20 Şubat 2013 Çarşamba

АКЫР ЗАМАНДЫН ЫЙМАНЫ АЛСЫЗ ДИН ААЛЫМДАРЫ


 

«Кыямат алааматтарынан жана акыр заман окуяларынан жана кээ бир амалдардын пазилет жана соопторунан сөз кылган куттуу хадистер жакшылап түшүнүлбөгөндүктөн, акылдарына ишенген КЭЭ БИР ИЛИМДҮҮЛӨР алардын бир бөлүгүн алсыз же тема (хадис) дешкен. ЫЙМАНЫ АЛСЫЗ ЖАНА ТЕКЕБЕР КЭЭ БИРЛЕР БОЛСО (акылын сүйгөн, өзүн өйдө, кемчиликсиз жана жогору сезген; жана өз напсисин кудай кылган кишилер болсо (Аллахты аруулайбыз)), ТАНУУГА (КААПЫРДЫККА) ЧЕЙИН БАРЫШКАН.» (Sözler, б: 355) 

 

Бедиүззаман Саид Нурси «ыймандары алсыз» жана «өтө текебер» кээ бир аалымдардын Аз. Иса (ас)дын чыгышын жана Аз. Мехди (ас)дын келишин бурмалап же жокко чыгараарын кабар берген. Бедиүззаман көңүл бурган бул «аалымдардын» андай мамилеси болсо алардын чындыгында социалист, дарвинист жана материалист билим алган кишилер болушунан келип чыгат. Ал кишилер – өздөрүнөн жогору бир макамдын бар экенин кабыл албаган, баары өзүн өз-өзүнчө кудайлаштырган (Аллахты аруулайбыз), өздөрүн дүйнөнүн эң илимдүүсү кабыл алган жана баарынан жогору көргөн адамдар. Ушул себептен бир мезхепке моюн сунууну да, Аз. Мехди (ас)ды ээрчүүнү да кабыл алышпайт. Аз. Мехди (ас)дын чыгышын да, Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө келишин да кабыл алгысы келбешинин себеби ушул.

Бедиүззаман өз сөзүндө, ал кишилердин, алар ойлогондон тескерисинче, Аллахка болгон ишенимде күмөн санаган, ыймандары алсыз, акылдары кем кишилер экенин айткан. Пайгамбарыбыз (сав) көз жумган соң Эхли Бейтке кол салган, Аз. Осман, Аз. Өмер, Аз. Али жана Аз. Хусейин менен Эхли Бейт имамдарын шейит кылган көз-караш да ушул эле. Бул кир (пас) адам модели – текебер, чектен чыккан, жашыруун атеист, фитна чыгаруучу саясат түшүнүгү менен руху да, жүзү да карарган адам мүнөзү.

 

 

АКЫР ЗАМАНДЫН ЫЙМАНДАРЫ АЛСЫЗ ДИН ААЛЫМДАРЫНЫН МҮНӨЗДӨРҮ

 

=       Эң негизги белгиси жүздөрүндө нур болбошу; таш боор бир кебетеде болушу.

 

=       Көз-караштары кыйшык жана көздөрү жек көрүүгө толо. Мимикалары өтө жасалма. Өздөрүн дайыма алдыга чыгарышат.

 

=       Сүйлөгөндө эч нерсени Аллахка бербейт; Аллахтын жаратканын айтуудан өтө качынышат (Аллахты аруулайбыз).1 Сүйлөгөндө тагдырдан, тозоктон, бейиштен сөз кылуудан качынат; бул темаларды мүмкүн болушунча айткылары келбейт.

 

=       Бир темада сөз кылып жатканда өздөрүн баарын билгендей көрүп баяндашат.1 Сый-урматсыз жана дайыма талашып-тартышууга даяр бир услупта болушат.

 

=       Сүйүүнү, урматтоону, боорукердик, мээримди билишпейт.

 

=       Чектен чыккан жана тап берүүчү мамилелери менен көңүл бурушат.

 

=       Баарын билгендей жана өтө илимдүүлөй мамиле жасашат.

 

=       Динди бир кесип же бир аброй себепчиси катары көрүшөт.

 

=       Арапча же башка бир тилди билбеген бирөө менен сүйлөшүп жатканда, маңдайындагы адамдын же элдин көпчүлүгүнүн чет тилди билбегенин билип туруп, өзүн илимдүү көрсөтүү жана мактануу үчүн гана тынымсыз арапча аралаштырып сүйлөшөт.

 

=       Ушакчы, тымызын, жашыруун кекчил мүнөздөрү бар.

 

=       Сулуулуктан, сүйүүдөн, боорукердиктен, мээримден, кооздуктан сөз кылгылары келбейт.

 

=       Дин менен байланыштуу маселелерди Куранга, хадиске, абийирге карап жоромолдошпойт. Жоромол, баалоолорун өздөрүнүн кир логикалары жана пас акылдары менен жасаганга аракеттенишет.

 

=       Динсиздерге (атеисттерге) жагынуу, алардын колдоосун алуу үчүн эки жүздүү сүйлөшөт. Чын ыкластуу диндарларга карата кычкыл жана орой мамиле кылышат.

 

=       Дүйнөнүн утурумдук экенин көп айткылары келбейт. Ишенбеген нерселерине ишенгендей көрүнүшөт.

 

=       Топторго бөлүнүү, бөлүүчү маанайда. Бириктирүүчү эмес.

 

=       Атеисттерге урмат көрсөтүп, жагынууга аракет кылышат. Чын ыкластуу диндарларга карата болсо басмырлоочу, орой мамиле жасашат. Кызганчаактыгын жашырууга аракет кылышат, бирок апачык билинип турат.

 

=       Атеисттер (динсиздер) андай кишилерди өтө барктап, маани беришет. Диндарларга кол салууда көбүнчө ушундай уятсыз кишилер колдонулат. Динсиздер динге жана диндарларга кол салгысы келгенде, ушул кишилерди колдонушат. Динсиздердин аларга көрсөткөн урматынан улам текебердиги андан да өсөт.

 

=       Майда-бараттарга кирип демагогия кылууда өтө «уста» болушат. Абал жана шарттарга жараша, хамелеон сыяктуу түрлөрүн өзгөртүшөт. Динсиздерди жактап, диндарларга каршы сөздөрдү айтып жагынууга аракеттенишет. Динсиздердин кол алдында мындай уятсыз бир топ дайыма болот. 

 

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder