19 Şubat 2013 Salı

АЗ. ИСА (АС) АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БАШ ИЙЕТ


АЗ. ИСА (АС) МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС) БИРГЕ ИЛИМИЙ КҮРӨШ ЖҮРГҮЗӨТ, АЗ. ИСА (АС) АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БАШ ИЙЕТ

 

 

АЗ. ИСА (АС) АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БАШ ИЙЕТ ЖАНА АЗ. МЕХДИ (АС) НАМАЗДА АЗ. ИСА (АС)ГА ИМАМДЫК КЫЛАТ

 

Наим Эбу Саидден риваят кылынышы боюнча, Расулуллах (сав) мындай дейт: Иса б. Мерйем артында намаз окуй турган киши бизден (АЗ. МЕХДИ (АС)). (Kitabül Burhan fi Alametil Mehdiyyil Muntazar, 78-б.)

 

Ибни Эби Шейбе Мусаннефинде Ибни Ширинден алып айтты. Мындай деген: Аз. Мехди (ас) бул үммөттөн жана Аз. Иса (ас)га имам болот. (Kitabül Burhan fi Alametil Mehdiyyil Muntazar, 79-б.)

 

Нуайм б. Хаммад Абдуллах б. Амрдан алып айтты. Мындай деген: Аз. Мехди (ас) – Иса Ибни Мерйем ага түшө турган жана артында намаз окуй турган киши. (Kitabül Burhan fi Alametil Mehdiyyil Muntazar, 79-б.)

 

Бухари менен Муслим Эбу Хурейреден риваят кылган. Мындай деген: Мерйем (Мариям) уулу Иса (ас) араңарга түшкөндө жана имамыңар силерден (АЗ. МЕХДИ (АС)) болгондо, көрөлү эмне кыласыңар? (Kitabül Burhan fi Alametil Mehdiyyil Muntazar, 79-б.)

 

АЗ. ИСА (АС) АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ЖАРДАМЧЫ БОЛОТ, АГА БАШ ИЙЭЭРИН АЙТАТ

 

Аз. Иса Пайгамбар (ас) ЗАМАНДЫН ИМАМЫНА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЖАРДАМЧЫ БОЛУУ, АГА БАШ ИЙЭЭРИН АЙТУУ ЖАНА АНЫН АРТЫНДА НАМАЗ ОКУУ ҮЧҮН асмандан түшөт. (Şeyh Sadık, Al-Amaali, Oturum 39, 181-бет; İküd'dürer, 157- жана 230-б.)

 

АЗ. ИСА (АС) ЭКИНЧИ ЖОЛУ ДҮЙНӨГӨ КЕЛГЕНДЕ, ҮСТҮНДӨ МӨӨРҮ БАР КИТЕПТЕР МЕНЕН ИСЛАМ АХЛАГЫНА ЧАКЫРАТ

 

Аз. Иса (ас) аны (сандыкты) алып ачат жана ичинен бир мөөр, миң китеп табат, ал китептер менен Исламды жандантат. (Risalet'ül Meşrep elverdi fi mezhebi bil Mehdi, Ali bin Sultan Muhammed-el Kari, 4-Б. -Enis el-Cülesci китебинен)

 

Хадисте берилген маалыматтан Аз. Иса (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав)дын мөөрү менен мөөрлөнгөн китептерди табаары, ал сонун, кемчиликсиз эмгектер менен Исламга чакыраары түшүнүктүү болууда.

 

АЗ. ИСА (АС) МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС) КӨРҮНҮШҮ ЖАНА МҮНӨЗҮ ЖАГЫНАН БИР-БИРИНЕ АБДАН ОКШОШ БОЛОТ

 

Абдуллах бин Замре Ибни Мати-и Химйери (Каъб-ул Ахбар)ден риваят кылышы боюнча мындай деген: «... Кыям эте турган (Каим) Аз. Мехди (ас) Алинин урпактарынан. Ал (Аз. Мехди (ас)) бул жер жүзүн жер жүзүнөн башка бир абалга алып келет. Каим (Аз. Мехди (ас)) Алинин урпактарынан. (Сеййид) ЖАКШЫЛЫКТА, КӨРҮНҮШҮНДӨ ЖАНА АДЕП-АХЛАГЫНДА ЭҢ КӨП АЗ. ИСА (АС)ГА АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ОКШОШОТ. Аллах пайгамбарларга берген (бийиктикти) ага да берет. Ага артыкчылыктар менен кооздуктарды берет...» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 169-б.)

 

АЗ. ИСА (АС) АЗ. МЕХДИ (АС) УБАГЫНДА МУСУЛМАН БОЛУП ЖЕР БЕТИНЕ ТҮШӨТ

 

Аз. Иса (ас) Пайгамбар Мырзабыз (сав)га үммөт болуу үчүн түшөт. Чыныгы (акыйкат) Инжилде Мухаммед алейхиссаламдын артыкчылыктарын көргөн АЗРЕТИ ИСА АНЫН ҮММӨТҮНӨН БОЛУУ ҮЧҮН КӨП ЖАЛБАРЫП, ДУБА КЫЛГАН ЖАНА ДУБАСЫ КАБЫЛ КЫЛЫНГАН. Аллах Таала аны тирүү абалында асманга көтөргөн. Кыяматка жакын Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү болуу үчүн жер бетине түшүп, анын динине моюн сунат жана аны жайат, Христиандык жана Еврейлик сыяктуу бурмаланган диндерди Ислам динине кайтарат. (Herkese Lazım Olan İman, Ebü'l-Baha Ziyaeddin Mevlana Halid b. Ahmed Halid-i Bağdadi, 1242/1827 ; Trc: Kemahlı Feyzullah Efendi, 6. bsk., İstanbul, İhlas Yayınları, 1989)

 

АЗ. ИСА (АС) ИНЖИЛДЕ БУЛ ҮММӨТТҮН МАКТООГО ТОЛГОН СЫПАТТАРЫН КӨРГӨНДӨ, АЛАРДАН КЫЛЫШЫ ҮЧҮН АЛЛАХКА ДУБА КЫЛЫП, АЛЛАХ АНЫН ДУБАСЫН КАБЫЛ КЫЛГАН. Күнү (убактысы) келгенде мужеддид катары жер бетине түшүшү ушул себептен. (Kütüb-i Sitte Tercüme ve Şerhi, Feza Gazetecilik, 1996, 14/74)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) АЗ. ИСА (АС)ДЫН ДА ИМАМЫ БОЛОТ

 

Расулуллах (сав) Мырзабыз кубануу менен мындай деген: «Дайыма үммөтүмдөн бир жамаат кыяматка чейин акыйкатты көтөрүү үчүн пикирдик күрөш жүргүзөт, МЕРЙЕМ УУЛУ ИСА (АС) ЖЕР БЕТИНЕ ТҮШӨТ. ЭМИРЛЕРИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) АГА (АЗ. ИСА (АС)ГА) «БИЗГЕ НАМАЗ КЫЛДЫР» ДЕГЕНДЕ, «ЖОК» ДЕЙТ ... ЖАНА «ИМАМ МЕХДИНИ» ИМАМДЫККА ӨТКӨРӨТ» (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), 1-т., 209-б.)

 

КЕХФ СҮРӨСҮНДӨ АЙТЫЛГАН «ЭКИ ЖЕТИМ БАЛА» АЗ. ИСА (АС) МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ИШАРАТ КЫЛАТ

 

«Дубал болсо шаарда ЭКИ ЖЕТИМ БАЛАНЫКЫ ЭЛЕ, астында аларга тиешелүү бир казына бар эле; АТАЛАРЫ САЛИХ БИРӨӨ ЭЛЕ. Раббиң алардын жетилип, өз казыналарын чыгарышын каалады; (бул) Раббиңден бир мээрим. Буларды мен өз ишим катары (өз оюмдан) кылган жокмун. Мына сен сабыр кылууга күчүң жетпеген нерселердин жоромолу.» (Кехф Сүрөсү, 82)

 

Кехф Сүрөсүндөгү Аз. Хызыр кыссасында «эки жетим баланын» бар экени айтылууда. Ал эки жетим баланын «аталарынын болсо салих (ыкластуу) бир киши экени» айтылат. Аяттын бул сөздөрүндө Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)га ишараттар бар. Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын жаш кезинде атасынан айрылып, жетим калаары айтылган:

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ЖЕТИМ БОЛОТ. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 176-б.)

 

Белгилүү болгондой, Аз. Иса (ас)дын да атасы жок. Ушул себептен Аз. Иса (ас) да жетим. Ошондой эле, Аз. Иса (ас) да, Аз. Мехди (ас) да бир атадан келет. Ошондуктан экөөсүнүн тең атасы Аз. Ибрахим (ас). Кехф Сүрөсүндөгү «аталары салих бирөө эле» сөздөрү болсо Аз. Ибрахим (ас)га ишарат кылууда. Башка бир Куран аятында Аз. Ибрахим (ас)дын бул өзгөчөлүгү төмөнкүчө билдирилген:

 
Жана Биз ага (Аз. Ибрахимге) дүйнөдө бир жакшылык (кооздук) бердик; КҮМӨНСҮЗ АЛ АКЫРЕТТЕ ДА САЛИХТЕРДЕН. (Нахл Сүрөсү, 122)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder