Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатында
тирүү экени жана акыр заманда жер жүзүнө кайра келээри хадистерде кеңири орун
алган. Эң чоң жана ишенимдүү хадис булактары катары кабыл алынган Кутуби
Ситтеде, Имам Маликинин Муваттасында, Ибн Хузейме менен Ибн
Хиббандын Сахихтеринде, Ибн Ханбел жана Тайалисинин Мүснеддеринде Аз. Иса
(ас) жөнүндө хадистер бар. Мындан тышкары, көптөгөн Ислам аалымдары Аз. Иса
(ас)дын өлбөгөнү жана жер жүзүнө кайра келээри жөнүндө изилдөө, анализдерди
жасашып, бул багытта булак боло турган ар кандай китеп, трактаттарды
даярдашкан.
Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатында
тирүү экени жана кайрадан дүйнөгө келээри жөнүндө жыйынтыгын айткан Ислам
аалымдарынын башында мезхеп имамыбыз болгон Эбу Ханифа (Имам Азам) турат. Эбу
Ханифа Фыкхы Экбер аттуу эмгегинин акыркы бөлүмүндө мындай дейт:
Дажжалдын, Яжуж менен Мажуждун
чыгышы, күндүн батыштан чыгышы, Аз. Иса (ас)дын асмандан түшүшү жана башка
кыямат алааматтары, сахих (ишенимдүү) кабарларда жеткирилгендей, акыйкат,
болот. (Ebu Hanife, Nu'man b. Sabit
(150/767), Fıkh-ı Ekber, Çeviren: H. Basri Çantay, Ankara, 1982)
Аз. Иса (ас)дын келиши жөнүндө
риваят кылынган хадистер теватур даражасында. Көп изилдөөчүлөр да
аалымдарыбыздын пикирлеринин ушундай экенин айтышат. Теватурдун аныктамасы Чоң
Лугатта (Büyük Lugat) мындайча жасалган:
ТЕВАТУР: Күчтүү кабар, ичинде калп ыктымалы болбогон жана бир жамаатка таянган
күчтүү (ишенимдүү) кабар.
МҮТЕВАТИР
ХАДИС болсо – бул жалгандан ойлоп табуу үчүн бириге албай
турганчалык көп сандагы бир жамаат тарабынан риваят кылынган хадистер.
Ислам аалымы Сеййид Шериф Гүржани мүтеватир
хадис түшүнүгүн мындайча түшүндүрөт:
МҮТЕВАТИР
КАБАР – бул равилердин (риваят кылгандардын) саны ушундай бир
даражага жеткен бир кабар; анча көп риваятчынын жалган ойлоп табуу үчүн
биригиши мүмкүн эмес болот. Мындай риваят кылынган кабар жөнүндө лафыз (сөздөр)
менен маанилер дал келсе, ал «мүтеватир-и лафзи» деп аталат. Эгер баарынын
арасында орток мааниде биримдик болуу менен бирге лафыздар (сөздөр) арасында
карама-каршылыктар бар болсо, ал «мүтеватир-и маневи» деп айтылат. (Muhtasar-ı
Seyyid-i Şerif, б. 46)
Аз. Иса (ас) менен байланыштуу
куттуу хадистердин кээ бирлери мындай:
Аллахка ант, сөзсүз жана сөзсүз
Мерйем уулу Иса түшөт, адилеттүү бир өкүм берүүчү, адилеттүү бир өкүмдар катары
түшөт... (Sahih-i Müslim
(Сахихи Муслим), Bir Şerhin-Nevevi, том II, б. 192;
Kitab-ul İman, Bab-u Nuzül-i İsa İbn-i Meryem, Kenzul Ummal, 14/332)
Иса бин Мерйем адилеттүү бир өкүм
берүүчү жана адилеттүү бир имам катары түшмөйүнчө кыямат болбойт... (Sünen-i
İbni Mace (Сүнени Ибни Маже), 10/340)
Напсим кудурет колунда болгон
Аллахка ант ичем, Мерйем уулу Исанын адилеттүү абалда түшүшү жакын... (Ebu Hureyre
ra / Buhari (Бухари), Büyu 102, Mezalim 31, Enbiya 49;
Müslim (Муслим), İman 242 (155); Ebu Davud
(Эбу Давуд), Melahim 14 (4324); Tirmizi (Тирмизи), Fiten
(Фитен) 54 (2234)
Анан Мерйем уулу Иса түшөт жана
Мусулмандардын амири ага: «Кел, бизге намаз кылдыр» дейт. Анда Аз. Иса: «Жок,
Аллахтын бул үммөткө бир тартуусу катары силердин кээ бирлериңер кээ
бирлериңерге амирсиңер (башчысыңар)» дейт. (Sahih-i
Müslim (Сахихи Муслим), т. 1, б. 209)
Аны менен
(Аз. Иса менен) менин ортомдо эч бир пайгамбар жок. Ал (Аз. Иса) күмөнсүз
түшөт. Аны көргөнүңөрдө тааныгыла! Ал орто бойлуу, өңү агыш кызыл. Сарыга
бойолгон эки кийимчен болот. Жамгыр жаабаса да чачынан суу тамат. Ислам үчүн
(илимий) күрөш жүргүзөт. Дажжалиятты жок кылат, анан жер жүзүндө толук кырк жыл
турат. Анан өлөт жана намазын Мусулмандар кылышат. (Buhari,
Müslim, Ebu Davud ve Tirmizi (Бухари, Муслим, Эбу Давуд жана
Тирмизи), Büyük Hadis Külliyatı (Чоң хадис
жыйнагы), Rudani, 5-том, б. 380)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder