АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫН ЖАМААТЫ «ТАЗА ЖАНА БЕРЕКЕЛҮҮ БИР БУУДАЙГА» ОКШОШОТ. АРАЛАРЫНАН ЧЫККАН
МҮНАФЫКТАР БОЛСО «АЛ БУУДАЙГА КИРГЕН МИТЕ, ЖИЙИРКЕНИЧТҮҮ БУУДАЙ КУРТТАРЫ»
СЫЯКТУУ БОЛУШАТ
Эсбаг бин Небате айтат:
Эмирүлмүминин Али алейхиссалам мындай деди: «... Силерден болгону көздөрү сүрмөдөй же тамактагы тузчалык калат.
Жана мен силерге бир мисал берем: бир адамдын белгилүү өлчөмдө буудайы бар. Аны
тазалап, бир үйгө коюп койот, бир топ убакыт кийин келип караганда анын
курттаганын көрөт, аны кайра терип, тазалаган соң кайра үйгө коюп койот. Бир
топ убакыттан кийин келгенде анын кайра курттаганын көрөт. Кайра аны терип,
тазалайт жана муну көп жолу кайталайт. АЯГЫНДА КУРТТАР ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ
АЛБАГАН ӨТӨ АЗ САНДА БЕКЕМ БУУДАЙ КАЛАТ. Мына силер да ушундайсыңар.
АЯГЫНДА АРАҢАРДА ФИТНАЛАР ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛБАГАН ӨТӨ АЗ САНДАГЫ БИР ТОП
КАЛАТ.» (Ушул эле хадисти Ахмет бин Мухаммед бин Саид да алып өткөргөн.) (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani,
246-б.)
Хадисте Аз. Мехди (ас) жамаатынан
чыккан мүнафыктардын «буудайга кирген
жийиркеничтүү курттар» сыяктуу экени кабар берилген. Аз. Мехди (ас) жамааты «буудай сыяктуу келечекте гүлдөп, өсүп өнө
турган, береке алып келе турган, келечек убада кылган бир немат-жакшылыкка»
окшотулган. Мүнафыктардын болсо «буудайды ичинен бузууга аракет кылган, курттай
жийиркеничтүү жана зыянкеч жандыктар экени» кабар берилген.
Хадисте ээсинин буудайды
тазалаары, бирок буудайдын кайрадан курттай турганы, ээси көп жолу кайра кайра
тазалаган соң эң аягында буудайда эч курт калбай турганы баяндалган. Бул маалыматтар боюнча, буудайдагы
жийиркеничтүү жана мите курттардын терилип, буудайдын курттардан тазаланышы
сыяктуу; Аз. Мехди (ас) жамааты да белгилүү убакыттан соң мүнафыктардан
тазаланып аягында таптаза бир жамаат менен өз милдетин жасайт.
АЗ. МЕХДИ (АС)
МҮНАФЫК МҮНӨЗДҮҮ АДАМДАРДЫ ЖҮЗҮНӨН ТААНЫЙТ
... Эбу Басирден:
Имам Жафери Садык алейхиссалам
«Күнөөлүүлөр жүздөрүнөн таанылат» (Мухаммед Сүрөсү, 30) аяты жөнүндө мындай
деди: «АЛЛАХ АЛАРДЫ ТААНЫЙТ, БИРОК БУЛ
АЯТ КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖӨНҮНДӨ ТҮШКӨН. АЗ. МЕХДИ (АС) АЛАРДЫ (МҮНАФЫКТАРДЫ)
ЖҮЗДӨРҮНӨН ТААНЫЙТ ЖАНА АСХАБЫ (ШАКИРТТЕРИ) МЕНЕН БИРГЕ АЛАРДЫ (РУХАНИЙ)
ТАЛКАЛАЙТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 283-б.)
АЗ. ИСА (АС)
ЖАНА АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КЕЛИШИ ЖӨНҮНДӨ «АЛЛАХ МЕНЕН ПАЙГАМБАРЫ БИЗГЕ БОШ БИР
АЛДАНУУНУ ГАНА УБАДА КЫЛДЫ» ДЕГЕНДЕР БОЛОТ
МҮНАФЫКТАР МЕНЕН
ЖҮРӨКТӨРҮНДӨ «ООРУСУ» БАРЛАР: «АЛЛАХ МЕНЕН ЭЛЧИСИ БИЗГЕ БОШ БИР АЛДАНУУНУ ГАНА
УБАДА КЫЛДЫ» ДЕП ЖАТЫШКАН ЭЛЕ. (АХЗАБ СҮРӨСҮ, 12)
Аллах Куранда
жүрөктөрүндө «оорусу» бар кишилердин «Аллах
менен элчиси бизге бош бир алданууну гана убада кылды» деп айтышаарын
билдирген. Бул аят Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын келишинен үмүтүн үзгөн
кишилердин абалына да ишарат кылууда. Себеби бул кишилер Пайгамбарыбыз (сав)
хадистери аркылуу кабар берген «Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын келишин
танышып (жокко чыгарышып)», Пайгамбарыбыз (сав)дын бул жөнүндөгү сөздөрүн
«негизсиз» дешүүдө. Учурда көп жерде Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын
келбеши жөнүндө макала, китептер чыгып, эң негизгиси Ислам аалымы деп таанылган
кээ бир кишилер да ушундай ойду айтышууда.
Бирок, бул кишилердин ушундайча «Аз. Иса (ас)
менен Аз. Мехди (ас)дын келишинин чындык эмес экенине» жана «бош бир убада»
экенине ишениши да Пайгамбарыбыз (сав) болот деп убада кылган окуялардын бири.
Себеби Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын
келишинин жакындаганын көрсөткөн акыр заман алааматтарынын бирөөсүнүн «Аз.
Мехди (ас) келбейт экен, Аз. Мехди (ас) жок экен» деген сөздөрдүн көбөйүшү
экени айтылган. Бул жөнүндөгү кээ бир хадистер төмөнкүдөй:
«Адамдар үмүтсүз болуп, «ЭЧ АЗ. МЕХДИ (АС) ДЕГЕН ЖОК ЭКЕН» ДЕП
ЖАТКАН УБАКТА АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ ЖӨНӨТӨТ...» (Ali Bin Husameddin el-Muttaki, Kitab-ul Burhan fi-Alamet-il Mehdiyy-il
Ahir Zaman, 55-б.)
«... АЗ. МЕХДИ (АС) Расулуллах
(сав)дын желеги менен, адамдардын башына балээ үстүнө балээ жааган жана ЧЫГААРЫНАН ҮМҮТ ҮЗҮЛГӨН БИР КЕЗДЕ ЧЫГАТ...» (Ali Bin Husameddin el-Muttaki, Kitab-ul Burhan
fi-Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)
... АНЫН (АЗ. МЕХДИ
(АС)ДЫН) КӨРҮНҮШҮ ҮМҮТСҮЗДҮК ЖАНА АЙЛАСЫЗДЫК УБАГЫНДА БОЛОТ. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i
Numani, 274-б.)
ЭЛ ЧЫГААРЫНАН ҮМҮТҮН
ҮЗГӨН КЕЗДЕ АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫГАТ (КӨРҮНӨТ)! Анын доорунда жашап ага жардам бергендер кандай
бактылуу! Ага душмандык кылып, ага жана анын буйругуна каршы чыккандар жана
анын душмандары болгондор кандай бактысыз (азапта)! (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 301-б.)
Давуд бин Кесир-и Рыкки мындай дейт:
«Имам Эбу Абдуллах алейхиссаламга мындай дедим: ...Бул амир (б.а. кыям) (Аз.
Мехди) өтө кечикти, натыйжада жүрөктөрүбүз сыгылды жана терең кайгыдан өлүп
баратабыз. Мындай деди: «БУЛ КӨРҮНҮҮ
(АНЫН ЧЫГЫШЫ) МЫНДАН ДА ҮМҮТСҮЗ ЖАНА КАЙГЫ МЫНДАН ДА КӨП БОЛГОН БИР КЕЗДЕ
БОЛОТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 208-б.)
Акыр заман алааматтары
катары менен болуп жаткан азыркы доор бизге Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер
жүзүнө келишинин жана Аз. Мехди (ас)дын чыгышынын өтө жакындаганын көрсөтүүдө.
Аллахтын уруксаты менен бул эки куттуу инсан дал Пайгамбарыбыз (сав)
хадистеринде айткандай чыгышат жана бүт жер жүзүнө Ислам ахлагын орнотушат.
МҮНАФЫКТАР АЗ.
МЕХДИ (АС)ДАН ТАРТЫНЫШАТ
ДАГЫ КӨПТӨГӨН АДАМДАР
КУРАНДАН КӨБҮРӨӨК АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) КОРККОНУ ҮЧҮН КҮНӨӨЛӨРДӨН КАЧЫНЫШАТ... (Al-Futuhatu'l Makkiyah, 6-б.)
Кээ бир адамдар Аз.
Мехди (ас)дын күчтүү парасатынан, баамынан жана акылынан өтө коркушат. Ушундан
улам өздөрүн ыймандуу сыяктуу көрсөтүп, Мусулмандай жашоого мажбур болушат.
Жаман иштерди кылууга эрки жетип, батына алышпайт.
МҮНАФЫКТАРДЫН
БУЗУКУ ЖАНА КАТУУ ЖҮРӨКТҮҮ БОЛУШУ
... бирок ЖҮРӨКТӨРҮ БӨРҮ ЖҮРӨГҮ СЫЯКТУУ КАТУУ болот. (Tirmizi (Тирмизи), Zühd (Зүхд), 60)
ЭЧ НЕРСЕ СЕНИ АГА МОЮН
СУНУУДАН (АНЫН ШАКИРТИ БОЛУУДАН, АГА БАШ ИЙҮҮДӨН) ТОСУП КОЙБОСУН, САГА ЖОЛТОО
БОЛГОНДОР ДАЙЫМА ФИТНА ЧЫГАРУУЧУЛАР. СҮЙЛӨГӨНДӨ ЖАМАНДЫКТЫ СҮЙЛӨШӨТ, унчукпаганда бузуку жана ичтери ирик. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i
Numani, 252-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС)
ЖАМААТЫНДАГЫ МҮНАФЫКТАРДЫН ДАЖЖАЛДЫ ЭЭРЧИШИ
... Анан МЕДИНА ШААРЫ ТУРГУНДАРЫ
МЕНЕН БИРГЕ ҮЧ ЖОЛУ ТИТИРЕЙТ, НАТЫЙЖАДА (МЕДИНАДАГЫ) МҮНАФЫК ЭРКЕКТЕР МЕНЕН
АЯЛДАРДАН ЭЧ КИМ КАЛБАСТАН БААРЫ АНЫН ЖАНЫНА БАРЫШАТ жана ОШЕНТИП ТЕМИР УСТА КӨБҮКТҮ, ТЕМИРДИН КИРИН, ДАТЫН КЕТИРГЕН СЫЯКТУУ
МЕДИНА ДА КИРДИ (Б.А. ЗЫЯНКЕЧ АДАМДАРДЫ) СЫРТЫНА ЧЫГАРАТ ЖАНА АЛ КҮН
КУТУЛУУ КҮНҮ ДЕП АЙТЫЛАТ. (Mace (Маже) том: 10, 331-335-б.)
МҮНАФЫКТАР
КЕТКЕН СОҢ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КӨРҮНҮШҮ
Сүлейман бин Билал айтат: Имам
Жафери Садык алейхиссалам атасынан, ал болсо чоң атасынан алып айтат, Аз.
Хүсейн алейхиссалам мындай деди: Бир күнү бир адам Эмирүлмүминин Али
алейхиссаламдын жанына келип: «Эй Эмирүлмүминин! Бизге Мехдиңизден айтып
бересизби? дегенде мындай деди: «КЕТИШИ
КЕРЕК БОЛГОНДОР КЕТИП МОМУНДАР (ЫЙМАНДУУЛАР) АЗАЙГАНДА ЖАНА ФИТНА ЧЫГАРУУЧУЛАР
КЕТКЕНДЕ МЫНА ОШОЛ ЖЕРДЕ (Б.А. АЛЫС БИР ЖЕРДЕ КӨРҮНӨТ.)» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i
Numani, 250-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН ЖАМААТЫ
КЕТКЕНДЕРДЕН ТААСИРЛЕНБЕЙТ
Аз. Муавийе (ра)дан риваят кылынган:
«ҮММӨТҮМДӨН БИР ТОП БҮТ БААРЫНА ӨКҮМДАР
БОЛМОЮНЧА КЫЯМАТ БОЛБОЙТ. АЛАР АЛАРДЫ ТАШТАП КЕТКЕНДЕРДЕН ТААСИРЛЕНБЕЙТ ЖАНА
АЛАРГА ЖАРДАМ БЕРГЕНДЕРДЕН ДА ТААСИРЛЕНИШПЕЙТ. (Ramuz el-hadis, 476 (İbni Mace (Ибни Маже))
Аз. Жабир (ра)дан риваят кылынган: «БУЛ ИШ АНДАН БӨЛҮНҮП КЕТКЕНДЕРГЕ
КАРАБАСТАН ЖЕҢГЕН (ҮСТӨМ) АБАЛДА УЛАНАТ. КАРШЫ ЧЫККАНДАРДЫН ЖАНА БӨЛҮНҮП
КЕТКЕНДЕРДИН АГА ЗЫЯНЫ ТИЙБЕЙТ.» (Ramuz el-hadis 487)
Севбан (ра)дан риваят кылынган;
Расулуллах (сав) мындай деди: «ҮММӨТҮМДӨН
БИР ЖАМААТ АЛЛАХТЫН БУЙРУГУ КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИН БАТЫЛДЫ (ЖАЛГАНДЫ) ЖЕҢГЕН АБАЛДА,
АКЫЙКАТ ЖОЛДО ЖОЛУН УЛАНТАТ ЖАНА АЛАРДЫ ЖАРДАМЧЫСЫЗ КАЛТЫРГАНДАР АЛАРГА ЗЫЯН
ТИЙГИЗЕ АЛЫШПАЙТ.» (Sünen-I Tirmizi (Сүнени Тирмизи), 4/91)
АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАМААТЫНЫН
МҮНАФЫКТАРДАН ТАЗАЛАНЫШЫ
«... ЭЛЕНЕСИҢЕР, АЛТЫНДЫН
ЭЛЕНИШИ СЫЯКТУУ. ЖАНА АЛТЫН СЫЯКТУУ ТЕРИЛИП, ТАЗА БОЛОСУҢАР.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani
236-б.)
Абдуллах бин Өмери Йемани бир
рижальден алып айтат; имам Мухаммед
Бакыр алейхиссалам мындай деди: «КӨЗДӨГҮ СҮРМӨНҮН ТАЗАЛАНЫШЫ СЫЯКТУУ
ТАЗАЛАНАСЫҢАР ЭЙ АЛИ МУХАММЕДДИН ШИИЛЕРИ. Жана көздүн ээси сүрмөнү көзүнө
качан сүрөөрүн билет, бирок качан сүрмөнү өчүрөөрүн билбейт. МЫНА ОШОЛ СЫЯКТУУ, ЭРТЕ МЕНЕН БИЗДИН
ШАРИЯТЫБЫЗ МЕНЕН БУЙРУГУБУЗГА МОЮН СУНГАН КЕЧИНДЕ АНДАН ЧЫГАТ. КЕЧИНДЕ БИЗДИН
ШАРИЯТЫБЫЗ МЕНЕН БУЙРУГУБУЗГА МОЮН СУНГАН БОЛСО ЭРТЕ МЕНЕН АНДАН ЧЫГАТ. (Gaybet-i numani,
241-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) ОТТУН ЭҢ ТӨМӨНКҮ
КАТМАРЫНДА ОРУН АЛААРЫ БИЛДИРИЛГЕН МҮНАФЫКТАР МЕНЕН ПИКИРДИК КҮРӨШ ЖҮРГҮЗӨТ
Ал (Аз. Мехди (ас)) белгилүү
мөөнөткө алардан алыстайт, натыйжада жолдон чыккандар бөлүнүп кетишет. Анан
жахил (караңгы, сабатсыз) мындай дейт: «Аллахка жетүүдө ал-и Мухаммедге
(Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан бир адамга) муктаждык жок.» (Gaybet-i Numani, 161-б.)
Аллах адамзат тарыхы бою
ар коомго акыйкат динди, сонун ахлакты, акыреттин бар экенин, дүйнө жашоосунун
убактылуу экенин айтып бере турган пайгамбарлар менен элчилерди жөнөткөн. Аллах
ал элчилердин себепчи кылуу менен адамдарды хидаятка (туура жолго) жана акыйкат
динге чакырган.
Аз. Мехди (ас) болсо
Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан Хижрий 1400-жылы келээри сүйүнчүлөнгөн,
адамдардын хидаятына себепчи боло турган бир элчи. Аллах Аз. Мехди (ас) колу
менен дажжалият системасын; дарвинизм, материализм, коммунизм, фашизм сыяктуу
адамдарга азап, башаламандык жана согуштарды алып келген, бүт дүйнөнү кан менен
көз жашына толтурган бул шайтандык системаларды пикир-илим менен жеңип,
таасирсиз кылат. Аз. Мехди (ас) доорунда адамдар Аллахка ыйман келтирип, Куран
ахлагын кабыл алып, Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнө ылайык жашашат, жана
тынчтык, бир туугандык, биримдик жана бейпилдикте болушат.
Бирок андан мурда Аз. Мехди (ас)
белгилүү бир мөөнөт бою шакирттери менен бирге көздөрдөн алыс жашайт. Бул
убакта шакирттери арасында өзүн Мусулмандай көрсөткөн, бирок чындыгында ыйман
келтирбеген мүнафыктар чыгып, алардын кээ бирлери Аз. Мехди (ас)дан «Аллахка ыйман келтирүү үчүн Пайгамбар
(сав) урпагынан бир кишиге муктаж эмеспиз...» деген сыяктуу мисалдарды
айтып бөлүнүп кетишет. Тарых бою Аллахтын пайгамбарларынын, элчилеринин,
мужеддиддеринин, мужтахиддеринин, чоң аалымдардын, устаттардын каапырлар
тарабынан кабыл алынбаганы сыяктуу, шакирттери арасынан чыккан кээ бир
мүнафыктар да Аз. Мехди (ас)ды кабыл алгылары келбейт:
Эгер сени жалганчыга
чыгарып жатышкан болсо, сенден мурдакылар да жалганга чыгарылган... (Фатыр
Сүрөсү, 25)
Чындыгында болсо, дин
ахлагынан алыстап, жамандык, зомбулук, адилетсиздик менен уятсыздыктар көбөйгөн
кезде Аллах элдерге акыйкат динди түшүндүрө турган, аларды арам иштерден тосуп,
жакшылыкка чакыра турган пайгамбарлар, элчилер, мужеддиддер, устаттар, хидаят
башчыларын жөнөтүп, адамдарды дин ахлагына чакырган.
Эй Адам урпактары,
араңардан силерге аяттарымды кабар берген элчилер келгенде, ким тартынса жана
(өзүн) оңдосо мына ошолорго коркуу жок, алар кайгырышпайт. (Аьраф Сүрөсү, 35)
Акыр заманда фитна,
жамандыктар өтө көбөйгөн, арамдар адал, адалдар арам саналган азыркыдай бир
убакта Аллах Аз. Мехди (ас)ды акыр замандын эң чоң мужеддиди (жаңылоочу, ар
кылымдын башында диний акыйкаттарды ошол доордун муктаждыктарына жараша сабак
берүү үчүн жөнөтүлгөн чоң аалым), өкүмдары, устаты жана кутб-у азамы (улуу
кутбу) катары жөнөтөт. Устат Саид Нурси Азрети Аз. Мехди (ас)дын акыр замандын
чоң башаламандыгы убагында жөнөтүлөөрүн Мектубатында
мындайча билдирген:
«Женабы Хак (Улуу Аллах) ... акыр
замандын эң чоң башаламандыгы убагында, албетте, эң чоң бир мужтахид, жана эң чоң бир мужеддид (керек болгондо аят менен
хадистерден өкүм чыгаруучу чоң Ислам аалымдары жана башчылары), жана өкүмдар,
жана Мехди, жана устат (муршит), жана кутб-у азам (заманынын эң чоң диний
лидери) катары бир нурдуу затты (нурдуу бир инсанды) жөнөтөт жана ал зат
Эхли Бейт-и Небевиден (Аз. Пайгамбар (сав)дын урпактарынан) болот.» (Mektubat (Мектубат), Yirmi Dokuzuncu Mektup (Жыйырма тогузунчу мектуп), 49-б.)
Аз. Мехди (ас) адамдар арасында
Курани Керим жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтү менен өкүм берет. Мүнафыктар
менен Аллахты тангандар канчалык жолтоо болууга аракет кылышпасын, Аз. Мехди
(ас) Аллахтын уруксаты менен өз милдетин эң сонун орундатат.
Хадисте ошондой эле «ал-и Мухаммед» деп Аз.
Мехди (ас)дын Пайгамбырыбыз (сав)дын урпактарынан экенине дагы бир жолу көңүл
бурулган.
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН
РИВАЯТТАРЫНАН АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДАГЫ МҮНАФЫКТАРДЫН КУЛК-МҮНӨЗҮ
ДАГЫ КӨПТӨГӨН АДАМДАР
КУРАНДАН КӨБҮРӨӨК АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) КОРККОНУ ҮЧҮН КҮНӨӨЛӨРДӨН
КАЧЫНЫШАТ... (Al-Futuhatu'l Makkiyah, 6-б.)
Эсбаг бин Небате айтат:
Эмирүлмүминин Али алейхиссалам мындай деди: «... Силерден болгону көздөрү сүрмөдөй же тамактагы тузчалык калат.
Жана мен силерге бир мисал берем: бир адамдын белгилүү өлчөмдө буудайы бар. Аны
тазалап, бир үйгө коюп койот, бир топ убакыт кийин келип караганда анын
курттаганын көрөт, аны кайра терип, тазалаган соң кайра үйгө коюп койот. Бир
топ убакыттан кийин келгенде анын кайра курттаганын көрөт. Кайра аны терип,
тазалайт жана муну көп жолу кайталайт. АЯГЫНДА КУРТТАР ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ
АЛБАГАН ӨТӨ АЗ САНДА БЕКЕМ БУУДАЙ КАЛАТ. Мына силер да ушундайсыңар.
Аягында араңарда фитналар эч зыян тийгизе албаган өтө аз сандагы бир топ
калат.» (Ушул эле хадисти Ахмет бин Мухаммед бин Саид да алып өткөргөн.) (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i
Numani, 246-б.)
... Эбу Басирден:
Имам Жафери Садык алейхиссалам «Күнөөлүүлөр
жүздөрүнөн таанылат» (Мухаммед Сүрөсү, 30) аяты жөнүндө мындай деди: «АЛЛАХ АЛАРДЫ ТААНЫЙТ, БИРОК БУЛ АЯТ КАИМ
(АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖӨНҮНДӨ ТҮШКӨН. АЗ. МЕХДИ (АС) АЛАРДЫ (МҮНАФЫКТАРДЫ)
ЖҮЗДӨРҮНӨН ТААНЫЙТ ЖАНА АСХАБЫ (ШАКИРТТЕРИ) МЕНЕН БИРГЕ АЛАРДЫ (РУХАНИЙ)
ТАЛКАЛАЙТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 283-б.)
Бөлүнүп кеткендер да,
каршы чыккандар да ага (Аз. Мехди (ас)га) зыян тийгизе албайт. Ал андан бөлүнүп
кеткендерге карабастан жеңген абалда жолун улантат. (Ramuz e'l-Ehadis, 487-б.) (Таберани'нин Кебир'инен)
Эй адамдар, сөзсүз Аллах Таала
силерден ЗААЛЫМДАРДЫ, МҮНАФЫКТАРДЫ жана
АЛАРДЫ ЭЭРЧИГЕНДЕРДИ тоскон жана силерге Мухаммед үммөтүнүн эң жакшысы
болгон... Аз. Мехди (ас)ды башчы кылган,
ага кошулгула. (El Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i
Mekki, 31-б.)
Нежхүл Белагадан: Ыймандуулардын
Мырзасы (сав) мындай деди: «Ал (Аз. Мехди (ас)) адамдардан жашынган кезде, КУУГУНЧУЛАР ИЗДЕСЕ ДА АНЫН БУТ ИЗДЕРИН КӨРӨ
АЛЫШПАЙТ. ... (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-том], Ansariyan Yayıncılık, топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 186-б.)
Акыр заманда динсиздиктин эки агымы күчөйт:
Бирөөсү: нифак (бөлүнүүчүлүк, эки
жүздүүлүк) пардасы астында рисалет-и Ахмедийени (асм) тана турган, Сүфйан аттуу
укмуштуу бир киши нифакчылардын башына өтүп, Ислам шариятын бузууга
аракеттенет. Ага каршы, Ал-и Бейт-и Небевинин нурдуу санжырасына уланган эхли
велайет жана эхли кемальдин башына өтө
турган, Ал-и Бейттен МУХАММЕД МЕХДИ аттуу бир нурдуу зат ал Сүфйандын шахс-ы
маневиси (пикирдик системасы) болгон МҮНАФЫКТЫК АГЫМЫН ТААСИРСИЗ КЫЛЫП
ТАЛКАЛАЙТ. (АЛТЫНЧЫ ИШАРАТ (Mektubat, 56-57-б.))
Кыямат болбойт, үммөтүмдөн бир топ
бүт адамдарга өкүмдар болмоюнча. АЛАР
АЛАРДЫ ТАШТАП КЕТКЕНДЕРДИН ТАШТАШЫНА МААНИ БЕРИШПЕЙТ жана аларга жардам
бергенден да таасирленишпейт. (Ramuz El-Ehadis, 472 -Hanbelin Müsned'i (Ханбелдин Мүснеди)
- Buhari (Бухари) – Müslim (Муслим))
ҮММӨТҮМДӨН БИР ЖАМААТ
ДАЙЫМА Аллахтын буйругуна ылайык ДУШМАН МЕНЕН БОЛГОН КҮЧҮ МЕНЕН КҮРӨШӨТ, КАРШЫ
ЧЫККАНДАР АЛАРГА ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛБАЙТ. (Бул кыяматка чейин ушундайча уланат.) (Kıyamet Alametleri, 28)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder