ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ) НУР
СҮРӨСҮНҮН 55-АЯТЫНЫН АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН СЕБЕБИНЕН ИСЛАМ АХЛАГЫНЫН ДҮЙНӨГӨ
ЖАЙЫЛЫШЫНА ИШАРАТ КЫЛААРЫН БИЛДИРГЕН
Аллах араңардан ыйман келтиргендерге
жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган: Эч күмөнсүз,
алардан мурдакыларды «күч жана бийлик ээси» кылган сыяктуу аларды да жер
жүзүндө «күч жана бийлик ээси» кылат, алар үчүн тандап жактырган динин аларга
бекемдеп, жайгаштырат жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке айландырат.
Алар жалаң гана Мага ибадат кылышат жана Мага эч нерсени шерик кошушпайт. Ким
мындан кийин чындыктан баш тартса, дал ошолор – бузукулар. (Нур Сүрөсү, 55)
Али бин Хасан аркылуу Аййаси тарабынан риваят
кылынды: Анын жанында бул улук аят окулду:
Алар Аллахка ант болсун биздин эхли бейттин сүйгөндөрүнөн. АЛЛАХ БИЗДЕН БИР АДАМДЫН КОЛУ МЕНЕН АЛАРГА (МУНУ) КЫЛДЫРАТ. АЛ ИНСАН
БОЛСО БУЛ ҮММӨТТҮН МЕХДИСИ. (Mecmau'l
beyan fi tefsiri'l-Kuran Ebu Ali Eminuddin Fazl, Hasan b. Fazl Tabersi 1986, т:4, б. 832)
1.
Аллах араңардан ыйман келтиргендерге жана салих
(чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган...
Деп Аллах чын жүрөктөн ыйман
келтирген Мусулмандарга али келе элек, бирок сөзсүз келе турган бир убадасын
билдирүүдө. Бул убада Ислам ахлагынын дүйнөгө жайылышы. (Туурасын Аллах билет.)
2.
...Эч күмөнсүз,
алардан мурдакыларды «күч жана бийлик ээси» кылган сыяктуу...
Аллах адамзат тарыхы бою Аз.
Сулайман (ас) жана Аз. Зулкарнейн (ас)ды себепчи кылып дин ахлагын эки жолу
дүйнөгө жайган (орноткон). Аллах Сулайман (ас)га да, Зулкарнейн (ас)га да чоң
күч-кубат жана бийлик берген. Курани Керимде Аз. Сулайман (ас)дын кол астында
жиндер бар экени жана ага кызмат кылганы, ошондой эле, шамалды жана жез
металлын да Аллахтын Сулайман (ас)дын кызматына бергени айтылат (Себе Сүрөсү,
12). Мындан тышкары, Аллах Аз. Сулайман (ас)га ар кандай башка илимдерди да
тартуулаган. Ал Аллахтын каалоосу менен шайтандарга да өкүм берип, куштар менен
сүйлөшүп, кумурскалардын да өз ара сүйлөшкөндөрүн уга алган. Булардын баары Аз.
Сулайманга Аллах насип кылган өзгөчө илимдер. Ошол сыяктуу, Пайгамбарыбыз (сав)
Аз. Мехди (ас) доорунда да жердин астындагы байлыктарын анын кызматына
берээрин, анын убагында алтын кылымдын болоорун билдирген:
«Аз. Мехди (ас) менин
урпактарымдан... Жер астындагы казыналарды чыгарат жана ширк шаарларын
каратат.» (Beklenen Mehdi'nin Alametleri,
Ahmet İbn-i Hacer-i Mekki (Heytemi), 25-б.)
«... Жер жүзү ичиндеги казыналарды
сыртка ыргытат (чыгарат).» (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil
Mehdiyy-il Muntazar, 45-б.)
3.
...аларды да жер жүзүндө «күч жана бийлик ээси»
кылат...
Деп Аллах Аз. Сулайман (ас) менен
Аз. Зулкарнейн (ас)дын жогоруда айтылган өкүмдарлыгынан соң боло турган башка
бир өкүмдарлык доорун кабар берүүдө. Бирок Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы
болгон хижрий 1400-жылдарга чейин дүйнө тарыхында андай дүйнө өкүмдарлыгы эч
болгон эмес. Мусулмандар толук мааниде дүйнө жүзүндө «күч жана бийлик ээси» боло алышкан эмес. Ислам ахлагы бүт адамдар
тарабынан кабыл алынган эмес. Пайгамбарыбыз (сав)дын акыр заман жана Аз. Мехди
(ас) жөнүндө айткан хадистеринде Аз. Мехди (ас) доорунда ушундай дүйнөлүк
масштабдагы бир өкүмдарлыктын болоору, Аз. Мехди (ас) себебинен көптөгөн
еврейлердин Ислам динине кирээри, Аз. Иса (ас)дын жер бетине түшүшү менен
христиандардын Ислам динин кабыл алаары айтылат.
«Анын Аз. Мехди (ас) денилишинин
себеби мындай. Ал еврейлер ажылык кылган Дамаск тоолорунан бир тоонун ичиндеги
Тооротко тиешелүү китептерди чыгарат жана еврейлерден бир жамаат анын колунда
Мусулман болот.» (İmam-ı Suyuti)
Нуайм Селман б. Исадан риваят кылды,
ал айтты: «Угушум боюнча, Аз. Мехди (ас)дын колунда (убагында) бейпилдик
(секине) болгон табыт Таберийа көлүнөн чыгарылат жана Байтул Макдисте Анын
алдына алып келинет. Еврейлер аны көргөндө, өтө азынан тышкары, көпчүлүгү
Мусулман болушат.» (Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir
Zaman Hz. Mehdisi'nin Alametleri, (Kitabül Burhan fi Alametil Hz. Mehdiyyil
Muntazar), 23-б., Tercüme: Müşerref Gözcü - Kahraman Neşriyat)
4.
... алар үчүн тандап жактырган динин аларга
бекемдеп, жайгаштырат...
Аллах Мусулмандарга бул аятында сөз
болуп жаткан дүйнө өкүмдарлыгынын келечекте болоорун келээр чакты колдонуу
менен билдирүүдө. Раббибиз аятында «динин
аларга бекемдеп, жайгаштырат...» деп Ислам ахлагынын бүт дүйнөгө жайылып,
орноорун жана күчтөнөөрүн билдирген. Мындай анык бир «орноо жана бекем
жайгашуу» Аз. Сулайман (ас) менен Аз. Зулкарнейн (ас) доорлорунан соң акыйкат
диндердин эч биринде хижрий 1400-жылга чейин болгон эмес. Пайгамбарыбыз (сав)
болсо бул өкүмдарлыктын акыр замандын Улуу Мехдиси убагында болоорун ачык
айткан. Хижрий 1400-жылдардын башталышы менен бирге Пайгамбарыбыз (сав)
билдирген алааматтардын катары менен чыгып башташы да Аз. Мехди (ас)дын
чыккандыгын жана Ислам ахлагынын дүйнө өкүмдарлыгынын жакындаганын көрсөткөн
алааматтар.
5.
... жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке
айландырат...» (Нур
Сүрөсү, 55)
Бул аяттын аягында да акыр заманга
ишарат кылынууда. Бул акыр заманда Ислам ахлагынын өкүмдарлыгынан мурда
Мусулмандардын фитналар, каргаша, зулумдук себебинен кыйынчылыкта, коркуп
жашашын билдирген. Чындап эле 20- жана 21-кылымдар дүйнө тарыхынын эң көп кан
төгүлгөн, дин согуштары болуп, ыймандуулар өтө олуттуу кыйынчылыктарга туш
болгон, ыймандарын жашырып, ибадаттарын жашыруун кылууга мажбур болгон кылымдар
болду.
6.
... Алар жалаң гана Мага ибадат
кылышат жана Мага эч нерсени шерик кошушпайт...
Бирок Аллах ыйман келтиргендерге бул
өкүмдарлык үчүн бир гана шарт койгон. Бул шарт бүт ыймандуулардын ширктен
(шерик кошуудан) толук тазаланып Аллахты жалгыздашы. Бул кызматты болсо акыр заманда Аз. Мехди
(ас) орундатат. Аллах аны себепчи кылып Ислам динин кошумчалардан (бидаттардан)
тазалайт. Аз. Мехди (ас) бүт мезхептерди жок кылып, Ислам ахлагынын Пайгамбарыбыз
(сав) доорундагы сыяктуу чыныгы, таза абалында жашалышын камсыз кылат.1 Ошондой
эле, акыр заманда түшө турган Аз. Иса (ас)дын себепчи болушу менен Христиандар
Ислам динин кабыл алып Мусулман болушат жана «кудай үчөө» деген ишеним жоголот.2 Еврейлердин
көпчүлүгү болсо Аз. Мехди (ас) себебинен мусулман болушат.3
1. Аз. Мехди
(ас) динди так Пайгамбардын (сав) убагындагы сыяктуу ишке ашырат. Жер бетинен
мезхептерди жок кылат. Таза, акыйкат динден башка эч бир мезхеп калбайт.
Анын душмандары ичтихад аалымдарын туурагандар
(ээрчигендер) болот. Себеби алар Аз. Мехди (ас)дын мезхеп аалымдарына
карама-каршы өкүм бергенин көргөндө, аны жактырышпайт, бирок каршы чыга да
алышпайт... Анын ачык душмандары фукаха (фыкых-шарият аалымдары) болот. Себеби
калк арасында абройлору жоголот. Ал тургай, өкүм чыгаруу багытында илимдери да
азайат. Бул имамдын келиши менен аалымдардын өкүмдөрдөгү келишпестиктери да
чечилет. Эгер колунда кылыч (илим) болбогондо анын өлүмүнө фатва (өкүм)
беришмек. (Kıyamet Alametleri, 186-187)
Аз. Пайгамбар (сав) башында Исламды
бутунда кармаган сыяктуу, Аз. Мехди (ас) да эң аягында Исламды бутунда кармайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil
Mehdiyy-il Muntazar, 27)
Аз. Мехди (ас) бир дагы кошумчаны (бидатты)
калтырбайт. Акыр заманда дал Пайгамбар сыяктуу диндин талаптарын орундатат. (Kıyamet
Alametleri 163)
2. Мына ушул
убакта, ал жараян өтө күчтүү көрүнгөн бир убакта, Азрети Иса алейхиссаламдын
инсандык руханиятынан турган чыныгы Исевилик (Иса пайгамбар алып келген) дини
көрүнөт, б.а. мээримдүү Аллахтын асманынан түшөт; азыркы Христиандык дини ал
акыйкатка карата тазаланып, кошумчалардан жана бурмалоолордон арылып, Ислам
акыйкаты менен биригет; руханий жактан Христиандык Исламиятка айланат. Жана
Куранга моюн сунуп, ал Исевилик руханияты таби (баш ийүүчү) жана Исламият метбу
(баш ийилүүчү) макамында калат; акыйкат дин бул кошулуу натыйжасында азим
(бийик) бир күч-кубатка жетет. (Mektubat, 53-54-б.)
3. Нуайм
Селман б. Исадан риваят кылды, ал айтты: Угушум боюнча, Аз. Мехди (ас)дын
колунда (убагында) бейпилдик (секине) болгон табыт Таберийа көлүнөн чыгарылат
жана Байтул Макдисте Анын алдына алып келинет. ЕВРЕЙЛЕР АНЫ КӨРГӨНДӨ, ӨТӨ
АЗЫНАН ТЫШКАРЫ, КӨПЧҮЛҮГҮ МУСУЛМАН БОЛУШАТ. (Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman Hz. Mehdisi'nin
Alametleri, (Kitabül Burhan fi Alametil Hz. Mehdiyyil Muntazar), 23-б.,
Tercüme: Müşerref Gözcü - Kahraman Neşriyat)
Азретинин (Аз. Мехди (ас)дын) кемчиликсиз илиминен
жана ийгиликтеринен сөз кылынып жатканда мындай деп айтылган, ал көздөргө көрүнүп,
ЧЫККАНДА АЙТКАН НЕРСЕЛЕРИН ЕВРЕЙЛЕР
МЕНЕН ТООРОТТУН НЕГИЗИНЕ КАРАП ТАЛКУУЛАЙТ ЖАНА ДАЛИЛ КӨРСӨТӨТ, МУНУН
НАТЫЙЖАСЫНДА КӨПЧҮЛҮГҮ ИСЛАМ БОЛОТ. (Bihar-ül
Envar)
КААПЫРЛАР КААЛАБАСА ДА, АЛЛАХ
ИСЛАМ АХЛАГЫН БҮТ ЖЕР ЖҮЗҮНӨ ЖАЙАТ
ООЗДОРУ МЕНЕН АЛЛАХТЫН НУРУН
ӨЧҮРҮҮНҮ КААЛАШУУДА. БИРОК, КААПЫРЛАР КААЛАШПАСА ДА, АЛЛАХ ӨЗ НУРУН ТОЛУКТООДОН
БАШКАСЫН КААЛАГАН ЖОК. (Тообо Сүрөсү, 32)
1.
Ооздору менен Аллахтын нурун (динин)
өчүрүүнү каалашууда... (Тообо Сүрөсү, 32)
Аллахка ыйман келтирбеген,
материалист жана атеист көз-караштагы кишилер Ислам ахлагынын жер жүзүнө жайылышына
болушунча тоскоол болууга аракеттенишүүдө. Ал кишилер өзгөчө өткөн кылымда
эволюция теориясы деген эч илимий далилге таянбаган бир тантык көз-караш менен
адамдарды аалам кокустан пайда болгон деген акыл менен логикага сыйбас бир
калпка мажбурлап ишендирүүнү өздөрүнө милдет кылып алышкан. Аллахтын бүт
ааламды жоктон жаратканын материалык-моралдык бүт мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу
менен өз ойлорунда бүт адамдардан жашырууну жана адамдарды Аллах ишениминен
алыстатууну биринчи максат кылып алышкан. Ушундай жол менен Ислам дининин
жайылышын, өсүшүн токтото алабыз деп ойлошкон.
2.
...Бирок, каапырлар каалашпаса да, Аллах
өз нурун толуктоодон башкасын каалаган жок. (Тообо Сүрөсү, 32)
Чындыгында болсо Ислам дини – бул
Аллах кулдары үчүн тандап жактырган, кыяматка чейин жарактуу болгон акыркы
акыйкат дин, Аллахтын нуру. Биз жашап жаткан кылым болсо Ислам күчтөнүп, жайыла
турган кылым.
Аллах бүт нерсени ороп курчап турат,
ошондуктан Аллахтын нуру да бүт тарапты курчап турат. Ислам ахлагы учурда өтө ылдам жайылып, дүйнөнүн төрт тарабында адамдар
топ-топ Исламды кабыл алышууда. Ыймансыздар (ишенбегендер) канчалык
каалабаса да, Ислам ахлагы жайылбашы үчүн аракет кылышса да, Аллах Өз динин жер
бетине орнотот жана Өз нурун толуктайт. Буга тоскоол болууга эч кимдин, эч качан
күчү жетпейт.
Ислам ахлагынын дүйнө өкүмдарлыгы
Аллах тагдырда жазган бир кубанычтуу кабар жана Аллах акыйкат китебибиз болгон
Курани Керимде бүт момундарды бул убадасы менен сүйүнчүлөгөн.
ТАХА СҮРӨСҮНҮН 10-АЯТЫ АЗ.
МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГААРЫНА ИШАРАТ КЫЛГАН БИР АЯТ
БИР ОТ КӨРҮП, ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ МЫНДАЙ
ДЕГЕН ЭЛЕ: «ТОКТОГУЛА, БИР ОТ КӨРДҮМ; СИЛЕРГЕ АНДАН БИР ЧОК АЛЫП
КЕЛЭЭРМИН ЖЕ ОТТУН ЖАНЫНДА БИР ЖОЛ КӨРСӨТҮҮЧҮ ТАБААРМЫН.» (ТАХА СҮРӨСҮ,
10)
Аллах аятында Аз. Муса (ас)дын
үй-бүлөсүн артка таштап коюп өзү жалгыз,
от күйгөн бир жерди көздөй сапарга чыкканын кабар берет. Муса (ас)
үй-бүлөсүнө от турган жерден бир жол
көрсөтүүчү, бир устат табаарына ишарат кылган. «Мехди» сөзү «хидаятка
багыттоочу» «жол көрсөтүүчү» маанисине келгендиктен, бул жагынан аят Аз. Мехди (ас)га
ишарат кылууда.
Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят
кылынган бир хадисте Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын бири – бул асманда
бир оттун көрүнүшү:
Хүсейин б. Али (ра)дан мындайча
риваят кылынган:
«АСМАНДА ЧЫГЫШ ТАРАБЫНАН, ТҮНДҮ
ЖАРЫК КЫЛГАН ЧОҢ БИР ОТ КӨРГӨНҮҢӨРДӨ, МЫНА ОШОЛ УЧУР АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН
КЕЛЭЭР УБАКТЫСЫ.»
(Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf
el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)
ЧЫГЫШТАН БИР ОТТУ КӨРГӨНҮҢӨРДӨ Ал-и
Мухаммеддин (Аз. Мехди (ас)дын) чыгышын күткүлө.
(Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, 32-б.)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder