Булардын баары (акыр заман алааматтары) ӨЛКӨЛӨР ӨЗГӨРҮП, КУЛДАР АЛСЫЗ АБАЛГА ТҮШКӨН
ЖАНА АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГААРЫНАН ҮМҮТ ҮЗҮЛГӨН БИР УБАКТА БОЛОТ. Мына
ошондо менин урпактарымдан болгон КАИМ
(АЗ. МЕХДИ (АС)) БИР КООМ (ТОП) МЕНЕН ЧЫГАТ ЖАНА АЛЛАХ БУЛ КООМ (ТОП) АРКЫЛУУ
АКЫЙКАТТЫ ҮСТӨМ КЫЛЫП, АЛАРДЫН ИЛИМИЙ КЫЛЫЧЫ МЕНЕН БАТЫЛДЫ (ЖАЛГАНДЫ) ӨЧҮРӨТ...
Эй адамдар, Аз. Мехди (ас)дын чыгышын бир-бириңерге сүйүнчүлөгүлө. Себеби
Аллахтын убадасы чындык, куру убада эмес. Анын өкүмү артка кайтарылбайт. Ал бүт
нерсени хикмат (терең максат, маани) менен жасайт жана бүт баарын билет. АЛЛАХТЫН ЭЭЛЕШИ (ЖЕҢИШИ) ЖАКЫН. (Yenabiu'l-Mevedde,
440-б.)
Пайгамбарыбыз (сав) акыр заман
жөнүндөгү куттуу хадистеринде Аз. Мехди (ас) чыгаардан (көрүнөөрдөн) мурда боло
турган кээ бир окуяларды кабар берген. Бул хадистер акыр замандын ичинде жашап
жатканыбызды түшүнүшүбүз үчүн өтө маанилүү алааматтар. Бул хадисте болсо
Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын чыгаарынан үмүт үзүлгөн, калп «дин
аалымдары» «Аз. Мехди (ас) руханий бир нерсе, мурда келип өтүп кеткен, Аз.
Мехди (ас)дын келишин күтпөгүлө, Аз. Мехди (ас) бул кылымда келбейт, бир топ
кылымдан кийин келет, ошондуктан Ислам ахлагынын дүйнөгө орношу бул кылымда
болбойт...» сыяктуу сөздөрдү айта турган бир доорду сүрөттөгөн. Ал доордо дүйнө
кабыла турган кризистерди кабар берип, кээ бир өлкөлөрдө саясий режимдердин
өзгөрөөрүн айткан. Чындап эле биз жашап жаткан доордо коммунисттик режим менен
башкарылган көптөгөн өлкөдө башкаруу системалары өзгөрүп, катары менен чоң
экономикалык кризистер болду. Азыр дагы 2007-жылдан бери бүт дүйнөнү олуттуу
таасири астына алган жана дүйнөнүн эң белгилүү уюмдары 7 жылга созулаарын
айткан чоң бир экономикалык кризис уланып жатат. Мындан тышкары, бүт дүйнөгө
жайылган жугуштуу оорулар, маданий кризистер (чөгүүлөр) да биринин артынан бири
болуп жатат. Бул алааматтардын катары менен бир шурунун үзүлгөн мончоктору
сымал болуп жатышы Аз. Мехди (ас)дын чыкканын жана өз кызматын кылып жатканын
көрсөтүүдө. Башка хадистерден да түшүнүктүү болгондой, хадисте Аз. Мехди (ас)
ичинен чыга турган коом – бул Түрк коому (эли). Аллах Аз. Мехди (ас) менен
баатыр Түрк коомун себепчи кылып Аллахтын динин илим, билим жана табигый-так
илимдер менен башка бүт диндерден үстөм кылат. Аз. Мехди (ас) доорунда
иншаАллах Түркиянын лидерлиги менен бир Түрк-Ислам Биримдиги курулат.
АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР АЛАРДЫ
БАШКАРА ТУРГАН БИР АДАМДЫ ДА ТАППАЙ КАЛГАН КЕЗДЕ ЧЫГАТ
Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда ал
жашаган коомдогу адамдар аларды башкарышы үчүн ар чөйрөдөн көп адамдарды
башкаруучу кылып, бирок өздөрү издеген адилеттүүлүктү, бейпилдикти,
эсенчиликти, тынчтыкты жана коопсуздукту коомдо түзө алышкан эмес болот. Ал эми
Аз. Мехди (ас) менен бирге бүт дүйнөгө Аллахтын дини менен Куран ахлагы орнойт.
Аз. Мехди (ас) чыккан соң эч ким, хадисте айтылгандай, «эгер биз бийликке жетип
өкмөт түзгөнүбүздө адилеттүү болмокпуз» дей албайт. Аз. Мехди (ас) Аллахтын
уруксаты менен Куран ахлагы жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтү менен өкүм
берип, анын себеби менен бүт дүйнөгө дин ахлагы алып келген адилеттик,
бейпилдик, сүйүү жана мээримдүүлүк маанайы орнойт.
Хишам б. Салим Имам Садык (ас)дын
мындай дегенин риваят кылат:
«КАЛКТЫН БҮТ ЧӨЙРӨЛӨРҮ БИЙЛИККЕ
ЖЕТМЕЙИНЧЕ, АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫКПАЙТ.» Ошентип
эч ким «ЭГЕР БИЗ БИЙЛИККЕ ЖЕТИП ӨКМӨТ ТҮЗГӨНҮБҮЗДӨ АДИЛЕТТҮҮ БОЛОТ ЭЛЕК» дей
албайт. (Bihar-ül Envar, 52-т., 244-б.)
АДАМДАР ЧЫГУУ ЖОЛУН ИЗДЕП, АЯГЫНДА КУТУЛУУНУ
–АЛЛАХТЫН БУЙРУГУ МЕНЕН- АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН ТАБЫШАТ
Аз. Жафер Садык (ас) мындай дейт: «Калк (адамдар) бүт тарапта (куткаруучу)
издешет. Андан башкасын таба албай, кайра аны (Аз. Мехди (ас)ды) көздөй
чуркашат.» (Bihar, 52-т., 326-б.)
Аз. Бакыр (ас) Эбан б. Таглибге мындай деди: «... Аз. Мехди (ас) да бизден жана акыр
заманда динди коргойт.» (İsbat-ul
Hudat, 2-т., 559-б.)
АКЫР ЗАМАНДА АДАМДАРДЫН ЖҮЗДӨРҮ
БУЗУЛУП, СУЛУУ ЭМЕС БОЛУП КАЛАТ
Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде
акыр заманда адамдардын кебетелеринин өзгөрөөрүн, келбетинин бузулаарын,
үстүндө «адам» сыпатынын калбашын, чочко менен маймыл сыяктуу түрү суук жана
келбетсиз болуп калышаарын, жүздөрүнүн нурсуз, маанисиз жана жагымсыз бир
көрүнүштө болоорун жана адам кейипинин жоголоорун; көңүлсүз, өлүктөрдөй байкуш,
кубанычсыз, маанайсыз адамдар пайда болоорун кабар берген.
Айше (ра)дан: «БУЛ
ҮММӨТТҮН АЯГЫНДА хасф (жерге чөгүү),
МЕСХ (КЕБЕТЕНИН ӨЗГӨРҮШҮ) жана казиф (таш жаашы) болот...» (Muhammed B.
Resul El Hüseyin El Berzenci (Эль Хүсейин Эль Берзенжи), Kıyamet
Alametleri, 111-б.)
Акыр заманда жерге чөгүү, таш жаашы болот жана АДАМ КЕЙПИНЕН ЧЫГУУ БОЛОТ. (Hz. Sehl
İbni Saad, Ramuz El Ehadis, 2-том, 302/8-б.)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder