19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ПАЙГАМБАРЛАРГА ЖАНА ОЛУЯЛАРГА ОКШОШ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ


 
 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЗУЛКАРНЕЙН (АС) ЖАНА АЗ. СУЛАЙМАН (АС) СЫЯКТУУ БҮТ ДҮЙНӨНҮ БАШКАРЫШЫ

 

Куранда Зулкарнейн (ас) жана Аз. Сулайман (ас)дын Ислам ахлагын бүт дүйнөгө орноткону билдирилген. Хадистерде болсо Аз. Мехди (ас)дын, Зулкарнейн (ас) жана Аз. Сулайман (ас) сыяктуу, Ислам ахлагын бүт жер жүзүнө орнотоору (жайаары) кабар берилген:

 

Жер жүзүнө төрт киши малик (ээ, башчы) болгон. Экөөсү момун (ыймандуу), экөөсү каапыр. Момундар Аз. Зулкарнейн (ас) менен Аз. Сулайман (ас), каапырлар болсо Немруд менен Бухтуннасыр. Бешинчи болуп Эхли Бейтимден бирөө (Аз. Мехди (ас)) келет жана ал да дүйнөгө малик (ээ, башчы) болот. (Kitab'ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy il Ahir Zaman, 10-б.)

 

Аз. Мехди (ас) Аз. Зулкарнейн (ас) жана Аз. Сулайман (ас) сыяктуу дүйнөгө өкүмдарлык кылат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 30-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮНҮН ПАЙГАМБАРЛАРГА ТҮШҮРҮЛГӨН КИТЕПТЕРДЕ БИЛДИРИЛИШИ

 

Риваяттарда Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүктөрүнүн жана чыгуу алааматтарынын пайгамбарларга түшүрүлгөн китептерде бар экени айтылат. Бул Инжил, Тоорот жана Забурда Аз. Мехди (ас)га байланыштуу маалыматтар бар деген мааниге келет.

 

Пайгамбарлардын китептеринде «Аз. Мехди (ас)дын иши зулумдук жана жамандык эмес» деп ишарат кылынган.

(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 47-б.)

 

Мен Аз. Мехди (ас)ды пайгамбарлардын барактарынан (китептеринен) мындайча көрөм: Аз. Мехди (ас)дын иш-аракеттеринде зулумдук да, катачылык да жок. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, s. 21)

 

Бул жөнүндө бир аятта мындайча ишарат бар:

 

Ант болсун, Биз зикирден (Тоороттон) кийин Забурда да: «КҮМӨНСҮЗ, ЖЕРГЕ САЛИХ КУЛДАРЫМ МУРАСКОР БОЛУШАТ» деп жаздык. (Анбия Сүрөсү, 105)

 

Имам Бакыр жана Садыктан риваят кылынат: «Бул жердеги (аяттагы) «САЛИХ КУЛДАР» - бул АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН ЖОЛДОШТОРУ.»

(Hüseyin es-Şirazi, 113-б.)

 

Байыркы келишимде (Эски осуят, Ветхий завет) орун алган бул жөнүндөгү кээ бир баяндар болсо төмөнкүдөй:

 

Йессенин (Жышайдын) денесинен бир бүчүр чыгат жана анын тамырларынан бир өсүмдүк чыгат. Анын үстүнө Рабб (Теңир)дин руху, акылмандык жана даанышмандык руху, кеңеш жана эр жүрөктүк руху, билим жана Раб коркуусу руху түшөт. Ал Раб коркуусунан ырахат алат; ал көздөрүнүн көргөнүнө карап соттобойт (сындабайт); кулактарынын укканына карап чечим чыгарбайт. Алсыздарды адилеттүүлүк менен баалайт; жер жүзүнүн жакырларына акыларын берет. Бир таяк менен урган сыяктуу жер жүзүн сөзү менен урат жана эриндеринин деми менен жаманды жок кылат. Адилеттик анын бел курчоосу... болот. Бөрү козу менен бирге отурат; кабылан улак менен бирге жатат; музоо, арстан жана багылган уй чогуу жашайт жана аларды кичинекей бир жаш бала кайтарат. Уй аюу менен бирге оттойт; балдары чогуу отурушат жана арстан уй сыяктуу саман жейт. Эмчектеги бала кобра жыланынын жанында ойнойт жана сүттөн жаңы чыккан бала кара жыландын уюгуна колун созот. Менин ыйык тоом үстүндө эч жамандык жасалбайт; эми эч зыян тийгизилбейт; себеби деңиздин түбү аны көмгөн сууларга толгон сыяктуу, жер жүзү да Раб илими менен ошондой толот. (Ышайа 11, 1-9)

 

Давуд урпагынан бирөө берилгендик менен хандык (башкаруучулук) кылат. Соттогондо адилеттикти көздөйт, Туураны жасоодо бачым аракет кылат. (Ышайа, 16, 5)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН ПАЙГАМБАРЛАР АРАСЫНДАГЫ ОКШОШТУКТАР

 

БИРОК ХУЖЖАТ (ДАЛИЛ) (АЗ. МЕХДИ (АС)) КАЛКТЫ ТААНЫЙТ, КАЛК БОЛСО АНЫ ТААНЫЙ АЛБАЙТ. ДАЛ ЙУСУФ (ЖУСУП) СЫЯКТУУ. ЙУСУФ КАЛКТЫ ТААНЫСА, АЛАР ЙУСУФТУ ТАНЫШКАН (ЧАНЫШКАН). Анан Аз. Али төмөнкү аятты окуду: «Кулдарга азап болсун, Элчи аларга келген сайын аны шылдыңдашчу.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 162-б.)

 

АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС) ААЛАМДАРГА МЭЭРИМ. МУСАНЫН ЖЕТИК ОЙЛУГУ ЖАНА ИСАНЫН БАРКЫ, АЙЙУБДУН САБЫРЫ АНДА... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 69-70-б.)

 

УЛУУ АЛЛАХ, ИСА БИН МЕРЙЕМ ЖАНА ЙАХЙА БИН ЗЕКЕРИЯГА КИТЕП, ПАЙГАМБАРЛЫК, ИЛИМ ЖАНА АКЫЛМАНДЫК БЕРГЕН СЫЯКТУУ, БУЛ ИМАМГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЖАШ КЕЗДЕ ИЛИМ БЕРГЕН.

Мунун далили болсо Жафери Салык алейхиссаламдын төмөнкү сөзү: АЛ ТӨРТ ПАЙГАМБАРГА ОКШОШОТ. АЛАРДЫН БИРИ ИСА БИН МЕРЙЕМ. СЕБЕБИ АГА ЖАШ КЕЗИНДЕ АКЫЛМАНДЫК, ПАЙГАМБАРЛЫК, КИТЕП ЖАНА ИЛИМ БЕРГЕН СЫЯКТУУ, АГА ДА ЖАШ КЕЗИНДЕ ИЛИМ БЕРГЕН ЭЛЕ... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani,  213-б.)

 

... АЗ. МЕХДИ (АС) ДАВУД (АС) ЖАНА АЛ-И ДАВУД ӨКҮМҮ МЕНЕН ӨКҮМ БЕРЕТ ЖАНА ЭЧ КИМДЕН КҮБӨ МЕНЕН ДАЛИЛ СУРАБАЙТ. (İrşad (Şeyh Müfid), 365-366-б.)

 

Шейх Мүфид мындай дейт: «Каим-и Ал-и Мухаммед (сав) (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ, ДАЛ АЗ. ДАВУД (АС) СЫЯКТУУ, Б.А. БАТЫН (АЛЛАХТАН БОЛГОН) МААЛЫМАТЫ МЕНЕН ӨКҮМ БЕРЕТ, күбө талап кылбастан өкүм чыгарат. АЛЛАХ ӨКҮМДҮ АГА ИЛХАМ КЫЛАТ ЖАНА АЛ АЛЛАХТАН БОЛГОН ИЛХАМГА ЖАРАША ӨКҮМ БЕРЕТ. (İrşad (Şeyh Müfid (Шейх Мүфид)), 365-366-б.)

 

Абан бин Таалиб мындай дейт: Имам Жафери Садык алейхиссалам менен бирге Меккеде бир мечитте элек. Ал менин колумдан кармап мындай деди: «... Анан бир жарчыга (мүнади) буйрук берет жана ал минтип жар салат: БУЛ АЗ. МЕХДИ (АС); СУЛАЙМАН МЕНЕН ДАВУД СЫЯКТУУ ӨКҮМ БЕРЕТ. БЕРГЕН ӨКҮМҮНДӨ ДАЛИЛ ЖАНА КҮБӨ СУРАБАЙТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 374-б.)

 

Имам Зейн-ул Абидин алейхиссалам мындай деген: «БИЗДИН КАИМИБИЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)) МЕНЕН АЛЛАХТЫН ЭЛЧИЛЕРИ АРАСЫНДА БИР КАТАР ОКШОШТУКТАР БАР. НУХ, ИБРАХИМ, МУСА, ИСА, АЙЙУБ ЖАНА МУХАММЕД САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА АЛИХ ПАЙГАМБАРЛАРДЫН АР БИРИ МЕНЕН БИР ОКШОШТУГУ БАР. НУХ менен узун өмүрлүү болушунда, ИБРАХИМ менен жашыруун төрөлүшүндө жана калктан алыс болушунда; МУСА менен корккон абалы (Аз. Мехди (ас)га багытталган коркунучтардын көптүгү; өлтүрүү, тузак куруу, камакка алуу, көзөмөлгө алуу, сүргүн сыяктуу ар кандай кооптуулуктардын көп болушу) жана көздөрдөн алыс жашашында (дайыма жашырынып жашашында); ИСА менен элдин ал жөнүндө талаш-тартышка түшүшүндө (кээ бир адамдардын «Аз. Мехди (ас) келет», кээ бирлеринин болсо «келбейт» дешинде); АЙЙУБ менен балээден соң кутулуунун келишинде (Аз. Мехди (ас)га да көптөгөн кыйынчылык, оору, дарттардын келиши, бирок Аз. Аййуб сыяктуу Аллахтын мээрими менен баарынан кутулушунда); МУХАММЕД (сав) менен болсо кылыч менен кыям этишинде (Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттары болгон куттуу желеги, кылычы жана көйнөгүнүн (жемпер) Аз. Мехди (ас)дын жанында болушунда) окшоштугу бар.» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап 3-хадис)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ ПАЙГАМБАРЛАРДЫН ИЛИМДЕРИНЕ ЭЭ БОЛОТ

 

Имам Мехди (ас) ИЛИМ САНДЫГЫНЫН КОРГООЧУСУ, БҮТ ПАЙГАМБАРЛАРДЫН (АС) ИЛИМДЕРИНИН МУРАСКОРУ жана БҮТ БААРЫНАН КАБАРДАР. (Bihar-ül Envar, 95-том, 378-бет; 102-том, 67-  жана 117-бет; Mikyaal al-Makaarem, 1-том, 49-бет)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АЗ. АДАМ (АС) ЖАНА АЗ. НУХ (АС) СЫЯКТУУ УЗУН ӨМҮРЛҮҮ БОЛОТ

 

«Азрети Мехди (ас)да өткөн пайгамбарлардын кээ бир өзгөчөлүктөрү бар. Алардын арасында АЗРЕТИ АДАМ (АС) ЖАНА АЗ. НУХ (АС)ДАГЫ УЗУН ӨМҮРЛҮҮЛҮК да бар.» (Bihar-ul Envar, 51-том, Ansariyan Yayıncılık, топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 217-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АЗ. ХЫЗЫР (АС) ЖАНА АЗ. ЗУЛКАРНЕЙН (АС)ГА ОКШОШ

 

Ахмед б. Исхак мындай дейт: «Имам Аскери алейхис-саламдын алдына бардым ... Азрети мындай деди:

... Эй Ахмед б. Исхак! АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БУЛ ҮММӨТТӨ «ХЫЗЫР» АЛЕЙХИС-САЛАМ ЖАНА «ЗУЛ-КАРНЕЙН» СЫЯКТУУ... (Kemal-üd Din 2-т. 384-б.) (Hz. Mehdi Aleyhisselam, Abdullah Turan,  Al-i Taha, 157-б.)

 

Хадистеги маалымат Курандагы Аз. Зулкарнейн (ас) менен Аз. Хызыр (ас) (Аз. Кыдыр (ас)) кыссаларынын (окуя баяны) бир тараптан Аз. Мехди (ас)га да ишарат кылаарын көрсөтүүдө.

Бул багытта Аз. Мехди (ас)дын да Аз. Хызыр (ас) сыяктуу болоору, анын адеп-ахлагы менен тарбиясын алаары; ал сыяктуу Ледүн илимин билээри жана ушул илим менен иш-аракет кылаары түшүнүктүү болууда.

Ошондой эле, Курандагы Аз. Хызыр (ас) кыссасында Аз. Муса (ас)дын Аз. Хызыр (ас)дын кылгандарынын хикматын (түпкү маанисин, маңызын) билбестен каршы чыгышы сыяктуу, акыр заманда да адамдар ледүн илими менен иш-аракет жүргүзгөн Аз. Мехди (ас)ды чындап түшүнүп, барктай алышпайт. Аз. Мехди (ас)ды да адамдар такыр туура эмес түшүнүшөт жана ушул себептен калк ага абдан карама-каршы чыгат. Бирок чындыгында Аз. Мехди (ас)дын бүт кылгандары, Аллахтын жакшылыгы менен, жашыруун илим жана акылмандыктарга толо болот.

Пайгамбарыбыз (сав)дын башка хадистеринде да Кехф кыссасынын башынан аягына чейин адамдарды дажжалдын фитнасынан куткара турган Аз. Мехди (ас)га ишарат кылаары билдирилген. Жогорудагы хадис менен Кехф кыссасынын акыр заманга ишарат кылаары жөнүндөгү төмөнкү хадистердин баары Аз. Мехди (ас)дын Кехф кыссасында айтылган Аз. Зулкарнейн (ас) сыяктуу бүт дүйнөгө өкүмдарлык кылаарын да көрсөтүүдө:

 

Силерден ким дажжалга үлгүрсө КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫН АГА ОКУСУН, бул сүрөнүн аягы дажжалдын фитнасынан кутулушуңар. (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/121)

 

КУРАНДА АТЫ АТАЛГАН АЗ. ЗУЛКАРНЕЙН (АС)ДЫН ЫСМЫНДА АКЫР ЗАМАНДЫН ЭЭСИ АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ИШАРАТТАР БАР

 

СЕНДЕН (ЭЙ МУХАММЕД,) ЗУЛ-КАРНЕЙН ЖӨНҮНДӨ СУРАШАТ. АЙТКЫН: «СИЛЕРГЕ АНДАН «КЕҢЕШ ЖАНА ЭСКЕРТМЕ КАТАРЫ» (КЭЭ БИР МААЛЫМАТТАР) БЕРЕМ. (Кехф Сүрөсү, 83)

 

Пайгамбарыбыз (сав)дын көп хадистеринде Курандын Кехф кыссасында акыр заманга, Аз. Мехди (ас)дын бүт жер жүзүнө Ислам ахлагын орнотушуна жана дажжалдын пикир менен таасирсиз кылышына ишараттар бар экени билдирилген. Кехф кыссасын хадистердеги ушул маалыматтардын негизинде караганыбызда, чындап эле бул аяттарда баяндалган окуялардын акыр заман жөнүндө өтө маанилүү маалыматтарды берээрин көрөбүз. Булардын бири бул кыссада айтылган Аз. Зулкарнейндин ысмында жашырылган.

Ислам булактарында Аз. Зулкарнейндин ысмы жөнүндө мындай маалымат берилген:

 

Зулкарнейн сөзү арапча. «Зу» жана «карнейн» сөздөрүнүн биригишинен пайда болгон. «ЗУ» ЭЭ ЖАНА МАЛИК ДЕГЕНДИ БИЛДИРЕТ. «КАРН» БОЛСО КӨКҮЛ, УБАКЫТ, КҮН МААНИЛЕРИНЕ КЕЛЕТ. «КАРНЕЙН» «КАРН»ДЫН ЭКИЛИГИ, Б.А. ЭКИ ДААНАСЫ ДЕГЕНДИ БИЛДИРЕТ. (el-Firuzabadî, el-Kamusu'l-Muhît, Kahire 1332, IV, 257 vd)

 

Белгилүү болгондой, Аз. Мехди (ас)дын ысымдарынын бири «САХИБҮЗ ЗАМАН». Бул болсо «ЗАМАНДЫН ЭЭСИ» маанисине келет. Аз. Зулкарнейн (ас)дын аты да «Зу: Ээ», «Карн: Заман (убакыт» жана «Карнейн: Эки заман» сөздөрүнүн биригишинен түзүлгөн. Бул жагынан караганда Аз. Зулкарнейндин ысмы «ЭКИ ЗАМАНДЫН ЭЭСИ» маанисин берүүдө. Эч күмөнсүз, Аз. Зулкарнейн менен Аз. Мехди (ас)дын ысымдарынын бир мааниге келиши – Курандын Зулкарнейн кыссасында баяндалган окуялардын Аз. Мехди (ас) убагында Аз. Мехди (ас) себепчи болуп ишке аша турган кээ бир окуялар жөнүндө маалымат берээрине өтө маанилүү бир ишарат. Пайгамбарыбыз (сав) да бир хадисинде «Аз. Мехди (ас) жашаган доордун Аз. Зулкарнейн (ас)дын доору сыяктуу болоорун» кабар берүү аркылуу бул чындыкка көңүл бурган:

 

Ахмед б. Исхак мындай дейт: «Имам Аскери алейхис-саламдын алдына бардым ... Азрети мындай деди: ... Эй Ахмед б. Исхак! АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БУЛ ҮММӨТТӨ «ХЫЗЫР» АЛЕЙХИС-САЛАМ ЖАНА «ЗУЛ-КАРНЕЙН» СЫЯКТУУ... (Kemal-üd Din 2-т. 384-б.)

 

Бул маалыматтардын баары Аз. Мехди (ас)дын Аз. Иса (ас) заманынын да, өз заманынын да ээси болоорун көрсөтүүдө.

 

Маден б. Эбу Талхадан риваят кылынган: «КИМ КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫНАН ОН АЯТТЫ ЖАТТАСА, ДАЖЖАЛДЫН ФИТНАСЫНЫН КООПСУЗ БОЛОТ.»

 

Эбу Давуд мындай деди: «Дүштү Ваиде Катадеден мындайча алып айтты, бирок ал мындай деди: «КИМ КЕХФ СҮРӨСҮНҮН АЯГЫНАН ОН АЯТ ЖАТТАСА», ШУБЕ БОЛСО КАТАДЕДЕН РИВАЯТЫНДА «КЕХФ СҮРӨСҮНҮН АЯГЫНАН» ДЕДИ». (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/122)

 

Эбу Дердадан риваят кылынган. Пайгамбар мындай деди: «КИМ КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫНАН ҮЧ АЯТ ОКУСА ДАЖЖАЛ ФИТНАСЫНАН КОРГОНГОН БОЛОТ.» (Sünen-i Tirmizi (Сүнени Тирмизи), 5/30)

 

Эбу Үмаме эль- Бахилиден риваят кылынган: «... ким анын (дажжалдын) тозогунун балээсине туш болсо, Аллахтан жардам тилесин жана оттун Ибрахимге таасири сыяктуу, бул от да ал адамга муздак жана эсендик болсун үчүн КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫНДАГЫ АЯТТАРЫН ОКУСУН (Sünen-i İbni Mace (Сүнени Ибни Маже), 10/332)

 
... Ким дажжалдын оту менен балээге туш болуп, сыналса, Аллахтан жардам сурасын жана КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШ ЖАГЫНДАГЫ АЯТТАРДЫ ОКУСУН. Натыйжада дажжалдын оту ага карата муздак жана эсендик болот. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, 494-б.)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder