20 Şubat 2013 Çarşamba

АРАПЧА БИЛГЕН КЕМЧИЛИКСИЗ МУСУЛМАН, БИЛБЕГЕН КЕМЧИЛИКТҮҮ ДЕГЕН ЛОГИКА ТУУРА ЭМЕС


АРАПЧА БИЛГЕН КЕМЧИЛИКСИЗ МУСУЛМАН, БИЛБЕГЕН КЕМЧИЛИКТҮҮ ДЕГЕН ЛОГИКА ТУУРА ЭМЕС

 

Салих (чын ыкластуу) бир Мусулман болуунун эң негизги шарттарынын бири – бул чын ниет. Такыбалуу бир момун болуу үчүн негизгиси – бул арап тилин билүү же билбеш эмес, Аллахты абдан сүйүү, Аллахтан абдан коркуу, Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн издөө жана максат кылуу. Арапча билгендин баары жакшы Мусулман болот же арапча билбеген Мусулман боло албайт деген сыяктуу пикир туура эмес. Дүйнө жүзүндө болжол менен 280 миллион адам арапча сүйлөйт. Ал адамдар арап тилинин грамматикасын, морфологиясын, акцентсиз окууну өтө жакшы билет. Бирок ал адамдардын көпчүлүгү атеист болуп, материализмди жакташууда же коммунизм, фашизм сыяктуу дин ахлагына туура келбеген идеологияларды кабыл алышууда. Иракта, Египетте, Ливияда, Сирияда, Алжирде, Мароккодо, Тунисте өтмүштө Мусулмандарга кысымчылык көрсөтүп, көптөгөн Мусулмандардын түрмөлөрдө оор шарттарда күн өткөрүшүнө себеп болгондор да өтө жакшы арапча билишет. Чын ыкластуу бир Мусулман болуунун эң негизги шарттарынын бири – бул чыныгы ниет.

Көптөгөн арапча билим берген университеттин философия бөлүмдөрүндө өздөрүнүн төмөн акылдары менен Исламды сындаган, Куранды сындаган (Куранды аруулайбыз), Пайгамбар Мырзабыз (сав)ды сындаган (Пайгамбарыбыз (сав)ды аруулайбыз) сабактар бар. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө көптөгөн университетте арап тили жана адабияты бөлүмү бар, ал бөлүмдөрдөн миңдеген адам диплом алып бүтүрүшүүдө. Бирок ал адамдардын көпчүлүгү материалист, коммунист жана ал тургай атеист болушууда. Өтө жакшы арапча билген бирок Пайгамбарыбыз (сав)га өзүнүн караңгы логикасы менен акаарат айтууга барган кишилердин саны өтө көп. Арапчаны өтө жакшы, өтө туура окуган адамдар да бар. Фатиха Сүрөсүн өтө жакшы окуган масондор, коммунисттер, фашисттер да бар. Ошондуктан, арапча билген жакшы Мусулман болот деген логика туура эмес. 70 миллион калкы бар Түркияда арапча билгендердин саны өтө көп эмес, бирок Ислам бул өлкөдө кемчиликсиз жашалууда.

Мусулмандар Куранды үйрөнүү үчүн да, фыкых илимин үйрөнүүү үчүн да белгилүү Ислам аалымдары даярдаган тафсирлер менен шарият китептерине кайрылышат. Ал эмгектерде бир Мусулманга керектүү бүт маалыматтар кемчиликсиз баяндалган. «Мен жакшыраак түшүндүрөм» деген адамдын сөздөрү эмес, ахли сүннөт аалымдарынын эмгектери Мусулмандар үчүн маанилүү. Мусулмандар ал эмгектерди окуп илим алышат. Мисалы, Куран үйрөнүүнү каалаган бир Мусулман Элмалылы Хамди Йазырдын Курани Керим тафсирин окуп толук маалымат ала алат. Фыкых (шарият) илимин үйрөнүүнү каалаган бир Мусулман болсо Өмер Насухи Билмендин «Чоң Ислам илмихал»ин (Ömer Nasuhi Bilmen, Büyük İslam İlmihali) окуйт. Көбүрөөк маалымат алгысы келсе "Dürrul-Muhtâr"' жана "Redd-ül-Muhtâr" эмгектерин окуйт. Мусулмандар илимин жогорулатуу үчүн жахил (сабатсыз, түшүнүгү жок) «аалым», молдолордун сөздөрүн укпайт, Имам Раббанинин «Мектубат»ын, Имам Газалинин «Ихйа»сын, Мансур Али Насыфтын «Таж Тержүме»син, «Нимети Ислам»ды окушуп, керектүү бүт маалыматты алышат. Исламды туура үйрөнүүнүн жолу да ушул.

 

 

«КУРАНДЫ ЖАНА ХАДИСТЕРДИ ТҮШҮНҮҮ ҮЧҮН СӨЗСҮЗ АРАПЧА ЖАНА ТАЖВИД ИЛИМИН БИЛҮҮ КЕРЕК» ДЕГЕН СӨЗДӨРГӨ ЖООП: «АЗ. МЕХДИ (АС) ИНТЕРНЕТ ИЛИМИН КОЛДОНОТ»

 

1) Учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө Куранды жана хадистерди өз эне тилинде кемчиликсиз бир арапча менен окуган жүз миллиондогон арап бар. Бирок бул Куранды билүү жана аны менен жашоо үчүн жетиштүү эмес.

 

2) Куранды билүү жана аны менен жашоо чын ниет менен болот. Негизгиси – бул Куран менен хадистерди арапча жатка билүү эмес, түшүнүп чын ниет менен ошого карап жашоо. Аллах Куранда «бир гана чын ниеттүү кулдарынын кутулууга жетээрин жана бейишке бараарын» билдирген. (Саффат Сүрөсү, 40) (Саффат Сүрөсү, 74).

 

3) Ал өлкөлөрдө жүз миңдеген коммунист, атеист, масон же дарвинист адамдар бар. Арапчаны суудай билген ал адамдар кааласа Куранды тажвид менен кемчиликсиз окуй алышат. Бул алардын динчил жана такыба болгонун көрсөтпөйт.

 

4) Иракта, Египетте, Ливияда, Сирияда, Алжирде, Мароккодо, Тунисте өтмүштө Мусулмандарга кысымчылык кылган, көптөгөн Мусулмандын түрмөлөрдө оор шарттарда кармалышына себеп болгондор да арапчаны өтө жакшы билишет. Курандын Фатиха Сүрөсүн өтө жакшы окуган масондор, коммунисттер, фашисттер да бар. Ошондуктан «арапча билген жакшы Мусулман», «арапча билбеген болсо жакшы Мусулман эмес» деген логика туура эмес.

 

5) Дүйнөдөгү дарвинисттер, материалисттер, атеисттер, коммунисттер бир адамдын арапча же тажвид илимин билишинен эмес, чын ниеттүү динчил болушунан таасирленишет. Илим жана философия менен дарвинизмдин жер менен жексен кылынышынан коркуп, паника болушат.

 

6) Аз. Мехди (ас)дын да эң негизги жана эң натыйжалуу өзгөчөлүгү «терең ыйманы» болот. Болбосо АЗ. МЕХДИ (ас) да Пайгамбарыбыз (сав) сыяктуу УММИЙ (ИЛИМСИЗ) БОЛОТ.

 

7) Аз. Мехди (ас)дын көп темада терең изилдөө жасоо, чет тилдерди үйрөнүү же тил тамырларын изилдөөгө убактысы болбойт, бирок бул анын кемчиликсиз кызмат кылышына тоскоол болбойт. Бедиүззаман Аз. Мехди (ас)дын «УБАКЫТ ЖАНА АКЫБАЛЫ ЖАГЫНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БОЛБОШУН, УШУЛ СЕБЕПТЕН ДАЯР ЭМГЕКТЕРДЕН ПАЙДАЛАНААРЫН» айткан:

 

Ыймандуулардын туура жолдон чыгышынын алдын алуу жана бул озуйпа (милдет) дүйнөнү жана бүт нерсени таштоо менен, изилдөө жана туураны ортого чыгаруу жана көп убакыт талап кылгандыктан, АЗРЕТИ МЕХДИНИН АЛ ОЗУЙПАНЫ ТҮЗДӨН-ТҮЗ ӨЗҮ КЫЛУУГА УБАКЫТ ЖАНА АКЫБАЛЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРБЕЙТ. Себеби хилафет-и Мухаммедийе (а.с.м.) тарабындагы салтанаты (б.а. Пайгамбарыбыз (сав)дын Мусулмандарга аманаты болгон акыйкат дин Исламды жайуу үчүн кылган укмуш аракети) аны менен алектенүүгө убакыт калтырбайт. Ыктымал ал озуйпаны андан мурда бир топ бир багытта аткарат. АЛ ЗАТ АЛ ТОП КӨПКӨ СОЗУЛГАН ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ ЖАНА АНАЛИЗДЕРИ МЕНЕН ЖАЗГАН ЭМГЕКТИ ӨЗҮНӨ ДАЯР БИР ПРОГРАММА КЫЛАТ, аны менен ал биринчи озуйпаны толук жасаган болот. (Emirdağ Lahikası, б. 266)

 

8) Шейх Экбер Мухйиддин Араби Азрети Аз. Мехди (ас)дын көп иште ага жардамчы боло турган «вазирлеринен», б.а. «шакирттеринен» сөз кылган:

 

Билгин, Аз. Мехди (ас) чыкканда бүт Мусулман олуялар жана эл сүйүнөт. АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АЛЛАХТАН БОЛГОН, Б.А. РУХАНИЙ КОЛДОО КӨРГӨН АДАМДАРЫ (шакирттери) БОЛОТ. Анын (Аз. Мехди (ас)дын) чакырыгын колдошот жана АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЖАРДАМ БЕРИП АНЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКИРИШЕТ. Өлкөгө тиешелүү бүт оор жүктөрдү ошолор аркалашат. АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БЕРГЕН МИЛДЕТТЕН (КЫЗМАТТАН) УЛАМ АГА (Аз. Мехди (ас)га) КӨМӨК КӨРСӨТҮШӨТ...

Анын (Аз. Мехди (ас)дын)... ишенген кишилери, б.а. ВАЗИРЛЕРИ БОЛСО ИШЕНИМДҮҮЛӨРДҮН ЭҢ ИШЕНИМДҮҮЛӨРҮ.

... АЛЛАХ БИР ТОП КИШИНИ АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ВАЗИР ДАЙЫНДАГАН...

... Өзгөчө АЛ ВАЗИРЛЕР БҮТ ТАРМАКТА ЧЫНДАП АРИФ (илимдүү) КИШИЛЕР БОЛУШАТ.

 

... ДАГЫ АЛ ВАЗИРЛЕРДИН БЕЛГИЛҮҮ БИР ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ – АЛАРДЫН ЭЧ КАЧАН СОГУШ МАЙДАНДАРЫНДА (КААПЫРЛАРГА ЖАНА АТЕИСТ АГЫМДАРГА КАРШЫ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ИЛИМИЙ КҮРӨШТӨ) ЖЕҢИЛҮҮГӨ ТУШ БОЛБОШУ... ("Futuhat-El Mekkiye", 366-бап, т.3, б. 327- 328)

 

9) Мындан тышкары, Аз. Мехди (ас)дын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – ал Аллахтан келген даанышмандык жана илимдер менен жабдылат. Хадистерде бул мындайча айтылган:

 

«Аз. Мехди (ас) бизден, Эхли Бейттен. АЛЛАХ АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) БИР ТҮНДӨ ОҢДОЙТ. (б.а. тообосун кабыл алат же даанышмандыктар менен жабдыйт. (Sünen-i İbni Mace Kitabü-l 'fiten Tercemesi ve Şerhi- Kahraman Neşriyat, том 10, Mütercim: Haydar Hatipoğlu, Бап: 34, б. 348)

 

«Эй Эхли Бейт! Мехди (ас) бизден. Азиз жана жалил АЛЛАХ АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) БИР ТҮНДӨ ОҢДОП, ИРШАД КЫЛАТ (туура жолду көрсөтөт).» (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, İmam Şarani, б. 437)

 

10) Аз. Мехди (ас) Аллахтын берешендиги менен укмуштуу бир илимге ээ болот. Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын башка адамдарда болбогон «ВЕХБИ (ЖАШЫРУУН) ИЛИМДЕРГЕ ЖАНА ЛЕДҮН ИЛИМИНЕ ЭЭ БОЛООРУ» кабар берилген. Мухйиддин Араби Азрети Аз. Мехди (ас)дын мындай өзгөчөлүгүн төмөнкүчө баян кылат:

1. ПАРАСАТТУУ БОЛУШУ 

2. Ыйык китепти түшүнүшү

 3. Аяттардын маанисин билиши

 4. ДАЙЫНДАЙ ТУРГАН КИШИЛЕРИНИН РУХАНИЙ АБАЛЫ МЕНЕН ИШ-АРАКЕТТЕРИН БИЛИШИ 5. Ачууланганда да мээрим менен адилеттиктен четтебеши 6. Жандыктардын класстарын билиши

 7. ИШТЕРДИН ТАТААЛ ТАРАПТАРЫН БИЛИШИ. Себеби булардан кабардар болгон бир лидер бере турган өкүмдөрүндө жаңылбайт. Аз. Мехди (ас) салыштыруу илимин аны менен өкүм берүү үчүн эмес, андан качынуу үчүн билет. Себеби берген өкүмү туура бир илхам натыйжасы болот. Б.а. Аз. Мухаммед (сав) алып келген Куранга ылайык өкүм берет. Ушул себептен Пайгамбарыбыз (сав) аны сүрөттөп жатканда «Менин изимден жүрөт, ката кетирбейт» деген. Мындан көрүнүп тургандай, Аз. Мехди (ас) жаңы бир дин алып келбейт, акыйкат дин болгон Куранга моюн сунат. 8. Адамдардын муктаждыгын жакшы түшүнүшү.  Себеби алардын ар кандай иштерине жарашы үчүн Аллах аны башка адамдарга башчы кылып тандаган. Лидерлердин мамиле менен иш-аракеттери өздөрүнөн мурда эл кызыкчылыгын көздөшү керек... Элдин пайдасына каршы нерселер менен алектенип, алардын иштерине жарабаган бир лидер айдалышы керек. Себеби аны менен башка адамдар арасында эч айырма калбаган болот. 9. ӨЗГӨЧӨ АНЫН ЗАМАНЫНДА МУКТАЖДЫК БОЛГОН КАЙЫП ИЛИМДЕРИН БИЛИШИ. Себеби ошондо гана жаңы жаңы чыккан маселелерди чече алат. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, Pamuk Yayınları, Kıyamet Alametleri, б. 189)

11) Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүгү укмуш акылдуу, терең ыймандуу жана абийирлүү болушу. Ансыз да бир мужтахид менен мужеддид үчүн эң негизгиси жана керектүүсү – бул анын терең ыйманы менен күчтүү абийири.

 

12) Мындан тышкары, Аллах акыр заманда компьютер менен интернет технологиясын Аз. Мехди (ас)дын кызматына берет. АЗ. МЕХДИ (ас) ЖАТТОО МЕНЕН ӨЗҮНҮН ЭС-ТУТУМУНУН ОРДУНА, ИНТЕРНЕТ МЕНЕН КОМПЬЮТЕРДИН ЭС-ТУТУМУН КОЛДОНОТ, УШУЛ СЕБЕПТЕН УКМУШ КӨП МААЛЫМАТКА ЭЭ БОЛОТ. Дүйнөдө эч ким интернеттей көп маалыматка ээ эмес. Эч кимдин эсинде анча көп маалыматты тутушу; миңдеген адам араң эсинде тута алган интернеттеги маалыматтын баарын өзүндө топтошу мүмкүн эмес. Ошондуктан Аз. Мехди (ас) интернет аркылуу ар кандай маалыматты алат жана ал доордун бүт маалымат архивдерин колдонот. Каалаганда дүйнөнүн бүт маалыматы маңыздуу абалда ага келет. Демейде бир аалым өз илимин гана колдонсо, Аз. Мехди (ас) интернет аркылуу өтө кеңири масштабдуу бир кеңешмени жана маалымат архивин колдонот. Өз доорунун бүт аалымдарынын илимдеринен жана өз тармагындагы адистердин баарынан пайдалануу менен эң туура жана кемчиликсиз маалыматтарга жете алат.

 

 

13) ИНТЕРНЕТТЕГИ МААЛЫМАТТЫН КӨПТҮГҮ СЕБЕБИНЕН АЗ. МЕХДИ (ас)ДЫН КУРАН, ХАДИС ЖАНА МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАТТОО МУКТАЖДЫГЫ ДА БОЛБОЙТ. Илгерки доорлордо ал замандын шарттары арапча билүүнү талап кылгандыктан, Куранды арапча жатка билүү маанилүү эле. Бирок БҮГҮНКҮ КҮНДӨ КУРАНДЫН БҮТ ТИЛДЕРДЕГИ МААНИЛЕРИНИН КОТОРМОЛОРУ ИНТЕРНЕТТЕ БАР. Ошондуктан интернет бул муктаждыкты жойду. Себеби интернетте ар кандай маалыматка оңой гана жетүүгө болот. Тажвид жана Курандын котормосу үчүн керектүү илимдерде адис боло алуу үчүн сөздөрдүн бүт арапча уңгуларын толук билүү, алардын башка тилдерде кандайча колдонулаарын түшүнүү керек. Ал үчүн парсы, еврей тилдери сыяктуу ар кандай тилдерди да билүү зарыл. Чындыгында болсо эч кимдин бүт сөздүктөрдүн баарын жатка биле албашы анык. Ал үчүн компьютер менен интернетке муктаждык бар. Арапча ар бир сөздүн ар кандай маанилери, Курандын арапча дагы, башка тилдеги дагы түшүндүрмөлүү котормолору, Кутуби Ситте хадистеринин арапчалары жана ар бир сөзүнүн маанилери түшүндүрмөлөрү менен интернетте бар. Интернетке киргендердин баары ал маалыматтарды оңой гана ала алышат. АЗ. МЕХДИ (ас) да интернеттеги ал маалыматтарды колдонуп арапча, парсча, еврей тили сыяктуу көптөгөн чет тилдеги изилдөөлөрүндө дайыма ал багыттагы тил адистеринен жана кеңири аалымдар тобунан пайдаланат; ОШЕНТИП АРАПЧАНЫН ЭҢ БАЙЫРКЫ ТИЛ ТАМЫРЫНА ЧЕЙИН БИЛЕТ. Мындан тышкары, интернетте генетика, молекулярдык биология, палеонтология, биохимия сыяктуу бүт илим тармактарындагы жана ар кандай темадагы бүт маалыматтар да бар. Эч ким баарын жатка биле албаган бул маалыматтар Аллахтын бир берешендиги менен интернетте даяр абалда адамдардын кызматына сунулган. Аз. Мехди (ас) да интернет аркылуу бул маалыматтардын баарына ээ болот.

 

14) БҮТ БУЛАРДЫН НАТЫЙЖАСЫНДА БОЛСО АЗ. МЕХДИ (АС) ТЕҢДЕШСИЗ БИР ДҮЙНӨ МААЛЫМАТЫНА ЭЭ БОЛОТ ЖАНА БҮТ АЛ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНДЫСЫ МЕНЕН АБИЙИРИНИН ҮНҮ МЕНЕН ТУУРАЛАРДЫ АНЫКТАЙТ. АЛЛАХТЫН ИЛХАМЫ МЕНЕН ИШ-АРАКЕТ КЫЛГАНДЫКТАН КАТА КЕТИРБЕЙТ ЖАНА ЭЧ КЕМЧИЛИКСИЗ ЖОРОМОЛ ЖАНА ӨКҮМДӨРДҮ ЧЫГАРАТ. Мунун натыйжасында болсо эң күчтүү аалымдын да Аз. Мехди (ас)дын мындай илими алдында илими жетишсиз болуп калат. УШУЛ СЕБЕПТЕН АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАШАП ӨТКӨН ЭҢ ЖОГОРКУ МУЖЕДДИД ЖАНА МУЖТАХИД ӨЗГӨЧӨЛҮГҮНӨ ЭЭ БОЛОТ.

 

15) Аз. Мехди (ас) өз заманынын бүт маалымат архивин колдонгондон тышкары, кеңешүүнү да өтө жакшы жасайт. Ошентип эң туура маалыматты абийири менен эң туура баалайт. ЖАНА БЕРЕ ТУРГАН ЧЕЧИМДЕРИНДЕ КАТА КЕТИРБЕЙТ. Шейх Мухйиддин Араби Азрети Пайгамбарыбыз (сав)дын муну баяндаган бир хадисин мындайча алып жазган:

 

Ушул себептен Пайгамбар (сав) аны (Аз. Мехди (ас)ды) сүрөттөп жатканда «Менин изимден жүрөт; ката кетирбейт» деген. Мындан көрүнүп тургандай, Ал (Аз. Мехди (ас)) шарият алып келбейт, шариятка моюн сунат (б.а. Аз. Мехди (ас) жаңы бир китеп алып келбейт, Куранга моюн сунат). Жана ошол эле учурда КҮНӨӨДӨН ДА АЛЫС. БУЛ ЖЕРДЕГИ КҮНӨӨСҮЗДҮК – АНЫН ӨКҮМ БЕРҮҮДӨГҮ КҮНӨӨСҮЗДҮГҮ. Себеби чыныгы мааниде күнөөсүздүк Пайгамбарда гана болушу мүмкүн. Ал (Аз. Мехди (ас)) болсо Пайгамбар эмес, Вели (Олуя). Олуялар күнөө кылуудан корголушкан; күнөөсүз эмес. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, б. 190)

 

16) «Аз. Мехди (ас) бизден, Эхли Бейттен. АЛЛАХ АНЫ (МЕХДИНИ) БИР ТҮНДӨ ОҢДОЙТ (б.а. тообосун кабыл алат же даанышмандыктар менен жабдыйт). (Sünen-i İbni Mace Kitabü-l 'fiten Tercemesi ve Şerhi- Kahraman Neşriyat, том 10, Mütercim: Haydar Hatipoğlu, бап: 34, б. 348)



 

«Эй Эхли Бейт! Мехди (ас) бизден. Азиз жана жалил АЛЛАХ АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) БИР ТҮНДӨ ОҢДОП, ИРШАД КЫЛАТ (туура жолду көрсөтөт).» (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, İmam Şarani, б. 437)

 

Тексттин мурдакы бөлүмдөрүндө терең айтылып кеткендей, Пайгамбарыбыз (сав)дын бул хадистеринде «Аллах Кабатынан Аз. Мехди (ас)га бир түндө кереметтүү өзгөчөлүктөр менен илимдердин берилээри» кабар берилген. Бирок хадистерде айтылган «БИР ТҮНДӨ» сөзү ошол эле учурда бүгүнкү күндөгү интернет технологиясы аркылуу ыкчам жетүүгө мүмкүн болгон ар кандай маалыматка жана Аз. Мехди (ас)дын интернет аркылуу бир түндө ал маалыматтарды алып илимин жогорулатаарына да ишарат кылууда. Аз. Мехди (ас) интернет технологиясын колдонуп радио, телевизор жана чөнтөк телефондору сыяктуу кеңири байланыш каражаттары аркылуу Ислам ахлагынын жайылышына жана дүйнөнүн бүт тарабындагы адамдардын иршад болушуна (хидаят (туура жолду) табышына) да себепчи болот. Аз. Мехди (ас)дын түнү-күнү жасаган ал иршад кызматы башка хадистерде да айтылат. Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин өзгөчө түнү жасаган иш-аракеттерине мындайча көңүл бурган:

 

Бедир согушундагы аскерлер сыяктуу 313 кишинин башында туруп айланага сес көрсөтөт. Себеби ал 313 киши ТҮНКҮСҮН АБИД (КӨП ИБАДАТ КЫЛГАН АДАМ) күндүз баатыр сыпатына ээ. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, Pamuk Yayınları, б. 169) Араларында аялдар да болгон 314 кишилик бир топ түзүшөт. Алар заалымдардын баарын жеңишет. Алардын жүрөктөрү темирдей жана алар күндүз арстан, ТҮНКҮСҮН БОЛСО АБИД. Мурдакылар да, кийинкилер да өз мал-жанын аябастыкта аларга жете алышпайт. (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 57-68)

 

Бул хадистерден, Бедиүззаман да айткандай, күндүз көп иштер менен алек болгон Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин түнкүсүн интернетти колдонуп ар кандай фыкых маалыматтарын ала алаары жана адамдарды туура жолго чакыраары көрүнүп турат. Бул хадистердеги «ТҮНКҮСҮН БОЛСО АБИД (ИБАДАТ КЫЛУУЧУ)» сөзү менен Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин динге чакыруу иш-аракеттерин күндүзү эле эмес, интернет, телевизор жана радио сыяктуу каражаттар менен түнкүсүн да улантаарына көңүл бурулган.

Куранда да «Чындыгында түн кубанычы (түн ибадаты адамдын ички дүйнөсүнө болгон) таасири жагынан күчтүүрөөк, окуу жагынан бекемирээк.» (Муземмил Сүрөсү, 6) аяты менен билдирилгендей, Пайгамбарыбыз (сав) түндөрү иш-аракет кылган сыяктуу, Аз. Мехди (ас) да түнкүсүн көптөгөн илимий баяндарды жасап, адамдарды агартат.

 

17) Пайгамбарыбыз (сав)дын көптөгөн хадисинде «акыр заманда Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин кызматына бериле турган бул интернет технологиясынын кемчиликсиздигине жана жаттоо муктаждыгынын жоголооруна» ишараттар бар. Бул хадистердин кээ бирлери мындай:

 

... АЛАР (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ШАКИРТТЕРИ) БҮТ ДҮЙНӨНҮ МҮНӨТТӨР ИЧИНДЕ БАСЫП ӨТҮҮ КҮЧҮНӨ ЭЭ. (Bihar-ül Envar, том 52, б. 318; Mikyaal al-Makaarem, том 1, б. 148 Basaaer al-Darajaat'dan aktarıyor.)

 

Аз. Мехди (ас) менен шакирттери интернет аркылуу дүйнөнүн каалаган жери менен бир канча мүнөт ичинде байланыш кура алышат.

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ААЛАМ АЛАКАНЫНА САЛГАНДАЙ КӨРҮНӨТ. (Bihar-ül Envar, том 52, б. 328)

 

Хадисте Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин акыр замандагы интернет технологиясынан пайдаланаары көрүнүп турат.

 

Имам Жафери Садык алейхиссаламдын уулу Мухаммеддин риваяты боюнча Имам алейхиссалам мындай деди: «АЗ. МЕХДИ (АС) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ ар мамлекетке бир элчи жөнөтөт жана ар бир элчиге мындай дейт. «СЕНИН ОСУЯТЫҢ КОЛУҢДА».

Түшүнбөгөн бир абалга туш болсоң жана өкүм берүүдө кыйналсаң КОЛУҢА КАРА ЖАНА КОЛУҢДА ЖАЗЫЛГАНДЫ ЖАСА.»... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 381)

 

Аз. Мехди (ас) доорунда башчы кызматындагылар байланышты жана билбеген нерселерин изилдеп билүүнү колдорундагы компьютерлер, компьютерлүү чөнтөк телефондору менен интернет аркылуу кылышат.

 

Аз. Мехди (ас) ЖАЛЫНДУУ ХИДАЯТ ШАМАНАСЫ (ФАКЕЛ) МЕНЕН ААЛАМДЫ КЫДЫРАТ жана салихтердей жашайт. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, б. 281-282 жана 266 жана 300.)

 

Аз. Мехди (ас) менен шакирттери телевизор, интернет жана спутник аркылуу дүйнөлүк масштабда динге чакыруу жасап адамдардын хидаятына себепчи болушат.

 

Иштер ээсине (Аз. Мехди (ас)га) аманат кылынганда Улуу Аллах ал үчүн дүйнөнүн эң төмөнкү жерин бийик кылат, эң бийик жерлерди болсо ылдыйлатат. ОШЕНТИП БҮТ ДҮЙНӨНҮ АЛАКАНЫНЫН ИЧИН КӨРГӨНДӨЙ КӨРӨТ. Араңардан кимиңер алаканынын ичинде бир тал чач болсо аны көрө албайт? (Bihar-ül Envar, 5- том, б. 328)

 
Аз. Мехди (ас) доорунда спутниктик телеберүү, телевизор жана интернет системалары Аз. Мехди (ас)га кызмат кылат.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder