19 Şubat 2013 Salı

АКЫР ЗАМАНДАГЫ АДАМДАР АРАСЫНДАГЫ СҮЙҮҮНҮН ЖОКТУГУ КЫЯМАТТЫН ДА, АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГЫШЫНЫН ДА АЛААМАТЫ


 
Баарына жалпы эмес, ЖАЛГЫЗ (ТААНЫГАН, БИЛГЕН) АДАМДАРГА САЛАМ БЕРИЛ(ГЕН УБАКЫТ КЕЛ)МЕЙИНЧЕ... кыямат болбойт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, İmam Şarani (Имам Шарани), Tezkiretil Kurtubi Bedir Yayınevi, İstanbul 1981, 461-б., 845)

 

Амире бинти Нуфейл мындай дейт: «Имам Хүсейн алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «СИЛЕР БИР-БИРИҢЕРДЕН БЕРИ (УЗАК) ЭКЕНИҢЕРДИ АЙТМАЙЫНЧА, БИР-БИРИҢЕРДИН БЕТИНЕ ТҮКҮРМӨЙҮНЧӨ, БИР-БИРИҢЕРДИ ТАКФИР ЭТМЕЙИНЧЕ (каапырлык менен айыптамайынча) ЖАНА БИР-БИРИҢЕРДИ КАРГАМАЙЫНЧА (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГЫШЫ) БОЛБОЙТ. Мындай дедим: Андай болсо ал кезде эч бир жакшылык жок. «Жакшылыктын баары ошол кезде. Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) кыям кылат жана булардын баарын жок кылат» деди. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 241-б.)

 

Нүфейлдин кызы Үмейре мындай дейт: «Аз. Хасандын кызынын мындай дегенин уктум: «Силер күткөн бул иш (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГЫШЫ) КЭЭ БИРЛЕРИҢЕР КЭЭ БИРЛЕРДЕН БЕРИ ЭКЕНИҢЕРДИ, АЛЫС БОЛООРУҢАРДЫ ИЗХАР КЫЛЫП (көрсөтүп) КАРГАШМАЙЫНЧА эч болбойт.» (Bihar-ul Envar, 52-т., 211-б.)

 

РИВАЯТТАРДА АЗ. МЕХДИ (АС) ЖОК ЖЕРДЕ «ЖЕР БЕТИНДЕГИ БҮТ НЕРСЕНИН БУЗУЛААРЫ» БИЛДИРИЛГЕН

 

Эбу Хамза мындай дейт: «Имам Садык (ас)га мындай дедим: «ИМАМСЫЗ (АЗ. МЕХДИ (АС) БОЛБОСТОН) ЖЕР БЕТИ БЕКЕМ (ТУРУКТУУ) КАЛАБЫ?» ИМАМ: «ЭГЕР ЖЕР ЖҮЗҮ ИМАМСЫЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)СЫЗ) КАЛСА, АСТЫН-ҮСТҮН БОЛОТ» деди. (Usul-u Kafi, İslamiye baskısı, 1381, 1-т., 334-б.)

 

Вешша мындай дейт: «Имам Рызадан (ас) «Жер бети имамсыз (Аз. Мехди (ас)сыз) калабы?» деп сурадым. Имам (ас) «Жок» деди. ... Имам (ас) анан мындай деди: «ЖЕР БЕТИ ИМАМСЫЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)СЫЗ) КАЛБАЙТ, АНТПЕСЕ ЖЕР БЕТИ АСТЫН-ҮСТҮН БОЛОТ.» (Usul-u Kafi, 1-т., 334-б.)

 

Муфаззал бин Өмер Эмирүлмүминин алейхиссалам Күфе шаарынын минбарында мындай деди: «БИЛИП КОЙГУЛА ЖЕР БЕТИ АЛЛАХТЫН ХҮЖЖЕТИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БОЛБОСТОН БУТУНДА ТУРА АЛБАЙТ... ЭГЕР АЛЛАХТЫН ХҮЖЖЕТИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БИР ЗАМАТКА ЖЕР БЕТИНЕН АЛЫНСА, ЖЕР ЭЛДИН ҮСТҮН БАСАТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 162-б.)

 

Аллах ар доордо жер бетиндеги бузукулуктун алдын алынышына, адамдардын бейпил жана бактылуу жашашына адамдарга Аллахтын динин баяндоочу, ага чакыруучу элчилерин себепчи кылган. Аллах акыр заманда бүт дүйнө жүзүнүн бейпилдик менен кутулуусуна себепчи кылган киши болсо – бул Аз. Мехди (ас). Хадистерде Аз. Мехди (ас) болбогон шартта дүйнө жүзүнүн ар кандай кырсыктар менен кыйроого жана бузулууга туш болооруна, бүт дүйнөдө укмуш бир анархия менен башаламандык жаралаарына ишарат кылынган. Чындап эле Аз. Мехди (ас)дын чыгышына аз калган ушул тапта дүйнөнүн көп тарабында террордун, согуштардын, кыргындардын өкүм сүрүп жатканы байкалууда.

Бедиүззаман Саид Нурси да эмгектеринде Аз. Мехди (ас)дын мындай өзгөчөлүгүнө көңүл бурган.

 

(Мехдинин) Экинчи озуйпасы (кызматы):

Хилафети Мухаммедийе (асм) наамы менен (Пайгамбарыбыз (сав)дын халифасы (орун басары), б.а. Мусулмандардын руханий лидери наамы менен) Ислам ахлагынын негиздерин кайрадан жандантуу. Ислам ааламынын биримдигин таяныч чекити кылып, АДАМЗАТТЫ МАТЕРИАЛДЫК ЖАНА РУХАНИЙ КОРКУНУЧТАРДАН ЖАНА АЛЛАХТЫН АЗАБЫНАН КУТКАРУУ... (Emirdağ Lahikası, 259-б.)

 

Бедиүззамандын айтуусу боюнча, Аз. Мехди (ас) Ислам дүйнөсүнүн руханий лидери катары бүт акыр замандын оор фитна менен башаламандыгы ичинде жашаган адамзатты материалдык, руханий бүт коркунучтардан куткарат жана адамдардын Аллахтын азабынан коргонушуна, натыйжада дүйнөдө жана акыретте кутулууларына себепчи болот.

 

АЗ. МЕХДИ (АС) «АДАМДАР АР ТАРАПКА ТАРКАГАН» БИР ДООРДО ЧЫГАТ

 

Эбуъл Хижаф Пайгамбардын (сав) үч жолу мындай дегенин риваят кылат: «Аз. Мехди (ас) жөнүндө сүйүнүчтүү кабарлар болсун силерге, ЭЛ ТАРКАГАН жана кыйынчылыктар чыккан КЕЗДЕ АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ...» (Bihar-ul Envar, 51-т., 74-б.)

 

Риваятта Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурдакы доордо «калктын чачыранды абалда болоору» кабар берилген. Бул болсо адамдардын иштөө, акча табуу сыяктуу ар кандай максаттар менен чет өлкөлөргө кетээрин жана чачыранды абалда болоорун көрсөтүүдө.

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР АРАСЫНДА УРУШ-ТАЛАШТАР ЭҢ КӨП БОЛГОН КЕЗДЕ ЧЫГАТ

 

Муфаззал бин Өмер айтат, Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: «...Жана КАЛКТЫН ЭҢ АЖААНДАРЫ БОЛГОНДО, КӨРҮНҮҮ БОЛОТ (АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ).» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 187-б.)

 

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР ЖАМАНДЫК, ЖЫРТКЫЧТЫК ЖАНА ЗУЛУМДУКТАН ТАЖАГАН КЕЗДЕ ЧЫГАТ

 

Селеме б. Зүфер мындай дейт: «Бир күнү Хүзейфенин жанында «Аз. Мехди (ас) кыям этти (чыкты)» делгенде, Хүзейфе: «Эгер Аз. Мехди (ас) кыям эткен болсо силер Расулуллах (сав) дооруна жакын адамдарсыңар жана асхаб (сахабалар) дагы эле араңарда жашап жатат. Анда чындап бактылуу жана жыргалчылык адамдары болосуңар. Бирок жок, бул туура эмес, АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР ЖАМАНДЫК, АЙБАНДЫК ЖАНА ЗУЛУМДУКТАН ТАЖАГАН жана эч бир кайып (жашыруун жашаган) ал (киши)дей бийик жана сүйүктүү болбогон БИР КЕЗДЕ КЫЯМ ЭТЕТ.» деди. (El-Havi, 2-т., 159-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАШЫРУУН КЕЗДЕ КООМДО ЗОМБУЛУК, АНАРХИЯ ЖАНА ПКК (ТҮРКИЯДАГЫ ТЕРРОРДУК УЮМ) ТЕРРОРУ БОЛОТ

 

Аз. Мехди (ас)дын адамдар арасында көрүнбөгөн бир жашырынуу доору (көздөн кайымы) болот. Бул убакта адамдар Аз. Мехди (ас) жоголду, ал тургай кээ бирлери өлдү деп да ойлошот. Бул Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде мындайча айтылат.

 

АЛ-И МУХАММЕДДИН КАИМИНИН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЭКИ КӨЗДӨН КАЙЫМЫ (КАМАКТАГЫ УЧУРУ) БАР. БИРӨӨСҮ ЭКИНЧИСИНЕН УЗУНУРААК... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 199-б.)

 

«Бул кыямдын ээсинин (Аз. Мехди (ас)дын) эки көздөн кайымы бар. БИР КӨЗДӨН КАЙЫМЫ (камакта жаткан учуру) УШУНЧАЛЫК КӨПКӨ СОЗУЛГАНДЫКТАН мындай дешет: «Өлдү.» Кээ бирлери: «Өлтүрүлдү» дешет. Кээ бирлери: «Кетти...» дешет. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 198-б.)

 

... АЯГЫНДА МЕНИН УРПАКТАРЫМДАН БИРИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КАЛКТЫН КӨЗДӨРҮНӨН КАЙЫМ БОЛОТ. КАЛК АЛ ЖОГОЛДУ, ӨЛТҮРҮЛДҮ ЖЕ ӨЛДҮ ДЕШЕТ. АНАН ФИТНА ЧЫГАТ ЖАНА БАЛЭЭЛЕР ТҮШӨТ, УРУУЧУЛУК (УЛУТЧУЛДУК) ФАНАТИЗМИ ТИРИЛЕТ, КАЛК ДИНИНДЕ ЖОЛУНАН АДАШАТ. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 163-б.)

 

Жогорудагы хадисте болсо Пайгамбарыбыз (с.а.в) «... АНАН ФИТНА ЧЫГАТ ЖАНА БАЛЭЭЛЕР ТҮШӨТ, УРУУЧУЛУК (УЛУТЧУЛДУК) ФАНАТИЗМИ ТИРИЛЕТ, КАЛК ДИНИНДЕ ЖОЛУНАН АДАШАТ.» деп Хижрий 1400-жылдар (1979-1980-жж.) менен бирге коомдо башаламандык менен фитналар башталган, адамдар дин ахлагынан алыстап марксисттик, коммунисттик, атеисттик жана дарвинисттик пикирлерге бурула турган бир доорго көңүл бурууда. Чындап эле коомдо «80-жылдар» деп аталган өзгөчө Түркияда анархия, террор, башаламандык жана бейпилсиздик өтө өнүккөн, калктын жан, мал-мүлк коопсуздугу, бейпилдиги жоголгон, адамдар Ислам дининен алыстаган бир доорго кирилген. Өзгөчө ПКК (PKK) террору Түрк коомунда Күрт-Түрк бөлүнүүчүлүгү багытында фитна чыгарып, коом ичинде улутчулдук рухунун жаралышына себеп болгон. Элди Ислам дининин жылуу, тынчтыкты каалаган, сүйүү толо, бейпил рухунан алыстатып, коммунисттик, марксисттик жана дарвинисттик бир пикирге тарткан. Бирок Аз. Мехди (ас)дын чыгышы (көрүнүшү) менен иншаАллах бул батыл (негизсиз, жалган) идеологиялар пикирдик жактан жер менен жексен болот жана Аллах ишеними өтө ылдам бүт дүйнө жүзүндө таркайт.

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГУУ АЛААМАТТАРЫНЫН БИРИ – БУЛ АДАМДАРДЫН ТУУРА ЖОЛДОН ЧЫККАН БОЛУШУ

 

Аз. Али мындай дейт: «АДАМДАР АДАШУУ ЖОЛУНДА ОҢ МЕНЕН СОЛДУ КАРМАНГАН, ТУУРА ЖОЛДУ БИР ТАРАПКА ТАШТАШКАН.» (Nehc-ul Belaga, Hutbe 150)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР КӨБӨЙГӨН БИР ДООРДОН СОҢ ЧЫГАТ

 
Эбуъл Хижаф Пайгамбардын (сав) үч жолу мындай дегенин риваят кылат: «Аз. Мехди (ас) жөнүндө сүйүнүчтүү кабарлар болсун силерге, эл таркаган жана КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЧЫККАН КЕЗДЕ АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ...» (Bihar-ul Envar, 51-т., 74-б.)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder