19 Şubat 2013 Salı

ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ) АКЫР ЗАМАНДА ПАЛЕСТИНАДА ЗУЛУМДУК БОЛООРУН КАБАР БЕРГЕН


ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ) АКЫР ЗАМАНДА ПАЛЕСТИНАДА ЗУЛУМДУК БОЛООРУН КАБАР БЕРГЕН

 

Пайгамбарыбыз (сав) акыр заманда дүйнөнүн көп аймагында дажжалият себеп болгон башаламандык, уруш, кан төгүүлөрдүн, фитналардын болоорун кабар берген. Мусулмандардын да бул оор шарттарда ар кандай кыйынчылыктарга кабылаарын айткан. Пайгамбарыбыз (сав) дажжалият фитнасы таасирдүү болот деген жерлердин бири – бул Палестина. Хадистеги Бейтүл Макдис сөзү Акса Мечитине жакын бир жер маанисине келет, б.а. Палестина аймагы жөнүндө сөз болууда. Учурда дал Пайгамбарыбыз (сав) кабар бергендей, палестиналык Мусулмандар чоң бир курчоо астында, жокчулук, ачарчылык жана ар түрдүү кыйынчылыктар менен сыналышууда.

Наим Каабдан алып, мындай деди:

Дажжал Бейтүл Макдисте (Акса Мечитине жакын бир жер, Палестина) ЫЙМАНДУУЛАРДЫ КУРЧОО АСТЫНА АЛАТ ЖАНА АЛАРГА (ЫЙМАНДУУЛАРГА) УШУНЧАЛЫК КҮЧТҮҮ БИР АЧАРЧЫЛЫК КЕЛГЕНДИКТЕН, ачтыктан жааларынын кылын да жегенге мажбур болушат. (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri (Акыр заман Мехдисинин алааматтары), 48-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГААРЫНАН МУРДАКЫ КЫСЫМЧЫЛ ШАРТТАРДАН УЛАМ ЭЧ КИМ АЛЛАХТЫН АТЫН ЭРКИН ЭСКЕРЕ АЛБАЙТ

 

Шейх Тусинин Эль-Эмали китебинде: «Бүт дүйнө бузукулукка толот. ЭЧ КИМ АЛЛАХ ДЕЙ АЛБАЙТ. Анан Улуу Аллах менден жана менин үй-бүлөмдөн бир затты (Аз. Мехди (ас)ды) жөнөтөт. Андан мурдакылар адилетсиздик менен толтургандай, ал (Аз. Мехди (ас)) болсо дүйнөнү адилеттүүлүккө толтурат.»

(Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-том], Ansariyan Yayıncılık, Топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 120-б.)

 

Шейх Тусинин Эль-Эмали китебинде: «Дүйнө ушунчалык кысымчылык менен адилетсиздикке толгондуктан, ЭЧ КИМ АЛЛАХТЫН ЫСЫМЫН ЖАШЫРУУН ЭМЕС (АЧЫК) АЙТА АЛБАЙТ. Анан Аллах дүйнөнү кысымчылык менен адилетсиздикке толгон сыяктуу, чынчылдык менен адилеттүүлүккө толтура турган жакшы бир коомду (Аз. Мехди (ас) жамаатын) алып келет.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-том], Ansariyan Yayıncılık, Топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 186-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР КЫЙЫНЧЫЛЫК, ЗУЛУМДУКТАРДАН ДАТТАНГАН КЕЗДЕ ЧЫГАТ

 

Эбуъл Хижаф болсо Пайгамбардын (сав) үч жолу мындай дегенин риваят кылат: «Аз. Мехди (ас) жөнүндө сүйүнүчтүү кабарлар болсун силерге. ЭЛ ТАРКАГАН ЖАНА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЧЫККАН (КӨБӨЙГӨН) КЕЗДЕ АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ. ЗУЛУМДУК МЕНЕН ЖЕМЕГЕ ТОЛГОН ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ТОЛТУРАТ. КУЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨ АЛЛАХКА КУЛЧУЛУКТУ ОРНОТОТ ЖАНА АДИЛЕТТҮҮЛҮГҮ БҮТ БААРЫН КАПТАЙТ (ОРОЙТ).

(Peygamberin Ehl-i Beytinden Olan Hz. Mehdi (a.s.), 16-б.; Bihar-ül Envar, 51-т., 74-б.)

 
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын калк мазхабдарга бөлүнүп, топ-топ болуп бир-биринен бөлүнгөн, улутчулдук бөлүнүүчүлүгү болуп жаткан, экономикалык кыйынчылыктар көбөйгөн, анархия менен террор күчөгөн бир убакта чыгаары кабар берилген. Пайгамбарыбыз (сав) бул хадисти 3 жолу кайталаган. Бул кезде адамдардын экономикалык кризис, кымбатчылык жана баштарына келген материалдык жана руханий кыйынчылыктардан, зулумдуктардан улам тынымсыз арызданышаарын да айткан.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder