Аз. Мехди
(ас)дан сөз кылынышы Аз. Мехди (ас)дын чыгуу
белгилеринен
Хижрий 13-кылымдын мужеддиди
Бедиүззаман эмгектеринде Аз. Мехди (ас)дын келиши жана Ислам ахлагынын бүт
дүйнөгө жайылышы жөнүндө бүт Мусулмандарга жол көрсөтө турган маанилүү баяндарды
жасаган. Бирок кээ бир чөйрөлөр Бедиүззаман эмгектеринде кеңири орун берген «Мехдилик темасында ачык сөз кылуу көп
жагынан туура эмес жана жакшы болбойт» деп айтышууда.
Чындыгында болсо «Мехдилик
маселеси жаап-жашырыла турган эмес, сүйүнчүлөө керек болгон бир нерсе».
Аз. Мехди (ас)дын келиши түздөн-түз Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан сүйүнчүлөнгөн
жана Пайгамбарыбыз (сав)дын бул темада мүтеватир (өтө ишенимдүү) деп кабыл
алынган көптөгөн хадистери бар. Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде «АЗ.
МЕХДИ МЕНЕН СҮЙҮНЧҮЛӨШКҮЛӨ. Ал Курейштен жана Эхли Бейтимден бир киши.» (Kitab-ul
Burhan Fi Alamet-il Ahir zaman, б: 13) деп, мунун
Мусулмандар үчүн бир кубанычтуу кабар экенин билдирген. Башка бир хадисинде
болсо Пайгамбарыбыз (сав) «Аз. Мехди (ас) чыгат, БААРЫ БИР ГАНА АЛ
ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШӨТ, анын сүйүүсүн ичет жана АНДАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕДЕН СӨЗ
КЫЛЫШПАЙТ.» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, б: 33) деп, Аз. Мехди (ас) чыгаар кезде бүт адамдардын ал куттуу инсандан сөз
кылаарын кабар берген. Пайгамбарыбыз (сав) билдирген бул хадистер учурда ишке
ашып баштады жана бүт адамдар Аз. Мехди (ас)дан сөз кылып жатышат.
Бедиүззаман
да эмгектеринде бул темага көп токтолуп, жүздөгөн бет бою муну ар тараптан баян
кылган. Эгер муну жашыруу керек же окуунун кереги жок деп ойлогондо, албетте
буга байланыштуу баяндарын рисалелерге (Рисале-и Нур) кошмок эмес. Кошпош керек
болгон бир жагдай болгондо, Бедиүззаман эмгектеринде анын «махрем» экенин жана жарыялабаш керек болгону үчүн
рисалелерге киргизилбегенин көп жерлерде айткан. Бедиүззамандын мындай
сөздөрүнүн бири төмөнкүчө:
Рисалелер болсо, ал сыяктуу
рисалелерди махрем дегенбиз... басып чыгарылышына уруксат берген эмеспиз...
(Bediüzzaman ve Talebelerinin Mahkeme Müdafaları, б: 187)
Бедиүззаман да айткандай, жашыруун
нерсе басып чыгарылбайт. Бирок Мехдилик темасында болсо абал толук
тескерисинче. Бедиүззаман Аз. Мехди (ас)дын келишин жүздөгөн бет бою
түшүндүрүп, баяндаган жана мунун жашырыла турган бир маселе эмес экенин апачык
айткан. Канча жылдан бери рисалелердин миллиондогон адамдар тарабынан окулуп
жатышы да бул теманын жашыруун эмес, ачык айтылган бир тема экенин апачык
көрсөтөт.
Бирок Бедиүззамандын бул темага
көз-карашы апачык болгонуна карабастан, бул туура эмес көз-карашка
Бедиүззамандын сөздөрүнө бир катар туура эмес маанилерди кошуу менен колдоо
табууга аракет кылынууда. Бул максатта колдонулган жана туура эмес
жоромолдонгон Бедиүззамандын сөздөрүнүн бири мындай:
Бир туугандарымдын экинчи жаңылыштыгы; фани
(убактылуу) жана кыйратууга мүмкүн болгон бир кишини кээ бир тараптары менен
биринчи озуйпада (милдетте) пишдарлык (алдылык) кылган
Нур шакирттеринин руханиятын өкүлчүлүк кылган ал алсыз бир тууганына беришүүдө.
Бирок бул эки илтибас (жаңылыштык, адаштыруу) да
Рисале-и Нурдун чыныгы ыкласына жана эч нерсеге, ал тургай руханий жана
акыреттик макаматка да курал болбошуна бир тараптан зыян тийгизген сыяктуу,
саясатчыларды да эвхама (куру санаага) салып,
Рисале-и Нурдун нешрине (басып чыгрылышына, жайылышына) зыяны
тийет. Бул заман шахс-ы маневи (руханий киши) заманы
болгондуктан, мындай чоң жана баки (түбөлүктүү)
акыйкаттар фани (убактылуу) жана
алсыз жана ката кетириши мүмкүн болгон кишилерге таянып курулбайт. Натыйжада:
Ал келе турган заттын ысмын берүү, үч озуйпасы (кызматы) чогуу
эске келип жатат, туура эмес болот. Бир
жагынан эч нерсеге курал болбогон Нурдагы ыкласка зыяны тийет, авам-ы мүминин (илим-билими
аз болгон момундардын) оюнда акыйкаттардын күчү белгилүү даражада кемийт,
йакинийет-и бүрханийе (йакин (күбө болгондой) даражасында
белгилүү болгон, танууга мүмкүн болбой турган абалда чындыктарды далилдеген
анык далил) да казайа-йы макбуледеги (кабыл аларлык өкүм менен
пикир, маани бериле турган заттардын айткандары жана ушул себептен кабыл
алынган) акыйкатка жакын күчтүү пикирге айланат, өжөр далилге, ишаратка жана
кежир, текебер динсиздикке (болгон) толук
үстөмдүгү (жеңиши) мүтехаййир (жаңылуудагы)
ыймандууларда көрүнбөй баштайт; саясатчылар куру санаага түшүп тынчсызданып,
жана кээ бир хожалар (аалым, молдолор) каршы
чыгып баштайт. Ошол үчүн Нурларга ал ысымды берүү мүнасип (ылайыктуу) болбойт.
Балким мужеддиддир, анын пишдарыдыр (алдыдыр) дегенге
болот. (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, б: 10)
Бедиүззамандын бул сөзүндө
айткандары бурмаланып, «Аз. Мехди (ас) маселесинен апачык сөз кылуу өтө зыяндуу
болот деп айткан» дешүүдө. Бирок бул пикир такыр туура эмес бир жоромолго
таянат. Себеби Бедиүззаман бул сөздөрүн өзү жашаган доорго карата айткан.
Бедиүззаман шакирттеринин ага карата Мехдилик жөнүндө оң күмөндө экенин (б.а.
аны Мехди болушу мүмкүн деп күмөн кылышканын), бирок мунун «чаташтыруудан келип чыккан бир жаңылыштык экенин» айтууда. Ушул
себептен өзү жөнүндө «мындай деп
айтпагыла; мени Мехди сыяктуу көрсөтпөгүлө» деп айтып жатат. Бирок көңүл
бурулган болсо, Бедиүззаман бул жерде «Мехдилик
жөнүндө сөз кылуунун эмес; «туура эмес бир пикирге таянганы үчүн аны Аз. Мехди
(ас) катары көрсөтүүнүн» туура эмес жана зыяндуу болоорун» айтып жатат. Ал
доордо Бедиүззаманга карата мындай туура эмес бир пикирдин жайылышынын ыкласка
зыян тийгизээрин, кээ бир саясатчылардын тынчсызданышына себепчи болушу,
Рисале-и Нурдун басып көбөйтүлүшүнө зыян тийгизиши мүмкүн экенин жана Рисале-и
Нурдун каапырларга болгон үстөмдүгүнүн жарым калаарын эскертүүдө. Бедиүззаман
мындай туура эмес бир жакшы күмөндө болуунун (Бедиүззаманды Мехди деп күмөн
кылуунун) Мехдилик темасында туура эмес бир «күчтүү күмөн» пайда болушуна жана
натыйжада ыймандуулардын туура эмес багытталышына себепчи болоорун; мындай
адашуу натыйжасында мунун Мусулмандардын чыныгы Аз. Мехди (ас)ды байкашына
тоскоол болушу мүмкүн экенин айтууда.
Бедиүззаман, мындан тышкары, бул
жердеги сөздөрү менен өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин да көп жолу апачык
айткан. Мисалы, «мен Аз. Мехди (ас)дын үч милдетинин баарын орундаттым» деген
жок. Көңүл бурулган болсо, өзүнүн «Аз.
Мехди (ас)дын биринчи милдети болгон ыйман акыйкаттары жөнүндө Аз. Мехди (ас)га
алдылык (андан мурдагы кызматкерлик) гана кылганын жана муну да кээ бир
тараптардан гана орундатканын» айтууда. «Ал келе турган заттын ысмын берүү... туура эмес болот» деген
сөздөрү менен «бул ысымдын Аз. Мехди (ас) болбогонуна карабастан, ага
берилишинин туура эмес болоорун жана ыкласка зыян тийгизээрин; ушул себептен
Аз. Мехди (ас) ысмынын ага эмес, ал келе турган затка берилишин» айтууда. Өзүн
болсо «балким мужеддид жана Аз. Мехди (ас)дын пишдары, б.а. алдындагысы десеңер
болот» деп айтууда.
Булардан тышкары, Бедиүззамандын Аз.
Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө берген жылы, белгилүү болгондой, 2011-жыл.
Мынчалык маанилүү бир окуянын ишке ашышына ушунчалык аз убакыт калса дагы, бул
темадан дагы эле сөз кылбаш жана жаап-жашыруу, албетте, туура эмес.
Бедиүззамандын сөздөрү апачык.
Бедиүззаман рисалелердин «авамдан
хавасска (илими аз болгон катардагы бир адамдан Курандык жана руханий
сырларды билген, илим, ибадат жана такыбалык жолунда көтөрүлгөн Аллах олуясына)
же бир ортоңку класс окуучусунан бир
философко чейин окугандардын баары оңой гана түшүнө ала турган» (Kastamonu
Lahikası, б: 70) (Şualar, б: 549) эмгектер экенин айткан. Бедиүззамандын
бул жөнүндөгү сөздөрүнүн кээ бирлери мындай:
... Рисале-и Нур бул кызматты эң кооптуу бир заманда жана эң керектүү
жана кылдат бир убакта, бүт баары түшүнө турган абалда, Куран
акыйкаттары жана ыймандын эң терең жана эң жашыруундарын абдан күчтүү далилдер
менен далилдейт. (Şualar, бет: 748)
... Рисале-и Нурду аял, эркек,
мамлекеттик кызматкер жана соодагер, аалым жана философ сыяктуу ар кандай элдин
катмары окуп түшүнө алат... (Şualar, бет: 549)
Ушуга карабастан, Рисалелерди өзгөчө
сырларды билген, өзгөчө чечмелөө күчү болгон жана өзгөчө жөндөмдөргө ээ кээ бир
өзгөчө кишилер гана түшүнө алат деп, Бедиүззамандын сөздөрүнө апачык маанисинен
башка жоромолдорду чыгаруу такыр туура эмес. Андай болсо каалагандардын баары
Бедиүззамандын сөздөрүнөн өзүнүн көз-карашына жараша жаңы туура эмес ойлорду
чыгара берет. Натыйжада Рисалелер Бедиүззамандын чыныгы сөздөрүн эмес, ал
сөздөрдү өзүнүн илими жана түшүнүгүнө жараша чечмелеген кишилердин пикирлерин
чагылткан эмгектерге айланат. Мындай чечмелөө логикасынын Бедиүззамандын нуска
жана чын ыкластуу бир тил менен калемге алган Жыйнагына кандай зыян берээрин
жакшылап ойлоп көрүү керек.
Бедиүззаман ага Мехдилик жөнүндө жакшы
күмөн
кылгандарга Аз. Мехди (ас) эмес
экенин далилдери
менен айтып берген
Жашап жаткан доорунда шакирттеринен
жана жакын чөйрөсүнөн Бедиүззаманга «Аз. Мехди (ас) эмессизби» деген маанайда
бир катар суроолор узатылган. Тарых бою ушул сыяктуу суроолор Бедиүззамандан
мурда жашап өткөн мужеддидерге да узатылып, шакирттеринен аларды Мехди деп
санагандар болгон. Алар да шакирттерине Мехди эмес экенин, Аз. Мехди (ас)дын
өзгөчөлүктөрүнүн аларга туура келбешин далилдери менен айтып беришкен. Аз.
Мехди (ас)дын качан жана каерде чыгаарын, кандай өзгөчөлүктөрдө болоорун,
илимий күрөшүн, Ислам ахлагын кандайча орнотоорун терең сүрөттөп беришкен. «Мен
Аз. Мехди (ас) эмесмин, себеби Аз. Мехди (ас) мындай жашта болот, бул жактан
чыгат, мындай өзгөчөлүктөрдө болот, сеййид болот» деген сыяктуу Пайгамбарыбыз
(сав)дын хадистерине ылайык бир катар жоромолдорду жасашкан.
Бедиүззамандын болсо бул жөнүндө
пикирлерин сурагандарга эки түрдүү жообу болгон;
1) Өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин апачык айткан жана аны Мехдисиң деп
күмөн кылгандарга «Аз. Мехди (ас) эмес экенин жана эмне үчүн боло албашын»
эмгектеринде терең түшүндүрүп айтып берген.
2) Аны Мехдисиң деп күмөн кылгандарга «жакшы күмөн илгертен бери болуп
келатат, буга каршы чыгууга болбойт; ушул себептен мен дагы жакшы күмөн
кылгандарга эч нерсе дечү эмесмин» деп жооп берген, бирок ал кишилерге да
ага айтылган «Мехдилик таңуулоосун кабыл албаганын» айткан.
1) Бедиүззаман
«Мехдилик сыпатын эч кабыл албаганыма бүт бир туугандарым күбө болушат» (Şualar, б: 365) деген
жана буга рисалелерде жүздөгөн бет далилдерди жазган:
Бир темада суроо суралганда
Бедиүззамандын ага эмне деп жооп бергени маанилүү жана өзү Аз. Мехди (ас) эмес
экенин апачык айткан. Бедиүззаман эмгектеринде «өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин» (Emirdağ
Lâhikası, б: 266), «Аз.
Мехди (ас)дын өзүнөн бир кылымдан кийин келээрин» (Kastamonu
Lâhikası, б: 57), «өзүнүн Аз. Мехди (ас)дын бир
жигити, аскери жана алдыдагысы экенин» (Barla
Lâhikası, б: 162),
«эмгектери жана жасаган иштери менен Аз. Мехди (ас)га пайдубал даярдаганын» (Sikke-i
Tasdik-ı Gaybî, б: 189),
«аны жана Рисале-и Нурларды Аз. Мехди (ас) деп ойлоонун болсо бир жаңылыштык
жана чаташтыруу экенин» (Emirdağ Lahikası, б: 266) айткан.
«Аз. Мехди (ас)дын «сеййид»
болоорун» (Tenvir, Şualar, б: 365),
«саясат, салтанат жана диянат ааламында үч чоң милдетти чогуу орундатаарын» (Şualar, б:456)
(Şualar, б: 590) (Emirdağ Lahikası, б: 259-260),
«Пайгамбарыбыз (сав)дын халифасы, б.а. бүт Мусулмандардын руханий лидери наамы
менен Ислам ахлагынын негиздерин кайрадан жандантаарын» (Sikke-i
Tasdik-i Gaybi, б: 9), «бүт дүйнөгө тынчтык менен адилеттик алып келээрин» (Emirdağ
Lahikası, б: 259) (Mektubat, б: 411-412),
«Мужеддид-и Экбер», б.а. «эң чоң мужеддид» сыпатында болоорун» (Tılsımlar
Mecmuası, б: 168), «Ислам биримдигин түзөөрүн» (Emirdağ
Lahikası, б: 260), «бүт Ислам ааламынын,
Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактары болгон сеййиддердин жана бүт Мусулмандардын
колдоосуна ээ болоорун» (Emirdağ
Lahikası, б: 260), «Христиан дүйнөсү менен биримдик
түзөөрүн» (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, б: 9),
«Аз. Иса менен бирге намаз кылышаарын» (Şualar, б:
493), «Куран ахлагын бүт дүйнөгө орнотоорун жана бүт
адамдарды туура жолго салаарын» (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, б: 9)
(Mektubat, б: 473) терең баяндаган.
Бедиүззаман өзү жашаган убакта «бүт Мусулмандарды бир асман астына топтоп
Ислам биримдигин курган эмес; бүт ыймандуулардын халифасы (руханий лидери)
сыпатына ээ болгон эмес». «Бүт дүйнөгө адилеттик менен акыйкатты алып келген
эмес, «Ислам ахлагын бүт жер жүзүнө жайып орноткон эмес». «Мужеддид-и экбер
жана Хаким (сот) сыпаттарына ээ болгон эмес», «бүт Ислам аалымдарынын,
Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактары болгон сеййиддердин жана бүт Мусулмандардын
колдоосун алган эмес.» Өмүрүн Куран ахлагына чакырууга арнап, бул багытта
ар кандай жан аябастыктарга барган жана өтө чоң бир ыйман кызматын жасаган. Өз
кылымынын мужеддиди катары мойнундагы милдетин эң сонун даражада орундаткан.
Бирок анын динге чакырыгы күч-кубат жана өкүмдарлык ичинде эмес, материалдык
жана моралдык жактан өтө оор шарттарда жана теңдешсиз кыйынчылыктар ичинде
өткөн. Сот (өкүм берүүчү) сыпатында болгон эмес; тескерисинче кысымчылык көрүп,
өмүрүн туткундук, материалдык кыйынчылыктар астында өткөргөн. Айтылып
кеткендей, кеңири масштабда адамдардын колдоосуна ээ болгон эмес, тескерисинче
ар кандай адилетсиздиктерге кабылып, кыйноолорду тартып, өмүрүнүн көп бөлүгүн
камак жана сүргүн сыяктуу шарттарда өткөргөн. Жогоруда саналган
мүмкүнчүлүктөрдүн жана орундатыла турган милдеттердин болсо өзүнөн кийинки
кылымдын мужеддиди катары Аз. Мехди (ас)ге насип болоорун айткан.
2) Бедиүззаман
Аз. Мехди (ас) эмес экенин далилдери менен бирге айтып берген, бирок аны Мехдисиң
деп күмөн кылгандарга эч нерсе дебешин айткан:
Жашап жаткан доорунда жакын
чөйрөсүнөн Бедиүззаманга Мехдилик жөнүндө күмөн кылгандар болгон. Ал тургай
Бедиүззаман шакирттеринин мындай пикирлерин айткан сөздөрүн рисалелердин ар
кайсы бөлүмдөрүнө кошкон. Бирок, белгилүү болгондой, бир багытта бир кишиге күмөн
кылынышы ал пикирдин чындыкты чагылтаарын көрсөтүүчү бир далил эмес.
Бедиүззаман да рисалелеринде муну айткан. «Ага
жакшы күмөндө болгон кишилердин болушу мүмкүн экенин; анын илгертен бери болуп
келгенин, ага каршы чыгууга болбошун; бирок чындыгында мунун бир чаташтыруу
жана жаңылыштык экенин» айткан. Бедиүззамандын бул жөнүндөгү сөздөрүнүн
бири мындай:
... Рисале-и Нурдун руханиятын бир
Аз. Мехди (ас)дай көрүшүүдө (жеке пикирлеринде ушундай кабыл алышууда). Ал руханияттын бир мүмессили (өкүлү), Нур шакирттеринин биримдигинен келген бир
руханият жана ал руханиятта кандайдыр бир деңгээлде мүмессили (өкүлү) болгон бечара котормочусун күмөн
кылышкандыктан, кээде ал ысымды (Аз. Мехди (ас) ысмын) ага да беришүүдө. Чындыгында бул бир илтибас (чаташтыруу) жана бир сехив (ката, жаңылыштык), бирок алар анда месьул (жоопкерчиликтүү) эмес. Себеби жакшы күмөн илгертен бери
болуп келатат жана ага каршы чыгылбайт. Мен да ал бир туугандарымдын көп эмес жакшы күмөндөрүн бир дуба жана
бир тилектей жана Нур шакирттеринин бекем ишенимдеринин бир чагылышы катары
көргөнүм үчүн аларга көп кийлигишчү эмесмин. (Emirdağ Lahikası, б: 248)
Бедиүззаман Рисале-и Нурдун
руханиятын жана ал эмгектердин автору катары өзүн кээде Аз. Мехди (ас) болушу
мүмкүн деп ойлошконун, бирок мунун бир чаташтыруу жана ката экенин айткан.
Мындай пикирдеги адамдардын аны ыйманга баштоочу акыйкаттарды баян кылуу
жагынан баалашканын, бирок Аз. Мехди (ас)дын калган эки милдети болгон «Ислам биримдигин түзүү, бүт Ислам
дүйнөсүнүн лидери болушу жана Ислам ахлагын дүйнөгө орнотуунун анда
көрүнбөгөнүн эске алышпаганын» айткан. Ушул
себептен Рисале-и Нурга жана ага Мехдиликти ыйгаруунун болгону бир «күмөн» гана
экенин белгилеген.
Бедиүззаман «Аз. Мехди (ас)дын
сеййид болоорун;
өзүнүн болсо сеййид эмес, күрт экенин»
эмгектеринде
көп жолу айткан
Бедиүззаман өзүнүн Аз. Мехди (ас)
эмес экенин айткан далилдердин бирөөсүндө «Аз.
Мехди (ас)дын сеййид болоорун, бирок өзүнүн сеййид эмес экенин» айткан. Бедиүззаман
бул чындыкты апачык айткан сөздөрүнүн кээ бирлери мындай:
... Мехдилик сыпатын эч кабыл
албаганыма бүт бир туугандарым күбө болушат. Ал тургай, Денизлидеги илимдүү кишилер эгер Саид
мехдилигин жарыяласа бүт шакирттери кабыл алышат дегенине карата Саид каршы
чыккан жазуусунда айткан: «мен сеййид эмесмин, Мехди сеййид болот» деп
аларды танган... (Şualar, б: 365)
Мен өзүмдү сеййид (Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан) деп
билбеймин. Бул заманда санжыралар белгисиз. Ал эми акыр замандын ал улуу инсаны
болсо Ал-и Бейттен (Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан) болот.
(Emirdağ Lahikası, б: 247-250)
Бедиүззаман, мындан тышкары,
эмгектеринде Пайгамбарыбыз (сав)дын бир хадисин эске салып, «сеййид болгон бир кишинин сеййиддигин
жашырышынын Куран ахлагына туура келбешин» айтып, бул боюнча сөзүнүн анык
туура экенин айткан:
Сеййид эместин сеййидмин жана сеййид
болуп туруп эмесмин дегендер экөө тең күнөөкөр жана духул жана хуруж (баш көтөрүү) арам болгондуктан... хадис жана
Куранда дагы, тескерисине же кем кылууга (жашырууга) тыюу салынган. (Muhakemat,
б: 52)
Эгер Бедиүззаман сеййид болгондо,
аны жашырышы үчүн эч кандай себеп жок эле. Себеби Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын
урпактарынан болуу жашыруу керек болгон бир өзгөчөлүк эмес; тескерисинче
Мусулмандар үчүн чоң бир аброй. Дүйнө жүзүндө миллиарддаган сеййид бар жана
баары сураганда сеййид экенин ачык айтышат. Ошондуктан Бедиүззаман да эгер
сеййид болгондо ага мындай бир суроо узатылганда «Ооба сеййидмин, шерифмин,
бирок Аз. Мехди (ас) эмесмин» деп; өзүнүн Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан
болгонун айтуудан өтө кубаныч сезмек. Себеби «сеййид экенин кабыл алышы Аз. Мехди (ас) экенин да кабыл алышын»
талап кылган бир жагдай эмес. Бирок, ошого карабастан, сеййид эмес экенин көп
жолу апачык айткан. Мындан тышкары, Бедиүззаман рисалелерде көп жолу «күрт» экенин айтып ага далилдер көрсөткөн (Münazarat, б:84;
Tarihçe-i Hayat, б:228;
Bediüzzaman ve Talebelerinin Mahkeme Müdafaları, б:18). Ошондой
эле, эгер өзүн Аз. Мехди (ас) болушум мүмкүн деп ойлогондо, миллиондогон киши
окуган эмгектеринде буга толугу менен карама-каршы келген жүздөгөн бет
түшүндүрмөлөрдү жазып; Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүктөрүнүн өзүнө туура келбешин
жана ал куттуу заттын өзүнөн кийинки доордо келээрин ондогон далилдер менен
баян кылмак эмес.
Ошону менен бирге, «ар сеййид киши, сөзсүз Аз. Мехди (ас)
болот деген нерсе да жок». Дүйнө жүзүндө миллиондогон сеййид адам бар. Бир
кишинин сеййид болушу Аз. Мехди (ас) болушун талап кылбагандыктан, сеййид
болгон ар бир адам муну кубануу менен жана эч тартынбастан айта алат. Болгондо
да, Бедиүззаман «менин бул багыттагы бир
гана кемчилигим сеййид эместигим, эгер сеййид болгонумда Аз. Мехди (ас)
болмокмун» да деген эмес. Тескерисинче, «Аз. Мехди (ас)дын бүт өзгөчөлүктөрүн, кыла турган теңдешсиз
кызматтарын көпкө баян кылган жана алардын өзү жашаган доордо али ишке
ашпаганын айткан».
Аз. Мехди (ас) душманы дажжалият
менен
суфйанияттын таасири Бедиүззаман
жашаган кезде
учурдагыдай күчтүү эмес эле
Учурдагы Ислам өлкөлөрүнүн жана бүт
дүйнө Мусулмандарынын абалы Аз. Мехди (ас) орундата турган милдеттердин
Бедиүззаман доорунда орундатылбаганын апачык көрсөтүүдө. Суфйаният менен
дажжалияттын таасири Мусулман өлкөлөрдө өтө күчтүү сезилүүдө. Дүйнөнүн көп
өлкөлөрүндө дин эркиндиги керектүү деңгээлде эмес. Бедиүззаман тирүү кездеги
Мусулмандар кабылган кыйынчылык, азаптар болсо мынчалык оор эмес эле. Бул дагы
Аз. Мехди (ас) сыяктуу, суфйан менен дажжалдын иш-аракеттеринин ал доордо али
жасалбаганын көрсөтүүдө. Дажжал жана суфйан менен күрөшүү чөйрөсү пайда
болбостон Аз. Мехди (ас)дын милдетин орундатышы болсо эч мүмкүн эмес.
Мындан тышкары, учурда бүт Ислам
ааламы менен Мусулмандар өз араларында өтө бөлүнүп-жарылган абалда. Бедиүззаман
өзү жашаган доорунда бүт дүйнө Мусулмандарын бириктирүү боюнча бир роль ойногон
эмес. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде бүт Мусулмандарды бириктирүүчү сыпатына
Аз. Мехди (ас)дын ээ болоору айтылат. Бедиүззаман да Аз. Мехди (ас)дын бул
өзгөчөлүгүн мындайча билдирген:
... ал зат бүт ыймандуулардын
руханий жардамдары менен жана Ислам биримдигинин көмөгү менен жана бүт улама
жана эвлийанын (аалымдардын
жана олуялардын) жана өзгөчө Ал-и Бейттин урпактарынан (Пайгамбарыбыз
(сав)дын урпактарынан) ар кылымда күчтүү жана көп санда болгон миллиондогон
жан аябас сеййиддердин (Пайгамбар урпактарынан болгон жан аябас кишилердин)
жардамы менен ал чоң озуйпаны (милдетти) орундатканга аракет кылат. (Emirdağ
Lahikası, б: 260)
Бедиүззаман бул сөзүндө Аз. Мехди
(ас)дын үчүнчү кызматын айтып кеткен. Ал боюнча, Аз. Мехди (ас) Куран ахлагы
унутулган бир доордо адамдардын кайрадан дин ахлагына кайтышына себепчи болуп,
Ислам биримдигин курат жана бүт Мусулмандардын биригип баары чогуу Аз. Мехди
(ас)дын бул кызматындагы жардамчылары болоорун билдирген. Бүт Мусулмандар кире
турган мындай чоң масштабдагы бир биримдик менен колдоо Бедиүззамандын доорунда
болгон эмес. Бедиүззаман да сүйүнчүлөгөндөй, мындай чоң массанын руханий
жардамдары акыр заманда гана Аз. Мехди (ас) менен бирге түзүлөт жана Ислам
ахлагынын бүт дүйнөгө жайылып орнотулушунда чоң роль ойнойт.
Бедиүззаман ар кандай темада
рисалелердеги
түшүндүрмөлөрдүн жетиштүү экенин айткан
Бедиүззаман «Бир Рисале-и Нур
шакирти катары мен да ушуларды ээрчиймин» деп, өмүр бою эмгектеринде
жазгандарынын тууралыгын кайра кайра тастыктаган. Рисалелердин ар бири миңдеген
нускалуу китептер. Ошондуктан
эмгектеринде апачык «мен өзүмдү сеййид деп билбеймин» деп жаткан болсо, кээ бир
кишилердин «Бедиүззамандын бул сөздөрү туура эмес; ал палан күнү бизди чакырып,
шериф да, сеййид да, Аз. Мехди (ас) дагымын деген» деп айтышы Бедиүззаман Саид
Нурси Азретине карата өтө жаман бир акарат, чоң бир зулумдук жана жалган жалаа
болот. Себеби бул Бедиүззамандай баалуу жана жогорку адеп-ахлактуу бир
инсандын бул боюнча жазгандарын «жалган»
деп айтуу маанисине келет. Жүздөгөн бет бою жазгандарына каршы, Бедиүззаман «эки үч кишиге гана бүт жазгандарынын калп
экенин айткан» дегендей сөздөр андай сөздөрдү айткандардын мойнуна күнөө
болот. «Бедиүззаман Азрети миллиондогон
адамдарды алдады, калп айтты; анын чыныгысын, туурасын үч беш кишиге айтты» дегендей
сөздөрдү эч кабыл алуу мүмкүн эмес.
Башка жагынан караганда, Бедиүззамандын
өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин айтышы үчүн «мен Аз. Мехди (ас) эмесмин» деп айтып коюшу гана жетиштүү. Мындай
куттуу бир инсандын «жүздөгөн бет өтө
кеңири бир калп айтканын; үммөттү алдаганын, ал жазылгандардын бир алдамчылык
экенин» айтуу бир тантырактык гана. Сүйгөндүгү үчүн болсо дагы мынчалык оор
бир акарат кылуу такыр туура эмес.
Бедиүззаман сыяктуу терең ыймандуу
улуу бир мужеддиддин эмгектеринде ойлогон жана ишенген нерселерине карама-каршы
баяндарды жасашы эч мүмкүн эмес. Ошондуктан Бедиүззамандын көзү өткөндөн бир
топ жылдан кийин мындай сөздөрдү айтып чыгуу, канчалык жакшы ниет менен,
Бедиүззаманды сүйүү үчүн кылынып жаткан болсо дагы, Бедиүззаманга карата
жасалган чоң бир жалган жалаа болот. Аны жалганчы көрсөткөн жана жүздөгөн бет үммөттү
алдады деген мындай мамиле болсо эч бир абийир кабыл албай турган бир көрүнүш.
Мындан тышкары, эч кандай далилге
таянбаган андай сөздөрдү колдоо үчүн Аз. Иса (ас) жөнүндө да чындыкка сыйбас
бир катар сөздөр айтылууда. Белгилүү болгондой, Пайгамбарыбыз (сав)дын
хадистеринде Аз. Мехди (ас) доорунда Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер бетине
келээри айтылат. Аз. Мехди (ас)дын имамдыгында Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди
(ас) бирге намаз окуп, жети жыл жер жүзүндө бирге өкүмдарлык кылышат. Бирок бул
окуялардын эч бири Бедиүззаман тирүү кезде болгон эмес. Бедиүззаман Аз. Иса
(ас) менен бирге болгон эмес. Муну да ар кандай жолдор менен бурмалоого аракет
кылышып; «Аз. Иса (ас) рух абалда гана келет» же «Бедиүззаман тирүү кезде
келип, көз жумуп көмүлгөн» деген сыяктуу негизсиз пикирлерди айтышууда.
Чындыгында болсо Бедиүззаман эмгектеринде апачык сөздөр менен жана өтө көп жолу
Аз. Иса (ас)дын денеси менен «бир адам»
абалында жер жүзүнө келээрин айткан. Аз. Иса (ас)дын «Христиан руханийлери менен биримдик кураарын, дажжал менен күрөшүп аны
пикирдик жактан таасирсиз кылаарын» белгилеген. Бул сөздөрүнүн бирөөсүндө
Бедиүззаман Аз. Иса (ас)дын бир руханият эмес, бир адам экенин мындайча айткан:
... асмандар ааламында АДАМДЫК ДЕНЕСИ МЕНЕН турган КИШИ ИСА АЛЕЙХИССАЛАМ ал
акыйкат диндин башына өтөөрүн.... (Mektubat, бет: 60)
Мындан тышкары, Бедиүззаман Аз. Иса
(ас)дын дажжал менен болгон күрөшүн баян кылган сөздөрүндө да бир руханият
менен бир руханият арасында боло турган окуядан эмес; Аз. Иса (ас)дын жеке
өзүнүн дажжалдын жеке өзүнө карата жүргүзө турган бир күрөштөн сөз кылат:
... Жооп: Хадис-и сахихте (тууралыгы
анык болгон хадисте) риваят кылынган: «Азрети
Иса Алейхиссаламдын келээрин жана Ислам шарияты менен амал кылаарын, дажжалды
өлтүрөөрүн» ыйманы алсыздар алыс көрүшүүдө (болбойт деп ойлошууда). Анын
акыйкаты түшүндүрүлүп берилсе, эч алыс көрүнө турган жери калбайт. (Mektubat, б: 58-59)
Башка бир сөзүндө болсо Бедиүззаман
дажжалдын таасиринин кереметтүү бир пайгамбар тарабынан гана жок кылышы мүмкүн
экенин белгилеп, Аз. Иса (ас)дын бир руханият эмес, кереметтер көрсөтө турган
өзгөчөлүктөрдөгү бир инсан болоорун дагы бир жолу апачык айткан:
... укмуштуу жана кереметтүү (кереметтер ээси) жана бүт баары кабыл ала турган
БИР ЗАТ гана болушу мүмкүн: АЛ ЗАТ биздин жана көп адамдардын пайгамбары болгон
АЗРЕТИ ИСА АЛЕЙХИССАЛАМ.... (Şualar, бет: 463)
Бедиүззамандын Аз. Иса (ас) жана Аз.
Мехди (ас)дын келиши жөнүндөгү бул апачык сөздөрүнө карабастан, жеке маектерди
далил көрсөтүү менен айтылган жогорудагы сыяктуу сөздөр – ушундай баалуу бир
мужеддид жазган рисалелердин баарын күмөндүү кылып койо турган өтө кооптуу
иш-аракеттер. Ушул сыяктуу, көптөгөн кишилер ар кандай сөздөрдү айтып чыгып
«Бедиүззаман Саид Нурси бул жерде мындай деген, бирок булардын баары бир
тактика, калп; туурасын бизге айткан» десе, бул канчалык туура болот? Мындай
абалда белгилүү мөөнөттөн соң Рисале-и Нурдагы ар темада андай нерсе айтылып
башташы мүмкүн жана Бедиүззамандын эмгектери чыныгы маанисинен жана
даанышмандыгынан барган сайын алыстайт. Мындай коркунучтун алдын алуу болсо
Бедиүззамандай баалуу бир Ислам аалымынын түздөн-түз жазып тастыктаган апачык
сөздөрүн коргоо менен мүмкүн болот. Бедиүззаман да эмгектеринде, бүт башка
темалардагы сыяктуу бул темада да эң туура түшүндүрмөлөрдүн рисалелерде экенин
эскертип, рисалелерде жазылгандарды окуганда өзү менен көрүшкөндөй эң туура
маалыматтарды алуу мүмкүн экенин айткан.
Рисале-и Нурдун ар бир китеби бир
Саид. Силер кайсы китепти карасаңар мени менен маңдай-тескей сүйлөшкөндөн он
эсе жакшыраак пайдаланасыңар жана чындап мени менен көрүшкөн болосуңар.
Рисале-и Нур мага эч кандай муктаждык калтырбайт. (Emirdağ
Lahikası, б: 159)
... Себеби айтат: «Мени менен
көрүшкүсү келген эгер акырет үчүн, Рисале-и Нур үчүн болсо, Рисале-и Нур мага
эч муктаждык калтырган эмес. Миллиондогон нускасынын ар бири он Саиддей пайда
берет... Эгер Рисале-и Нурдун кызматына, жайылышына тиешелүү болсо; мага кызмат
кылган чындап жан аябас шакирттерим жана руханий балдарым жана бир
туугандарымдын менин атымдан көрүшүшү жетиштүү, мага эч муктаждык жок... (Emirdağ
Lâhikası-2, б: 214)
Бедиүззаман эмгектеринде ушул эле
чындыкты айткан шакирттеринин сөздөрүнө да орун берген. Булардын кээ бирлери
мындай:
Эй хожалар (аалымдар) жана жүрөк
элдери! Сурай турган суроолоруңардын жоопторун Рисале-и Нурдан таба аласыңар. Эхл-и кешф (көзгө көрүнбөгөн кайып чындыктарын
Аллахтын берешендиги менен ачып түшүнгөн олуялар) жана жүрөк элинен бирөөсү мен
сыяктуу алсыз бир адамдан Аз. Мехди (ас)ды сурап жатат. «Качан келет...» Али
Аз. Мехди (ас)ды түшүнө элек. Даббетүл Арз кимдер экенин билбейт. Алар жөнүндө
рисалелерде бир бахис (сөз, түшүндүрмө) бар. Ар бир мүшкүл (татаал) суроонун
жообун ошол рисалелерден издегиле, табасыңар. (Mustafa Hulusi, Barla Lahikası, б: 143)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder