19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАНА АКЫР ЗАМАНГА ИШАРАТ КЫЛГАН КЭЭ БИР АЯТТАР ЖАНА ЭБЖЕД ЭСЕПТЕРИ


 

АЛАРГА «БЫШЫРЫЛЫП-КАТЫРЫЛГАН ЫЛАЙ ТАШТАРДЫ» ТАШТАП ЖАТЫШКАН; (ФИЛ СҮРӨСҮ, 4)

ЭБЖЕДИ: Хижрий: 1359, Христиан жыл эсеби боюнча: 1940  (2- ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ)

 

ЖАНА СИЛЕРДЕН ЗУЛУМДУК КЫЛГАНДАРГА ГАНА ЖЕТИП ТИМ БОЛБОГОН БИР ФИТНАДАН КОРКУП-САКТАНГЫЛА. БИЛГИЛЕ, ЧЫНДЫГЫНДА АЛЛАХТЫН (ЖАЗА МЕНЕН) ЖЫЙЫНТЫКТАШЫ ӨТӨ КҮЧТҮҮ (АЗАБЫ ООР). (ЭНФАЛ СҮРӨСҮ, 25)

ЭБЖЕДИ: Христиан жыл эсеби боюнча: 1913

1-ДҮЙНӨЛҮК СОГУШТУН БАШТАЛЫШЫ

 

БИЗ (АГА): «КОРКПОГУН СӨЗСҮЗ СЕН (АЛАРДАН) ЖОГОРУ (БОЛО)СУҢ (ЖЕҢЕСИҢ) ДЕДИК.» (Таха Сүрөсү, 68)

Эбжеди: 1956-жыл

 

Бир кезде Аллах бардык пайгамбарлардан, «Мен силерге китеп жана пайгамбарлык бергенден кийин силерге, пайгамбарчылыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (элчи) келгенде (1), сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер» - деп убада алды жана: «Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?» деди. Алар: «Макул болдук» дешти. (Анда Аллах): «Күбө болгула, Мен да силер менен бирге күбө болуучуларданмын (2)» - деди. (Али Имран Сүрөсү, 81)

 

Эбжед (1): 1956-жыл

Эбжед (2): Хижри 1416, Миладий (Христиан жыл эсеби боюнча) 1994-жыл

 

Биз болсо жерде зулумдук көргөн адамдарга (1) жакшылык кылып, аларды алдыңкылар жана мураскорлор кылууну (2) каалайбыз. (Касас Сүрөсү, 5)

 

Эбжед (1): 1996

Эбжед (2): ...алдыңкылар... жана мураскорлор кылууну: 2021

 

Биз сени (бейиштен) кушкабар, (тозоктон) коркунучтуу кабар берүүчү кылып гана жибергенбиз. (Фуркан Сүрөсү, 56)

Эбжед: 1981

(Мындан тышкары, сүрөнүн катары (25) х аяттын катары (56) = 1400 (Миладий 1981)

 

Мына ушинтип, Биз жер жүзүндө Юсуфка күч-кубат жана мүмкүнчүлүк (бийлик) бердик. Ал жерде (Мисирде) каалаган жерде жашады. Биз кимге кааласак рахматыбызды насип кылабыз жана жакшылык кылгандардын сыйлыгын текке кетирбейбиз. (Йусуф Сүрөсү, 56)

Эбжед: 2017

 

(Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө. Эми (оо, инсандар) силерге Менден бир туура жол көрсөтүүчү келет; Ким менин жолума (хидаятыма) ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт.» (Таха Сүрөсү, 123)

Эбжед: 1982

 

(Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө. Эми (оо, инсандар) силерге Менден бир туура жол көрсөтүүчү келет; Ким менин жолума (хидаятыма) ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт. (Таха Сүрөсү, 123)

 

Эбжед: 1982

 

Айткын: «Баарыбыз күтүүдөбүз. Силер да күтө бергиле. Жакында ким туура жолдун ээси болуп, (адашпай) баратканын билип аласыңар. (Таха Сүрөсү, 135)

 

Эбжед: 2023

 

Биз аларды Өз буйругубуз менен хидаятка (туура жолго) баштоочу имамдардан (алдыңкылардан) кылдык жана аларга жакшы иштерди жасоону, намаз окууну жана зекет берүүнү вахий кылдык. Алар Бизге (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылуучулардан болчу. (Анбия Сүрөсү, 73)

 

Эбжед: 1984

 

Алиф. Лам. Мим. Рум (аскерлери) жеңилүүгө дуушар болду. (Рум Сүрөсү, 1-2)

 

Эбжед: 1980

 

Бир нече жыл ичинде. Мындан мурун да, кийин да буйрук Аллахтын колунда. Жана ал (Рум жеңген) күн момундар сүйүнүшөт. (Рум Сүрөсү, 4)

 

Эбжед: 2010

 

Ант болсун, Биз Зикирден кийин Забурда да: «Шек жок, Жерге Менин салих пенделерим мураскор болушат» деп жаздык. (Анбия Сүрөсү, 105)

 

Эбжед: 2051

 

Эгер Биз кааласак, аларга асмандан бир аят (керемет) түшүрөбүз жана бул моожиза алдында алардын моюндары ийилип калат. (Шуара Сүрөсү, 4)

 

Эбжед: 2022

 

Бул абалкы эскертүүчүлөрдүн бир эскертүүчү. (Нежм Сүрөсү, 56)

 

Эбжед: 2031

 

Албетте Аллах жана Анын периштелери Пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер, силер да ага салават айткыла жана толугу менен баш ийген абалда салам айткыла. (Ахзаб Сүрөсү, 56)

 

Эбжед: 1986

 

Чынында, Биз сени (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып Акыйкат менен жибердик. (Тарыхтагы) бардык эл-үммөттүн ичинде бир эскертүүчү (Пайгамбар) өткөн. (Фатыр Сүрөсү, 24)

 

Эбжед: 1983

 

Жана Биз алар менен Өзүбүз берекеттүү кылган шаарлар арасында (бири экинчисинен) көрүнө турган шаарлар жараттык жана ал жерде жүрүү (мүмкүнчүлүктөрүн) бердик: «Ал жерлерде түнкүсүн жана күндүз бейпилдик ичинде кыдырып жүргүлө» (дедик). (Саба Сүрөсү, 18)

 

Эбжед: 2023

 

Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз. Раббиңдин ар нерседен Кабардар, Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи?! (Фуссилат Сүрөсү, 53)

Эбжед: 1990

 

Жана эч КҮМӨНСҮЗ, БИЗДИН АСКЕРЛЕРИБИЗ ГАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР. (Саффат Сүрөсү, 173)

Эбжед: 1994

 

Жана адамдардын Аллахтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көргөнүңдө, ылдам Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура. Чынында Ал тооболорду кабыл кылуучу. (Наср Сүрөсү, 2-3)

Эбжед: 2016

 

Жана Биз менин атак-даңкыңды көтөрбөдүкпү? (Инширах (Шарх) Сүрөсү, 4)

Эбжед: 2009

 

Ал Өзүнүн элчилерин туура жол жана акыйкат дин менен жиберет.  Ал динди (Исламды) бардык диндерден үстөм кылат. Мушриктер жаман көрсө да. (Сафф Сүрөсү, 9)

Эбжед: шаддасыз 2021

 

Аны Мисирде сатып алган киши (падышанын вазири) аялына айтты: «Аны жакшы орунга жайгаштыр, пайдасы тийип калаар, же болбосо өзүбүзгө (бакма) бала кылып алаарбыз». Мына ушинтип Биз Йусуфту – түштөрдүн маанисин үйрөтүү үчүн – (Мисир деген) жерге мекендештирип койдук. АЛЛАХ ӨЗ ИШИНДЕ (БУЙРУГУНДА) ЖЕҢҮҮЧҮ. Бирок муну көпчүлүк адамдар билишпейт. (Йусуф Сүрөсү, 21)

Эбжед: 2014

 

Жана ким Аллахты, Анын Пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллахтын жамааты болуп саналат), Албетте Аллахтын жамааты гана жеңүүчү. (Маида Сүрөсү, 56)

Эбжед: 2055

 

Раббиңдин нээматтарын (жакшылыктарын) тынбастан баянда. (Духа Сүрөсү, 11)

Эбжед: Хижрий 1376, Миладий 1956

 

(Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө. Эми (оо, инсандар) силерге Менден бир туура жол көрсөтүүчү келет; Ким менин жолума (хидаятыма) ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт. (Таха Сүрөсү, 123)

Эбжед: 1982

 

Ант болсун, аларга өздөрүнүн арасынан (ишеничтүү) бир элчи келди, бирок аны «жалганчы» дешти. Анан аларды заалым болуп турган абалда азап кармады. (Нахл Сүрөсү, 113)

Эбжед: 2007

 

САГА АНТ БЕРГЕН АДАМДАР, ЧЫНЫНДА АЛЛАХКА АНТ БЕРИШТИ. Аллахтын Колу алардын колунун үстүндө. Эми, кимде-ким убадасын бузса, ал өзүнүн зыянына бузганы. Жана кимде-ким Аллахка берген убадасын аткарса, ага Аллах тез аранын ичинде улук сооп берет. (Фатх Сүрөсү, 10)

Эбжед: 2025

 

Эмне, такыбаа болуп, Аллахтын ырайымына бөлөнүүңөр үчүн өзүңөрдүн АРАҢАРДАН СИЛЕРДИ ЭСКЕРТИП КОРКУТА ТУРГАН БИР АДАМ аркылуу бир зикир (Китеп) келгенине таң калып жатасыңарбы? (Аьраф Сүрөсү, 63)

Эбжед: Хижрий 1433, Миладий 2011

 

«... ЧЫНДЫГЫНДА АЛЛАХ СИЛЕРГЕ (ПАДЫША КЫЛЫП) АНЫ ТАНДАДЫ ЖАНА АНЫН ИЛИМ ЖАНА ДЕНЕ КҮЧҮН КӨБӨЙТТҮ...» (Бакара Сүрөсү, 247)

Эбжед: Хижрий 1418, Миладий 1996

 

Кийин, алардын артынан СИЛЕРДИ ЖЕРДЕ ОРУНБАСАР КЫЛДЫК. Кандай амал кылышыңарды (сынап) көрүү үчүн. (Йунус Сүрөсү, 14)

Эбжед: 2048

 

АЛБЕТТЕ, РАББИҢ САГА (СЕН) ЫРААЗЫ БОЛГОН НЭЭМАТТЫ (СЫЙЛЫКТЫ) БЕРЕТ, анан сен ыраазы болосуң. (Духа Сүрөсү, 5)

Эбжед: (вав-ы атыф менен) 2015, (вав-ы атыфсыз) 2009

 

Жакшылык кылсаңар өзүңөргө пайда, жамандык кылсаңар да (зыяны) өзүңөргө кайтат. АКЫРЫНДА УБАДАНЫН УБАКТЫСЫ КЕЛГЕНДЕ, (силерди жеңип, кул кылып) жүзүңөрдүн кунарын кетириш үчүн, биринчи жолкусунда кирген сыяктуу мечитке (Аль-Аксаага) кирүү үчүн жана басып алган жерлерин талап-талкалоо үчүн (кубаттуу пенделер жөнөтөбүз). (Исра Сүрөсү, 7)

Эбжед: 2019

 

ЖАНА ЭЧ КҮМӨНСҮЗ, БИЗДИН АСКЕРИБИЗ ГАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР. (Саффат Сүрөсү, 173)

Эбжед: Хижрий 1410, Миладий 1988 (шаддалуу)

 

КААПЫРЛАРГА МОЮН СУНБА ЖАНА АЛАРГА (КУРАН МЕНЕН) ЧОҢ КҮРӨШ ЖҮРГҮЗ. (Фуркан Сүрөсү, 52)

Эбжед: Хижрий 1400, Миладий 1979

 

РАББИБИЗ, АЛАРДЫН АРАСЫНАН аларга Сенин аяттарыңды окуп берүүчү, Китеп жана даанышмандыкты үйрөтүүчү жана аларды (ширктен ж.б. күнөө иштерден) тазартуучу БИР ЭЛЧИ ЖИБЕР... (Бакара Сүрөсү, 129)

Эбжед: 1980

 

Жана силер жакшы көргөн нерсе (нээмат) да бар: АЛЛАХТЫН ЖАРДАМЫ ЖАНА ЖАКЫНДА КЕЛЕ ТУРГАН БИР ЖЕҢИШ. Ыймандууларга сүйүнчүлө. (Сафф Сүрөсү, 13)

Эбжед: Хижрий 1402, Миладий 1981

 

Анан сен жүрөгүндө (мунафыктык) ооруусу бар адамдардын: «бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз» деп араларында аракет кылып жүргөнүн көрөсүң. АЛЛАХ ЖЕҢИШТИ ЖЕ БОЛБОСО ӨЗ ТАРАБЫНАН БИР БУЙРУК БЕРИП КАЛГЫСЫ БАРДЫР. Ошондо алар (эки жүздүү мунафыктар) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат. (Маида Сүрөсү, 52)

Эбжед: Миладий 1996

 

Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарга убада кылган: Шек жок, мурдагы (ушундай) кишилерди «күч жана бийлик ээси» кылганы сыяктуу, АЛАРДЫ ДА ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ «КҮЧ ЖАНА БИЙЛИК ЭЭСИ» КЫЛАТ. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка алмаштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду): «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор гана бузукулар. (Нур Сүрөсү, 55)

 

Эбжед: 2013

 

РАББИҢ СЕНИ МЫНА УШИНТИП ТАНДАП АЛАТ, сага сөздөрдүн маанисин билдирет жана мурунку аталарың Ибрахим жана Исхакка толук бергени сыяктуу, сага жана Якуб үй-бүлөсүнө нээматын толуктап берет... (Йусуф Сүрөсү, 6)

 

Эбжед: Хижрий 1443, Миладий 2020 (шаддасыз)

 

Аларга пайгамбары айтты: «АЛЛАХ СИЛЕРГЕ ТАЛУТТУ (ПАДЫША КЫЛЫП) ЖӨНӨТТҮ...» (Бакара Сүрөсү, 247)

 

Эбжед: Хижрий: 1420, Миладий: 1998

 

ЧЫНЫНДА БИЗ АГА ЖЕР БЕТИНДЕ УЛУУ САЛТАНАТ – БИЙЛИК БЕРДИК жана ар бир нерсенин себептерин (жол), мүмкүнчүлүктөрүн бердик. (Кахф Сүрөсү, 84)

 

Эбжед: Хижрий 1440, Миладий 2017 (шаддалуу)

 

Экөө ЭКИ ДЕҢИЗДИН КОШУЛГАН ЖЕРИНЕ ЖЕТКЕНДЕ, балыктарын унутуп койушту. Балык болсо деңизге бет алып, себеттен чыгып кеткен. (Кахф Сүрөсү, 61)

 

Эбжед: Хижрий 1405, Миладий 1984

 

АЙТТЫ: «РАББИМ МАГА БЕРГЕН НЕРСЕ (КҮЧ, НЭЭМАТ, МҮМКҮНЧҮЛҮК) ЖАКШЫРААК. Андан көрө мага күч-кубат жагынан жардам кылгыла, силер менен алардын арасына тосмо куруп берейин. (Кахф Сүрөсү, 95)

 

Эбжед: Хижрий 1409, Миладий 1987 (шаддасыз)

 

Алар (каапырлар) Аллахтын нурун (динин) ооздору менен өчүрүүнү каалашат. Бирок, Аллах, каапырлар жаман көрүшсө да, Өз нурун (бүт дүйнөгө) толук таралуусунан башкага ыраазы болбойт. (Тообо Сүрөсү, 32)

 

Эбжед: Хижрий 1423, Миладий 2002

 

Же болбосо, алар: «(Элчи) Аллахка карата жалган нерсе ойлоп чыгарды» дешеби? Эгер Аллах кааласа сенин (элчинин) да жүрөгүңдү мөөрлөп коймок. Аллах (вахий менен) жалганды өчүрөт жана Өз сөздөрү менен акыйкатты орнотот. Ал көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү. (Шура Сүрөсү, 24)

 

Эбжед: 2014

 

Эстегин, Мариямдын уулу Ыйса (мындай) деди: «Оо, Исрайил урпактары, мен чындап Аллахтан силерге жиберилген бир элчимин (пайгамбармын). (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон элчи жөнүндө сүйүнчү кабар айтамын. Бирок (качан) ал (элчи) аларга анык далилдерди алып келгенде, «бул анык сыйкыр го» дешти. (Сафф Сүрөсү, 6)

 

Эбжед: 2011

 

ШЕК ЖОК АЛ (ЫЙСА) – КЫЯМАТТЫН БЕЛГИСИ. СИЛЕР АНДАН ЭЧ ШЕК САНАБАГЫЛА жана Мага баш ийгиле. Туура жол – ушул. (Зухруф Сүрөсү, 61)

 

Эбжед: 2026

 

Аларды жер жүзүндө бекем орноштуруп, бийлик берсек, намаздарын толук окушат, зекет беришет, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарышат. Иштердин акыбети Аллахтын колунда. (Хаж Сүрөсү, 41)

 

Эбжед: Хижри 1400, Милади 1979

 

Биз жараткан калктардын арасында акыйкат менен туура жолго баштай турган жана акыйкаттык менен адилеттик орното турган адамдар (үммөт) бар. (Аьраф Сүрөсү, 181)

 

Эбжед: 1987

 

Жок. (Күндүз) сиңип, (түнкүсүн) айланган (жылдыз)дарга ант ичем, бир агым ичинде (өз) ордун алгандарга... (Таквир Сүрөсү, 15-16)

 

Эбжед: Хижрий 1459, Миладий 2036

 

(Пайгамбарлар) жеңиш сурашты, ал эми (акыйкатка) зулумдук кылуучу жана (өз каапырчылыгында) өжөрлүк менен туруучу ар бир адам зыянга учурап, жок болду. (Ибрахим Сүрөсү, 15)

 

Эбжед: 1993

 

Ал адамдар сабатсыз (үмми) кабар алып келүүчү (неби) болгон элчиге (расул) баш ийишет (ээрчишет). Ал ушундай элчи: (яхудийлер менен христиандар) аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (келээри) жазылуу экенин табышат. Ал аларды жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза, пакиза нерселерди адал, ыплас нерселерди арам кылып, үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ага (элчиге) ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар. (Аьраф Сүрөсү, 157)

Эбжед: 2025

 

Ошол асмандын жана жердин Раббисине ант болсун, күмөнсүз, ал (силерге убада кылынган) силердин (араңарда) сүйлөшкөнүңөрдөй, албетте, анык бир чындык. (Зарият Сүрөсү, 23)

 

Эбжед: Хижрий: 1459, Миладий (Христиан жыл эсеби боюнча): 2036

 

Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дини(нде болгон сыяктуу) (1). Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди «мусулмандар» деп атады (2), элчи силерге күбө болушу үчүн, силер да (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн (3). Эми намазды толук (туура) окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар – Аллахка бекем (ыклас менен) кармангыла. Ал кандай жакшы Кожоюн (Мевла) жана кандай жакшы Жардамчы. (Хаж Сүрөсү, 78)

Эбжед (1): 1911

Эбжед (2): 2034

Эбжед (3): 2026

 

Анан айтышат: «Раббиңден сага бир аят (керемет) түшсө кана!..» Айткын: «Кайып бир гана Аллахка тиешелүү, силер күтө тургула; мен да силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн.» (Йунус Сүрөсү, 20)

 

Эбжед: 2002 (шаддасыз)

 

Аягында алар өздөрүнө убада кылынганды көрүшкөндө, жардамчы болуу жагынан ким алсызыраак экенин жана сан жагынан кимдин азыраак экенин билип калышат. (Жин Сүрөсү, 24)

 

Эбжед: 1995 (шаддалуу жана тенвиндүү)

 

Аларды мээримибизге киргиздик, күмөнсүз алар салих (ыкластуу) кишилер эле. (Анбия Сүрөсү, 86)

 

Эбжед: 2066

 

(Бала төрөлүп чоңойгон соң ага айттык:) «Эй Йахйа (Яхья), Китепти бекем карман.» Бала кезинде эле ага акылмандык бердик. (Мерйем Сүрөсү, 12)

 

Эбжед: 2067

 

ЖЕХД (АРАКЕТ КЫЛУУ), КӨҢҮЛҮҢӨРГӨ ЖАКПАСА ДА СИЛЕРГЕ ЖАЗЫЛДЫ (ПАРЗ КЫЛЫНДЫ). (КЭЭДЕ) БИР НЕРСЕНИ ЖАМАН КӨРҮШҮҢӨР МҮМКҮН. ЧЫНЫНДА АЛ СИЛЕР ҮЧҮН ЖАКШЫЛЫК. ОШОНДОЙ ЭЛЕ (КЭЭДЕ) СИЛЕР ЖАКШЫ КӨРГӨН НЕРСЕ ӨЗҮҢӨРГӨ ЖАМАНДЫК БОЛУП ЧЫГАТ. АЛЛАХ БИЛЕТ, СИЛЕР БИЛБЕЙСИҢЕР. (Бакара Сүрөсү, 216)

 

Эбжед: 1960-1961-2010-2050

(Ислам ахлагы бүт дүйнөгө толук жайылган жыл катары айтылат)

 

КҮМӨНСҮЗ, БИЗ САГА АПАЧЫК БИР ЖЕҢИШ (ФЕТИХ) БЕРДИК. (Фетих Сүрөсү, 1)

 

Эбжед: Хижрий: 1331, Миладий: 1913

(Түркиядагы Чанаккале жеңишинин жылы)

 

Аллах араңардан ыйман келтиргендерге жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган (1): Эч күмөнсүз, алардан мурдакыларды «күч жана бийлик ээси» кылган сыяктуу аларды да жер жүзүндө «күч жана бийлик ээси» кылат, алар үчүн тандап жактырган динин аларга бекемдеп, жайгаштырат жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке айландырат. Алар жалаң гана Мага ибадат кылышат жана Мага эч нерсени шерик кошушпайт. Ким мындан кийин чындыктан баш тартса, дал ошолор – бузукулар. (Нур Сүрөсү, 55)

 

Эбжед (1): 2019 (шаддалуу)

 

АНАН КАБАТЫБЫЗДАН АГА БИР МЭЭРИМ БЕРГЕН ЖАНА ӨЗ ТАРАБЫБЫЗДАН АГА БИР ИЛИМ ҮЙРӨТКӨН КУЛДАРЫБЫЗДАН БИР КУЛДУ ТАБЫШТЫ. (Кехф Сүрөсү, 65)

 

Эбжед: Хижрий: 1430-1431, Миладий: 2009-2010

 

БИЗ САГА ГАНА СЫЙЫНАБЫЗ ЖАНА СЕНДЕН ГАНА ЖАРДАМ СУРАЙБЫЗ. БИЗДИ ТУУРА ЖОЛГО БАШТА. (Фатиха Сүрөсү, 5-6)

 

Эбжед: 2019

Фатиха Сүрөсүнүн 5- жана 6-аяттарынын эбжед суммасы Аз. Мехди (ас) көрүнө турган убакыт болгон 2019-жылды берүүдө.

 

ШААРДЫН ЭҢ АЛЫСКЫ ЖЕРИНЕН БИР АДАМ ЧУРКАП КЕЛДИ: «ЭЙ КООМУМ, ЭЛЧИЛЕРДИ ЭЭРЧИГИЛЕ (АЛАРГА БАШ ИЙГИЛЕ)» ДЕДИ. (Йасин Сүрөсү, 20)

 

Хижрий: 1458

Миладий: 2036

Йасин Сүрөсүнүн 20-аятындагы «... эй коомум, элчилерди ээрчигиле»... сөзүнүн эбжеди 2036-жылды берүүдө.

 

«АНТ БОЛСУН, БИЗ АЛАРДЫ БИР ИЛИМ МЕНЕН ААЛАМДАРДАН ЖОГОРУ КЫЛДЫК.» (Духан Сүрөсү, 32)

 

Хижрий: 1431-ж.

Миладий: 2010-ж.

Духан Сүрөсүнүн 32-аятынын эбжеди 2011-жылды, ушул эле аяттагы «Ант болсун... Биз аларды тандадык (жогору кылдык)» сөзүнүн эбжеди болсо 2010-жылды берүүдө.

 

АЛБЕТТЕ, РАББИҢ САГА БЕРЕТ, ОШЕНТИП СЕН ЫРААЗЫ БОЛУП КАЛАСЫҢ. (Духа Сүрөсү, 5)

 

Хижрий: 1410

Миладий: 1990

Духа Сүрөсүнүн 5-аятынын эбжеди Аз. Мехди (ас)га жана Ислам ахлагынын дүйнөгө орношуна ишарат кылууда.

 

КҮМӨНСҮЗ, СИЛЕРГЕ ҮСТҮҢӨРДӨН КҮБӨ БОЛО ТУРГАН БИР ЭЛЧИ ЖӨНӨТТҮК; Фараонго бир элчи жөнөткөнүбүз сыяктуу. (Мүземмил Сүрөсү, 15)

 

Хижрий: 1423

Миладий: 2001
Мүземмил Сүрөсүнүн  15-аятындагы «Күмөнсүз силерге үстүңөрдөн күбө боло турган бир элчи жөнөттүк; ...» сөзү 2001-жылга ишарат кылууда.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder