АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫККАН КЕЗДЕ
МУСУЛМАНДАРДЫН БИР РУХАНИЙ ЛИДЕРИ БОЛБОЙТ
АДАМДАР БАШТАРЫНДА БИР ИМАМ (ХАЛИФА)
(Мусулмандардын руханий лидери)
ЖОК АЖЫЛЫК КЫЛЫШАТ... (Kitab-ül
Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 35-б.)
Хасан бин Мүнзирдин Зүрареден риваяты боюнча, Имам
Жафери Садык алейхиссалам аягында мындай деди: «Аллахка ант, аягында кожоюнуңар
сөзсүз чыгат жана МОЙНУНДА ЭЧ КИМДИН
БИАТЫ БОЛБОЙТ (эч кимге моюн сунбаган болот).» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 402-б.)
Эбу Саид Пайгамбардын (сав) мындай дегенин риваят
кылат: «Акыр заманда султандардан (башчылардан) үммөтүмө күчтүү бир балээ
келет. Андан күчтүүрөөгү угулбаган бир балээ. Ушунчалык күчтүү болгондуктан,
жер жүзү аларга тар болот жана зулумдукка толот. МОМУНДАР БУЛ ЗУЛУМДУКТАН КУТУЛУУ ҮЧҮН БИР БАШПААНА ЖАНА БИР КУТКАРУУЧУ
ТАБА АЛЫШПАЙТ...» (El-Beyan,
72-б., Es-Sevaik-ul Muhrika, 161-б., Yenabi-ul
Mevedde, 2-т., 177-б.)
АЛ (Аз. Мехди (ас)) ЧЫГА ТУРГАН ЖЫЛЫ АДАМДАР АЖЫЛЫККА
БАШТАРЫНДА БИР ЭМИР (ХАЛИФА) (Мусулмандардын руханий лидери)
ЖОК БАРЫШАТ... (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El
Berzenci, Kıyamet Alametleri, Pamuk Yayınları, 168-169-б.)
Ибрахим бин Өмер-и Йемани айтат: Имам Эбу Абдуллах
алейхиссалам мындай деди: «Каим (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде, МОЙНУНДА ЭЧ КИМДИН БИАТЫ БОЛБОСТОН (эч
кимге моюн сунбастан) ЧЫГАТ.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 218-219-б.)
... Артында Иса бин Мерйем намаз окуй турган
Каимден (Аз. Мехди (ас)дан) тышкары, биз Эхли Бейттен болгондордун баарыбыздын
мойнунда замандын тагутуна (Аллахтын өкүмүн тааныбаган бүт жандыктар, күч,
шайтан) моюн сунуу болоорун (Аз. Мехди (ас) доорунда динсиздиктин жайылаарын,
дээрлик бүт адамдардын ал системага көз-каранды болоорун) билбейсиңерби? Улуу
Аллах анын көрүнүшүн жашырат жана өзүн жашырат. ОШЕНТИП АЛ КӨРҮНГӨНДӨ АНЫН МОЙНУНДА ЭЧ КИМГЕ МОЮН СУНУУ БОЛБОЙТ... (Kemal'üd-Din, 1-т., 305-б.)
Хишам бин Салим айтат: Имам Эбу Абдуллах
алейхиссалам мындай деди: «Каим (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде АНЫН МОЙНУНДА ЭЧ КИМДИН АНТЫ, УБАДАСЫ ЖАНА
БИАТЫ (моюн сунуу) БОЛБОЙТ.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 219-б.)
АЗ. МЕХДИ (АС) «СЕН МЕХДИСИҢ» ДЕГЕН СӨЗДӨРДҮ КАБЫЛ
АЛБАЙТ; АЛ КААЛАБАГАНЫНА КАРАБАСТАН АНЫ ЛИДЕР КЫЛЫШАТ
Куттуу хадистерде Аз. Мехди (ас)га
моюн сунуунун анын каалабаганына карабастан болоору айтылат. Бул да Аз. Мехди
(ас)дын өзүн эч качан «мен Аз. Мехди (ас)мын» деп жарыялабашын көрсөтөт. Ал
тургай, адамдар ага келип «алааматтар сенде бар, сен Аз. Мехди (ас)сың» десе
да, ал кабыл албайт. Аз. Мехди (ас)га көп жолу «алааматтар сенде бар», «Аз.
Мехди (ас)сың» деп айтылат, бирок ал такыр муну кабыл албайт. Бирок «өлүм менен
коркутулган» соң гана адамдардын өзүнө моюн сунушун кабыл алат.
Адамдар аягында Аз. Мехди (ас)га келишет жана Рүкун
менен Макам арасында, анын каалабаганына
карабастан ага моюн сунушат (аны лидер кылышат). «Эгер кабыл албасаң,
мойнуңа урабыз» дешет. Жер менен асман жашоочулары андан ыраазы болот. (Ali Bin
Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Kahraman
Neşriyat, 31-б.)
Аз. Мехди (ас) мажбурлоо менен гана башчы болууга ыраазы
болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il
Muntazar, 48-б.)
Халифа өлгөн учурда карама-каршылык болот. Медина
калкынан бир киши чуркап Меккеге чыгат. Мекке калкынан бир топ аны (Аз. Мехди (ас)ды) каалабаганына
карабастан (турган жеринен) чыгарышат. Хажар аль-Асвад менен Ибрахим Макамы арасында
ага (Аз. Мехди (ас)га) моюн сунушат. (Sünen-i Ebu
Davud, 5/94; El-Kavlu'l Muhtasa Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 20-б.)
... Жана анан өзү каалабастан моюн
сунууларын кабыл алат. Эгер
силер ага жетсеңер, ага моюн сунгула. Себеби ал жерде да, асманда да Аз. Мехди
(ас). (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin
Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Kahraman Neşriyat, 35-б.)
... Аны кайра Меккеде таап, кайра «сен баланча уулу
баланчасың, энең болсо түкөнчө кызы түкөнчө, сенде мобул мобул алааматтар бар,
биринчи жолу бизден кутулдуң, соз колуңду сага биат кылалы (моюн суналы)»
дешет. Ал болсо «мен издегениңер эмесмин» дейт жана кайра Мединага кетет.
Мединада кайра изделгенде кайрадан Меккеге кайтат. Меккеде аны Рүкунда табышып,
мындай дешет: «эгер моюн сунуубузду
кабыл албасаң, бизди издеп жаткан жана башында Хаддамдан бирөө турган Сүфйан
армиясынан коргобосоң, күнөөлөрүбүз сенин мойнуңа жана кандарыбыз да мойнуңа
болсун» дешет. Ошондо Аз. Мехди (ас) Рүкун менен Макам арасына отурат жана
колун созуп биаттарды (моюн сунууларды) кабыл алат. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 39-40-б.)
Фитна ичиндеги адамдар кан төгүлгөн бир кезде үйүндө отурган Аз. Мехди (ас)га келип,
«биз үчүн тур эми» дешет. Ал болсо кабыл
албайт, өлүм менен коркутулган соң гана алар үчүн турат. Андан соң кан төгүү
болбойт. (İbn Ebi Şeybe, т. VII, 531-б.;
Abdurrezzak H. 20771, т. XI, 372-б.; Kitab-ül
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 52,53-б.)
Аз. Фатиманын урпактарынан келген Аз. Мехди (ас)
Меккеде майданга чыгарылат жана каалабаганына
карабастан ага моюн сунулат. (Kitab-ül
Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 52, 53-б.)
КОЖОЮНДАРЫ (АЗ. МЕХДИ) ТАРТЫНАТ ЖАНА
НАТЫЙЖАДА КААЛАБАГАНЫНА КАРАБАСТАН Бедир тобунчалык санда адам ага моюн сунат.
(Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, 34-б.)
Курани Керимде Йусуф Сүрөсүндө Аз.
Йусуф (ас)дын да өзү каалабаса да өлкөнүн ханы тарабынан чынчылдыгы,
адилеттиги, илими, ишенимдүүлүгү урматында башчы кылынганы кабар берилет:
... Аны менен сүйлөшкөндө болсо
(мындай) деди: «Сенин бүгүн биздин жаныбызда (эми) маанилүү бир ордуң бар,
ишенимдүү (бир кеңешчи-башчы)сың. (Йусуф Сүрөсү, 54)
АЗ. МЕХДИ (АС)ГА КАЕРДЕ БАШ ИЙИЛЭЭРИ
ЖӨНҮНДӨ
Меккеде аны Рүкунда табышып, мындай дешет: «эгер
моюн сунуубузду кабыл албасаң, бизди издеп жаткан жана башында Хаддамдан бирөө
турган Сүфйан армиясынан коргобосоң, күнөөлөрүбүз сенин мойнуңа жана кандарыбыз
да мойнуңа болсун» дешет. Ошондо Аз.
Мехди (ас) Рүкун менен Макам арасына отурат жана колун созуп биаттарды (моюн
сунууларды) кабыл алат. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 39-40-б.)
Рүкун менен Макам арасында ага моюн
сунулат. Аз. Мехди (ас) ушунчалык
мээримдүү болгондуктан, анын доорунда бир адам да уйкусунан ойготулбайт, бир
адамдын да мурду канабайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi
Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 42-б.)
Силер үч же жети күн чыгыштан бир отту көргөнүңөрдө
Ал-и Мухаммеддин чыгышын күткүлө, иншаАллах-у Таада, бир мүнади (жарчы) Аз. Мехди (ас)дын ысмы менен асмандан жар
салат, чыгышта, батыштагылардын баары ал үндү угушат. (Kitab-ül
Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 32-б.)
Күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөн жана бир тууганы да Меккеде
өлтүрүлгөн кезде асмандан бир мүнади
(жарчы) «эмириңер паланча. Жер бетин адилеттикке толтура турган Аз. Мехди
(ас) мына ушул» деп жар салат. (Ali Bin
Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman
Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 35-б.)
Өтө жайылган жана токтошу мүмкүн эместей бир фитна
чыгат жана ал фитна асмандан 3 жолу
«Эмир (башчы) Аз. Мехди (ас), акыйкат ошол» деп жар салынганга чейин уланат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil
Hz. Mehdi (as)yy-il Muntazar, 55-б.)
Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын чыгышын
асмандан келген бир үндүн кабар берээрине, б.а. радио жана телевизор аркылуу
бүт адамдардын бул кубанычтуу кабарды угаарына көңүл бурулууда. Ал үндүн чыгыш
менен батыштагылардын баарына жетээри айтылууда. Ал тургай, ар бир элдин бул
үндү өз тилинде угаары кабар берилүүдө:
Асмандан жердегилерге болгон бир үн;
баары аны өз тилинде угат.
(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin
Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman
Neşriyat, 37-б.)
Учурда жаңылыктар, кабарлар ар
өлкөдө ал өлкөнүн тилине которулуп, радио, телевизор жана интернет аркылуу
заматта бүт адамдарга жеткирилүүдө. Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндөгү кабар да
ушундай жол менен бүт адамдарга жеткирилет.
МУСУЛМАНДАРДЫН РУХАНИЙ ЛИДЕРЛИГИ АЗ.
МЕХДИ (АС)ГА ҮЙҮНДӨ ОТУРГАН КЕЗДЕ КЕЛЕТ
Аз. Мехди (ас) бүт арамдар адал саналган, чоң бир
фитнадан соң чыгат. ХАЛИФАЛЫК
(Мусулмандардын руханий лидерлиги) АГА
ҮЙҮНДӨ ОТУРГАНДА КЕЛЕТ жана өз доорунда жер бетинин эң жакшысы ал болот. (El-Kavlu'l
Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 37-б.)
АЗ. МЕХДИ
(АС) ЧЫККАНДА, БҮТ АДАМДАР АНЫН РУХАНИЙ ЛИДЕРЛИГИ АСТЫНДА БИРИГИШЕТ
Малик бин Замра айтат, Эмирүлмүминин Али
алейхиссалам мага мындай деди: «... Жакшылыктын көпчүлүгү ошол заманда эй
Малик! АЛ ЗАМАНДА КАИМИБИЗ (АЗ. МЕХДИ
(АС)) КЫЯМ ЭТЕТ ... АНАН АЛЛАХ БҮТ БААРЫН АНЫН АЙЛАНАСЫНДА БИРИКТИРЕТ.» (Şeyh
Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 242-б.)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder