19 Şubat 2013 Salı

МҮНАФЫКТАР ЖӨНҮНДӨ КУРАН АЯТТАРЫ



ПАЙГАМБАРГА КАРШЫ ЧЫГУУГА ҮНДӨШҮ

 

«Жашыруун чогулуштардын шыбырашмайларынан» кайтарылып, анан (ошол) кайтарылган нерсеге кайра кайткандарды; күнөө, душмандык жана пайгамбарга баш көтөрүүнү (өз ара) шыбырашкандарды көрдүңбү? Алар сага келгенде, сени Аллах саламдаган сыяктуу саламдашат. Жана өздөрүнө өздөрү: «Айткандарыбыз үчүн Аллах бизге азап бербейби.» дешет. Аларга тозок жетет; ошол жерге киришет. Ал бара турган кандай жаман орун. (Мүжаделе Сүрөсү, 8)

 

Шексиз, «жашыруун чогулуштардын шыбырашмайлары» ыйман келтиргендерди кайгыга салуу үчүн бир гана шайтан (жасаган иштер)ден. Бирок Аллахтын уруксаты болмоюнча ал аларга эч кандай зыян тийгизе албайт. Демек момундар бир гана Аллахка тобокел кылышсын. (Мүжаделе Сүрөсү, 10)

 

Ант болсун, мурда алар фитна издешкен эле. Жана сага каршы бир катар иштерди жасашкан. Аягында алар каалабаса да акыйкат келди жана Аллахтын буйругу ачыкка чыгып-жогору болду. (Тообо Сүрөсү, 48)

 

Алар адамдардан жашырышат да, Аллахтан жашырышпайт. Чындыгында болсо алар Ага жакпай турган нерсени «түндөлөрү пландап түзүп жатышканда» (Аллах) алар менен бирге. Аллах – жасагандарын курчоочу. (Ниса Сүрөсү, 108)

 

«Макул-кабыл алдык» дешет. Бирок жаныңдан чыкканда алардан бир топ караңгыларда сенин айтканыңдын тескерисин пландашат. Аллах караңгыларда пландагандарын жазып жатат. Сен болсо алардан жүз бур жана Аллахка тобокел кыл. Векил (таянылуучу Зат) катары Аллах жетет. (Ниса Сүрөсү, 81)

 

МҮНАФЫКТАРДЫН КАБАР ТАШЫШЫ, ЖАМАНДЫК МЕНЕН ЗЫЯНДАН БАШКА НЕРСЕ АЛЫП КЕЛБЕШИ

 

Силер менен бирге чыгышканда, силерге «жамандык менен зыяндан» башка нерсе кошмок эмес жана араңарда сөзсүз фитна чыгаруу үчүн ичиңерде аракет кылышмак. Араңарда аларга «кабар ташуучулар» бар. Аллах зулумдук кылуучуларды билет. (Тообо Сүрөсү, 47)

 

Адамдардын арасында ушундайлар бар: «Биз Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет; чынында болсо ишенишпейт. (Өз оюнда) Аллахты жана ыйман келтиргендерди алдашат. Чынында болсо алар өздөрүн гана алдап жатышат жана муну билишпейт. Жүрөктөрүндө оору бар. Аллах да ооруларын көбөйттү. Калп айтып жаткандыгы үчүн аларга оор бир азап бар. (Бакара Сүрөсү, 8-10)

 

Мүнафык эркектер менен мүнафык аялдар; кээ бири кээ биринен; жамандыкка буюрушат, жакшылыктан тосушат, абдан сараңдык кылышат... (Тообо Сүрөсү, 67)

 

МҮНАФЫКТАРДЫН АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН МОМУНДАРДЫН БАРКЫН БИЛБЕШИ

 

Чындыгында болсо иззет (күч, кадыр-барк жана улуулук) Аллах, Анын Элчиси жана момундарга тиешелүү. Бирок мунафыктар билишпейт. (Мүнафикун Сүрөсү, 8)

 

АРТТА КАЛУУНУ ТАНДАШЫ

 

Аллахтын элчисине каршы чыгышып, (согуштан) калып калгандар отуруп-калганына сүйүнүштү жана Аллах жолунда мал-мүлктөрү жана жандары менен жехд кылууну (аракет кылууну) жаман көрүшүп: «Мындай ысыкта (согушка) чыкпагыла» дешти. Айткын: «Тозок отунун ысыктыгы күчтүүрөөк.» Түшүнүшсө кана. (Тообо Сүрөсү, 81)

 

ӨТӨ КОРКОК АДАМДАР БОЛУШУ

 

Чындап силерденбиз деп Аллахтын атынан ант ичишет. Чынында болсо алар силерден эмес. Бирок алар абдан коркок адамдар. Эгер алар бир башпаанек же (жашай турган) үңкүрлөр же болбосо кире турган бир жер табышканда, ошол замат ошол жакты көздөй качышмак. (Тообо Сүрөсү, 56-57)

 

Алар үрккөн жапайы эшектер сыяктуу; арстандан коркуп качкан. (Мүдессир Сүрөсү, 50, 51)

 

МОМУНДАРГА КЕКЕНИП, АЧУУЛУУ БОЛУШУ

 

Силер мына ушундайсыңар; аларды жакшы көрөсүңөр, алар болсо силерди жакшы көрүшпөйт. Силер Китептин баарына ишенесиңер, алар силерге жолукканда, «ишендик» дешет, өз башынча калганда болсо, силерге болгон кекенүү жана ачууларынан улам сөөмөйлөрүн кезешет. Айткын: «Кек жана ачууңар менен өлгүлө». Күмөнсүз, Аллах жүрөктөрдүн түбүндө жашыруун турганды билүүчү. (Али Имран Сүрөсү, 119)

 

Же жүрөгүндө оорусу (илдети) барлар Аллах кекенүүбүздү эч (ачыкка) чыгарбайт деп ойлоштубу? (Мухаммед Сүрөсү, 29)

 

... Жок, алар «талашка жакын жана душман» бир коом. (Зухруф Сүрөсү, 58)

 

Же алар Аллах Өз берешендигинен адамдарга бергендерин кызганып жатышабы?.. (Ниса Сүрөсү, 54)

 

Силерге бир жакшылык келсе капаланышат, силерге бир жамандык келгенде болсо буга сүйүнүшөт. Эгер силер сабыр кылсаңар жана сактансаңар, алардын «тузактары» силерге эч бир зыян бере албайт. Күмөнсүз, Аллах кылып жаткандарын ороочу. (Али Имран Сүрөсү, 120)

 

Эгер силерди колго түшүргөн болсо, силерге душмандык кылышат, колдору менен тилдерин жамандык менен силерге узатышат. Алар силердин танышыңарды (ыймансыз болушуңарды) ичинен каалашкан. (Мүмтехине Сүрөсү, 2)

 

МОМУНДАРДЫН АРАСЫН БУЗУУГА АРАКЕТТЕНИШИ

 

Зыян тийгизүү, каапырдыкты (күчөтүү), момундардын арасын ажыратуу (бузуу) жана мурда Аллахка жана элчисине каршы согушканды күтүү үчүн мечит кургандар жана: «Биз жакшылыкты гана кааладык» деп ант ичкендер (бар го), Аллах алардын шексиз жалганчы экенине күбөлүк берет. (Тообо Сүрөсү, 107)

 

Эгер жакын бир пайда жана орто бир сапар болгондо, алар сөзсүз сени ээрчишмек. Бирок кыйынчылык аларга алыс сезилди. «Эгер күчүбүз жеткенде, сөзсүз сени менен бирге (согушка) чыкмакпыз» деп сага Аллах атынан ант ичишет. Өз напсилерин (өздөрүн) кыйроого түртүшүүдө. Аллах алардын чындап жалган сүйлөгөнүн билет. (Тообо Сүрөсү, 42)

 

Алардын кээ бирлери келип сени угат. Кийин жаныңдан чыгып кеткенде, илим берилгендерге: «Ал бир аз мурда эмне деди?» дешет. Мына ошолор; Аллах алардын жүрөктөрүн мөөрлөгөн жана алар өз каалоолоруна моюн сунушкан. (Мухаммед Сүрөсү, 16)

 

АЛЛАХТЫН УБАДАСЫНЫН АЛЫС СЕЗИЛИШИ

 

Мына ошол жерде ыйман келтиргендер сыналган жана күчтүү бир олку-солкуга кабылышкан эле. Мүнафыктар жана жүрөктөрүндө «оорусу» (илдети) барлар: «Аллах жана Элчиси бизге куру бир алданууну гана убада кылышты» деп жатышкан. Алардан бир топ мындай деген эле: «Эй Йасриб (Медина) калкы, эми силер үчүн (бул жерде) кала турган жер жок, демек артка кайткыла.» Алардан бир топ болсо: «Чындап  үйлөрүбүз ачык» деп Пайгамбардан уруксат сурап жаткан; бирок алар(дын үйлөрү) ачык эмес эле. Алардын качкысы гана келип жаткан. (Ахзаб Сүрөсү, 11, 12, 13)

 

МҮНАФЫКТАР ЭҢ ЧОҢ АЗАПКА ТУШ БОЛУШАТ

 

Чынында мүнафыктар оттун эң төмөн кабатында. Аларга бир жардамчы таба албайсың. (Ниса Сүрөсү, 145)

 

Мүнафыктарга сүйүнүчтүү кабар айт: алар үчүн чындыгында оор бир азап бар. (Ниса Сүрөсү, 138)

 

ЧЫНДАП СӨЗ БЕРГЕН СОҢ АНЫ БУЗУУЛАРЫ

 

(Булар) Аллахтын убадасын аны чындап тастыктаган соң бузушат, Аллах бириктиргиле деп буйруган нерсени үзүшөт жана жер бетинде бузукулук чыгарышат. Зыянга учурагандар мына ушулар. (Бакара Сүрөсү, 27)

 

(Булар) Аллахтын убадасын аны чындап тастыктаган соң бузушат... (Бакара Сүрөсү, 27)

 

Алардын көпчүлүгүнүн каапырдыкка адашкандар менен достошконун көрөсүң... (Маида Сүрөсү, 80)

 

Эгер аларга (шаардын ар) тарабынан кирилип, анан алардан фитна (башаламандык чыгарышы) талап кылынганда, эч күмөнсүз ага барышмак жана мында өтө аз (убакыт) гана (ойлонуп) турушмак. Бирок, ант болсун, мурда «артка бурулуп качпоо» жөнүндө Аллахка сөз беришкен эле; Аллахка берилген сөз (убада) болсо (оор бир) жоопкерчилик. (Ахзаб Сүрөсү, 14-15)

 


МУШРИКТЕР, МҮНАФЫКТАР МЕНЕН КААПЫРЛАРДЫН АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ЖАНА АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАНЫНДАГЫ ЫЙМАНДУУЛАР ЖАМААТЫНА ДУШМАН ЭКЕНИ ЖӨНҮНДӨ КУРАН АЯТТАРЫ

 

КИМ АЛЛАХКА, ПЕРИШТЕЛЕРИНЕ, ЭЛЧИЛЕРИНЕ, ЖАБРАИЛГЕ ЖАНА МИКАИЛГЕ ДУШМАН БОЛСО, күмөнсүз Аллах да каапырлардын душманы.» (Бакара Сүрөсү, 98)

 

Адамдардын арасында ушундайлар бар, дүйнө жашоосу жөнүндөгү сөздөрү сага жагат жана жүрөгүндөгүнө карабастан Аллахты күбө келтирет; ЧЫНДЫГЫНДА БОЛСО АЛ АЙЫГЫШКАН БИР ДУШМАН. (Бакара Сүрөсү, 204)

 

Эй ыйман келтиргендер, силерден эместерди сырдаш кылбагыла. Алар СИЛЕРГЕ ЖАМАНДЫК ЖАНА ЗЫЯН ТИЙГИЗҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫП, СИЛЕРГЕ ООР БИР АЗАП БЕРЕ ТУРГАН НЕРСЕНИ ЖАКТЫРЫШАТ. ЖАМАН КӨРҮҮ (ЖАНА ДУШМАНДЫКТАРЫ) ООЗДОРУНАН СЫРТКЫ ЧЫКТЫ, көкүрөктөрүндө жашыруун сактагандары болсо андан күчтүүрөөк. Балким акыл жүгүртөрсүңөр деп силерге аяттарыбызды түшүндүрдүк. (Али Имран Сүрөсү, 118)

 

АЛЛАХ СИЛЕРДИН ДУШМАНДАРЫҢАРДЫ ЖАКШЫРААК БИЛҮҮЧҮ; бир вели (эң ишенимдүү бир дос) катары Аллах жетет, бир жардамчы катары да Аллах жетет. (Ниса Сүрөсү, 45)

 

Жер бетинде кадам басканыңарда (сапарга же согушка чыкканыңарда), КААПЫРЛАРДЫН СИЛЕРГЕ БИР ЖАМАНДЫК КЫЛЫШЫНАН КОРКСОҢОР, намазды кыскартып окушуңарда силерге күнөө жок. КҮМӨНСҮЗ, КААПЫРЛАР СИЛЕРГЕ АНЫК ДУШМАН. (Ниса Сүрөсү, 101)

 

Силерге келгенде: «ишендик» дешет. Бирок алар каапырдык (ыймансыздык) менен киришкен жана кайра аны менен чыгышкан. Аллах (алардын) жашыргандарын жакшыраак билет. АЛАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮНҮН КҮНӨӨДӨ, ДУШМАНДЫКТА жана арамды жеште АРАКЕТТЕРИН ЫЛДАМДАТКАНЫН КӨРӨСҮҢ. Кылган иштери кандай жаман. (Маида Сүрөсү, 61-62)

 

Ант болсун, АДАМДАРДЫН АРАСЫНДА ЫЙМАНДУУЛАРГА ЭҢ КҮЧТҮҮ ДУШМАН КАТАРЫ ЕВРЕЙЛЕР МЕНЕН МУШРИКТЕРДИ КӨРӨСҮҢ. ... (Маида Сүрөсү, 82)

 

ОШЕНТИП АР ПАЙГАМБАРГА АДАМ ЖАНА ЖИН ШАЙТАНДАРЫНАН БИР ДУШМАН КЫЛДЫК ... (Энъам Сүрөсү, 112)

 

Аларга каршы күчүңөрдүн жетишинче күч-кубат жана багылган аттар даярдагыла. Аны менен АЛЛАХТЫН ДУШМАНЫН ЖАНА СИЛЕРДИН ДУШМАНЫҢАРДЫ ЖАНА АЛАРДАН ТЫШКАРЫ СИЛЕР БИЛБЕЙ АЛЛАХ БИЛГЕН БАШКА (ДУШМАНДАРДЫ) КОРКУТУП-ТОСОСУҢАР. Аллах жолунда эмнени садака кылсаңар, силерге «толугу менен төлөнөт» жана силер адилетсиздикке кабылбайсыңар. (Энфал Сүрөсү, 60)

 

Биз Исраил урпактарын деңизден өткөрдүк; ФАРАОН МЕНЕН АСКЕРЛЕРИ АЙЫГЫШЫП, ДУШМАНДЫК МЕНЕН АРТТАРЫНАН КУУДУ... (Йунус Сүрөсү, 90)

 

Анан (Аллах) кыямат күнү аларды төмөн кылат жана мындай дейт: «АЛАР ЖӨНҮНДӨ (ЫЙМАНДУУЛАРГА) ДУШМАНДЫК КЫЛГАНЫҢАР ШЕРИКТЕРИМ КАНА?» ... (Нахл Сүрөсү, 27)

 

Мына ушундай; Биз АР ПАЙГАМБАРГА КЫЛМЫШКЕР-КҮНӨӨКӨРЛӨРДӨН БИР ДУШМАН КЫЛДЫК. Жол көрсөтүүчү жана жардамчы катары Раббиң жетет. (Фуркан Сүрөсү, 31)

 

Айтышты: «Биздин кудайларыбыз жакшыбы, же албы?» Аны бир гана талаш темасы болсун деп (мисал) беришти. Жок, АЛАР «ТАЛАШКА ЖАКЫН ЖАНА ДУШМАН» БИР КООМ. (Зухруф Сүрөсү, 58)

 

«Жашыруун чогулуштардын шыбырашмайларынан» кайтарылып, анан (ошол) кайтарылган нерсеге кайра кайткандарды; КҮНӨӨ, ДУШМАНДЫК ЖАНА ПАЙГАМБАРГА БАШ КӨТӨРҮҮНҮ (ӨЗ АРА) ШЫБЫРАШКАНДАРДЫ КӨРДҮҢБҮ? Алар сага келгенде, сени Аллах саламдаган сыяктуу саламдашат. Жана өздөрүнө өздөрү: «Айткандарыбыз үчүн Аллах бизге азап бергенде кана.» дешет. Аларга тозок жетет; ошол жерге киришет. Ал бара турган кандай жаман орун. (Мүжаделе Сүрөсү, 8)

 

ЭЙ ЫЙМАН КЕЛТИРГЕНДЕР, МЕНИН ДА ДУШМАНЫМ, СИЛЕРДИН ДА ДУШМАНЫҢАРДЫ дос (вели) тутпагыла. Силер аларды жакшы көрүп жатасыңар; алар болсо акыйкаттан силерге келгенди танышкан, Раббиңер Аллахка ишенгениңер үчүн элчини да, силерди да (мекендериңерден) сүрүп-чыгарышкан. ... (Мүмтехине Сүрөсү, 1)

 

Сен аларды көргөнүңдө сөөлөттүү көрүнүштөрү сага жагат. Сүйлөгөндө болсо аларды угасың. (Чынында болсо) Алар (мунара сыяктуу) сүйөп коюлган жыгач-дөңгөч сыяктуу. (Мындай чыдабас (бош) болгондуктан) Ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. АЛАР ДУШМАН, ОШОНДУКТАН АЛАРДАН КАЧЫНЫП-САК БОЛГУЛА. Аллах аларды азаптасын; кантип бурулуп кетишүүдө. (Мүнафикун Сүрөсү, 4)

 

Эй ыйман келтиргендер, чындыгында, СИЛЕРДИН ЖУБАЙЛАРЫҢАРДАН ЖАНА БАЛДАРЫҢАРДАН КЭЭ БИРЛЕР СИЛЕР ҮЧҮН ДУШМАН. Андай болсо алардан сактангыла. Ошентсе да кечирип, токтоолук кылып (кемчиликтерин бетине айтпай), кечирим кылсаңар, албетте, Аллах кечиримдүү, коргоочу. (Тегабүн Сүрөсү, 14)

 

Адамдардын арасында ушундайлар бар, дүйнө жашоосу жөнүндөгү сөздөрү сага жагат жана жүрөгүндөгүнө карабастан Аллахты күбө келтирет; ЧЫНДЫГЫНДА БОЛСО АЛ АЙЫГЫШКАН БИР ДУШМАН. (Бакара Сүрөсү, 204)

 

Эй Пайгамбар, КААПЫРЛАР МЕНЕН ЖАНА МҮНАФЫКТАР МЕНЕН жехд кыл (аракет кыл) жана аларга карата катуу жана артка кайтара турган мамиле кыл. Алардын бараар жери тозок, кандай жаман төшөк ал!.. (Тообо Сүрөсү, 73)

 

КААПЫРЛАРГА ЖАНА МҮНАФЫКТАРГА моюн сунба, КЫСЫМДАРЫНА АЛДЫРБА жана Аллахка тобокел кыл. Векил (тобокел кылынуучу, таяныч) катары Аллах жетет. (Ахзаб Сүрөсү, 48)

 

Ант болсун, эгер МҮНАФЫКТАР, ЖҮРӨКТӨРҮНДӨ «ООРУСУ» БАРЛАР жана ШААРДА ҮГҮТЧҮЛҮК КЫЛГАН (ЖАЛГАН КАБАР ЖАЙГАН)ДАР (мындай иштерин) токтотушпаса, чындап сени аларга кол салдырабыз, анан ал жерде сени менен өтө аз (убакыт) кошуна боло алышат. (Ахзаб Сүрөсү, 60)

 

Шаарда тогуздук (тогуз адамдык) бир уюшкан топ бар эле, ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ БУЗУКУЛУК ЧЫГАРЫШЫП, ТАРТИП-БЕЙПИЛДИКТИ БУЗУШЧУ. Өз араларында АЛЛАХ АТЫНАН АНТ ИЧИШИП, МЫНДАЙ ДЕШТИ: «ТҮНКҮСҮН СӨЗСҮЗ АГА ЖАНА БҮЛӨСҮНӨ БИР ЧАБУУЛ УЮШТУРАЛЫ, анан велисине (жакындарына): бүлөсүнүн жок болушуна биз күбө болгон жокпуз жана биз чындап чындыкты айтып жатабыз дейли.» АЛАР ТУЗАКТУУ БИР ПЛАН КУРУШТУ. Биз да (алардын тузагына каршы) алар байкабаган бир тузак курдук. ... (Немл сүрөсү, 48-50)

 

(Аллах) Көздөрдүн ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫН жана КӨКҮРӨКТӨРДҮН ЖАШЫРГАНДАРЫН билет. (Момун Сүрөсү, 19)

 

Күмөнсүз, Аллах (мушриктердин чабуулу менен тымызын тузактарын) ыйман келтиргендерден алыстатууда. Чындыгында Аллах ЧЫККЫНЧЫ ЖАНА НАШҮГҮР (ЖАКШЫЛЫКТЫ БИЛБЕГЕН) ЭЧ КИМДИ сүйбөйт. (Хаж Сүрөсү, 38)

 

Ал баш тарткандар (каапырлар) СЕНИ КАМОО же ӨЛТҮРҮҮ же СҮРГҮН КЫЛУУ максаты менен тузак курушкан эле. Алар бул тузакты куруп жатышканда, Аллах да бир тузак (бир жооп) куруп жаткан. Аллах тузак куруучулардын жакшысы. (Энфал Сүрөсү, 30)

 
Ага бир ТУЗАК КУРГУЛАРЫ КЕЛДИ, бирок Биз аларды андан да көбүрөөк кыйроого кабылгандар кылдык. (Анбия Сүрөсү, 70)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder