19 Şubat 2013 Salı

КУРАНДА АКЫР ЗАМАНГА, АЗ. ИСА (АС) ЖАНА АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ЖАНА ИСЛАМ АХЛАГЫНЫН ДҮЙНӨГӨ ЖАЙЫЛЫШЫНА ИШАРАТ КЫЛГАН АЯТТАР-2


АЗ. ЙУСУФ (АС)ДЫН ӨМҮРҮНДӨ АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ИШАРАТТАР БАР

 

Мухаммед Бакыр алейхиссалам айтты: «БУЛ ИШТИН ЭЭСИНДЕ (МЕХДИДЕ) ЙУСУФКА БИР ОКШОШТУК БАР.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani s. 189) («Бул иштин ээси», б.а. велайеттин (олуялык) ээси дегенди билдирет. Бүт имамдарыбыз велайет ээси. Ошол эле убакта жогорудагы хадистерибизде айтылган велайеттин ээси бир гана он экинчи имамыбыз Аз. Мехди алейхиссалам.)

 

«Эбу Басир айтат: Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Бул ГАЙБЕТТИН (көздөн кайым) ЭЭСИНДЕ (МЕХДИДЕ) ТӨРТ ПАЙГАМБАРДЫН СҮННӨТҮ БАР:... «АЗ. ЙУСУФТУН СҮННӨТҮ ЭМНЕ?» дедим. МЫНДАЙ ДЕДИ: «ЗЫНДАН ЖАНА ГАЙБЕТ (көздөрдөн алыс болуу).»... (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 190-б.)

 

... АНАН АЗ. МЕХДИ АЛЕЙХИССАЛАМ АЗ. ЙУСУФКА ОКШОЙТ жана анын калкты көрүп, бирок калктын аны көрө албашы жана Аз. Али да айткандай асмандан жар салынганга чейин анын көрүнбөшү анык. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 167-б.)

 

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Курандын Йусуф кыссасында баяндалган Аз. Йусуф (ас)дын (Аз. Жусуп (ас)) өмүрү менен Аз. Мехди (ас)дын өмүрү арасында өтө чоң окшоштуктар бар экени кабар берилген. Пайгамбарыбыз (сав) берген бул маалыматка таянып Куран аяттарын караганыбызда, Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу хадистерге абдан туура келген окуялардын бар экенин көрөбүз (туурасын Аллах билет).

 

 

Аз. Йусуф (ас) өз доорунун

Мехдиси

 

Аллах Куранда ар доордо адамдар үчүн «хидаятка багыттоочу бир элчи» жөнөткөнүн билдирген. Бүт пайгамбарлар хидаят менен жөнөтүлгөндүктөн, хидаятка жеткирүүчү, себепчи болуучу кишилер болгондуктан, ар пайгамбар бир Мехди. «Аз. Йусуф (ас) да өз доорунун Мехдиси». Бул жагынан да акыр заманда чыга турган Аз. Мехди (ас)дын өмүрү менен Аз. Йусуф (ас)дын өмүрү өтө окшошот.

 

Аз. Йусуф (ас) сыяктуу, Аз. Мехди (ас)га да

Аллах Кабатынан өзгөчө бир илим жана

даанышмандык берилген

 

Куранда Аз. Йусуф (ас)га Аллах Кабатынан өзгөчө бир илим жана даанышмандык берилгени айтылат:

 

«Ошентип Раббиң сени тандап, сөздөрдүн жоромолунан (бир илимди) сага үйрөтөт...» (Йусуф Сүрөсү, 6)

 

«... Ага сөздөрдүн жоромолунан (болгон бир илимди) үйрөттүк...» (Йусуф Сүрөсү, 21)

 

«Жетилген кезде ага өкүм менен илим бердик. Биз жакшылык кылгандарды мына ушинтип сыйлайбыз.» (Йусуф Сүрөсү, 22)

 

Куранда Аз. Йусуф (ас) жөнүндө берилген бул маалыматтардан Аз. Мехди (ас)дын да сөздөрдүн жоромолун жакшы билээри; өзгөчө бир илим жана даанышмандык ээси болоору түшүнүктүү болууда. Риваяттарда Аз. Йусуф (ас) сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын да Аллах тарабынан ага берилген «өзгөчө бир күчкө ээ болоору» айтылат.

 

Ал эч ким билбеген жашыруун бир күчтүн ээси болгондуктан аны Мехди дешкен. (Ahir zaman Mehdisinin Alametleri, Müellif: Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Kahraman Neşriyat. 77-б.)

 

Белгилүү Ислам аалымдарынан Мухйиддин Араби эмгектеринде Аз. Мехди (ас)дын көңүл бурган негизги 9 өзгөчөлүгүн айтып өткөн:

 

1. Парасаттуу болушу

2. Ыйык китепти түшүнүшү

3. Аяттардын маанисин билиши

4. Дайындай турган адамдардын абалы менен мамилелерин билиши

5. Ачууланганда да мээрим менен адилеттиктен алыстабашы

6. Нерселердин класстарын билиши

7. Иштердин татаал, баш айланткан тараптарын билиши

8. Адамдардын муктаждыгын жакшы түшүнүшү

9. Өзгөчө анын мезгилинде муктаждык сезилген кайып (билинбеген, жашыруун) илимдеринен кабардар болушу.

 

 

Аз. Йусуф (ас) сыяктуу Аз. Мехди (ас) да

белгилүү бир убакытка чейин эл арасында

таанылбайт

 

Бирок Хужжет (Мехди) элди тааныйт, эл болсо аны тааный албайт. Дал Йусуф сыяктуу. Йусуф элди тааныганы менен алар Йусуфту танышчу. Анан Аз. Али төмөнкү аятты окуду: «Кулдарга азап болсун, Элчи аларга келген сайын аны шылдыңдашчу.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 162-б.)

 

Ал жашаган коомдогу адамдар Аз. Мехди (ас)дын жогорку өзгөчөлүктөрүн, жасаган жакшы (пайдалуу) иш-аракеттерин апачык көрүп турушса дагы, Аз. Мехди (ас) менен жамаатын толук байкай алышпайт. Аз. Мехди (ас)дын мындай абалы Аз. Йусуф (ас)дын өмүрүнө өтө окшошот. Курандын «(Кургакчылык башталганда) Йусуфтун бир туугандары келип жанына киришти, АНЫ ТААНЫШПАГАНЫ МЕНЕН ал аларды ошол замат тааныды.» (Йусуф Сүрөсү, 58) аяты аркылуу бир туугандарынын Аз. Йусуф (ас)ды тааный албаганы, бирок Аз. Йусуф (ас)дын өз бир туугандарын тааныганы кабар берилген. Хадистердин ишараты боюнча, Аз. Мехди (ас) да дал Аз. Йусуф (ас) сыяктуу болот; башында ал адамдарды көрөт, бирок адамдар аны байкашпайт (тааный алышпайт).

 

 

Аз. Йусуф (ас) сыяктуу, Аз. Мехди (ас) да андан

үмүт үзүлгөн кезде чыгат

 

«Сен чындап Йусуфсуңбу, сенсиңби?» дешти. «Мен Йусуфмун» деди. «Жана бул бир тууганым. Чындыгында Аллах бизге берешендик (жакшылык) кылды. Чындыгында ким тартынса жана сабыр кылса, күмөнсүз Аллах жакшылык кылгандардын сообун текке кетирбейт.» (Йусуф Сүрөсү, 90)

 

Бир туугандары бир план куруп, Аз. Йусуф (ас)ды бир кудукка таштап, аталарына болсо «Аз. Йусуф (ас)ды бир бөрү жеди» дешип, үстүнө калп кан сүртүлгөн көйнөгүн алып барышкан. Атасы алардын айткандарынын бир план экенин түшүнгөн. Бирок атасы да, бир туугандары да көп жылдар бою Аз. Йусуф (ас)дан кабар ала алышкан эмес. Андан соң Аллах алар күтпөгөн кезде Аз. Йусуф (ас)ды Мисирдин (Египеттин) казыналарынын башында «күч жана бийлик» ээси кылып аларга жолуктурган:

 

(Йусуф) Айтты: «Мени (бул) жердин (өлкөнүн) казыналарына (бир башчы) кыл. Себеби мен (буларды жакшы) бир коргоочумун, (башкаруу иштерин да) билемин.» (Йусуф Сүрөсү, 55)

Мына ушинтип, Биз жер жүзүндө Йусуфка күч-кубат жана мүмкүнчүлүк (бийлик) бердик. Ал жерде (Мисирде) каалаган жерде жашады. Биз кимге кааласак рахматыбызды насип кылабыз жана жакшылык кылгандардын сыйлыгын текке кетирбейбиз. (Йусуф Сүрөсү, 56)

 

Бул аяттар Аз. Мехди (ас)дын да чыгышынан үмүт үзүлгөн, адамдар «Мехди» деген бир адам жок экен деген кезде чыгаарына ишарат кылууда. Ошондой эле, аяттардын ишараты боюнча ал кезде Аллах Аз. Мехди (ас)ды «күч жана бийлик ээси жана бүт ыймандуулардын руханий лидери катары» чыгарат. Пайгамбарыбыз (сав) да муну хадистеринде мындайча сүйүнчүлөгөн:

 

Адамдар үмүтсүз болуп, «эч Мехди деген жок экен» деген бир кезде Аллах Мехди (ас)ды жөнөтөт... (Kitab-ul Burhan fi-Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)

 

 

Аз. Йусуф (ас) сыяктуу, Аз. Мехди (ас)га карата

да кызганычта болушат

 

Алар мындай дешкен эле: «Йусуф менен бир тууганын атабыз бизден көбүрөөк жакшы көрөт; бирок биз бир-бирин колдогон бир топбуз. Чындыгында атабыз апачык адашууда.»

«Өлтүргүлө Йусуфту же аны бир жерге таштап салгыла; анан атаңардын жүзү бир гана силерге (карап) калат. Андан соң салих (ыкластуу) бир топ (коом) болосуңар.» (Йусуф Сүрөсү, 8-9)

 

Куранда бир туугандарынын Аз. Йусуф (ас)га карата абдан кызганычтык сезишип, ушул себептен ойлоруна аны өлтүрүү да келгени билдирилген. Ушул максатта ага зыян тийгизүү үчүн тузак курушуп, Аз. Йусуф (ас)ды бир кудуктун түбүндө өлүмгө ташташкан. Аятта Аз. Мехди (ас) убагында да кээ бир кишилердин Аз. Мехди (ас)га карата кызганычтык сезишээрине жана ушул себептен ага душмандык кылышаарына ишарат кылынууда. Ошондой эле, ал кишилердин кызганычтыктан улам Аз. Мехди (ас)га каршы күрөшкөн күчтөргө кошулуп, Аз. Мехди (ас)дын жолун тосуу үчүн ага бир план курушаары көрүнүп турат.

 

 

Аз. Йусуф (ас) сыяктуу Аз. Мехди (ас)га да

адилетсиздик жасалат

 

Куранда Аз. Йусуф (ас)га көп жолу план курулуп адилетсиздик жасалганы баяндалган. Алгач бир туугандары аны өлтүрүү максатында бир тузак курса, кийин үйүндө чогуу жашаган вазирдин аялы Аз. Йусуф (ас)га намысы менен байланыштуу жалаа жапкан. Бул жөнүндөгү кээ бир аяттар мындай:

 

«Өлтүргүлө Йусуфту же аны бир жерге таштап салгыла...» (Йусуф Сүрөсү, 9)

 

Араларынан бирөө айтты: «Эгер (сөзсүз бир нерсе) кыла турган болсоңор, өлтүрбөгүлө Йусуфту, аны кудуктун тереңине таштап жибергиле, бир жолоочу кербен алып кетсин.» (Йусуф Сүрөсү, 10)

 

Шам убагында (кечинде) аталарына ыйлаган бойдон келишти. «Эй Атабыз, чындыгында, биз барып жарышып жатканбыз. Йусуфту болсо тамактарыбыздын (же буюмубуздун) жанына калтырып койгон элек. Бирок аны бөрү жептир. Бирок биз чындыкты айтсак да, сен бизге ишенбейсиң» дешти. (Йусуф Сүрөсү, 16-17)

 

Аял: «Мени ушактап-жамандаганыңар мына ушул. Ант болсун, аны менен менин болгум келди, ал болсо (өзүн) коргоду. Жана ант болсун, эгер ал ага буйруганымды кылбай турган болсо, сөзсүз зынданга ташталат жана албетте, уятка калгандардан болот» деди. (Йусуф Сүрөсү, 32)

 

Анан аларда (Йусуфтун тазалыгына байланыштуу) далилдерди көрүшкөн соң, сөзсүз аны белгилүү бир убакытка чейин зынданга таштоо (пикири) үстөм болду. (Йусуф Сүрөсү, 35)

 

Куранда Аз. Йусуф (ас) жөнүндө берилген бул маалыматтардан Аз. Мехди (ас) да чыгаардан мурда ошол сыяктуу ар кандай адилетсиздиктерге кабылаары түшүнүктүү болууда. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын төмөнкү хадистеринде да Аз. Мехди (ас)га көптөгөн адилетсиздиктер жасалаары кабар берилген:

 

... Биз ушундай бир кишилербиз; Аллах биз үчүн акыретти дүйнөнүн ордуна тандаган. Менин эхл-и бейтим (урпактарым) сөзсүз менден кийин балээ, уурдалуу жана сүргүнгө туш болот. Менден кийин эхл-и бейтим (урпактарым) балээ жана мээнеттерге (азап, кыйынчылык) туш болот жана соккуга кабылышат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 14-б.)

 

... (Мехди) Эки ракат намаз кылат (окуйт). Намаздан кайтканда мындай дейт: «Эй адамдар! Мухаммед үммөтү жана өзгөчө анын эхл-и бейти көп балээлерге туш болду жана биз азап менен АДИЛЕТСИЗДИККЕ КАБЫЛДЫК (туш болдук).» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)

 

 

Аз. Йусуф (ас) сыяктуу Аз. Мехди (ас)га да

жалган жалаа жабылат жана тузак курулат

 

(Атасы) Мындай деген эле: «Уулум, түшүңдү бир туугандарыңа айтпа, БОЛБОСО САГА БИР ТУЗАК КУРУШАТ. Себеби шайтан адам үчүн апачык бир душман.» (Йусуф Сүрөсү, 5)

 

Анан аларда (ЙУСУФТУН ТАЗАЛЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ) ДАЛИЛДЕРДИ КӨРҮШКӨН СОҢ, сөзсүз аны белгилүү бир убакытка чейин ЗЫНДАНГА ТАШТОО (ПИКИРИ) ҮСТӨМ БОЛДУ. (Йусуф Сүрөсү, 35)

 

Куранда күнөөсүз экени жөнүндөгү далилдер апачык болгонуна карабастан, баары бир Аз. Йусуф (ас)дын адилетсиздик менен, атайылап күнөөлүү көрсөтүлгөнү айтылган. Бул Аз. Мехди (ас)дын чыгаардан мурда ар кандай жалган жалааларга, тузак менен кутумдарга (заговор) кабылаарына ишарат кылууда. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде да «Аз. Мехди (ас)дын арасында жашаган коомдо зулумдук, кыйынчылык, азап жана кысымдарга туш болоору» кабар берилген.

 

Бирок Аллах элдин напсилерине карата ЗУЛУМДУГУ, АЗАБЫ ЖАНА ЫСЫРАБЫ СЕБЕБИНЕН аны (Мехдини) калктан жашырат. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 162-б.)

 

 

Аз. Йусуф (ас) сыяктуу, Аз. Мехди (ас)га да кээ

бир аялдардын кутумдук кылышы жана бир

аялдын Аз. Мехди (ас)дын намысы жөнүндө

жалаа жабышы

 

Үйүндө жашаган аял аны менен болгусу келди жана эшиктерди бекем жаап: «Каалоолорум сен үчүн, келсеңчи» деди. (Йусуф) Айтты: «Аллахка корголоном. Себеби ал менин Кожоюнум, ордумду сонун кылды. Чындыгында, заалымдар кутула алышпайт.» (Йусуф Сүрөсү, 23)

 

Эшикти көздөй экөө тең чуркашты. Аял анын көйнөгүн артынан тартып айрыды. (Так) Эшиктин жанында аялдын кожоюнуна жолугушту. Аял айтты: «Үй-бүлөңө жамандык каалагандын зынданга ташталуудан же оор бир азаптан башка кандай жазасы болушу мүмкүн?» (Йусуф) Айтты: «Ал өзү мени менен болгусу келди.»... (Йусуф Сүрөсү, 25-26)

 

Анан аларда (Йусуфтун тазалыгына байланыштуу) далилдерди көрүшкөн соң, сөзсүз аны белгилүү бир убакытка чейин зынданга таштоо (пикири) үстөм болду. (Йусуф Сүрөсү, 35)

 

Куранда вазирдин аялынын күнөөсүз экенин билип туруп, Аз. Йусуф (ас)дын намысы жөнүндө жалаа жапканы билдирилген. Вазирдин аялы бул жалаасын күчтөндүрүү үчүн шаардагы бир катар аялдарды да өзүнө күбө көрсөткөн. Аяттардын ишаратынан Аз. Мехди (ас)га карата да бир топ аялдардын биригишип, кутумдук (заговор) кылаары жана ага да «бир аялга карата кылмыш кылган деп жалаа жабылаары» түшүнүктүү болууда. Аз. Йусуф (ас) ага жасалган ал кутумдук себебинен камак жазасын алган жана көп жылдар бою адилетсиздик менен түрмөдө жаткан. Бул Аз. Мехди (ас)дын да күнөөсүз болгонуна карабастан, ушул сыяктуу жалган, ойдон чыгарылган шылтоолор менен адилетсиз жазаланаарына ишарат кылууда.

 

 

Аз. Йусуф (ас) сыяктуу, Аз. Мехди (ас)

убагындагы башкаруу да анын ак жана күнөөсүз

экенин билет; бирок кээ бир саясий себептерден

аны камоо пикири үстөм келет

 

Анан аларда (Йусуфтун тазалыгына байланыштуу) далилдерди көрүшкөн соң, сөзсүз аны белгилүү бир убакытка чейин зынданга таштоо (пикири) үстөм болду. (Йусуф Сүрөсү, 35)

 

Аз. Йусуф (ас)дын күнөөсүз экени далилдерден апачык көрүнүп турган. Бирок башкаруучу макамындагы кишилер ал далилдерди апачык көрүп турушса да, кээ бир саясий себептер менен Аз. Йусуф (ас)га карата курулган тузакты кабыл алышкан жана аны күнөөлүү деп табышкан. Аз. Йусуф (ас)дын мындай абалынан Аз. Мехди (ас)дын да өзүн коргоо жана ак экенин далилдөө үчүн өтө күчтүү далилдерди сунаары, бирок башкаруучу макамындагы кишилердин ал ачык далилдерге карабастан, кээ бир саясий себептер менен ага камак жазасын берээри көрүнүп турат.

 

Аз. Йусуф (ас) сыяктуу Аз. Мехди (ас)дын да

көздөрдөн алыс (түрмө) доору болот

 

Аны алып барып, кудуктун тереңине таштоону жалпылай чечишкенде, Биз ага (мындайча) вахий кылдык: «Ант болсун, сен аларга өздөрү билбеген убакта бул кылгандарын кабар бересиң.» (Йусуф Сүрөсү, 15)

 

... ошентип дагы көп жылдар бою (Йусуф) зынданда калды. (Йусуф Сүрөсү, 42)

 

Седир-и Сейрефи айтат: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссаламдан уктум: мындай деди: «Бул иштин ээсинде (Мехдиде) Йусуфка бир окшоштук бар.» Мындай дедим: «Сен бизге бир КӨЗДӨН КАЙЫМДЫ (камакты) же ТАҢ КАЛУУНУ билдирип жаткандайсың.»

 

Аз. Йусуф (ас) алгач кудукта, кийин болсо көп жылдар бою бир зынданда камалган. Йусуф алейхиссалам бирөө кыска, экинчиси узун убакытка созулган эки жолу адамдардын көзүнөн кайым (алыс) болгон. Биринчисинде, Йусуф (ас) кудукка ташталып, бир аз убакыт өткөн соң ал жерден өтүп бараткан кербен аны ал жерден чыгарган; экинчисинде болсо адилетсиздик менен зынданга ташталып, көпкө ал жерде жаткан. Бирок кийин күнөөсүз экени ачыкка чыгып, зындандан да чыгарылган.

Аз. Мехди (ас) да Аз. Йусуф (ас) сыяктуу өмүрүнүн ар кайсы убактарында көп жолу камалат. Бирок Аз. Йусуф (ас) сыяктуу Аз. Мехди (ас)дын да күнөөсүз экенин көрсөткөн далилдер апачык болот.

 

 

Түшүндө он бир жылдыз, күн жана айдын Аз.

Йусуф (ас)га сажда кылышы Ислам дүйнөсүнүн

Аз. Мехди (ас)дын руханий лидерлиги астында

биригишине ишарат кылат

 

Йусуф атасына: «Атаке, чындап мен (түшүмдө) ОН БИР ЖЫЛДЫЗ, КҮНДҮ ЖАНА АЙДЫ көрдүм; мага сажда кылып жатышканын көрдүм» деген эле. (Йусуф Сүрөсү, 4)

 

(Атасы) Мындай деген эле: «Уулум, түшүңдү бир туугандарыңа айтпа, болбосо сага бир тузак курушат. Себеби шайтан адам үчүн апачык бир душман.» (Йусуф Сүрөсү, 5)

 

Аз. Йусуф (ас) түшүндө жылдыз, күн жана айдын өзүнө сажда кылып жатканын көргөн, жана көп жылдардан кийин Аллах Аз. Йусуф (ас)ды Мисирге (Египетке) башчы кылган. Бул Аз. Мехди (ас)дын өмүрүнө байланыштуу да өтө маанилүү ишараттарды камтыйт. Белгилүү болгондой, көбүнчө Ислам өлкөлөрүнүн желектеринде жылдыз, күн жана ай эмблемалары орун алган. Аз. Йусуф (ас) жөнүндөгү бул аяттардын ишаратынан Ислам өлкөлөрүнүн Аз. Мехди (ас)дын руханий лидерлиги астында чогулуп биримдик түзөөрү, Аз. Мехди (ас)дын ушундайча бүт Мусулмандардын руханий лидери болоору түшүнүктүү болууда.

 

 

Йусуф Сүрөсүндө акыр замандагы

экономикалык кризиске да ишараттар бар

 

(Зынданга барып:) «Йусуф, эй туура (сөздүү киши)... Жети семиз уйду жети арык (уй) жеген жана жети жашыл башак менен калгандары куураган (түш) жөнүндө бизге фатва бер (жору). Адамдарга (сенин айткандарың менен) кайтып, балким алар (мунун маанисин) билип калышаар.»

Айтты: «Силер жети жыл мурда (сепкен) сыяктуу эгин сепкиле, бир аз жегениңерден тышкары (калганын) оргондоруңарды башагында калтыргыла.» (Йусуф Сүрөсү, 46-47)

 

Анан анын артынан (кургакчылыгы) оор жети жыл келет, сактаганыңардын бир азынан тышкары, мурда чогултканыңарды жеп түгөтөт.»

Анан анын артынан бир жыл келет; адамдар анда (ал жылы) мол мол жамгырга туш болушат жана анда сыгып-саашат.» (Йусуф Сүрөсү, 48-49)

 

Аяттарда камакта жаткан кезде Аз. Йусуф (ас)дан ошол доордун өкүмдары көргөн бир түштү жоруп бер деп сурашканы айтылган. Аз. Йусуф (ас) ал түштүн «көпкө созула турган экономикалык бир кыйынчылыкка» ишарат кылаарын айткан.

Пайгамбарыбыз (сав)дын Аз. Йусуф (ас)дын өмүрүндө Аз. Мехди (ас)дын өмүрүнө окшоштуктар болоорун кабар бергени ошол доордогу сыяктуу Аз. Мехди (ас)дын чыгышынан мурда да жер бетинде терең бир экономикалык кризис болооруна ишарат кылууда. Аятта ишарат кылынган экономикалык каатчылыктын учурда дүйнөлүк масштабда болуп жаткан чоң экономикалык кризис болушу толук ыктымал (туурасын Аллах билет).

Ошондой эле Аз. Йусуф (ас) «кургакчылыгы оор жети жыл» деп айткан каатчылык жана экономикалык кыйынчылык жылдары 2007- жана 2008-жылдарга ишарат кылып жатышы ыктымал (туурасын Аллах билет).

Аз. Йусуф (ас) «уй менен буудай» жөнүндө айтылган түштү жоруп, ал доордо боло турган экономикалык каатчылыкка карата «айыл-чарбасына маани берүүнүн туура чечим болоорун» айткан. Белгилүү болгондой, «уй менен буудай» айыл-чарба жана мал-чарбачылыгынын эң негизги элементтери. Ошондуктан Аз. Йусуф (ас)дын түш жоруусунан «акыр заманда Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда боло турган экономикалык кризис учурунда да айыл-чарба менен мал-чарбачылыгына маани берүүнүн туура чечим болоору» көрүнүп турат.

Аяттардын ишаратынан бул экономикалык кризистин «тынымсыз уланган бир убакыт аралыгы бою» же «белгилүү мөөнөт менен кайталануучу» да болушу мүмкүн экени көрүнүп турат.

 

КУРАНДА ИСЛАМ АХЛАГЫНЫН ЖАЙЫЛЫШЫНА ИШАРАТ КЫЛГАН БАШКА АЯТТАР

 

Кыямат алааматтары биринин артынан экинчиси болот. Бир тизмектеги мончоктордун КАТАРЫ МЕНЕН үзүлүшү сыяктуу. (Ramuz-El Ehadis, 277/6; Camiü's-Sagir, 3/167)

 

Жок, алардын акырет жөнүндөгү маалыматтары «КАТАРЫ МЕНЕН топтолуп бекемделди»... (Немл Сүрөсү, 66)

 

Мехди ФИТНАЛАР ЧЫККАН БИР УБАКТА келет. (Mektubat-ı Rabbani, 2-258)

 

АЛ ҮММИЛЕР (ИЛИМСИЗДЕР) ИЧИНДЕ АЛАРДАН БОЛГОН ЖАНА АЛАРГА АЯТТАРЫН ОКУГАН, АЛАРДЫ АРЫЛТЫП-ТАЗАЛАГАН ЖАНА АЛАРГА КИТЕП МЕНЕН ДААНЫШМАНДЫКТЫ ҮЙРӨТКӨН БИР ЭЛЧИ (АЗ. МЕХДИ (АС)НЫ) ЖӨНӨТҮҮЧҮ. АЛАР БОЛСО мындан мурда чындап апачык бир адашууда эле. (Жума Сүрөсү, 2)

 

ЭЧ БИР ТАРАП АНДАН ЖАШЫНА АЛБАЙ ТУРГАН БИР ФИТНА чыгат,... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 21-22-б.)

 

Эй ыйман келтиргендер, силерге жашоо бере турган нерселерге силерди чакырганда, Аллахка жана элчисине жооп бергиле. Жана билгиле, албетте, Аллах адам менен жүрөгүнүн арасына кирет жана силер чындап Ага алып барылып чогултуласыңар. Жана СИЛЕРДЕН ЗУЛУМ КЕЛТИРГЕНДЕРГЕ ГАНА ТИЙИП ТИМ БОЛБОГОН БИР ФИТНАДАН коркуп-сактангыла. ... (Энфал Сүрөсү, 24-25)

 

Дүйнө башаламандык ичинде калганда, фитналар чыкканда... ЖОЛДОР ТОСУЛГАНДА, кээ бирлери кээ бирине кол салганда... (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 12-б.)

 

Улуттар арасында соода менен ЖОЛДОР ТОСУЛАТ... (El Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 39-40-Б.)

 

«Ага ыйман келтиргендерди коркутуп, Аллахтын жолунан тосуу үчүн жана анда дал келбестик (кыйшыктык) издеп АР ЖОЛДУН (БАШЫН) ТОСУП-ОТУРБАГЫЛА. (Аьраф Сүрөсү, 86)

 

... жана киши өлтүрүүлөргө жердеги менен асмандагылар ЧЫДАЙ АЛБАЙ КАЛГАН абалга келгенде чыгат... (El-Kavlu-l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 37-б.)

 

Же силерден мурда жашап-өткөндөрдүн абалы башыңарга келбестен бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? Аларга ушундай бир жокчулук, УШУНДАЙ ООР БИР КЫЙЫНЧЫЛЫК КЕЛИП жана ушунчалык чайпалышкандыктан, аягында элчи айланасындагы ыймандуулар менен «Аллахтын жардамы качан?» деп жатты. Көңүл бургула. Күмөнсүз Аллахтын жардамы өтө жакын. (Бакара Сүрөсү, 214)

 

(Мүнафыктардын) Тилдери шекерден таттуу,... (Tirmizi, Zühd, 60)

 

Сен аларды көргөнүңдө сөөлөттүү денелери көңүлүңө жагат. СҮЙЛӨГӨНДӨ БОЛСО АЛАРДЫ УГАСЫҢ. (Бирок) Алар (устун сыяктуу) жөлөп коюлган жыгач-дөңгөч сыяктуу. ... (Мүнафикун Сүрөсү, 4)

 

Чоң шаарлар кечээ эле жок сыяктуу кыйрайт. (Kitabül Burhan Fi Alametil Mehdiyyil Ahir Zaman, 38-б.)

 

БИЗ НЕЧЕНДЕГЕН ШААРЛАРДЫ КЫЙРАТЫП САЛДЫК. АЛАР ЗААЛЫМ БОЛЧУ. ЭМИ (АЗЫР) АЛ ЖЕРЛЕР АСТЫН-ҮСТҮН БОЛУП, ЭЧ КИМ ЖАШАБАГАН АБАЛДА ТУРАТ, ТАШТАЛГАН КУДУКТАРЫ (ДА) ТУРАТ, БИЙИК САРАЙЛАРЫ УҢУЛДАП ТУРУУДА. (Хаж Сүрөсү, 45)

 

Акыр заманда ушундай адамдар чыгат: диндерин дүйнө КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ ҮЧҮН САТЫШАТ. Алар жумшак көрүнүү үчүн кой кийимине оронушат. (Tirmizi, Zühd, 60)

 

Китепти өз колдору менен жазып, анан АЗ БИР БААГА САТУУ ҮЧҮН «Бул Аллах Кабатынан» дегендерге азап болсун. Колдору менен жазгандары; топтоп жаткан (күнөө)лөрү үчүн алардын азабы оор. (Бакара Сүрөсү, 79)

 

... БИРОК ЖҮРӨКТӨРҮ БӨРҮ ЖҮРӨГҮНДӨЙ КАТУУ БОЛОТ. (Tirmizi, Zühd, 60)

 

Андан соң ЖҮРӨГҮҢӨР кайрадан катуулашты; таш сыяктуу, ал тургай андан да КАТУУ... (Бакара Сүрөсү, 74)

 

Куран окуган, бирок ОКУГАНДАРЫ ТИЛДЕРИНДЕ КАЛГАН, ЖҮРӨКТӨРҮНӨ ТҮШПӨГӨН (ЖЕТПЕГЕН) АДАМДАР ЧЫГА ТУРГАН бир учур келет. (Son Zamanlarla İlgili Hadisler, 61-б.)

 

... Силерди ооздору менен ыраазы кылышат, ЖҮРӨКТӨРҮ БОЛСО КАРШЫ ЧЫГАТ... (Тообо Сүрөсү, 8)

 

... АЛАР ЖҮРӨКТӨРҮНДӨ БОЛБОГОН НЕРСЕНИ ТИЛДЕРИ МЕНЕН АЙТЫШАТ... (Фетих Сүрөсү, 11)

 

АЧАРЧЫЛЫК менен кымбатчылык болушунча көбөйөт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, 440-б.)

 

Ант болсун, Биз силерди бир аз коркуу, АЧАРЧЫЛЫК жана мал-мүлк, жандардан жана түшүмдөрдөн азайтуу менен сынайбыз. (Бакара Сүрөсү, 155)

 

Бүт баарынын АЗ ТААП ЖАТАМ деп арызданышы... (Kıyamet Alametleri, 146-б.)

 

ИШТЕРДИН ЖАКШЫ ЖҮРҮШПӨШҮ. Бүт баары «САТА АЛБАЙ ЖАТАМ, АЛА АЛБАЙ ЖАТАМ, ТАБА АЛБАЙ ЖАТАМ!» деп арызданышат. (Kıyamet Alametleri, 152-б.)

 

«Ким мени эстөөдөн жүз бурса, ал үчүн ООР (КЫЙЫНЧЫЛЫКТУУ) БИР КҮН ӨТКӨРҮҮ бар ... (Таха Сүрөсү, 124)

 

Жакырлар көбөйөт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, 455-б.)

 

Аллах бир шаарды мисал келтирди: (эли) коопсуздук жана бейпилдик ичинде эле, ырыскысы да бүт тараптан мол мол келип жаткан эле; бирок Аллахтын немат-жакшылыктарына нашүгүрдүк кылды, ошентип Аллах кылгандарына жооп (жаза) катары ага АЧАРЧЫЛЫК менен коркуу КИЙИМИН ТАТТЫРДЫ. (Нахл Сүрөсү, 112)

 

Адамдарга бир заман келет: мечиттеринде чогулуп НАМАЗ ОКУШАТ. БИРОК АРАЛАРЫНДА МОМУН (ЫЙМАНДУУ) БОЛБОЙТ. (Son Zamanlarla İlgili Hadisler, 17-б.)

 

Мобул НАМАЗ ОКУГАНДАРДЫН АБАЛЫ ООР, алар намаздарында жаңылыштыкта, алар эл көзүнө окушууда (Маун Сүрөсү, 4-6)

 

МЕЧИТТЕР НАМАЗ ОКУЛБАЙ, КЕЛИП ӨТҮЛӨ ТУРГАН БИР ЖОЛГО АЙЛАНГАН... бир убак келмейинче кыямат болбойт. (Son Zamanlarla İlgili Hadisler, 87-б.)

 

Анан алардан кийин ушундай урпактар пайда болду, НАМАЗ (ОКУУ)НУ ЖОГОТУШТУ... (Мерйем Сүрөсү, 59)

 

Кыямат жакындаганда... ӨЛЧӨӨ МЕНЕН ТАРАЗАЛАРДА АЛДАМЧЫЛЫК КЫЛЫНАТ. (Ramuz-El Ehadis, 33/7)

 

Кем өлчөп тарткандардын абалы оор (аларга азап болсун), алар адамдардан өлчөп алганда толук алышат. Өздөрү аларга ӨЛЧӨГӨНДӨ ЖЕ ТАРТКАНДА КЕМ БЕРИШЕТ. (Мутаффифин Сүрөсү, 1-3)

 

ТУУГАН МЕНЕН БАЙЛАНЫШТАР ҮЗҮЛӨТ. (Ramuz-El Ehadis, 448/7)

 

Демек, «иш башына келип башкарууну колго алсаңар» ошол замат жер жүзүндө фесат (бузукулук) чыгарып, ТУУГАНДЫК БАЙЛАНЫШТАРЫН ҮЗҮП ТАЛКАЛАЙСЫҢАР, ушундайбы? (Мухаммед Сүрөсү, 22)

 

Алар (эч) бир момунга карата ТУУГАНДЫК БАЙЛАНЫШТАРЫН ДА, «келишим өкүмдөрүн» да сактап ТААНЫШПАЙТ. ... (Тообо Сүрөсү, 10)

 

Адамдарда АЧ КӨЗДҮК МЕНЕН ЖУЛКУНУУ КӨБӨЙӨТ. (Müslim, İmare, 176; İbni Mace, Fiten, 24)

 

АЛАР САРАҢДЫК КЫЛЫШАТ, адамдарга да САРАҢДЫКТЫ БУЙРУШАТ (СУНУШТАШАТ)... (Ниса Сүрөсү, 37)

 

... МАЛ-МҮЛКТҮ «БИР ЖЫЙУУ (ТОПТОО) КААЛООСУ ЖАНА ЖУЛКУНУУСУ МЕНЕН» СҮЙӨСҮҢӨР. (Фежр Сүрөсү, 20)

 

Кыямат жакындаганда АНАРХИЯ МЕНЕН БАШАЛАМАНДЫК КҮНДӨР БОЛОТ. (Suyuti, Cami'üs Sagir, 3/211; Ahmed bin Hanbel, Müsned, 2/492)

 

«Алар жер жүзүндө БУЗУКУЛУК ЧЫГАРЫП, ЖАНА ТАРТИП ОРНОТУШПАЙТ (абалды оңдошпойт).» (Шуара Сүрөсү, 152)

 

КЫЯМАТ ЖАКЫНДАДЫ. Бирок адамдар дүйнөгө болгон жулкунууларын (ач көздүктөрүн) гана көбөйтүшүүдө, Аллахтан болсо алысташууда. (Suyuti, Camiü's-Sagir, 2/57)

 

АДАМДАРДЫН СУРАК (УБАКТЫСЫ) ЖАКЫНДАДЫ, АЛАР БОЛСО КАПЫЛЕТТИК (БЕЙКАПАРЛЫК) ИЧИНДЕ ЖҮЗ БУРУШУУДА. ... (Анбия Сүрөсү, 1)

 

Адамдарга бир заман келет: КУРАНИ КЕРИМ БИР ӨРӨӨНДӨ, АДАМДАР БАШКА БИР ӨРӨӨНДӨ БОЛУШАТ. (Son Zamanlarla İlgili Hadisler, 23-б.)

 

Аларга качан Аллах Кабатынан колдорундагыны тастыктаган бир элчи келсе, китеп берилгендердин бир бөлүгү билмексен болушуп АЛЛАХТЫН КИТЕБИН АРТКА ТАШТАШТЫ. (Бакара Сүрөсү, 101)

 

КУРАНИ КЕРИМДИН сүрөтү гана, Исламдын аты гана калат. (Son Zamanlarla İlgili Hadisler, 24-б.)

 
Жана элчи айтты: «Раббим, чындыгында МЕНИН КООМУМ БУЛ КУРАНДЫ ТАШТАЛГАН (БИР КИТЕП) КАТАРЫ АРТКА ТАШТАШТЫ.» (Фуркан Сүрөсү, 30)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder