХАДИСТЕРДЕ АЙТЫЛГАНДАРДЫН ОРТОК ЖЕРИНЕ КАРАШ КЕРЕК

 

Кыяматтын боло турган убактысына ишарат кылган хадистер каралганда, берилген убакыт жагынан хадистерде дал келбестиктер бар экени көрүнөт.

Мындай жагдайда хадистердеги маалыматтардын бир добуштан көңүл бурган орток жерине кароо керек. Мисалы, дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени жөнүндө ахли сүннөттүн чоң аалымдарынан Суйути Азрети жыйнаган 8 хадис анализ кылынганда, ал хадистердин баарында бир эле нерсенин айтылганы, араларында бир орток маани бар экени көрүнөт.

Хадистерде айтылган окуялардын окшоштугу, бирок убакыт бирдиги жагынан карама-каршылык болушу хадистердин Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан бүгүнкү күнгө чейинки риваяты учурунда ката кетирилген болушу ыктымал экенин көрсөтөт. Ушул себептен кыяматтын качан болоорун баяндаган хадистердеги риваят каталарын кадыресе кабыл алып, хадистердин орток маанисине көңүл буруу керек.

 

1- ТҮШҮНДҮРМӨ:

Кыяматтын убактысын сүрөттөгөн хадистерден акыр заман башталган соң кыяматка чейин адамдардын орточо 120 жыл жашаары түшүнүктүү болууда. Бул мөөнөт болсо башында атеист системалар жайыла турган, анан Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жана Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө келиши менен бирге Ислам ахлагы бүт дүйнөгө жайылып орной турган, эң акыркы баскычта болсо Ислам ахлагы дүйнө жүзүнөн толугу менен алсыздап өчө турган жана атеизм орной турган дүйнөнүн акыркы доору болот. Б.а. бул 120 жылдык мөөнөттүн башында жана аягында атеизм (динсиздик) агымы күчтүү болот, бул процесстин ортосунда болсо Ислам ахлагынын дүйнөгө орношу, б.а. алтын кылым болот.

Кыяматтын убактысын алыс көрсөтүп өз ойунда адамдардын коркушуна жолтоо болууга аракет кылуу акылдуу жана туура бир мамиле болбойт. Кыямат узак убакыттан кийин боло турган болсо дагы, ансыз да ар бир адам өлгөн кезде кыяматты көрөт. Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бир хадисте мындай деп айтылат:

 

Бир маекте терең бир добуш угулду. Айтты: «Бул добуш жетимиш жылдан бери тозок тарапка тоголонгон бир таштын ушул мүнөттө тозоктун түбүнө жетип түшүшүнүн добушу.» Бул таң калыштуу кабардан соң бирөө келип айтты: «Эй Расулуллах! Жетимиш жаштагы баланча мүнафык көз жумду, тозокко кетти. (Müslim: Cennet (Муслим: Бейиш), 31, хадис №: 2844; Müsned (Муснед), 3:341, 346)

 

Бул хадистен да көрүнүп тургандай, Пайгамбарыбыз (сав) ал кезде жашап жатса да, башка адамдар да жашап жатса дагы, хадисте айтылган мүнафык өлүп, суракка алынып, тозокко кеткен. Бүт окуялар өтө бат болуп бүткөн. Ушул себептен өлгөндөрдүн баары өз кыяматын көрүп күбө болгондуктан, адамдар коркпосун деп гана кыямат убактысын көп убакытка кечиктирип айтуу бир жагынан калп айтуу болот, экинчи жагынан чындыктарды өзгөртпөйт.

 

2- ТҮШҮНДҮРМӨ:

Күндүн батыштан чыгышы жөнүндөгү хадистин экинчи түшүндүрмөсү болсо Аз. Мехди (ас)дын батыш тарабынан чыгаары болушу ыктымал. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган бир хадисте Аз. Мехди (ас)дын «батыштан» чыгаары айтылат.

 

Хафыз Эбу Нуайм риваят кылган куттуу хадисте Ресули Экрем Мырзабыз мындай деген: Мына (ошондой мүшкүл (кыйын, оор) бир) заманда МАГРИП (БАТЫШ) МАМЛЕКЕТИНИН ЭҢ АЛЫСКЫ АЙМАГЫНАН жана Ресули Экрем Мырзабыздын куттуу кызы Фатманын урпактарынан бирөө чыгат. Мына ошол зат акыр заманда иш-аракет кыла турган Аз. Мехди (ас). Жана Аз. Мехди (ас)дын чыгышы болсо кыямат белгилеринин алгачкысы. (Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Müellif Ali bin Hüsammeddin el Muttaki, Kahraman Neşriyat Kitabevi, б: 16)

 

Мындан тышкары, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган башка бир хадисте болсо Аз. Мехди (ас) күнгө окшоштурулган.

 

АЗ. МЕХДИ (ас) БҮТ САНАА МЕНЕН ЗУЛУМДУКТАРДЫ КЕТИРЕ ТУРГАН КҮН. Берешендик кылганда өтө берекелүү бир жамгыр. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, б. 188)

 

Белгилүү болгондой, Түркия Ислам өлкөлөрүнүн эң батышында жайгашкан. Хадистеги маалыматтар Аз. Мехди (ас)дын Түркиядан чыгаарына ишарат кылууда. Бул хадис эске алынганда, күндүн батыштан чыгаарын кабар берген куттуу хадистеги маалымат да ушул сыяктуу Аз. Мехди (ас)дын батыш тарабынан чыгаарына ишарат кылган десек болот.

Анда, Аз. Мехди (ас)дын чыгаар жылы катары Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын башка хадистерине таянып Хижрий 1400-жылды негиз алсак, «күн батыштан чыккандан 120 жылдан кийин кыямат башталат» деген сөз Хижрий 1520-жылдарга туура келет. Саид Нурси берген даталарда да Хижрий 1520-жылдар Мусулмандык алсыздап баштай турган жана каапырдык система дүйнөгө толук орной турган жылдар. Бедиүззаман Саид Нурсинин айтуусу боюнча, бул жылдардан жыйырма-жыйырма беш жылдан соң кыямат күтүлөт. (Туурасын Аллах билет.)

 

 

АКЫР ЗАМАНДА АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН КҮРӨШКӨН КЭЭ БИР КАЛП «ААЛЫМДАР» БОЛОТ

 

"Fütühat-ül Mekkiye" (Фүтүхат-үл Меккийе) аттуу эмгегинде Мухйиддин Араби эль Эндүлүси Азрети мындай дейт:

 

...Аз. Мехди (ас) динди Пайгамбардын (сав) убагындагы дал өзүндөй ишке ашырат. Жер жүзүнөн мезхептерди жок кылат. Калыс жана акыйкат динден башка бир дагы мезхеп калбайт. АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ДУШМАНДАРЫ ИЧТИХАД ААЛЫМДАРЫН ТУУРАГАНДАР БОЛОТ. Себеби алар Аз. Мехди (ас)дын мезхеп имамдарына карама-каршы өкүм бергенин көргөндө аны ЖАКТЫРЫШПАЙТ, БИРОК КАРШЫ ДА ЧЫГА АЛЫШПАЙТ... АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КЫЛЫЧЫ БИР ТУУГАНДАРЫ. Кылычынан коркушкандыктан кааласа каалабаса өкүмдарлыгына (руханий лидерлигине) моюн сунушат...

 

... АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) АЧЫК ДУШМАНДАРЫ ФУКАХА (ФЫКЫХ-ШАРИЯТ ААЛЫМДАРЫ) БОЛОТ. СЕБЕБИ КАЛК АРАСЫНДА АБРОЙЛОРУ ЖОГОЛОТ. АЛ ТУРГАЙ, ӨКҮМ ЧЫГАРУУ БАГЫТЫНДА ИЛИМДЕРИ ДА АЗАЙАТ. Бул имамдын (Аз. Мехди (ас)дын) келиши менен аалымдардын өкүмдөрдөгү келишпестиктери да чечилет... ЭГЕР КОЛУНДА КЫЛЫЧ (ИЛИМ) БОЛБОГОНДО АНЫН ӨЛҮМҮНӨ ФАТВА (ӨКҮМ) БЕРИШМЕК. Бирок Женабы Хак (Улуу Аллах) аны (Аз. Мехди (ас)ды) берешендиги менен жана кылыч (бир туугандары) менен тазалайт, АЛАР АГА (Аз. Мехди (ас)га) МОЮН СУНУШАТ. СЕБЕБИ ЭЛ АРАСЫНДА АБРОЙЛОРУ ЖОГОЛОТ, АЛ ТУРГАЙ, ӨКҮМ ЧЫГАРУУ БАГЫТЫНДА ИЛИМДЕРИ ДА АЗАЙАТ. Аз. Мехди (ас)дын келиши менен аалымдардын өкүмдөрүндөгү келишпестиктер да чечилет. Андан (Аз. Мехди (ас)дан) бир жагынан коркушат, экинчи жагынан бир нерселер үмүт кылышат. ЖҮРӨГҮНӨН АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) ЖЕК КӨРҮШӨТ. БИРОК ОШОГО КАРАБАСТАН КААЛАСА-КААЛАБАСА ӨКҮМҮН КАБЫЛ АЛЫШАТ. (Medineli Allâme Muhammed b. Resul el-Hüseynî el-Berzencî, Kıyamet Alametleri, б: 187, Pamuk Yayıncılık)

 

Анын (Аз. Мехди (ас)дын) доорунда дин бүтүндөй рей (аалымдар чыгарган өкүмдөр)ден тазаланып баштапкы калыбына келет. БЕРЕ ТУРГАН КӨП ӨКҮМДӨРҮНДӨ УЛАМАНЫН МЕЗХЕПТЕРИНЕ КАРАМА-КАРШЫ КЕЛЕТ. МЫНДАН УЛАМ АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) АЛЫС БОЛУШАТ. Себеби алар өз күмөндөрүндө, чындап Аллах имамдарынан соң бир мучтахид калтырган эмес деп ойлошот... (Muhyiddin Arabi, "Futuhat-El Mekkiye", 66-бап, т: 3, б: 327- 328)

 

Бул жөнүндө башка кээ бир маалыматтар мындай:

 

ҮММӨТҮМДӨН БАШЫ ЧАЛМАЛУУ ЖЕТИМИШ МИҢ ААЛЫМ КИШИ ДАЖЖАЛГА МОЮН СУНУШАТ. (İmam Ahmed bin Hanbel, Müsned, б: 796)

 

... КЭЭ БИР ЗАХИРИ УЛАМАЛАР (хадистердин тышкы маанисин карап өкүм чыгарчу аалымдар) АЛ РИВАЯТ ЖАНА ХАДИСТЕРДИН ЗАХИРИНЕ (тышкы маанисине) КАРАП КҮМӨНГӨ ТҮШҮШКӨН. ЖЕ СЫХХАТЫН (тууралыгын) (уламыш сыяктуу, жомоктордо айтылган чындыкка сыйбас бир нерседей туура эмес) ТАНЫП ЖЕ УЛАМЫШ (ЖОМОК) СЫМАЛ БИР МААНИ БЕРИП, МУХАЛ БИР СУРЕТТИ (дээрлик мүмкүн эмес, акыл менен таразалап түшүнүүгө мүмкүн болбогон өзгөчөлүктөрдөгү бир кишини) КҮТҮП ЖАТКАНДАЙ (айтып беришкендиктен), АВАМЫ МУСЛИМИНГЕ (андай метафизикалык түшүндүрмөлөргө ишене албай кыйналган же ушул себептен ишенбегендиктен, эл арасынан илими жок Мусулмандарга ыймандык жактан) ЗЫЯН ТИЙГИЗИШЕТ. (Бедиүззаман Саид Нурси Азрети, Kastamonu Lahikası, б: 80)

 

... ИМАМ-Ы МЕХДИ (ас) ЧЫККАНДА өзгөчө ФУКАХА (ФЫКЫХ (ШАРИЯТ) ААЛЫМДАРЫ) АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ДУШМАН БОЛОТ. АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КЫЛЫЧЫ БИР ТУУГАНДАРЫ. Колунда кылыч болбогондо –Б.А. БИР ТУУГАНДАРЫ БОЛБОГОНДО- ЗАМАНДЫН ФУКАХАСЫ (ФЫКЫХ ААЛЫМДАРЫ) АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)) ӨЛҮМҮНӨ ФАТВА БЕРИШМЕК (ӨКҮМ ЧЫГАРЫШМАК). Бирок Женабы Хак аны (Аз. Мехди (ас)ды) берешендиги менен жана кылыч (БИР ТУУГАНДАРЫ) менен тазалайт, алар ага (Аз. Мехди (ас)га) ишенип баш ийишет. ӨКҮМҮН ИШЕНБЕГЕН ДА КАБЫЛ АЛУУГА МАЖБУР БОЛУП ТЕСКЕРИСИН ЖАШЫРЫШАТ. (Ramuz el-Hadis, б: 56 73)

 

Келээри убада кылынган Аз. Мехди (ас) диндин баркын көтөрүүнү, сүннөттү кайрадан жандандырууну каалаган кезде, диндин маңызында, чыныгысында жок нерселерди диндин буйругу деп ойлогон кээ бир адамдар таң калып мындай дешет: БУЛ АДАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ДИНИБИЗДИ ЖОК КЫЛУУНУ ЖАНА ШАРИЯТЫБЫЗДЫ КЫЙРАТУУНУ КААЛАП ЖАТАТ. (Mektubat-i Rabbani (Мектубат-ы Раббани), 1/535)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) УБАГЫНДАГЫ КАРАҢГЫ ААЛЫМДАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ ХАДИСТЕР, РИВАЯТТАР ЖАНА ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР

 

Пайгамбар Мырзабыз (сав) кыямат белгилеринин бири катары илимдин жоголуп караңгылыктын орноорун айткан:

 

¨               Аллах Таала илимди силерге тартуу кылган соң (эсиңерден) мажбурлап тартып албайт. Бирок аалымдарды илимдери менен бирге жамаат ичинен алат, рухтарын алат. Анан чымкый жахил (караңгы) бир топ калат. Эл алардан диний муктаждыктарын сурашат, алар болсо (аят, хадисти карабастан) өздөрүнүн ойуна жана каалоосуна карап фатва берип, өздөрү да жолдон чыгышат, башкаларды да жолдон чыгарышат. (Buhari Tecrid-i sarih: 2174)

 

¨               «Дажжалша Исфехан еврейлеринен чалмалуу жетимиш миң киши моюн сунат (аны ээрчийт). (Müslim, Et-Tac Ali Nâsıf el-Hüseynî, c.5/s.627)

 

¨               «ҮММӨТҮМДӨН БАШЫ ЧАЛМАЛУУ ЖЕТИМИШ МИҢ ААЛЫМ КИШИ ДАЖЖАЛГА МОЮН СУНАТ (ДАЖЖАЛДЫ ЭЭРЧИЙТ).» (İmam Ahmed Bin Hanbel, Müsned, sf. 796)

 

¨               Расулуллах (с.а.в) мындай деген: «Үммөтүмө ушундай бир заман келет, башчылары заалым, аалымдары ач көз жана такыбасыз болушат, ибадат кылгандары рийакар (эл көзүнө), соодагерлери пайызчы, кемчиликтерди жашыруу соодада гана болот. Аялдары дүйнө сулуулугуна берилишет. Ал кезде жамандары аларга жугат, жакшылары дуба кылып, аларга жооп берилбейт.» (Bihar'ul-Envar, c. 23, s. 22)

 

¨               Үммөтүм жаман аалымдар, караңгы адиббер (ибадат кылуучулар) себебинен кыйрайт. [Darimi]

 

¨               Кыяматта бир дин аалымы тозокко ташталат. Тааныгандар ага «Сен дүйнөдө диндин буйруктарын айтып берчү элең. Эмне үчүн бул азапка түштүң?» дешет. Ал болсо «Адамдарга күнөө бул, кылбагыла» деп, өзүм кылчумун. «Кылгыла» дегендеримди болсо кылчу эмесмин. Мунун жазасын тартып жатам» дейт. [Buhari (Бухари)]

 

¨               Ушундай бир заман келет, аалымдар фитна элементи болушат. [Ebu Nuaym]

 

¨               Имам Раббани Азрети айтат: Дүнүйө артынан кууган дин аалымдарынын сөздөрүн угуу, китептерин окуу уу жегендей зыян. Жаман дин аалымдарынын зыяндары жугуштуу. Жамааттарды бузат, элдерди бөлөт. Тарыхта Ислам мамлекеттеринин баштарына келген балээлерге дайыма жаман дин аалымдары себеп болду. Мамлекет кызматкерлерин туура жолдон ошолор адаштырды. Пайгамбар Мырзабыз (Мусулмандар 73 бөлүккө бөлүнөт. Алардын 72си тозокко кирет, бирөөсү гана тозоктон кутулат) деди. Бул 72 жолдон чыккан топтун башчылары дайыма жаман дин аалымдары болгон. Тозоктон кутула турган жалгыз топ болсо – бул сүннөт жолунан жүргөндөр. (47. Mektup)

 

¨               «Бидат (кошумча) ээси, руханий кичине адамдардын жанынан илим издөө кыямат алааматтарынан.» (Camiu's-sağir: 2475) (Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, sf. 53)

 

¨               «Дүйнөгө карата зайыттык тилде калмайынча, такыбалык да жасалма болмоюнча кыямат болбойт.» (Camiu's-sağir: 9856) (Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, sf. 53)

 

¨               Пайгамбар Мырзабыз акыр замандын абалын кабар берген: «Адамдарга ушундай бир заман келет: Исламдын аты гана, Курандын болсо сүрөтү гана калат. Мечиттер тышкы көрүнүшү жагынан жаркыраган, бирок ичтери хидаяттан бош (куру кол) болот. Алардын аалымдары асман астындагылардын эң жамандары. Фитна алардан чыкты жана кайра аларга кайтат.» (Beyhaki) (Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, sf. 54)

 

¨               Расулуллах –саллаллаху алейхи ва саллам- Мырзабыз куттуу хадисинде мындай деди: «Үммөтүмө ушундай бир заман келет: Исламдын аты гана, ыймандын сүрөтү, Курандан болсо тамга менен басмалар калат. Аракеттери курсак, диндери акча, кыбылалары аялдары болот. Алар азга канаат кылышпайт, көпкө болсо тоюшпайт.» (Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, sf. 50)

 

¨               ИМАМ-Ы МЕХДИ (ас) ЧЫККАНДА өзгөчө ФУКАХА (ФЫКЫХ (ШАРИЯТ) ААЛЫМДАРЫ) АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ДУШМАН БОЛОТ. АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КЫЛЫЧЫ БИР ТУУГАНДАРЫ. Колунда кылыч болбогондо –Б.А. БИР ТУУГАНДАРЫ БОЛБОГОНДО- ЗАМАНДЫН ФУКАХАСЫ (ФЫКЫХ ААЛЫМДАРЫ) АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)) ӨЛҮМҮНӨ ФАТВА БЕРИШМЕК (ӨКҮМ ЧЫГАРЫШМАК). Бирок Женабы Хак аны (Аз. Мехди (ас)ды) берешендиги менен жана кылыч (БИР ТУУГАНДАРЫ) менен тазалайт, алар ага (Аз. Мехди (ас)га) ишенип баш ийишет. ӨКҮМҮН ИШЕНБЕГЕН ДА КАБЫЛ АЛУУГА МАЖБУР БОЛУП ТЕСКЕРИСИН ЖАШЫРЫШАТ. (Ramuz el-Hadis, б: 56 73)

 
Анын (Аз. Мехди (ас)дын) доорунда дин бүтүндөй рей (аалымдар чыгарган өкүмдөр)ден тазаланып баштапкы калыбына келет. БЕРЕ ТУРГАН КӨП ӨКҮМДӨРҮНДӨ УЛАМАНЫН МЕЗХЕПТЕРИНЕ КАРАМА-КАРШЫ КЕЛЕТ. МЫНДАН УЛАМ АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) АЛЫС БОЛУШАТ. Себеби алар өз күмөндөрүндө, чындап Аллах имамдарынан соң бир мучтахид калтырган эмес деп ойлошот... (Muhyiddin Arabi, "Futuhat-El Mekkiye", 66-бап, т: 3, б: 327- 328)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder