Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде
Аз. Мехди (ас)дын атынын Пайгамбарыбыз (сав)дын атына, Аз. Мехди (ас)дын
атасынын атынын болсо Пайгамбарыбыз (сав)дын атасынын атына туура келээри
айтылган.
Эбу Давуд менен Тирмизинин Ибни
Месут (ра)дан алып айтканы боюнча, Аллах Элчиси (сав) мындай деген:
«Анын (Аз. Мехди (ас)дын) аты атыма,
атасынын аты болсо атамдын атына туура келет...» (Muhammed B.
Resul Al-Hüseyni El Berzenci (Эль Берзенжи),
Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары),
159-160-б.)
Эбу Хурейре (ра)дан риваят боюнча,
Расулуллах (сав) мындай деген:
«Дүйнө өмүрүнөн бир эле күн калса дагы, менин Эхли Бейтимден аты атыма туура келген
бир зат (Аз. Мехди (ас)) келгенге чейин Аллах ал күндү сөзсүз созот.» (Ахмед
б. Ханбел «Мүснед»инде алып жазган.)
Абдуллах б. Өмер (ра)дан риваят
боюнча;
Расулуллах (сав) мындай деген: «Менин Эхли Бейтимден аты атыма туура келген бир зат (Аз. Мехди (ас)) бүт
араптарга өкүмдар болгонго чейин дүйнө (жок болуп) кетпейт.»
Башка бир риваят боюнча мындай
деген:
«Дүйнөдөгү жашоодон бир эле күн
калса дагы, менин Эхли Бейтимден аты
атыма туура келген бир затты (Аз. Мехди (ас)ды) жөнөткөнгө чейин Аллах ал
күндү сөзсүз созот. Ал мурда зулумдук менен азапка толтурулган дүйнөнү акыйкат
менен адилеттүүлүккө толтурат.» (Тирмизи,
Эбу Давуд, Несаи, Бейхаки жана Эбу Амр Эд-Дани алып өткөрүшкөн.)
Абдуллах б. Өмер (ра)дан башка бир
риваят боюнча мындай деген:
«Менин
Эхли Бейтимден аты атыма туура келген бир зат (Аз. Мехди (ас)) (жер
бетинде) өкүмдарлык курганга чейин дүйнө (жок болуп) кетпейт. Ал мурда зулумдук
менен азапка толтурулган дүйнөнү акыйкат менен адилеттүүлүккө толтурат.» (Эбул Касым Таберани «Эль- Мужемус-сагир»
эмгегинде алып баяндаган. Мындан тышкары, Тирмизи «Эль-Жами» эмгегинде жана Эбу
Давуд болсо «Сүнен» аттуу эмгегинде болжол менен ушундай мааниге келген, бирок
кээ бир сөздөрдүн орду алмашкан абалда алып баяндашкан.)
Хадистерде өзгөчө көңүл бурулган
жагдай – бул аттардын бир-бирине «туура (дал)» келе турган болушу. Б.а. Аз.
Мехди (ас)ды түздөн-түз «Ахмед же Мухаммед», атасын болсо «Абдуллах» аты менен
күтпөш керек. (Туурасын Аллах билет)
Ахмет Мухаммед Аз. Мехди (ас) ысмы
Аллах акыр заманда келе турган Аз. Мехди (ас)га берген ысым. Б.а. төрөлгөндөн
баштап эле аты «Ахмет Мухаммед Мехди» болбойт. Бул Аллах тарабынан ага берилген
ысым. Ансыз да Пайгамбарыбыз (сав) да хадистеринде «аты атыма туура келет» деп
айтып жатат, «дал өзүндөй» деп жаткан жок. Ошол сыяктуу «атасынын аты менин
атамдын атына туура келет» деп жатат. Бул жерде бир ишарат, бир сыр бар.
Мындан тышкары, бул жерде төмөнкүнү
да ойлонуу керек. Эгер бир адамдын үй-бүлөсү балдарынын Аз. Мехди (ас) болушун
каалабаса, ага башка бир ат коюп, анын Аз. Мехди (ас) болушуна «тоскоол болгон»
болот. Ошол сыяктуу, баласынын атын «Ахмед Мухаммед» койгон болсо, анда бир
тараптан эгер боло турган болсо баласынын Аз. Мехди (ас) болушун гарантиялаган
болот. Мындай логиканын туура эмес экени анык. Аллах каалаган адамды тагдырда
тандаган жана аны «Ахмет Мухаммед Мехди» деп атаган. Бир адамга төрөлгөндө бул
аттын коюлушу же коюлбашы ага тоскоолдук болбойт.
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН САНЖЫРАСЫ
АДНАНдын эки уулу болгон. Алар: МААД менен Ак. МААДдын төрт уулу
бар:
НИЗАР,
Кудаа, Кунус жана Ийад. НИЗАРдын
болсо үч уулу болгон. Аттары:
МУДАР,
Рабиа жана Энмар. МУДАРдын эки уулу
бар. Алар:
ИЛЬЯС
менен Айлан. ИЛЬЯСтын
үч уулу дүйнөгө келген. Аттары:
МҮДРИКЕ,
Табыха жана Камаа. МҮДРИКЕнин эки
уулу болгон. Аттары:
ХУЗЕЙМЕ
менен Хүзейл. ХҮЗЕЙМЕнин болсо төрт
уулу болгон. Алар:
КИНАНЕ,
Эсед, Эседе жана Хун. КИНАНЕ аттуу
чоң атасынын төрт уулу бар:
НАДР, Малик,
Абди Менаф жана Милкан. НАДРдын эки
уулу болгон. Аттары:
МАЛИК
менен Йахлуд. МАЛИКтин жалгыз уулу
бар. Ал ФИХР. Ал заттын төрт уулу
дүйнөгө келген. Аттары:
ГАЛИБ,
Мухариб, Харис жана Эсед. ГАЛИБдин
эки уулу болгон. Алар:
ЛҮЕЙЙ
менен Тейм. ЛҮЕЙЙдин төрт уулу бар.
Аттары:
КАЪБ,
Амир, Саме менен Авф. КАЪБдын болсо
үч уулу дүйнөгө келген. Алар:
МҮРРЕ,
Адий, Хусайн. МҮРРЕнин үч уулу бар.
Аттары:
КИЛАБ,
Тейм жана Йаказа. КИЛАБдын болсо эки
уулу бар:
КУСАЙ,
Зүхре. КУСАЙдын төрт уулу эки кызы
бар. Аттары:
АБДИ
МЕНАФ, Абдүддар, Абдүлузза, Абди Кусай. Кыздары: Тахмүр,
Берре.
АБДИ
МЕНАФтын төрт уулу дүйнөгө келген. Аттары:
ХАШИМ,
Абдүшшемс, Мутталиб жана Невфел. ХАШИМдин
төрт уулу менен беш кызы бар. Аттары:
АБДҮЛМУТТАЛИБ
(ШЕЙБЕ), Эсед, Эбу Сайфи. Кыздары: Шифа, Халиде, Заифе, Рукаййе
жана Хаййе. Пайгамбарыбыздын чоң атасы Абдүл-Мутталибдин он уулу жана алты кызы
болгон. Ал балдардын баары бир энеден болбогондуктан, аларды энелерине жараша
санап өтөлү:
АБДУЛЛАХ,
Эбу Талиб, Зүбейр; Үммү Хаким Бейза, Атика, Эрва, Берре. Булардын апасы Фатыма.
Аббас, Дырар. Бул эки уулунун апасы Нүтейле. Хамза, Мукаввим, Хажы аттуу
уулдары менен Сафиййе аттуу кызынын апасы болсо Хале. Харис аттуу уулунун апасы
Семра. Эбу Лехеб (Абдүлузза). Анын апасы Лүбни.
Аз.
Аминанын апасы Берре, анын апасы болсо Үммү Хабибтиба жагына
келсек, Аз. Аминанын атасы Вехб, анын атасы Абди Менаф, анын атасы болсо Зүхре.
Аз. Абдуллахтын ата тарабы баяндалды. Апасы Фатыма, анын апасы Сахре, анын апасы Тахмүр. Экөөсүнүн тең атасы КИЛАБда биригет.
АЗ.
АЛИ КАСИДЕ-И ЭРЖҮЗЕДЕ
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ
(САВ)ДЫН АТЫНЫН
АДНАН
ЭКЕНИН БИЛДИРГЕН
(Бир окуя болуп Аз. Алиге Эбу Тураб өздүк
маалыматын берген Азрети Пайгамбарыбыз (сав)га Аз. Али «Хади Мустафа Аднан
Пайгамбары» деп кайрылганы айтылат.)
Мындан улам эки аттуу болдум. Болгондо да өздүк
маалымат; аны мурда эч уккан эмес элем. Эбу Тураб мага бул өздүк маалыматты
берген эле: Хади Мустафа (асм) Аднан
пайгамбары...
АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН
ЫСЫМДАРЫ
ЭЛЬ МЕХДИ: Хидаят (туура жол) болгон, хидаятка жеткен
ЭЛЬ ХАДИ: Хидаятка баштоочу, туура жолго жеткирүүчү
ЭЛЬ КАИМ: Акыйкат үчүн турган, тик туруучу
ЭЛЬ ХҮЖЖЕТ: Танууга мүмкүн болбогон анык далил
ЭЛЬ МУНТАЗАР: Бүт баары тарабынан күтүлгөн
МЕХДИ-ЙИ МУНТАЗАР: Күтүлгөн Мехди
ИМАМ-Ы МУНТАЗАР: Күтүлгөн Имам (руханий лидер)
ХАЛЕФ-И САЛИХ: Аллах олуяларынын татыктуу халифасы (руханий
лидери)
МАНСУР: Аллах тарабынан жардам берилген
САХИБИЪЛ-ЭМР: Аллахтан болгон адилеттүүлүктү ишке ашырууга
милдеттүү
САХИБҮЪЗ-ЗАМАН: Замандын ээси
ВЕЛИЙИ АСР: Кылымдын велиси (олуясы), замандын жалгыз ээси, замандын жалгыз жол
башчысы
МЕХДИ-ЙИ МЕВЪУД: Убада кылынган Мехди
ИМАМ-Ы АСР: Кылымдын имам (руханий лидери)
САХИБЪҮД ДАР: Мекендин ээси (руханий лидери)
БАКИЙЙЕТУЛЛАХ: Аллахтын жер бетиндеги жалгыз далили жана Аллахтын
акыркы руханий лидери
КАИМ-И АЛ-И МУХАММЕД (АС): Пайгамбарыбыз (сав)дын урпагынан келген, тура
(чыга) турган Мехди
ЭЛЬ ХАТИМ: Катым кылган, аягына жеткирген
НАХИЙЕТҮЪЛ-МУКАДДЕСЕ: Куттуу багыт, эң улуу жана куттуу
Абдулмелик Исами (1111). Меккеде жашаган белгилүү
тарыхчылардан. Ал «Sımt-ul Nucum-il Avali (Сымт-ул
Нужум-ил Авали)» деген төрт томдук тарых китебинде мындай деп жазат: «Аз. Мехди
(ас)дын лакап аттары болсо ХҮЖЖЕТ,
ХАЛЕФ-И САЛИХ, КАИМ, МУНТАЗАР, САХИБ-ҮЗ ЗАМАН ЖАНА БААРЫНАН БЕЛГИЛҮҮСҮ БОЛСО
МЕХДИ...» (Sımt-ul Nucum-il Avali, 4-т.,
138-б.)
Махмуд б. Вахиб Кызоглу Багдади-и Ханефи: «Cevheret-ul
Kelam (Жевхерет-ул Келам) аттуу китепте мындай деп жазат: «... Аз. Мехди (ас)дын ЛАКАП АТТАРЫ БОЛСО
МЕХДИ, КАИМ, МУНТАЗАР, САХИБ-ҮЗ ЗАМАН, ХҮЖЖЕТ...» (Cevheret-ul
Kelam, 157-б.)
Абдуррахман-и Суфи. Фарс тилиндеги «Mirat-ul
Esrar (Мират-ул Эсрар)» китебинин автору. «Tuhfet-u
İsna Aşeriyye (Тухфет-у Исна Ашериййе)» китебинин автору Абдулазиз
Дехлевинин атасы Шах Велийуллах Дехлеви «эль-Интибах фи Селасил-и Эвлийуллах ва
Эсаниди Вариси Расулуллах саллаллаху алейхи ва алих» аттуу китепте андан алып,
Имам-ы Заман «Аз. Мехди (ас)) жөнүндө мындай деп жазат: ... (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЛАКАП АТТАРЫ БОЛСО МЕХДИ, ХҮЖЖЕТ, КАИМ,
МУНТАЗАР, САХИБ-ҮЗ ЗАМАН.
Өмер б. Захир риваят кылат:
«Бирөө Имам Жафер Садыкка; «Каимге (Аз. Мехди
(ас)га) Эмирел-мүминин деп салам жөнөтө алабызбы» деп сурады. Имам мындай деди:
«Жок...» Ал адам сурады: «АНДА АГА (АЗ.
МЕХДИ (АС)ГА) ЭМНЕ ДЕП САЛАМ ЖӨНӨТӨЙҮН?» АЗРЕТИ: «САЛАМ БОЛСУН САГА ЭЙ
БАКИЙЕТУЛЛАХ ДЕП» ДЕДИ.
АЗ. МЕХДИ (АС)ГА
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ
(САВ)ДЫН КАЙРЫЛГАН
АТТАРЫ
Аз. Мехди (ас) бейиштин
павлини (кооздугу). (Bihar-ül Envar, 51-том, 105-бет)
«Кыямат жакындаганда жана ыймандуулардын жүрөгү
өлүм, ачарчылык, фитналар, сүннөттөрдүн жоголушу, бидаттардын (кошумчалардын)
пайда болушу, жакшылыкка буюруп, жамандыктан тосуу (эмри бил маруф менен нехйи
аныл мүнкер) мүмкүндүктөрүнүн жоголушу сыяктуу себептер менен алсыздаган кезде менин урпактарымдан Аз. Мехди (ас)
менен Улуу Аллах сүннөттөрдү жандандырат. Анын адилеттиги жана берекеси менен
ыймандуулардын жүрөгү бейпил болуп, Ажем (Арап эместер) менен Арап элдери
арасында бир туугандык менен сүйүү орнойт.» (Kitab-ül
Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 66-б.)
Аз. Имам Хүсейин (ас)дын мындай дегени риваят
кылынган: «Аз. Мехди (ас) кыям кылганда (чыкканда) эл аны тааныбайт. Себеби АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЭЛГЕ СУЛУУ ӨҢДҮҮ
БИРӨӨ БОЛУП КЕЛЕТ...» (Ikd-üd Dürer, 41-б.)
«МАВЕРАННАХРДАН БИР ЗАТ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫГАТ, АНЫ ЭЛЬ-ХАРИС (АРСТАН) ДЕШЕТ.
Анын аскерлеринин башчысы болгон бир адам бар, аны болсо Мансур дешет. Ал
Эль-Харис Курейш Расулуллах (сав)га шарттарды даярдаган сыяктуу, ал да Ал-и
Мухаммедге шарттарды даярдайт же аларды жайгаштырат (риваят кылгандар күмөн
кылышкан). Ар бир ыймандууга ага жардам берүү же чакырыгына жооп берүү (риваят
кылгандар күмөн кылышкан) важиб (зарыл)». (Ebu Davud, Mehdi 1, (2452)), Риваят
кылган: Аз. Хилал Ибну Амр (р.а.), (Et-Tac, Ali Nâsıf el-Hüseynî, 5-т., 617-б.),
(Sünen-i Ebu Davud Terceme ve Şerhi,
Şamil Yayınevi: 14/410)
АЗ.
МЕХДИ (АС)ДЫН БИР ЫСМЫ «АРСТАН
(АРСЛАН)»
МАВЕРАННАХРДАН
БИР ЗАТ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫГАТ, АНЫ ЭЛЬ-ХАРИС (АРСТАН) ДЕШЕТ.
Анын аскерлеринин башчысы болгон бир адам бар, аны болсо Мансур дешет. Ал Эль-Харис Курейш Расулуллах (сав)га
шарттарды даярдаган сыяктуу, ал да Ал-и Мухаммедге шарттарды даярдайт же аларды
жайгаштырат (риваят кылгандар күмөн кылышкан). Ар бир ыймандууга ага жардам берүү же чакырыгына жооп берүү (риваят
кылгандар күмөн кылышкан) важиб (зарыл).
(Ebu Davud, Mehdi 1, (2452)), Риваят кылган: Аз. Хилал Ибну Амр (р.а.),
(Et-Tac, Ali Nâsıf el-Hüseynî, 5-т., 617-б.), (Sünen-i Ebu Davud Terceme ve Şerhi, Şamil Yayınevi:
14/410)
* «Харис» арстан дегенди билдирет.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder