19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС) СӨЗСҮЗ ЧЫГАТ


 

МУСУЛМАНДАР АРАСЫНДА АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ СҮЙҮНЧҮЛӨӨНҮН МААНИСИ

 

Пайгамбарыбыз (сав) «Аз. Мехди (ас) менен сүйүнчүлөшкүлө» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 12-б.) деп, Аз. Мехди (ас)дын келишин толкундануу жана кубануу менен күтүүнүн, ал куттуу зат үчүн даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурган. Башка бир куттуу хадисте болсо ыйман келтиргендердин Аз. Мехди (ас)га көрсөтүшү керек болгон сүйүү менен моюн сунуучулугу төмөнкүчө айтылган:

 

Силерден ага ким жеткен болсо, кар үстүндө сойлоп болсо дагы ага келсин. Ага кошулсун. Себеби ал – Аз. Мехди (ас).

 (İbn Mace, Fiten, B 34, H 4082; İbn Ebi Şeybe, c. VII, 527-б.; Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 14-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН СӨЗСҮЗ ЧЫГА ТУРГАН БОЛУШУ

 

Эгер дүйнөдөн бир күн калса дагы, Аллах Ал (Аз. Мехди (ас)) башкарууну өз колуна алганга чейин ал күндү созмок.

 (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 10-б.)

 

Эгер дүйнөдөн бир түн калса дагы, Аллах аны созмок жана Эхли Бейтимдин (урпактарымдан) бирөөнү (Аз. Мехди (ас)) өкүмдар кылмак.

(Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 10-б.)

 

Үммөтүмдүн арасында Аз. Мехди (ас) келет... Үммөтүм анын убагында жакшы менен жаман эч теңдешсиз бак-дөөлөткө жетет, асман алардын үстүнө мол жамгыр жаадырат, жер өзүндөгү эч нерсесин жашырбайт.

(Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 9-б.)

 

Дүйнөдөн бир түн калса дагы, Аллах ал түндү созмок жана Эхли Бейтимден бирөө (Аз. Мехди (ас)) келип дүйнөгө өкүмдар болмок. Анын аты атыма, атасынын аты атамдын атына туура келет. Мурда жер кандай зулумдукка толгон болсо, ал аны адилеттүүлүккө толтурат.

(Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 11-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ХИЖРИЙ 1400-ЖЫЛЫ (1980-Ж.) ДИНГЕ ЧАКЫРУУ КЫЗМАТЫН БАШТАЙТ

 

АДАМДАР 1400-ЖЫЛЫ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАНЫНА ЧОГУЛУШАТ. (Risaletül Huruc-ül Hz. Mehdi, 108-б.)

 

Аз. Мехди (ас) Стамбулда иш-аракетин баштаган жана айланасында адамдар алгач чогулуп баштаган жылдын Хижрий 1400-жыл болоору бул хадисте апачык айтылган. Башка бир хадисте болсо Аз. Мехди (ас)дын Хижрий 1400-жылы кызмат кылаары мындайча айтылган.

 

ХИЖРАТТАН (КӨЧТӨН) 1400 ЖЫЛДАН КИЙИНКИ АКИДДЕРДЕН ЭКИ ЖЕ ҮЧ АКИД САНА (бир акид он жылга барабар). ОШОНДО МЕХДИ ЭМИН ЧЫГАТ.

(Esme-l Mesalik Lieyyam-il Mehdîyy-il Meliki Li Küll-id Dünya Biemrillah-il Malik, Kelde bin Zeyd 216)

 

Мындан тышкары, Аз. Мехди (ас)дын динге чакыруу иш-аракеттерин Хижрий 1400-жылы баштаарын Бедиүззаман да төмөнкүчө айткан:

 

«ДҮЙНӨНҮН КЕЛЕЧЕГИНДЕ 1400 ЖЫЛДАН КИЙИН КЕЛЕ ТУРГАН БИР АКЫЙКАТТЫ (Аз. Мехди (ас)дын келишин) ӨЗ КЫЛЫМЫНДА КАРИБ (жакын) ДЕП ОЙЛОШУПТУР.» (Sözler, 318-б.)

 

 

 

 

ОЛУЯЛЫК (ВЕЛАЙЕТ) АЗ. МЕХДИ (АС)

МЕНЕН АЯКТАЙТ

 

Мухйиддин Ибнүл-Араби –куддисе сыррух- Азрети Хаким эт-Тирмизи –куддисе сыррух- Азрети «Хатмүл-эвлийа»да сураган суроолоруна жооп берүү үчүн жазган «эль-Жевабүл-Мүстаким» аттуу эмгегинде мындайча буюрган:

 

«(Аз. Мехди (ас)) ... Мүлктүн доору аны менен бүтөт жана олуялык (велайет) аны менен аяктайт...»
 (El-Cevabü'l-Müstakim amma Seele anhü et-Türmizi el-Hakim, Bayezid, no: 3750, 242b yaprağı)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder