20 Şubat 2013 Çarşamba

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ХИЖРИЙ 1400-ЖЫЛЫ ЧЫККАНДЫГЫНЫН КЭЭ БИР ДАЛИЛДЕРИ


АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ИМАМ РАББАНИ ЖАШАГАН КЫЛЫМДА ЭМЕС, БИЗ ЖАШАП ЖАТКАН ХИЖРИЙ 1400-ЖЫЛЫ ЧЫККАНДЫГЫНЫН КЭЭ БИР ДАЛИЛДЕРИ


Имам Раббани Азрети Мектубатында Аз. Мехди (ас)дын анын доорунда чыкпаганын айткан. Мунун далили катары эки маанилүү далилди айткан.


Бул далилдердин биринчиси Аз. Мехди (ас)дын кылымдын башында чыгуу шарты.


Экинчиси болсо анын чыгышынын Пайгамбарыбыз (сав) билдирген алааматтардын катары менен ишке ашышы менен чогуу болушу.


Имам Раббани Азретинин 381-Мектуптагы сөзү:

Бирок бул чыгуу АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГААРДА БОЛО ТУРГАН ЧЫГУУ ЭМЕС. Себеби АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЧЫГЫШЫ КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА БОЛОТ. АЗЫР БОЛСО КЫЛЫМДЫН БАШЫНАН ОН СЕГИЗ ЖЫЛ ӨТТҮ. (İmam-ı Rabbani, Mektubat-ı Rabbani, 381. Mektup, б: 1184)


Имам Раббани бул сөзүндө Аз. Мехди(ас)дын хижрий бир кылымдын башында чыгаарын айтууда.


Бирок Раббани жашаган доордо хижрий бир кылымдын башынан 18 жыл өтсө дагы, Аз.Мехди (ас)дын чыкканын көрсөткөн белгилердин бирөөсү да ишке ашкан эмес.


Бул дагы ал доордо Аз. Мехди (ас)дын чыкпай тургандыгынын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн башында турат. Себеби Аз.Мехди (ас) чыкканда хижрий бир кылымдын башынан баштап Пайгамбарыбыз (сав)кабар берген акыр заман белгилери катары менен болуп башташы керек.


Бирок бул белгилер Раббани жашаган хижрий кылымдын башынан баштап 18 жыл бою жана кийин хижрий 1400-жылга чейин катары менен болгон эмес. Бирок хижрий1400-жылдын башталышы менен бирге бул белгилер (алааматтар) үзүлгөн бир шурунун мончокторунун түшүшү сыяктуу катары менен ишке ашты.



АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ИМАМ РАББАНИ ЖАШАГАН КЫЛЫМДА ЭМЕС, БИЗ ЖАШАП ЖАТКАН ХИЖРИЙ 1400-ЖЫЛЫ ЧЫККАНДЫГЫНЫН КЭЭ БИР ДАЛИЛДЕРИ


Имам Раббани Азретинин доорунда түндү жарык кылган чоң бир от1 көрүлгөн эмес.


Ал эми 1979-жылдын 15-ноябрында Стамбул Босфор кысыгында чоң бир мунайзат танкери жарылган. Чоң бир жарылуу болуп, ал танкер менен ичиндеги мунайзаттын күйүшү бир канча күнгө созулган.Күйүү учурунда чоң жалын чыгып, айлананы жарыткан жана кара түтүн буркураган.Муну маал-маалы менен жарылуулар коштогон.


Имам Раббани Азрети убагында Иран-Ирак согушу2 болгон эмес.


Ал эми 1980-жылдын октябрь айында Иран-Ирак арасында бир согуш башталган. Ал согуш – Пайгамбарыбыз (сав) мындан1430 жыл мурда Аз. Мехди (ас)дын чыгуу белгилеринин бири катары билдирген бир согуш.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо чыгыш тараптан бир оттун көрүнүшү3сыяктуу бир окуя болгон эмес.


Ал эми 1991-жылы Ирак аскерлери Саддамдын буйругу менен Кувейтке тиешелүү мунайзат кудуктарын аткылашкан жана бул кол салуу натыйжасында Кувейт менен Перс булуңун чоң бир от каптаган. Бул окуя менен Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын чыгуу белгилеринин бири катары билдирген хадис хижрий 1400-жылдарда ишке ашкан.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Евфрат дарыясынын суусу эч токтотулган эмес.4


Ал эми 1973-жылы Евфрат дарыясына курулган Кебан дамбасы менен тарыхта биринчи жолу Евфраттын суусу бир дамба менен тосулган.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Евфрат дарыясынын суусу токтогон соң ал аймакта чоң бир террор болгон эмес жана көп санда адам каза тапкан эмес.5


Ал эми Евфрат дарыясына дамба курулгандан көп өтпөй хижрий 1400-жылдардын башында ошол эле аймакта ПКК террору башталган жана көп санда адам каза болуп, көп түрк аскерлери шейит болгон.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Евфрат-Дижле арасында чоң бир согуш болгон эмес.6


Ал эми 1980-жылы башталган жана 8жылга созулган Иран-Ирак согушу – эки Мусулман өлкө арасында хижрий 1400-жылы башталган жана бул хадиске толук дал келген бир согуш.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Каабага кандайдыр бир чабуул болгон эмес жана Каабада кан төгүлгөн эмес.7


Ал эми хижрий 1400-жылдын биринчи күнү болгон 1979-жылы 21-ноябрьда Каабага кандуу чабуул уюштурулган жана көп киши өлтүрүлгөн. Кайра 7 жылдан соң хижрий 1407-жылы Каабада андан да кандуу бир окуя болуп, көп санда ажы шейит болгон. Кааба тарыхында бир жолу болгон бул террор себебинен Каабада таваф (Каабаны айлануу) токтогон.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Ислам үммөтү халифасыз калган эмес.


Раббани Азрети христиан жыл эсеби боюнча 1564-1624-жылдар арасында жашаган. Анын доорунда Кануни Султан Сулайман– 1-Мустафа да кошо 8 Осмон империясынын падышасы Ислам үммөтүнүн халифалык милдетин аркалашкан. Б.а. Раббани Азрети жашаган доордо халифалык макамы жана ал руханий макамга ээ кишилер бар эле. Ал эми Пайгамбарыбыз (сав) риваяттарда Аз. Мехди (ас) чыккан кезде Ислам үммөтүнүн башында бир халифа (руханий лидер)болбой турганын билдирген. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бир хадисте мындай деп айтылат: (Аз.Мехди (ас)) Дүйнөдө аты белгилүү бир халифа калбай калганга чейин чыкпайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, бет: 54)


Имам Раббани Азрети жашаган доордо эки жыл катары менен Рамазан айында ай менен күн тутулуулар болгон эмес.8


Ал эми Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди(ас) чыга турган акыр заманда бул асман кубулуштарынын болоорун айткан. Дал Пайгамбарыбыз (сав) билдиргендей, хижрий 1400-жылдар ичинде эки жыл катары менен Рамазан айында 15 күн аралык менен күн менен ай тутулуулары болгон. Бул тутулуулар 1981- жана 1982-жылдары болуп өткөн.


*1981-жылы (хижрий 1401-жылы) Рамазан айынын 15-күнү ай, 29-күнү болсо күн тутулган.


*Кайра «экинчи жолу» 1982-жылы(хижрий 1402-жылы) Рамазан айынын 14-күнү ай, 28-күнү болсо күн тутулган.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Афганистан басып алынган эмес.


Ал эми Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде «Таликанга (Афганистанга) жаман болду»9 деп, Аз.Мехди (ас) чыга турган доордо бул өлкөнүн басып алынаарына көңүл бурган. Чындап эле хижрий 1400-жылы (1979-жылы) Афганистан топурактарына советтер союзу тарабынан басып алуу жасалган.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Азербайжан басып алынган эмес.


Ал эми Пайгамбарыбыз (сав) акыр заманда «Азербайжандан сөзсүз бир от чыгаарын»10 билдирген.Чындап эле 1990-жылы Тоолуу Карабагды талашкан армяндар тарабынан Азербайжанга кол салуу болгон жана көптөгөн азери Мусулман бир тууганыбыз шейит кылынган.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Люлин жана Галилей куйруктуу жылдыздары (комета)катары менен дүйнөгө жакын жерден өтүшкөн эмес.


Галилей куйруктуу жылдызы111986-жылы дүйнөгө жакын жерден өткөн. Ал 76 жылда бир өтүп турат. Куйруктуу жылдыздын бул акыркы өтүшү жыл жагынан хижрий 1400-жылдарга туура келген.

Раббани Азрети Мектубатында Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде кабар берген жана акыр заманда чыга турган эки баштуу, батыштан чыгышты көздөй (башка куйруктуу жылдыздардын кыймыл багытына карама-каршы) кыймылдаган бир куйруктан жылдыз жөнүндө сөз кылган.12 Ал жылдыз – 2009-жылы дүйнөгө жакын жерден өткөн Люлин куйруктуу жылдызы. Илимпоздор бул жылдыз эми 1000 жылдан кийин гана кайра дүйнөгө жакын жерден өтүшү мүмкүн дешүүдө.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Сирия менен Египет башчылары өлтүрүлгөн эмес.13


Ал эми, дал хадистерде билдирилгендей, хижрий 1400-жылдын алдында Египет менен Сирия амирлери катары менен киши колдуу болуп өлтүрүлүшкөн. Бул окуялардын кээ бирлери мындай:

- 1920-жылы Сириянын мурдакы президенти Салах Аль-Дин Беетар,

- 1921-жылы Сирия премьер-министри Дроуби Паша,

- 1949-жылы Сирия премьер-министри Мухсин аль-Барази,

- 1951-жылы Иордания ханы Абдуллах,

- 1982-жылы бомбалуу кол салуу менен Ливияда фалангист лидери Бешир Жемайел.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо египеттиктердин туткунга алынышы сыяктуу бир жагдай болгон эмес.14


Ал эми 1956-жылы 26-октябрьда Израил Египетке кол салды жана Синай жарым аралын басып алды. Андан соң кайра Израил-Египет арасында 6 күндүк согуш болду. Учурда дагы эле Иордан дарыясынын батыш жээги, Голан дөбөлөрү жана Иерусалим Израилдин карамагында турат. Бул согуштар учурунда өтө көп санда египеттик Израил аскерлери тарабынан туткунга алынды же шейит кылынды.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо чаң-түтүндүү караңгы бир фитна15болгон эмес.


Ал эми 2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында болгон дүйнө тарыхынын эң чоң террордук кол салуулары бул хадиске көп жагынан дал келет. Бул окуялардын артынан өтө чоң бир чаң менен түтүн булуту айлананы каптап калган.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо дүйнөлүк масштабга жайылган кыргындар болгон эмес.16


Ал эми 20-кылымда болсо Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарда эле болжол менен 250 миллион адам каза тапкан.20-кылымда иштеп чыгылган курал-жарак технологиясы жана ошого жараша чыккан согуш стратегиялары натыйжасында кыргындар, басып алуулар жана согуштар өтө көп санда адамдардын өлүмүнө себеп болгон. Палестинада, Руандада,Босния-Герцеговинада, Чеченистанда, Чыгыш Түркистанда (Синьцзян), Иракта жана дүйнөнүн дагы көп жеринде өтө көп адамдар көз жумду.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Мусулмандар менен еврейлер согушушкан эмес.17


Ал эми, Мусулмандар менен еврейлер арасындагы пикир келишпестиктер 20-кылымдын баштарынан бүгүнкү күнгө чейин уруш, согуштар менен коштолуп келатат.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо дүйнөдө Аллахты апачык жокко чыгарган бир көрүнүш болгон эмес.18


Ал эми, өз ойлорунда Аллахты жокко чыгарган адашкан агым болгон атеизм 19-кылымдын аягынан баштап жайылган.Материализм жана дарвинизмдин жайылышы менен өздөрүнө философиялык жана калп«илимий» бир таяныч таптык деп жаңылган атеисттердин саны 20-кылымда көбөйгөн.Аз. Мехди (ас) доорунда атеизм, материализм, дарвинизм жана коммунизм сыяктуу адашкан ишеним системалары илим-пикир менен жок кылынат. Куран ахлагы жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтү бүт дүйнө жүзүндөгү адамдарга жайылат. Раббани Азрети жашаган доордо мындай каапырдык система дүйнөгө жайылган да жок, Аз.Мехди (ас) тарабынан ал системалар пикир менен жок кылынып дин ахлагы да дүйнөгө орногон жок.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Мусулмандар бир-бири менен согушушкан эмес.19


Ал эми, хижрий 1400-жылдын баштарынан баштап кээ бир мусулман өлкөлөр арасында согуштар болуп баштаган.Иран-Ирак согушу, Ирактын Кувейтти басып алышы бул хадистин хижрий 1400-жылдан кийин чыкканын көрсөтүүдө.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо дүйнөдө чоң бир анархия менен башаламандык болгон эмес.20


Ал эми, Аз. Мехди (ас) чыккан, өткөн20-кылым дүйнөдө анархия менен террор күчөгөн, чоң кыргын менен согуштар болгон, анархия менен башаламандык эң бийик чекке жеткен бир кылым болду.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо «бир армиянын чөлдө жоголушу»21 сыяктуу бир окуя болгон эмес.


Ал эми, 2003-жылы Ирактын басып алынышы учурунда Ирак армиясынын 15000 кишилик Көйрөңдөр аттуу аскердик бөлүгү жоголуп кеткен.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо ирактыктардын акчасынын түгөнүшү, акча бирдигинин айлануудан алынышы сыяктуу окуя болгон эмес.22


Ал эми, 2003-жылы Ирактын басып алынышы учурунда Ирак динары айлануудан алынып салынып, Ирак динары өтө ыкчам наркын жоготкон.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Багдад от-жалын ичинде калган эмес.23


Ал эми, 2003-жылы Иракты басып алуу учурунда биринчи күндөн баштап Багдад эң көп бомбалоого кабылган шаар болуп,хадисте айтылган окуя ишке ашкан.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Ирак кайрадан түзүлгөн эмес.24


Ал эми, 2003-жылкы басып алуудан соң бүлгүнгө айланган Ирак учурда өтө ыкчам кайра оңдолуп, түзүлүп баштады.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо бийик имараттар курулган эмес.25


Ал эми, биз жашап жаткан хижрий1400-жылдар өтө бийик имараттар курулган бир кылым болууда.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо адамдар камчысынын учу менен сүйлөшкөн эмес, б.а.телефон ойлоп табыла элек болчу.26


Имам Раббани Азрети жашаган доордо чөлдөр жашылдандырылган эмес; кайрак жерлерде айыл-чарбаны жакшыртуу иштери жасалган эмес эле.


Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде«Арабистанда да дарыялар менен бакчалар пайда болмоюнча кыямат болбойт.» (Ahmed b. Hanbel, Müsned (Ахмед б. Ханбел, Мүснед), 17/22, хадис№: 8819) деп, чөл жерлеринде айыл-чарбаны жакшыртуу иштеринин жасалаарын кабар берген. Бүгүн болсо Арабистандын чөл топурактарына суу жеткирилип, эң суу жок жерлерден да айыл-чарба түшүмдөрү алынууда.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо адамдын өз үнү өзү менен сүйлөшкөн эмес, б.а. үн жазуу каражаттары али ойлоп табыла элек болчу.27


Бул технологияларда өзгөчө20-кылымда олуттуу өнүгүүлөр болуп баштаган.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо чоң шаарлардын жок болушуна себеп болгон окуялар,согуштар болгон эмес.28


Бирок Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштар учурунда да, акыркы жылдары болгон чоң жер титирөөлөрдө да көптөгөн мега-шаарлар жер менен жексен болду. Хиросима менен Нагасаки шаарлары атом бомбаларынын ташталышы натыйжасында адам жашагыс болуп калды.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде кээ бир маанилүү жерлерин айтып кеткен чоң бир окуя болгон эмес.29


Ал эми, Пайгамбарыбыз (сав) хадисте айтып кеткен ал маанилүү жагдайлар хижрий 1400-жылдын алдында болуп өткөн1977-жылы 1-майдагы «1-май Таксим (Стамбул) окуяларына» өтө окшошуп кетет.


Имам Раббани Азрети жашаган доордо кургакчылыктан соң көп жаан-чачындар болгон эмес.30


Ал эми, Пайгамбарыбыз (сав) акыр заманда, өзгөчө Люлин куйруктуу жылдызы өткөн соң көп жаан-чачын болоорун айткан. Чындап эле 2009-жылы 24-февральда Люлин куйруктуу жылдызы өткөн соң март айынан баштап өзгөчө Түркияда өтө көп жаан-чачындар болгон. Андан мурда Түркияда кургакчылык орун алып жаан-чачын аз болуп жатат деп арыздангандар көп болуп жаткан эле, бирок куйруктуу жылдыз өткөн соң элдер жаан-чачындын көп болушу себебинен үйлөрүнөн эвакуацияга да мажбур болушкан. Мисалы, Дим дамбасынын дарбазалары жаан-чачындын көптүгүнөн сынган.


Санап өткөн бул белгилердин баары Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан акыр заманда чыгаары билдирилген Аз. Мехди(ас)дын белгилеринин бир бөлүгү гана. Бирок ушул белгилер дагы Аз. Мехди(ас)дын Раббани Азрети жашаган доордо эч чыкпагандыгынын бир көрсөткүчү. Имам Раббани өзү жашап жаткан хижрий кылымдын алгачкы 18 жылына чейин жана андан кийин да чыкпаган бул алааматтардан улам, Аз. Мехди (ас)дын анын кылымында чыгышынын мүмкүн эмес экенин айткан. Ал эми биз жашап жаткан хижрий 1400-жылдын алгачкы күнүнөн баштап болсо бул белгилер бир-бирден чыгып баштаган. Бул жагдай Аз. Мехди (ас)дын ушул кылымда чыккандыгынын, Аллахтын уруксаты менен, анык жана так бир көрсөткүчү.


Булактар:

1- Хүсейин б. Али (РА)дан риваят кылынган:

«Асманда чыгыш тараптан түндү жарык кылган чоң бир от көргөнүңөрдө, мына ошол убак – Аз. Мехди (ас)дын келээр убагы.» (mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)

2- Шавваль айында көтөрүлүш Зилкадеде согуш сөздөрү,Зилхижжада болсо согуш болот. (Kıyamet Alametleri, б: 166)

3- Ант ичем, бир от силерди оройт. Ал от бүгүн Берехут деген өрөөндө өчүк абалда. Ал от ичинде укмуш азабы менен адамдарды оройт. Ал от адамдарды, мал-мүлктөрдү күйгүзүп жок кылат. Сегиз күн ичинде шамал менен булуттай учуп дүйнөнүн бүт тарабына таркайт. Түнкү ысыгы күндүзгү ысыктыгынан күчтүүрөөк. Ал от адамдардын башынын үстүнөн арштын астына чейин жакындап жер бети менен асман арасында чагылгандай коркунучтуу бир күркүрөк болот, деди. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б: 461)

4- Евфрат дарыясынын суусу тартылып алтын казынасын ачыкка чыгараар убактысы жакындап келатат. Ким ошол кезде ал жерде болсо ал казынадан эч нерсе албасын. ( Riyazü's Salihin, 3/332)

5- «Евфрат дарыясынын суулары тартылып алтындан бир тоо пайда болот, адамдар аны алуу үчүн согушат жана АР ЖҮЗ КИШИНИН БИРӨӨСҮ гана аман калат. Бул убак келгенге чейин кыямат болбойт.» (Müslim, Fiten, 29)

6- «Евфрат менен Дижле арасында Зевра (Багдад) деген бир шаар болот. Ал жерде чоң бир согуш болот.Аялдар туткунга алынып, эркектер болсо кой союлгандай союлушат.» (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame kısm-ul efal, т: 5, бет: 38, El Muttaki)

7- Шаввальда согуш кыйкырыктары, Зилхижжада согуш менен кыргын (уруш) болот, ошондой эле Зилхижжада ажы тонолот, ал тургай, көчөлөр кандан өтө алгыс болот жана арамдар чайналат. Байтул Муаззаманын жанында чоң күнөөлөр жасалат. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б: 37)

8- Рамазандын биринчи түнү ай, ортосунда күн тутулат. (Kıyamet Alametleri, б: 199)

Мехди үчүн 2 алаамат бар... Мунун биринчиси, Рамазандын биринчи түнү айдын,экинчиси болсо ортосунда күндүн тутулушу. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б: 47)

Рамазанда эки жолу ай тутулуу болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б: 53)

Мехди чыгаардан мурда бир Рамазан ичинде күн эки жолу тутулат. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б: 440)

9- Таликанга (Афганистанга)жаман болду. Күмөнсүз, Аллах Тааланын ал жерде алтын менен күмүш эмес казыналары бар.» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б: 59)

10- ...Эбу Басир айтат: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: Атам мага мындай деди:«АЗЕРБАЙЖАНДАН СӨЗСҮЗ БИР ОТ ЧЫГАТ. ЖАНА ЭЧ НЕРСЕ АНЫН АЛДЫНДА ТУРА АЛБАЙТ.МЫНДАЙ ОКУЯ БОЛГОНДО ҮЙҮҢӨРДӨ ОТУРГУЛА. Биз эмне кылсак силер да ошону кылгыла. (Б.а. биз үйдө отурганда силер да отургула.) Жана биздин кыям этүүчүбүз (Аз.Мехди (ас)) кыймылдаганда ылдам жана эч токтобостон аны көздөй чуркагыла... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б: 311)

11- Ал келээрден мурда чыгыштан нур чачкан бир куйруктуу жылдыз көрүнөт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б: 53)

12- Кайталап, ЧЫГЫШ ЖАКТАН ЧЫККАН НУРДУУ УСТУНДАН сурап жатасыңар. Белгиле, асхаб берген кабар боюнча, Расулуллах(сав) Мырзабыз мындай деген: «Убада кылынган Мехди (ас)дын чыгуу белгилери болгон Аббаси Малик Хорасанга барганда, ЧЫГЫШ ТАРАПТА ЭКИ ТИШТҮҮ (1) ЖАРКЫРАГАН(2) БИР МҮЙҮЗ (3) ЧЫГАТ.»

13- Андан мурда Дамаск(Сирия) менен Египет маликтери (өкүмдар, мамлекет башчысы) өлтүрүлөт... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б: 49)

14- «Сирия калкы Египеттик урууларды туткунга алышат.» (El Kavl-ul Muhtasar Fi Alamat-il Mehdiyy-il Muntazar, б: 49)

15- Чаңдуу түтүндүү, караңгы бир фитна болот, муну башкалары ээрчийт... (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б: 26)

16- Мехдиден мурда көп кыргындар боло турган чоң бир фитна болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б: 37)

17- Мусулмандар менен еврейлер согушмайынча кыямат болбойт... (Müslim, Tirmizi)

18- Аллах апачык жокко чыгарылган абалга келмейинче кыямат болбойт. (Kitabül Burhan Fi Alametil Mehdiyyil Ahir Zaman, б: 27)

19- Эки чоң Ислам армиясы бир-бири менен согушмайынча кыямат болбойт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б: 454, 831)

Аз. Эбу Хурейре (ра) айтат: Расулуллах алейхиссалату вассалам айтты:«Мусулмандардан эки топ өз ара согушмайынча кыямат болбойт. Алар араларында чоң согуш кылышат, бирок доолору бир.» (Buhari, Fiten: 24, Menakıb: 25, İstitabe: 8; Müslim, İman: 248, Fiten: 17)

20- Кыяматтын алдында анархия менен башаламандык күндөрү бар. (Suyuti, Cami'üs Sagir, 3/211)

21- Мехдинин беш алааматы бар. Алар: Сүфйани, Йемани, асмандан бир кыйкырык (жар салуу), Бейдада бир армиянын чөгүшү жана күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү. (Naim Bin Hammad)

22- «Ирактыктардын колунда өлчөй турган бир таразасы жана соода кыла турган бир акчасы дээрлик жок болуп калат.» (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame kısm-ul efal, т:5, б: 45)

23- Акыр заманда Багдад оттор менен жок кылынат...(Risalet-ül Huruc-ül Mehdi, том: 3, бет: 177)

24- ... Иракка кол салынмайынча кыямат болбойт. Жана Ирактагы күнөөсүз адамдар Дамаскты (Сирияны)көздөй башпаана издешет. Дамаск кайрадан түзүлөт, Ирак да кайрадан түзүлөт. (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame kısm-ul efal, т:5, б: 254)

25- Бийик бийик имараттар курулмайынча кыямат болбойт. (Ölüm, Kıyamet ve Diriliş, б: 468)

Имараттардын көк тиреген абалга келиши... (Kıyamet Alametleri, б: 146)

26- Кишиге камчысынын учу сүйлөмөйүнчө кыямат болбойт. (Ölüm, Kıyamet ve Diriliş, б: 471)

27- Кишиге (өз) үнү сүйлөмөйүнчө кыямат болбойт. (Ölüm, Kıyamet ve Diriliş, б: 471)

28- «Чоң шаарлар кечээ эч жоктой болуп кыйрайт.» (Kitabül Burhan Fi Alametil Mehdiyyil Ahir Zaman, б: 38)

29- «Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда мединада капкара таштар да кан ичинде жоголо турган чоң бир окуя болот. Бул окуяда бир аялдын өлтүрүлүшү бир камчынын шилтенишиндей оңой болот. Жана бул окуя 2 километрдейге созулат.» (EI-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-iI Muntazar, 41)

30- Аз. Мехди (ас) чыгаарда кош куйруктуу бир куйруктуу жылдыз чыгат жана ушунчалык жаркыраган болгондуктан, толгон айдай жаркырайт. Бул жылдыз чыккан соң ушундай бир жамгыр жаайт, чоң зыяндарды алып келет. Бирок элдер ал жамгырларды кубанып тосуп алышат. Себеби андан мурдакы 3 жылда эч жамгыр жаабаган болот. (Murtaza Lakha, R &K Tyrell Basımevi, Londra, 1993)



АЗ. МЕХДИ (АС) ИМАМ РАББАНИНИН КӨЗҮ ӨТКӨН СОҢ ЭМЕС,ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ)ДЫН КӨЗҮ ӨТКӨН СОҢ 1000 ЖЫЛДАН КИЙИН КҮТҮЛҮҮДӨ


Имам Раббани Азрети Мектубат-ы Раббани аттуу эмгегинде 261-Мектупта Аз. Мехди (ас)дын ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ)ДЫН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН 1000 (МИҢ) ЖЫЛ ӨТКӨН СОҢ «миң менен экинчи миң жыл арасында» келээрин айтат:

(İmam-ı Rabbani, Mektubat-ı Rabbani, 1-том, 261. Mektup, б: 628)


Бул жерде Имам Раббани апачык жана таптак ӨЗҮНҮН КӨЗҮ ӨТКӨН СОҢ ЭМЕС,ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН КӨЗҮ ӨТКӨН СОҢ деп айтууда. Бул сөз маанилүү, себеби кээ бир адамдар Имам Раббани Азретинин эч бир жоромолго мүмкүндүк бербей турганчалык ачык болгон «Б.А. РАСУЛУЛЛАХ МЫРЗАБЫЗДЫН КӨЗҮ ӨТКӨН СОҢ» деген сөзүн «Имам Раббанинин көзү өткөн соң»дешип ТУУРА ЭМЕС ЖОРОМОЛДОШУУДА.

Аз. Мехди (ас)дын чыгышына тынчсызданган ал кишилер өз ойлорунда Аз. Мехди (ас)дын чыгышын мүмкүн болушунча кийинки жылдарга кечиктирүүгө аракет кылышып, ушул жол менен өз ойлорунда500-600 жыл утканга аракеттенишүүдө.
Чындыгында болсо, ИМАМ РАББАНИ АЗРЕТИНИН ЖОГОРУДАГЫ СӨЗДӨРҮ БОЮНЧА, ИНШААЛЛАХ, АЗ. ИСА (АС) МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС) УШУЛ МИҢ МЕНЕН ЭКИНЧИ МИҢ ЖЫЛ АРАСЫНДА КЕЛИШЕТ.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder