19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ТӨРӨЛҮШҮ ЖАНА САНЖЫРАСЫ

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ПАЙГАМБАРЫБЫЗ

(САВ)ДЫН УРПАКТАРЫНАН

 

Кыямат болушу үчүн бир күндөн башка эч убакыт калбаса дагы, Аллах (жж) менин Эхли Бейтимден (урпактарымдан) бир затты (Аз. Мехди (ас)ды) жөнөтөт.

(Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/92)

 

Менин Эхли Бейтимден бир инсан (Аз. Мехди (ас)) бүт дүйнөгө өкүмдар болгонго чейин күндөр менен түндөр кетпейт.

(En-Necmu's Sakıb (Эн-Нежмус Сакыб), Ukayli)

 

Аз. Мехди (ас) кызым Фатыманын урпактарынан.

(Sünen-i İbn Mace (Сүнени Ибн Маже), 10/348)

 

Аз. Мехди (ас) менен сүйүнчүлөшкүлө. Ал Курейштен жана Эхли Бейтимден бир киши.

(Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 13-б.)

 

Аз. Мехди (ас) менин балдарымдын бирөө. Жүзү асманда жаркыраган жылдыз сыяктуу.

(Ali b. Sultan Muhammed el-Kari el-Hanefi'nin "Risaletül Meşreb elverdi fi mezhebil Mehdi")

 

Бүт пайгамбарлар бир-биринин урпактарынан. Аз. Мехди (ас) да хадистерде айтылгандай ошол бүлөдөн келет. Эл арасында ал бүлөдөн келгендер «сеййид (саййид)» деп аталышат. Аз. Мехди (ас) да сеййид болот.

Аллах Куранда бир-биринин урпактарынан келген элчилер жөнүндө айтат. Ал аяттар Аз. Мехди (ас)дын да ошол бүлөдөн келээрине ишарат кылууда.

 

Чындыгында Аллах Адамды, Нухту, Ибрахим бүлөсүн жана Имран бүлөсүн ааламдар үстүнө тандады; алар бир-биринен (келген) бир урпак. Аллах угуучу, билүүчү. (Али Имран Сүрөсү, 33-34)

«Раббибиз, экөөбүздү сага моюн сунган (Мусулмандар) кыл жана урпагыбыздан Сага моюн сунган (Мусулман) бир үммөт (бер). Бизге ибадат ыкмаларын (жер же эрежелерин) көрсөт жана тообобузду кабыл кыл. Күмөнсүз, Сен тооболорду кабыл кылуучу жана коргоочусуң.» (Бакара Сүрөсү, 128)

Аталарынан, урпактарынан жана бир туугандарынан кээ бирлерин (аларга коштук); аларды да тандадык жана туптуура жолго багыттап-салдык. (Энъам Сүрөсү, 87)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ТААНЫТА ТУРГАН БИР ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ АЛ АЗ. ХАСАНДЫН УРПАКТАРЫНАН БОЛОТ

 

«АЗ. МЕХДИ (АС) ФАТИМАНЫН УРПАКТАРЫНАН ЖАНА ХАСАНДЫН БҮЛӨСҮНӨН.» (Ebu Davud, Hz. Mehdi (as), 1)

 

Абдүл Гафир Фариси Межма-ил Гараиб китебинде жана Ибну Жевзи Фиъл Гарибил Хадисте жана Ибнүл Эсирде Нихайеде айтышкан, Аз. Али хадиси жөнүндө мындай дешкен: «АЗ. МЕХДИ (АС) АЗ. ХАСАНДЫН УРПАКТАРЫНАН.» (Ali Bin Hüsamettin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) - Ahir Zaman Mehdi'sinin Alametleri, 22-б.)

 

Тамман Феваид аттуу эмгегинде жана Ибни Акасир Абдуллах б. Амрдан алып айтышкан. Мындай деген: «ХАСАНДЫН УРПАКТАРЫНАН БИРӨӨ (АЗ. МЕХДИ (АС)) чыгыш тараптан чыгат, эгер Ага тоолор каршы чыкса, аларды эзет, жана өзүнө ал тоолордон жол салат.»

(Ali Bin Hüsamettin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) - Ahir Zaman Mehdi'sinin Alametleri, 22-б.)

 
Аз. Алиден бизге жеткен башка бир хадис боюнча, бир күнү ал уулу Аз. Хасанга карап: «Наби СаллАллаху Алейхи Васаллам атагандай, сөзсүз менин бул уулум Сеййид (мырза, жумшак, элеганттуу жана джентльмен). Жакында АНЫН (АЗ. ХАСАНДЫН) УРПАКТАРЫНАН Набиңиздин аты менен аталган бир адам (АЗ. МЕХДИ (АС)) чыгат, кулк-мүнөзү ага (Аз. Пайгамбар (сав)га) окшошот, бирок жаратылышында (дене өзгөчөлүктөрүндө) ага окшобойт» деген. (Tac V, 363)


АЗ. МЕХДИ (АС) ҮЙДӨ ТӨРӨЛӨТ

 

Имам Зейнул Абидин алейхи-салам мындай деген: «Биздин Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) менен Аллахтын пайгамбарлары арасында бир катар окшоштуктар бар. Нух, Ибрахим, Муса, Иса, Аййуб жана Мухаммед саллаллаху алейхи ва алих пайгамбарлардын баары менен бир окшоштугу бар. Нух менен узун өмүрлүү болушунда, ИБРАХИМ МЕНЕН ТӨРӨЛҮШҮНҮН ЖАШЫРУУН БОЛУШУ (ҮЙДӨ ТӨРӨЛҮШҮНДӨ) жана калктан алыс болушунда...» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап, 3-хадис)

 

Аз. Али б. Хүсейин Зейнел Абидин (ас) мындай дейт: «КАИМИБИЗДИН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ТӨРӨЛҮШҮ АДАМДАРДАН ЖАШЫРУУН БОЛОТ...» (Bihar-ül Envar, 51-т., 135-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ЧОҢ БИР ШААРДА ТӨРӨЛҮП, КИЙИН

СТАМБУЛГА БАРАТ

 

Расулуллах (сав) мындай деген: «Аз. Мехди (ас) Мединадан (чоң шаардан) чыгат жана Меккеге келет. Адамдар аны өз араларынан (таанып) чыгарышат жана ал өзү каалабаган абалда Рүкун менен Макам арасында ага моюн сунушат.» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)

 

Мындан тышкары, Рисалетүл хуруж үл Мехди аттуу эмгектин 69-бетинде Аз. Мехди (ас)дын «Кара айылынан чыгаары» айтылган. (Mustafa Reşit Filizi, Risaletül huruc ül. Mehdi, 69-б.)

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде «медина» сөзү жашыруун мааниде колдонулган. Б.а. Пайгамбарыбыз (сав) «медина» сөзүн ар түрдүү маанилери менен колдонгон. Ислам ааламында болсо көптөгөн чоң шаар, б.а. «медина» бар. Ушул себептен, бул хадистердеги «медина» сөзүнүн эмне мааниге келээрин бул жөнүндөгү башка риваяттарды изилдөө аркылуу гана түшүнүүгө болот.

Мисалы, жогорудагы хадисте Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын мединадан чыгаарын билдирүүдө, башка бир хадисте болсо Аз. Мехди (ас)дын Кара айылынан чыгаарын айткан. Имам Куртубинин Тезкиресинде болсо Аз. Мехди (ас)дын Ислам өлкөлөрүнүн батыш тарабынан чыгаары айтылган. Бул Аз. Мехди (ас) төрөлгөн чоң шаардын Ислам өлкөлөрүнүн батыш тарабында жайгашкан чоң бир шаар экенин көрсөтүүдө.

Башка бир хадисте болсо Пайгамбарыбыз (сав) жанындагы кишиге Аз. Мехди (ас)дын мединаны, б.а. чоң бир шаарды руханий ээлей турганын айтат. Риваятта Пайгамбарыбыз (сав)дын жанындагы кишиде көптөгөн медина (б.а. чоң шаар) бар болгондуктан, Аз. Мехди (ас)дын кайсы мединаны, б.а. кайсы шаарды руханий ээлей турганы жөнүндө күмөн пайда болгон. Ушул себептен, Пайгамбарыбыз (сав)дан ал мединанын (чоң шаардын) кайсысы экенин сураган.

Пайгамбарыбыз (сав) болсо жооп катары ал мединанын (б.а. шаардын) Стамбул экенин айткан.

 

Аз. Ибни Амрдан риваят кылынган. Расулуллах (сав) мындай деген:

 

Эй Үммөт! Алты нерсе бар; алар болмоюнча кыямат болбойт... Алтынчысы болсо мединанын ээлениши.

Айтылды: Кайсы медина? Ал айтты: Константиниййе. (Константинополь – Стамбул)

(Бул Стамбулдун Аз. Мехди (ас) тарабынан руханий ээлениши.)

(Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), 204-б.  Ramuz EI Ehadis 1/296)

 

Демек, бул хадисте «медина» сөзү Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан чоң бир шаар болгон Стамбулду айтуу максатында чоң шаар маанисинде колдонулган. Башка куттуу хадистерде Аз. Мехди (ас)дын ичинде Пайгамбарыбыз (сав)дын куттуу желеги да болгон ыйык аманаттар турган жерден чыгаары билдирилген. Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги менен башка аманаттары азыр Стамбулдагы Топкапы Сарайында атайын бир бөлүмдө сакталып турат.

 

Абдуллах б. Шурефеден риваят кылынган: Аз. Мехди (ас)дын жанында кооздолгон абалда Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiy-il Ahir Zaman, 65-б.)

 

(Аз. Мехди (ас)) Пайгамбар (сав)дын төө жүнүнөн жасалган желеги менен чыгат. Ал желек төрт бурчтуу, тигилбеген жана өңү болсо кара. Анда бир хиджр (кооздук) бар. Ал Расулуллах (сав)дын көзү өткөндөн бери ачылбаган болуп, Аз. Мехди (ас) чыкканда ачылат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiy-il Ahir Zaman, 23-б.)

 

Алааматтар болсо; (Аз. Мехди (ас)дын) жанында Аллах Элчисинин (сав) көйнөгү, кылычы, желеги болот. Ал желек Пайгамбардын (сав) көзү өткөндөн бүгүнкүгө чейин эч ачылган эмес. Аз. Мехди (ас) чыкканга чейин да ачылбайт. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 164-б.)

 

Бул хадистерден Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттарынын Аз. Мехди (ас) турган жерде экени жана ал чыкканда ачылаары көрүнүп турат. Ыйык аманаттар Стамбулда болгондуктан, Аз. Мехди (ас)дын да Стамбулда болоору толук анык.

Бирок башка тараптан, Аз. Мехди (ас) төрөлгөн жана Ислам ааламынын батышында жайгашкан шаар менен ал ээлей турган шаардын башка башка мединалар, б.а. эки башка шаар экенин да риваят кылынган хадистерге карап түшүнүүгө болот.

Мисалы, Аз. Мехди (ас) ээлей турган мединанын, б.а. Стамбул шаарынын деңизде кургак бир жол салынып өтүлгөн, б.а. көпүрө системасы колдонулган бир шаар экени хадистеги баяндан көрүнүп турат.

 

Константинопольду ээлөө учурунда эрте мененки намаз үчүн даарат алып жатып бир желек сайат. Деңиз экиге бөлүнүп суу өзүнөн-өзү алыстайт жана ачылган жолдон жүргөн Аз. Мехди тигил жээкке өтөт. Анан дагы бир желек сайат жана: «Эй адамдар, сабак алгыла. Деңиз Израил урпактарына жол берген сыяктуу бизге да жол берди» дейт. Андан соң баары кайра кайра такбир айтышат жана 12 такбир менен шаардын 12 мунарасы да кулайт. (El-Kavl-ül Muhtasar fi Alametil Mehdiyyül Muntazır, 57-б.)

 

Мындан тышкары, хадисте Аз. Мехди (ас)дын ал шаарда желек сайаары да айтылуу менен шаардын Пайгамбарыбыз (сав)дын куттуу желеги турган Стамбул экени апачык түшүнүктүү болууда.

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) КАВКАЗДАН КЕЛЕТ

 

Сеййид Ахмед Хүсамеддин (ра) Истихрачнамесинде Аз. Мехди (ас)дын төрөлгөн жери жөнүндө мындай кыстарма кылган:

Мусулмандардан бир зат (Аз. Мехди (ас)) келет, ал заттын кадыр-баркы КАВКАЗДЫН ЭҢ УЛУУТООСУНАН айланага күндүн нурлары сыяктуу шуленисар болот (айланага нурлар чачат). (Osman Yüksel Serdengeçti, Mabedsiz Şehir, Serdengeçti Neşriyatı: VI, 107-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН БИР ТУУГАНЫ АЗ

БОЛОТ

 

«Бир тууганы аз...» (Risalet ül Mehdi 161-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ҮЙЛӨНБӨЙТ

 
Месуди мындайча алып баяндаган: «Али б. Хазма, Ибни Сираж жана Ибни Эби Саид бир жолу Имам Рызанын (ас) алдына барышканда, Али б. Хазма Имамга мындай деди: «Эй Расулуллахтын уулу, биз, сиздер (Эхли Бейт имамдары)нан мындайча алыптырбыз; АР БИР ИМАМ ӨЛӨӨРДӨН МУРДА СӨЗСҮЗ БАЛАСЫН КӨРӨТ. (Бул туура болду бекен?) Имам (ас) мындай деп жооп берген: «Төмөнкүнү да хадиске коштуңарбы «КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС))ДАН ТЫШКАРЫ?» (İsbât-ül Vasiye (Mes'udî), 201-б.)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder