20 Şubat 2013 Çarşamba

КУРАНДА АЗ. ИСА (АС)ДЫН ЖЕР БЕТИНЕ КАЙТЫШЫ

 

Бул бөлүмгө чейин айтылгандардан Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнү жана Аллах Кабатына көтөрүлгөнү апачык түшүнүктүү болду. Бирок Куранда көңүл бурулган дагы бир маанилүү жагдай бар: Аз. Иса (ас) жер жүзүнө кайра кайтып келет.

Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө экинчи жолу келиши Куранда апачык билдирилген. Куранда билдирилген бул далилдер төмөнкүдөй:

 

1-ДАЛИЛ

 

Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө түшөөрү жөнүндө ишараттар камтыган аяттардын биринчиси – бул Али Имран Сүрөсүнүн 55-аяты:

 

Аллах Исага айткан эле: «Эй Иса, чындыгында сени Мен көз жумдурам (мүтевеффийке), сени Өзүмө көтөрөм (рафиуке), сени каапырлардан тазалайм жана сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм. Анан Мага гана кайтып келесиңер, талашкан нерселериңер жөнүндө араңарда Мен өкүм берем.» (Али Имран Сүрөсү, 55)

 

Аяттагы «сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм» сүйлөмү терең маанилүү. Куранда кыяматка чейин каапырларга үстөм болгон жана Аз. Иса (ас)га чындап моюн сунган (аны ээрчиген) бир топтун бар экени жөнүндө сөз болуп жатат. Бул ээрчигендер кимдер? Аз. Иса доорунда жашаган хаварийлерби, же бүгүн жашап жаткан христиандарбы?

Аз. Иса (ас) Аллах Кабатына көтөрүлөөрдөн мурда аны ээрчигендердин саны өтө аз эле. Жана ал дүйнөдөн кеткен соң христиандык өтө бат бузулуп баштаган. Мындан тышкары, хаварийлер олуттуу бир кысымчылык астында жашашкан. Кийинки эки кылым бою да Аз. Иса (ас)га ыйман келтиргендер ошондой кысымдарга кабылышкан; себеби эч кандай саясий күчтөрү жок эле. Демек өтмүштө жашаган христиандар каапырларга үстөм болгон жана бул аят ошолор жөнүндө деп айта албайбыз.

Андан кийинки убакты, б.а. азыр жашап жаткан христиандарды караганыбызда болсо ансыз да христиан дининин чыныгы абалынын бузулганын, Аз. Иса (ас) чакырган акыйкат динден башка бир дин пайда болгонун көрөбүз. Аз. Иса (ас) Аллахтын уулу деген адашкан бир ишеним кабылданып, үчтөө ишеними (Ата, уул, ыйык Рух) кабыл алынган. (Аллахты аруулайбыз.) Демек дин өзүнүн чыныгы абалынан өтө алыстаган учурдагы христиандарды Аз. Иса (ас)га вахий кылынган акыйкат динге моюн сунгандар катары кабыл ала албайбыз. Куранда үчтөө (троица) ишениминин адашкан бир ишеним экени мындайча билдирилген:

 

Ант болсун, «Аллах үчтүн үчүнчүсү» дегендер каапыр болушту. Чындыгында жалгыз бир Кудайдан башка кудай жок... (Маида Сүрөсү, 73)

 

Демек, «сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм» сөзүнүн ачык бир ишараты бар. Аз. Иса (ас)ды ээрчиген жана кыяматка чейин жашай турган бир топ болушу керек. Мындай бир топ, албетте, Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө кайра келиши натыйжасында пайда болот. Жана аны кайра дүйнөгө келгенде ээрчигендер кыяматка чейин каапырларга үстөм кылынат.

 

2-ДАЛИЛ

 

Бул темада жогоруда карап өткөн Ниса Сүрөсүнүн 156-158-аяттарынан соң Аллах 159-аятта мындай деп буюрат:

 

Ант болсун, китеп берилгендерден (эхли китап) өлөрдөн мурда ага ишенбей турган эч ким жок. Кыямат күнү ал болсо аларга күбө болот. (Ниса Сүрөсү, 159)

 

Бул аяттагы «өлөрдөн мурда ага ишенбей турган эч ким жок» сөзүнүн өтө терең мааниси бар. Бул сүйлөмдүн арапчасы төмөнкүдөй:

"... ве ин мин эхлил китаби илла лейүминенне бихи кабле мевтихи»

Бул жерде кээ бир тафсирчилер «ал» ат атоочу Аз. Иса (ас) эмес, Куран жөнүндө деп ойлошкон жана аятты китеп берилгендер өлөрдөн мурда Куранга ыйман келтиришет деп жоромолдошкон.

Чындыгында болсо бул аяттан мурдакы эки аятта да «ал» ат атоочу талашсыз Аз. Иса үчүн колдонулган:

 

Жана: «Биз Аллахтын пайгамбары Мерйем уулу Месих Исаны чындап өлтүрдүк» дегени себептүү да (аларга ушундай бир жаза бердик). Чындыгында болсо аны өлтүрүшкөн жок жана аны асышкан жок. Бирок аларга (ошого) окшош көрсөтүлдү. Чындап ал жөнүндө талашка түшкөндөр анык бир күмөн ичинде. Алардын күмөндөн башка бул жөнүндө эч кандай маалыматтары жок. Аны өлтүрүшпөгөнү анык. (Ниса Сүрөсү, 157)

 

Жок, Аллах аны Өзүнө көтөрдү. Аллах үстөм жана күчтүү, өкүмдар жана даанышман. (Ниса сүрөсү, 158)

 

Бул аяттардын артынан эле келген аятта колдонулган «ал» ат атоочунун Аз. Иса (ас)дан башка бир киши же нерсе жөнүндө экенин көрсөткөн эч кандай далил жок.

 

Ант болсун, китеп берилгендерден (эхли китап) өлөрдөн мурда ага ишенбей турган эч ким жок. Кыямат күнү ал болсо аларга күбө болот. (Ниса Сүрөсү, 159)

 

Башка жагынан, аяттын экинчи сүйлөмү болгон «Кыямат күнү ал болсо аларга күбө болот» деген сүйлөм дагы маанилүү. Куранда кыямат күнү адамдын тилинин, колдорунун жана буттарынын (Нур Сүрөсү, 24; Йасин Сүрөсү, 65), көрүү, угуу сезимдеринин жана терилеринин (Фуссилет Сүрөсү, 20-23) анын зыянына күбө болоору билдирилет. Курандын күбө болушу жөнүндө болсо бир дагы аят жок. Биринчи сүйлөм –грамматикалык жактан же логикалык жактан эч кандай далил болбогону карабастан- Куран жөнүндө айтылган деп кабыл алынса, экинчи сүйлөмдөгү «ал» ат атоочу да Куран жөнүндө деп жакталган болот. Бирок мындай деп айтуу үчүн ачык бир аят талап кылынат. Ошондой эле, мурдакы аятта билдирилген «... Аллах аны Өзүнө көтөрдү» сүйлөмү дагы бул аятта ишарат кылынгандын Куран эмес экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Куран 1400 жылдан бери ыймандууларга туура жол (хидаят) көрсөтүүчү болуп келатат жана Аллах Кабатына көтөрүлгөн жок. Аллах Кабатына Аз. Иса (ас) көтөрүлгөн. Бул дагы аятта кабар берилген «күбө болуунун» Аз. Иса (ас)дын «эхли китапка (китеп берилгендерге)» бере турган күбөлүгү экенин, аятта «ал» ат атоочу менен Куранга ишарат кылынбаганын көрсөткөн дагы бир далил. (Туурасын Аллах билет.)

Башка аяттарда ушул эле ат атооч Куранга ишарат кылган жерлерде (Немл Сүрөсү, 77 жана Шуара Сүрөсү 192-196-аяттардагы сыяктуу) аяттын алдында жана артында Курандан сөз болгонун көрөбүз. Аяттын алдында, артында же аяттын ичинде Куран жөнүндө айтылбаса, бул аятта Куран жөнүндө сөз болуп жатат деш туура эмес болот. Бул аятта болсо апачык Аз. Иса (ас)га ишенүү жана анын ыймандууларга күбө болушу жөнүндө сөз болуп жатат.

Аяттын мааниси жөнүндө дагы бир белгилей кетчү жагдай болсо – бул «өлүмүнөн мурда» сөзүнүн жоромолу менен байланыштуу. Кээ бирлери бул сүйлөм «Эхли китаптын (китеп берилгендердин) өз өлүмдөрүнөн мурда» ишениши деген мааниде деп ойлошууда. Бул көз-караш боюнча, «эхли китаптан (китеп берилгендер, б.а. еврей, христиандар)» болгон ар бир киши ага өлүм келбестен Аз. Иса (ас)га сөзсүз ыйман келтирет. Бирок арап тилинин грамматикасы бул пикирдин туура эмес экенин көрсөтүүдө. Куранда «эхли китап» жөнүндөгү бүт аяттарда көптүк санды көрсөткөн «хум» мүчөсү колдонулган. (Беййине Сүрөсү, 1 жана 6; Хадид Сүрөсү, 29; Хашр Сүрөсү, 2деги сыяктуу.) Бул аятта болсо жекелик санды билдирген «ху» мүчөсү колдонулган. Демек, аятта Аз. Иса (ас)дын өлүмүнөн –б.а. жер жүзүнө экинчи жолу келип биологиялык мааниде өлөрдөн- мурда «эхли китаптын» ага ишенээри кабар берилип жатат. (Туурасын Аллах билет.) Мындан тышкары, Аз. Иса (ас) убагында «эхли китап» сыпатына кирген кээ бир еврейлер ага ыйман келтирбей эле тим болбостон, аны өлтүрүү үчүн тузак да курушкан. Аз. Иса (ас)дан кийин жашап өткөн еврей менен христиандардын болсо Аз. Иса (ас)га –Куранда билдирилгендей- ыйман келтиргенин айтуу мүмкүн эмес. Жыйынтыктасак, аятты жакшылап караганыбызда анын маанисинин төмөнкүдөй экенин түшүнөбүз: «Аз. Иса (ас) өлөрдөн мурда бүт эхли китап (китеп берилгендер) ага ыйман келтиришет». Б.а. Аз. Иса (ас) экинчи жолу дүйнөгө келгенде бүт еврей, христиандар аны ээрчип Мусулман болушат жана Ислам ахлагы бүт жер жүзүнө орнойт.

Ошондой эле, аятта келечек жөнүндө сөз болуп жатканы анык, себеби Аз. Иса (ас)дын «өлүмү» жөнүндө айтылып жатат. Чындыгында болсо ал өлгөн эмес, Аллах Кабатына көтөрүлгөн. Аз. Иса дүйнөгө кайрадан келет жана бүт адамдар сыяктуу жашап өлөт. Экинчиси Аз. Иса (ас)га бүт эхли китап (еврей, христиандар) ыйман келтиришет. Бул дагы али боло элек, бирок сөзсүз болоору кабар берилген бир окуя.

Ошондуктан бул жерде «өлүмүнөн мурда» деп Аз. Иса (ас) жөнүндө айтылган. Эхли китап аны көрүп таанып, ал жашап жаткан кезде ага моюн сунушат жана Аз. Иса (ас) болсо алар жөнүндө акыретте күбө болот. (Туурасын Аллах билет.)

 

3-ДАЛИЛ

 

Аз. Иса (ас)дын акыр заманда кайрадан жер жүзүнө кайтышы жөнүндө дагы бир аят – бул Зухруф Сүрөсүнүн 61-аяты. Бул сүрөнүн 57-аятынан баштап Аз. Иса (ас)дан сөз кылынат:

 

Мерйем уулу (Иса) бир мисал катары берилгенде, сенин коомуң ошол замат андан (жыргап сөз кылып) каткырып күлүшүүдө. «Биздин кудайларыбыз жакшыбы, же албы?» дешти. Аны бир гана талаш темасы болсун деп (мисал) беришти. Жок, алар «талашка жакын жана душман» бир коом. Ал болгону бир кул; ага немат-жакшылык бердик жана аны Исраил урпактарына бир өрнөк кылдык. Эгер Биз каалаганыбызда, албетте силерден периштелер кылмакпыз; жер жүзүндө (силерге) халеф (ордуңарды басуучулар) болушмак. (Зухруф Сүрөсү, 57-60)

 

Бул аяттардын артынан эле келген 61-аятта Аз. Иса (ас)дын кыямат сааты үчүн бир илим экени айтылат:

 

Күмөнсүз, ал кыямат сааты үчүн бир илим. Демек андан эч шек санабагыла жана мага баш ийгиле. Туптуура жол ушул. (Зухруф Сүрөсү, 61)

 

Бул аятта Аз. Иса (ас)дын акыр заманда жер жүзүнө кайтышы кабар берилүүдө. Себеби Аз. Иса (ас) Куран түшүрүлөөрдөн алты кылым мурда жашаган. Ошондуктан ал биринчи жашоосун «кыямат сааты үчүн бир илим (маалымат)», б.а. бир кыямат белгиси катары түшүнө албайбыз. Аят Аз. Иса (ас)дын акыр заманда кайрадан жер жүзүнө келээрин жана анын болсо бир кыямат алааматы болоорун ишарат кылууда. (Туурасын Аллах билет.) Бул аяттагы «Ал кыямат сааты үчүн бир илим» сүйлөмүнүн арапчасы төмөнкүдөй: «Иннеху ле илмун лиссаати.» Бул жердеги «ху» ат атоочун «Куран» деп жоромолдогондор бар. Бирок Куран үчүн «ху» ат атоочу колдонулганда сөзсүз аяттан мурда же кийин же аяттын ичинде Куран жөнүндө сөз кылган башка сүйлөмдөр болот. Башка бир жерде «ху» ат атоочу менен Куран жөнүндө сөз кылынган эмес. Ошондой эле, мурдакы аятты караганыбызда ал жерде да апачык Аз. Иса (ас) жөнүндө «ал» ат атоочу колдонулганын көрөбүз:

 

«Ал болгону бир кул; ага немат-жакшылык бердик жана аны Исраил урпактарына бир өрнөк кылдык.»

 

Бул ат атоочтун Куранга ишарат кылаарын айткандар болсо аяттын уландысындагы «Андан эч шек санабагыла жана мага баш ийгиле» сүйлөмүн «далил» катары көрсөтүшөт. Бирок бул сүйлөмдөн мурдакы аяттарда толугу менен Аз. Иса (ас)дан сөз кылынат. Ушул себептен «ху» ат атоочунун мурдакы аяттар менен байланыштуу болушу жана Аз. Иса (ас) жөнүндө айтылып жатышы туурараак болот. Белгилүү Ислам аалымдары да бул ат атоочту аяттарга да, сахих хадистерге да таянып, Аз. Иса (ас) деп түшүндүрүшөт. Элмалылы Хамди Йазырын тафсиринде мындайча чечмеленет:

Сөзсүз, ал саат үчүн бир илим – сааттын келээрин өлүүлөрдүн тирилип, кыям этээрин билдирген бир далил жана белги (алаамат). Себеби Иса элдерге көрүнүшү жана өлүүлөрдү тирилтүү (эмвати ихйа) керемети жана ошондой эле өлүүлөрдүн турушун (эмватын кыямын) кабар бериши жагынан кыяматтын болооруна бир далил болгон сыяктуу, хадисте айтылгандай кыямат белгиси (эшраты саат).

(http://www.kuranikerim.com/telmalili/zuhruf.htm)

 

Заманбап Ислам аалымдарынан Сеййид Кутуб да тафсиринде Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө кайра келишинин маанилүү далилдеринин биринин ушул аят экенин айтат. Кутубдун тафсиринде мындай деп айтылат:

Аз. Иса (ас)дын кыямат болоордон мурда жер жүзүнө түшөөрү жөнүндө көптөгөн хадистер бар тилибизде. Бул аят да ошого ишарат кылат. «Ал кыяматтын болоорун көрсөтүүчү бир илим.» Б.а. Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө түшүшү менен кыяматтын жакындаганы белгилүү болот. Экинчи бир окуу формасында аят мындайча окулат: «Ве иннеху ле алемун лиссати». Б.а. анын түшүшү кыяматтын белгиси, алааматы. Эки окуу формасы тең бир эле маанини берет. Аз. Иса (ас)дын асмандан түшүшү – туура сөздүү жана ишенимдүү Пайгамбар, Ага салат жана салам болсун, сөз кылган жана улуу Куран ишарат кылган бир кайып кабары. Кыямат күнүнө чейин өзгөрбөстөн кала турган бул эки булактан келген маалыматтардан башка, бул маселе жөнүндө кандайдыр бир адамдын сүйлөй турган бир сөзү болушу мүмкүн эмес. (Seyyid Kutub, Fizilali'l Kuran, http://www.sevde.de/Kuran-Tevsiri/Kuran_Tefsiri.htm)

Кевсери эң илгерки акаида китептеринде да бул аяттын Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө келишине далил катары колдонулганын айтса, Өмер Насухи Билмен тафсиринде болсо бул аят мындайча чечмеленет:

 

Жана кыямат жакындаган болушу үчүн Иса Алейхиссаламдын бир алаамат экенин жана кыяматтын болоорунун күмөнсүз экенин кабар берет... Иса Алейхиссаламдын жер жүзүнө түшүшү да кыямат шариятынан саналат... (Ömer Nasuhi Bilmen, Kuran-ı Kerim'in Türkçe Meal-i Alisi ve Tefsiri, Cilt VII, 3292)

 

Мындан тышкары, дагы бир нерсени айта кетүү керек: Куранда эч бир пайгамбардын кыямат үчүн бир илим экени айтылган эмес. Аз. Мухаммед (сав), Аз. Ибрахим (ас), Аз. Нух (ас), Аз. Муса (ас), Аз. Сулайман (ас), Аз. Йусуф (ас), Аз. Давуд (ас), Аз. Йакуп (ас) жана дагы көптөгөн пайгамбардын өмүрү Куранда терең баян кылынат, бирок эч бири жөнүндө мындай сөз айтылган эмес. Бул дагы Аз. Иса (ас)дын –Аллахтын каалоосу менен- башка пайгамбарлардан айырмалуу бир өзгөчөлүккө ээ экенине ишарат кылууда. Бул өзгөчөлүк – Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына алынган соң кайрадан жер жүзүнө кайтарыла турган болушу. (Туурасын Аллах билет.)

 

4-ДАЛИЛ

 

Аз. Иса (ас)дын экинчи келишине ишарат кылган башка аяттар болсо төмөнкүдөй:

 

Периштелер: «Мерйем, чындыгында Аллах Өзүнөн бир сөздү сага сүйүнчүлөөдө. Анын аты Мерйем уулу Иса Месих. Ал дүйнөдө жана акыретте «тандалган, барктуу, урматтуу» жана (Аллахка) жакын кылынгандардан. Бешикте да, жетилгенде да адамдар менен сүйлөшөт. Жана Ал чын ыкластуулардан» дешти. «Раббим, мага бир адам тийбесе, кантип балалуу болушум мүмкүн?» деди. (Бирок) Аллах эмнени кааласа жаратат. Бир иштин болушун чечсе, ага «Бол» гана дейт, ал болсо ошол замат болуп калат. Ага Китепти, даанышмандыкты, Тооротту жана Инжилди үйрөтөт. (Али Имран Сүрөсү, 45-48)

 

Аятта Аллахтын Аз. Иса (ас)га Тооротту, Инжилди жана ошондой эле «Китепти» үйрөтөөрү кабар берилүүдө. Ушул эле сөз Маида Сүрөсүнүн 110-аятында да орун алган:

 

Аллах минтип айтат: «Эй, Мариям (Мерйем) уулу Иса, сага жана энеңе болгон нематымды эстегин. Мен сени Рухул-Кудүс менен кубаттадым, бешикте (жаткан) кезиңде да, жетилген кезиңде да адамдар менен сүйлөшчү элең. Сага Китепти, даанышмандыкты, Тооротту жана Инжилди үйрөттүм. Уруксатым менен ылайдан канаттууга окшош (бир нерсени) жасачусуң...» (Маида Сүрөсү, 110)

 

Эки аятта тең кездешкен «китеп» сөзүн караганыбызда, мунун Куранга ишарат кылаарын көрөбүз. Аяттарда Тоорот менен Инжилден тышкары жөнөтүлгөн акыркы акыйкат китептин Куран экени билдирилет. (Аз. Давуд (ас)га берилген Забур да Эски Осуяттын (Ветхий Завет) ичинде.) Ошондой эле, Курандын башка бир аятында, Али Имран Сүрөсүнүн 3-аятында «китеп» сөзү Инжил менен Тоороттон тышкары Куранды айтуу үчүн колдонулган:

 

Аллах... Андан башка Кудай (Илах) жок. Тирүү, каим. Ал сага Китепти Акыйкат жана андан мурдакыларды тастыктоочу катары түшүрдү. Ал Тоорот менен Инжилди да түшүргөн эле. (Али Имран Сүрөсү, 2-3)

 

Китеп сөзү Куранга ишарат кылган башка кээ бир аяттар төмөнкүдөй:

 

Аллах Кабатынан жандарындагы (Тоорот)ту тастыктаган бир Китеп келгенде, -чынында андан мурда каапырларга каршы жеңиш сурап жатышкан- мына билип-тааныгандары келгенде, аны танышты. Аллахтын каргышы каапырларга болот. (Бакара Сүрөсү, 89)

 

Силерге өзүңөрдөн, силерге аяттарыбызды окуй турган, силерди тазалай турган, силерге Китеп жана даанышмандыкты жана билбегениңерди үйрөтө турган бир элчи жөнөттүк. (Бакара Сүрөсү, 151)

 

Демек, Аз. Иса (ас)га үйрөтүлө турган үчүнчү «Китептин» Куран экени жана мунун болсо Аз. Иса (ас) акыр заманда дүйнөгө кайтканда гана мүмкүн экени анык. Себеби Аз. Иса (ас) Куран түшүрүлөөрдөн болжол менен 600 жыл мурда жашаган. Ошондой эле, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринде Аз. Иса (ас)дын дүйнөгө экинчи жолу келгенде Инжил менен эмес, Куран менен өкүм берээрин кабар бергени да мунун бир далили:

 

Кырк (40) жыл Аллахтын Китеби жана менин сүннөтүм менен өкүм берип, көз жумат. (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy il Ahir Zaman, б. 92)

 

Бул жерден да апачык көрүнүп тургандай, Аз. Иса (ас) кайрадан жер жүзүнө келгенде, Курандагы өкүмдөр менен өкүм берип, Аз. Мухаммед (сав)дын сүннөтүн улантат. Бул дагы аяттардагы мааниге толук дал келүүдө. (Албетте туурасын Аллах билет.)

Бул аяттарда көңүл буруу керек болгон дагы бир жагдай бар: Аз. Иса (ас) жөнүндө айтылган бул нерсе, мындан мурдакы темадагы сыяктуу, башка эч бир пайгамбар жөнүндө айтылган эмес. Мисалы, Аз. Муса (ас)га Тоороттун түшүрүлгөнү, Аз. Ибрахим (ас)га берилген барактар бар экени, Аз. Давуд (ас)га Забурдун вахий кылынганы Куранда айтылат. Же пайгамбарлардын алардан мурдакы доорлордо түшкөн китептер бар болсо, ал китептерди билишкени кабар берилет. Бирок эч бир пайгамбар жөнүндө анын доорунан кийин түшүрүлө турган бир китептин да аларга үйрөтүлгөнү айтылбайт. Өзүнөн мурда түшүрүлгөн, өзүнө вахий кылынган жана өзүнөн кийин түшүрүлө турган китепти билээри айтылган жалгыз пайгамбар – бул Аз. Иса (ас). Бул дагы Аз. Иса (ас)дын кайрадан жер жүзүнө келээринин жана экинчи жолу келгенде өзүнөн кийин вахий кылынган китеп менен, б.а. Куран менен өкүм берээринин ишараттарынын бири. (Туурасын Аллах билет.)

 

5-ДАЛИЛ

 

Бүт булардан тышкары, «Күмөнсүз, Аллах Кабатында Исанын абалы Адамдын абалы сыяктуу...» (Али Имран Сүрөсү, 59) аяты дагы Аз. Иса (ас)дын кайтып келишине ишарат кылып жатышы мүмкүн. Тафсир аалымдары көбүнчө бул аятты эки пайгамбардын тең атасыз болушуна, Аз. Адамдын Аллахтын «Бол» буйругу менен топурактан жаратылышы менен Аз. Иса (ас)дын да «Бол» буйругу менен атасыз төрөлүшүнө ишарат кылат дешет. Бирок аяттын экинчи ишараты да болушу мүмкүн. Аз. Адам (ас) бейиштен жер жүзүнө түшүрүлгөн сыяктуу, Аз. Иса (ас) да акыр заманда Аллахтын Кабатынан жер жүзүнө түшүрүлүшү мүмкүн. (Туурасын Аллах билет.) Көрүнүп тургандай, Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө кайра кайтып келээри жөнүндөгү Куран аяттары апачык.

 

6-ДАЛИЛ

 

Куранда Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына алынганын айткан башка бир аят болсо Мерйем Сүрөсүндө орун алат:

 

«Туулган күнүмдө, өлөр күнүмдө жана тирүү абалда кайрадан-тургузула турган күнүмдө да салам мага.» (Мерйем Сүрөсү, 33)

 

Бул аят Али Имран Сүрөсүнүн 55-аяты менен чогуу каралганда өтө маанилүү бир чындыкка ишарат кылат. Али Имран Сүрөсүндөгү аятта Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына көтөрүлгөнү айтылат. Бул аятта өлүү же өлтүрүлүү жөнүндө эч маалымат берилген эмес. Бирок Мерйем Сүрөсүнүн 33-аятында Аз. Иса (ас)дын өлөр күнү жөнүндө сөз болуп жатат. Бул экинчи өлүм болсо Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу дүйнөгө келип, белгилүү мөөнөт жашаган соң көз жумушу аркылуу гана болушу мүмкүн. (Туурасын Аллах билет.)

 

7-ДАЛИЛ

 

Аз. Иса (ас)дын кайрадан дүйнөгө келиши жөнүндө дагы бир далил болсо Маида Сүрөсүнүн 110-аятында жана Али Имран Сүрөсүнүн 46-аятында орун алган «кехлен» сөзү. Аяттарда мындайча буюрулат:

 

Аллах минтип айтат: «Эй, Мариям уулу Иса, сага жана энеңе болгон нематымды эстегин. Мен сени Рухул-Кудүс менен кубаттадым, бешикте (жаткан) кезиңде да, жетилген (кехлен) кезиңде да адамдар менен сүйлөшчү элең...» (Маида Сүрөсү, 110)

 

«Бешикте да, жетилгенде (кехлен) да адамдар менен сүйлөшөт. Жана Ал салихтерден (чын ыкластуулардан).» (Али Имран Сүрөсү, 46)

 

Бул сөз Куранда жогорудагы эки аятта гана жана бир гана Аз. Иса (ас) үчүн колдонулат. Аз. Иса (ас)дын жетилген кезин сүрөттөө үчүн колдонулган «кехлен» сөзү «отуз менен элүү жаштар арасында, жаштык доору аяктап улгайууга кадам таштаган, жашы кемелге (кемчиликсиздикке) жеткен киши» маанисине келет. Бул сөз Ислам аалымдары арасында бир ооздон «35 жаштан кийинки убакка ишарат кылат» деп которулат.

Аз. Иса (ас)дын жаш кезинде, т.а. отуз жаштын баштарында асманга көтөрүлгөнүн, жер жүзүнө түшкөн соң кырк жыл тураарын айткан жана Ибни Аббастан риваят кылынган хадиске таянган Ислам аалымдары Аз. Иса (ас)дын улгайуу доорунун кайра дүйнөгө келген соң болоорун, ошондуктан бул аяттын Аз. Иса (ас)дын түшүшүнө бир далил экенин айтышат. (Muhammed Halil Herras, Faslu'l-Makal fi Ref'I İsa Hayyen ve Nüzulihi ve Katlihi'd-Deccal, Mektebetü's Sünne, Kahire, 1990, б. 20)

Куран аяттарын караганыбызда бул сөздүн бир гана Аз. Иса (ас) үчүн колдонулганын көрөбүз. Бүт пайгамбарлар адамдар менен сүйлөшүп, аларды динге чакырышкан. Баары жетилген кезинде динге чакыруу милдетин орундатышкан. Бирок Куранда башка пайгамбарлар жөнүндө мындай бир сөз колдонулган эмес. Бул сөз Аз. Иса (ас) жөнүндө гана колдонулган жана кереметтүү бир абалды айтып жатат. Себеби аяттарда катары менен келген «бешикте» жана «жетилген кезде» сөздөрү эки чоң кереметтүү убакка көңүл бурат.

Имам Табери Taberi Tefsiri (Табери Тафсири) аттуу эмгегинде бул аяттардагы сөздөрдү мындайча чечмелейт:

 

Бул сөздөр (Маида Сүрөсү, 110) Аз. Иса (ас)дын өмүрүн аяктап улгайган кезинде адамдар менен сүйлөшө алышы үчүн асмандан түшөөрүнө ишарат кылууда. Себеби ал жаш кезинде асманга көтөрүлгөн...

 

Бул аятта (Али Имран Сүрөсү, 46) Аз. Иса (ас)дын тирүү экенине далил бар жана ахли сүннөт да ушундай көз-карашта. Себеби аятта анын улгайган кезде да адамдар менен сүйлөшөөрү айтылат. Улгайышы болсо асмандан жер жүзүнө түшкөн кезде гана болот. (Taberi Tefsiri, İmam Taberi, том 2, б. 528; том 1, б. 247)

 

Бирок кээ бир кишилер «жетилген» сөзүн чыныгы маанисинен алыстатып жоромолдошуп, Курандын жалпы логикасына ылайык баалашпайт. Ал кишилер пайгамбарлар дайыма жетилген жана кемелге жеткен кишилер болушат, ошондуктан бул сөз пайгамбарлардын бүт өмүрлөрүнө ишарат кылат дешет. Албетте, пайгамбарлар Аллах кемелге жеткирген, бышып жетилген кишилер. Бирок Аллах Ахкаф Сүрөсүндө бышып жетилүү жашынын 40 жаш экенине ишарат кылат. Аятта мындай деп айтылат:

 

Биз адамга ата-энеңе жакшы мамиле кыл деп кеңеш бердик. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрдү жана аны кыйынчылык менен төрөдү. Анын (кош бойлуу кезде) көтөрүп жүрүлүшү менен сүттөн чыгышы отуз ай. Анан күчтүү (жетилген) убакка жетип кырк жыл (жаш)ка жеткенде: «Раббим, мага, эне жана атама берген нематка шүгүр кылышымды жана Сен ыраазы боло турган салих бир ишти кылышымды мага илхам кыл; мен үчүн салих (ыкластуу) урпактар бер. Чындап мен тообо кылып Сага бурулдум жана чындап мен Мусулмандарданмын» деди. (Ахкаф Сүрөсү, 15)

 

«Кехлен» сөзүнүн чечмелениши да, Курандагы башка маалыматтар сыяктуу, Аз. Иса (ас)дын кайрадан жер жүзүнө келишине ишарат кылууда. (Туурасын Аллах билет.)

Куранда өмүр сүрүп жаткан кезде жер жүзүнөн жүздөгөн жыл кетип, кайра кайткан башка мисалдар да кабар берилет.

 

Жүз жылдан кийин тирилтилген киши

Бул мисалдардын бири Бакара Сүрөсүндө баяндалган «жүз жыл өлгөнү» айтылган бир адамдын өмүрү менен байланыштуу:

 

Же асты үстүнө келген, эч ким жашабаган бир шаарга жолуккан сыяктууну (көргөн жоксуңбу?) Айтты эле: «Аллах бул жерди өлүмүнөн кийин кантип тирилтет болду экен?» Буга жооп катары Аллах аны жүз жыл өлүү абалда койду, кийин аны тирилтти. (Жана ага) Айтты: «Канча болдуң?» Ал: «Бир күн же бир күндөн аз болдум» деди. (Аллах ага:) «Жок, жүз жыл болдуң (уктадың), бирок тамагыңды жана суусунуңду кара, али бузула элек; эшегиңди бир кара; сени инсандарга өрнөк-далил кылуубуз үчүн (муну мындай кылдык). (Эшектин) Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди? деди. Ага (кишиге) баары белгилүү болгондон кийин ал айтты: «(Эми) Чындыгында Аллахтын бардык нерсеге күчү жете турган экендигин билем.» (Бакара Сүрөсү, 259)

 

Жогоруда айтып кеткендей, аяттарда Аз. Иса (ас)дын жанынын алынганы айтылат. Жогорудагы аятта болсо толук бир өлүм (мевт) айтылган. Ошондуктан чындап өлгөн бир кишинин да Аллахтын каалоосу менен бул дүйнөдө кайра тирилтилгени Куранда кабар берилген бир чындык. Куранда ушуга окшогон башка окуялардан да мисалдар берилет.

 

Кехф элинин (үңкүр ээлеринин) көп жыл

өткөн соң ойготулушу

Бул жагдайга ишарат кылган дагы бир мисал болсо – бул Кехф Сүрөсүндөгү «Асхабы Кехф» окуя баяны.

Аллах өз доорунун динге каршы өкүмдарынын зулумдугунан коргонуу үчүн үңкүргө корголонгон бир жаштар тобу жөнүндө кабар берген бул баянда (кысса) алардын көп жылдар уктаган соң кайра ойготулганы айтып берилет.

Аяттар төмөнкүдөй:

 

Ал жаштар, үңкүргө корголонушканда, мындай дешкен: «Раббибиз, Кабатыңдан бизге бир мээрим бер жана ишибизден бизге туураны жеңилдет (бизди ийгиликтүү кыл).

Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик). (Кехф Сүрөсү, 10-11)

 

Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң, бирок алар (терең уйкуда) уктап жатышат. Биз аларды оң тарапка жана сол тарапка айлантып турдук. Иттери болсо эки колун сунуп жаткан. Аларды көргөнүңдө, алардан артка бурулуп качмаксың, алардан ичиңди коркуу каптамак.

Ушундайча, бири-биринен сурашсын деп аларды тирилттик (ойготтук). Араларынан бир сүйлөөчүсү айтты: «Канча турдуңар?» Айтышты: «Бир күн же күндүн бир (канча сааттык) бөлүгүнчөлүк турдук.» Айтышты: «Канча турганыңарды (болгонуңарды) Раббиңер жакшыраак билет; эми бирөөңөрдү мобул акчаңар менен шаарга жөнөткүлө, кайсы тамак таза болсо карап, силерге андан бир ырыскы алып келсин; бирок өтө этият болсун жана силерди эч кимге сездире көрбөсүн. (Кехф Сүрөсү, 18-19)

 

Куранда жаштардын үңкүрдө канча жыл турганы так айтылбайт. Ал жөнүндө «жылдар бою» деп айтылат, мындан мөөнөттүн өтө кыска эмес экени түшүнүктүү болот. Мындан тышкары, канча мөөнөт турганы жөнүндө адамдардын божомолдошу да өтө узун бир мөөнөт болгон 309 жыл:

 

Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл турушту жана дагы тогуз (жыл). Айткын: «Канчалык турушканын Аллах жакшыраак билет. Асмандардын жана жердин кайып кабарлары Аныкы. Ал кандай жакшы көрүүдө жана кандай жакшы угууда. Андан башка алардын бир досу (велиси) жок. (Ал) Өз өкүмүндө эч кимди орток кылбайт.» (Кехф Сүрөсү, 25-26)

 

Дүйнө шарттары боюнча адамдардын мынча көп убакыт укташы мүмкүн эмес. Ошондуктан бул аятта биз билген маанидеги бир уйкуга эмес, Кехф элинин убакыт менен мейкиндик болбогон башка бир чен-өлчөмгө алынышына жана кайрадан дүйнөгө жөнөтүлүшүнө ишарат кылынып жатышы ыктымал. (Туурасын Аллах билет.)
Уйкудан ойгонгон адамдар сыяктуу бул кишилер да кайрадан жашоого кайтышкан. Ошол сыяктуу, Аз. Иса (ас) да убактысы келгенде кайрадан дүйнөдөгү жашоого кайтып, Аллах ага тапшырган барктуу милдетин орундаткан соң, «Айтты: «Ал жерде (дүйнөдө) жашап, ал жерде өлөсүңөр жана ал жерден чыгарыласыңар.» (Аьраф Сүрөсү, 25) өкүмүнүн бир талабы катары бүт адамдар сыяктуу дүйнөдө өлөт. (Туурасын Аллах билет.)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder