19 Şubat 2013 Salı

АЗ. МЕХДИ (АС) ТҮРКИЯДАН ЧЫГАТ ЖАНА СТАМБУЛДА ИШ-АРАКЕТ ЖҮРГҮЗӨТ

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН СТАМБУЛДУ РУХАНИЙ КАРАТЫШЫ

 

... Ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн аалымдар бир-биринен кабарсыз Аз. Мехди (ас)ды издөө үчүн жолго чыгышат жана ар бирине 310дой адам жолдош болот. Аягында баары Меккеде жолугушат жана бир-биринен ал жерге эмне үчүн келгенин сураганда баары: «бул фитнаны токтото турган жана Константинопольду (руханий) ээлей турган Аз. Мехди (ас)ды издеп жатабыз, себеби биз анын атасынын, апасынын жана армиясынын аттарын уктук.» деп жооп беришет. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 40-б.)

 

Аз. Мехди (ас) Константинопольду жана Дейлем тоосун (руханий) ээлейт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 27-б.)

 

Аллах Таала Азрети ыймандуу кулдарына Римдин борбору болгон Стамбулдун тасбих жана такбир менен (руханий) ээленишин насип кылганга чейин кыямат болбойт. (Ahmed Gümüşhanevi, Ramuz'ul Ahadis, 478-б.)

 

«Аллах Таала ыймандууларга Стамбул жана Рум (грек) (жерлерин) тасбих жана такбир менен (руханий) ээлөөнү насип кылганга чейин кыямат болбойт» деген. (Deylemi, Firdevs, 5/82, 7524, Taberani, el-Mu'cemu'l-Kebir, 17/15,21)

 

Аз. Пайгамбар (сав) мындай деген: «Тасбих жана такбир кылып Константинопольду (руханий) ээлейсиңер. Ошол кезге чейин жете албаган олжо мүлктөрүнө жетесиңер.» (İbn- Mace (Ибн Маже), Fiten (Фитен), 35-б.)

 

Амр б. Авфдан (ра) риваят кылынган:

«Аллах аны бир түндө калыптандырат. Рум (грек) шаарын (Стамбулду) такбир менен (руханий) ээлейт...» (Muhyiddin Arabi (Мухйиддин Араби), "Futuhat-El Mekkiye", 366-бап, 3-т., 327- 328-б.)

 

Алыс жерлердеги шакирттери Аз. Мехди (ас)га моюн сунат. Зулумдукту жана заалымдарды пикир менен таасирсиз кылып, өлкөлөр оңолот, ЖЕНАБЫ ХАК (УЛУУ АЛЛАХ) АГА СТАМБУЛДУ (РУХАНИЙ) ЭЭЛЕТТИРЕТ. (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal)

 

Расулуллах (сав) мындай деген:

«Эхли Бейтимден бир зат (Аз. Мехди (ас)) (дүйнөгө) ээ болгонго чейин кыямат болбойт. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) СТАМБУЛДУ ЖАНА ЖЕБЕЛДИ (тоону- Стамбулдун 7 дөбөсүн) (РУХАНИЙ) ЭЭЛЕЙТ» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)

 

Аз. Мехди (ас) чыкканда (көрүнгөндө) алыс жерлерде, ал тургай, алыс өлкөлөрдө жашаган Мусулмандар да аны жакшы көрүп, моюн сундук дешет. Хадисте Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын Стамбулду жана тоону руханий ээлей турганын билдирген. Пайгамбарыбыз (сав) хадистеги «жебел», б.а. «тоо» сөзү менен Стамбулдун 7 төбөсүнө көңүл бурган. Белгилүү болгондой, Стамбулдун 7 төбө үстүнө курулганы анын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат. «7 төбө» аты адамдардын эсине ошол замат Стамбулду салган эң белгилүү бир ат.

 

АЗЫРКЫ ЧАЧЫРАНДЫ ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕР БИРИГИП АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ЖАРДАМ БЕРИШЕТ

 

... Ибрахим бин Үбейдуллах бин Ала атасынын мындай дегенин айткан. Имам Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: Эмирүлмүминин алейхиссалам (Аз. Али) өзүнөн кийин Каимдин кыямына чейин боло турган окуялардан сөз кылды... . ЖАНА АР ТАРАПТА МЕНИН УУЛУМА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЖАРДАМ БЕРЕ ТУРГАН ЧАЧЫРАНДЫ ТҮРК ЖЕЛЕКТЕРИ ЧЫГАТ (КӨРҮНӨТ). (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani,Gaybeti numani, 323-б.)

 

...Аллах ага (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) Румду, Дейлемди, Синдди, Индияны, Кабилшахты жана Каспийди ЭЭЛЕТТИРЕТ. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 274-б.)

 

АЗ. МЕХДИ (АС) ИЧИНДЕ КЫЗМАТ КЫЛГАН КАЛК

 

Хадистердеги маалыматтар боюнча, Аз. Мехди (ас) Түрк калкы ичинде кызмат кылат.

 

«Аз. Мехди (ас) РУМДАН, Б.А. ТҮРКТӨРДӨН (СЕБЕБИ, ИЛГЕРИ ТҮРКИЯ ДИЙАР-Ы РУМ ДЕП АТАЛГАН) ажырабайт (кетпейт).» (İş'afü'r-Rağıbîn'den naklen, Tılsımlar, 212-б.)

 

КЕХФ СҮРӨСҮНҮН 79-АЯТЫНДА 1979-ЖЫЛЫ ЧӨККӨН INDEPENDENTA КЕМЕСИНЕ ЖАНА 1979-ЖЫЛЫ БОЛГОН АНАРХИЯ ШАРТТАРЫНА ИШАРТТАР БАР

 

1979-жылы 15-ноябрьда дүйнөнүн төртүнчү чоң танкери болгон 150 миң гросстонналык Independenta (Индепендента) аттуу 95530 тонна чийки мунайзат алып бараткан бир румын танкери Стамбулга келе жатып бир кырсыкка туш болуп, бузулган жана бир топ күн бою күйгөн соң чөгүп кеткен.

Курандын Кехф Сүрөсүнүн 79-аятында 1979-жылы болгон бул окуяга кээ бир ишараттар бар. Бул аятта Аз. Хызырдын Аз. Мусага бир кеме жөнүндө маалымат бергени жана кемедеги адамдарды коргоо үчүн, ар кандай терең себептер менен ал кемени майып кылып чөктүргөнү кабар берилген:

 

«КЕМЕ ДЕҢИЗДЕ ИШТЕГЕН КЕДЕЙЛЕРДИКИ ЭЛЕ, АНЫ КЕМЧИЛИКТҮҮ КЫЛГЫМ КЕЛДИ, (СЕБЕБИ) АЛДЫЛАРЫНДА БҮТ КЕМЕЛЕРДИ ЗОМБУЛУК МЕНЕН ТАРТЫП АЛЧУ бир хан бар эле.» (Кехф Сүрөсү, 79)

 

Ушул эле сүрөнүн 71-аятындагы Аз. Муса (ас)дын Аз. Хызыр (ас)га болгон «Ичиндегилерди чөктүрүү үчүн аны тештиңби?» деген суроосу да Аз. Хызырдын кийлигишүүсү натыйжасында аятта айтылган «кеменин чөккөнүн» кабар берет.

 

Ошентип экөө жолго түштү. БИР КЕМЕГЕ ТҮШКӨНДӨ, АЛ АНЫ (КЕМЕНИ) ТЕШИП ЖИБЕРДИ. (Муса) Мындай деди: «ИЧИНДЕГИЛЕРДИ ЧӨКТҮРҮҮ ҮЧҮН АНЫ ТЕШТИҢБИ? Ант болсун, сен таң калыштуу бир иш жасадың.» (Кехф Сүрөсү, 71)

 

Аяттагы бул мааниден Аз. Хызыр айткан кеменин да бузулуп, чөккөнү түшүнүктүү болууда. Куранда кабар берилген бул окуя 1979-жылы Стамбул кысыгында болгон кырсык натыйжасында Independenta аттуу кеменин да бузулуп көпкө күйгөн соң чөгүшүнө ишарат кылып жатышы ыктымал.

Пайгамбарыбыз (сав) да көп хадисинде Асхабы Кехфтин (Кехф (үңкүр) ээлеринин) акыр заманда Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынан болоорун, натыйжада Курандын Кехф Сүрөсүндө акыр заманда боло турган окуяларга ишараттар бар экенин кабар берген жана ошондуктан бул сүрөнүн аяттарынын окулушун кеңеш кылган:

 

Силерден ким дажжалга жеткен болсо, КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫН АГА ОКУСУН, бул сүрөнүн аягы дажжалдын фитнасынан кутулушуңар. (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/121)

 

АСХАБЫ КЕХФ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ БОЛОТ. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy il Ahir Zaman, 59-б.)

Аятта көңүл бурган экинчи бир жагдай – бул Аз. Хызырдын ал доордогу коомдук шарттар жөнүндө берген маалыматы. Аз. Хызыр бул жагдайга «бүт кемелерди зомбулук менен тартып алчу бирөөлөр бар» деген сөздөрүндө токтолгон жана кемедеги адамдарды ал кишилердин зомбулугунан куткарууну максат кылганын айткан.

Белгилүү болгондой, 1979-жыл зомбулук менен террор күчөгөн бир доор эле. Ал доордо банктар, заводдор, ишканалар жана мамлекеттик органдар басып алынып, күч менен тартып алынып, банктарда акчасы барлардын акчалары тонолуп, адамдардын үйлөрүнө кирилип буюмдары, мал-мүлктөрү тонолуп жаткан кез эле. Ал доор толугу менен бир террор жана чектен чыгуу доору эле.

Жогорудагы аятта, бир тараптан, 1979-жылы ушундай зомбулукчу бир террор менен анархия орун алаарына да ишарат кылынган.

 

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН СТАМБУЛДА БАШТАЛА ТУРГАН КҮРӨШҮНҮН КЕЗЕГИ МЕНЕН МЕККЕ ДООРУ, ИЕРУСАЛИМ ДООРУ ЖАНА КИЙИН РИМ ДООРУ БОЛОТ

 

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерден жана Устад Саид Нурсинин сөздөрүнөн Аз. Мехди (ас)дын жолдон чыккан жана дажжал системасын; дарвинизм, материализм жана атеизм сыяктуу Куран ахлагына каршы күрөшкөн дажжалдык философияларды, караңгы системаны пикирдик жактан жеңе турган жердин Стамбул экени түшүнүктүү болууда.
Аз. Мехди (ас)дын Меккедеги доору болсо Куран ахлагынын дүйнөгө орношу жагынан маанилүү бир доор болот. Мусулмандардын алдыңкыларынын бүт Мусулмандар атынан ага руханий моюн сунушканын, жакшы көрүшөөрүн айтышы ал Меккеде турган доордо болот. Бирок Мекке доору Аз. Мехди (ас)дын илимий күрөшүнүн акыркы жылдарына туура келет. Устад Аз. Мехди (ас)дын бул доорун саясат жана салтанат доору деп атаган. Анын көрүнөөрүнүн акыркы жылдары болгон Мекке доорунда Ислам ахлагынын дүйнөгө орношу ишке ашат. Аз. Мехди (ас) Меккеде турган бул доордон соң Иерусалимде да бир топ убакыт жашайт. Иерусалимде Аз. Сулайман (ас)дын мечитин кайрадан куруп, христиандарга Инжилдин тууралары менен, иудейлерге Тооротун тууралары менен, мусулмандарга болсо Куран ахлагына жараша мамиле кылат. Хадистерде апачык айтылгандай, Аз. Мехди (ас) кийинки доорунда Римди да руханий башкаруусуна алат.

12 yorum:

  1. Урматтуу бир туугандарым! Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) келүүсүн алдын ала кабарлаган Убада Кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) (1835-1908) сыпатында бир кылым мурун келип кеткен. Азыр ал(ас) түзгѳн Жамаат – Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамааты бүткүл дүйнѳдѳ ѳз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Бул жѳнүндѳ маалымат алуу үчүн тѳмѳнкү линкке баскыла: http://www.ahmadiyya-islam.org/kg/

    YanıtlaSil
    Yanıtlar
    1. Урматтуу Муслим ахмади! Сиздин пикириниз коп тарабынан ТУУРА ЭМЕС! Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас) келгенде, Аз. Иса (ас) кайрадан жер бетине тушуп, алтын кылым болот деп айткан. Аз. Иса (ас) Куран менен окум берет жана аны коруп Христиандар да Исламды кабыл алышат жана Ислам бут дуйного жайылат. Дуйнодо мал-мулк ушунчалык кобойуп, согуштар токтойт, дуйного суйуу орнойт. Мунун баары Аз. Мехди (ас)дын лидерлигинде болот. Азыр Мусулмандардын лидери жок, дажжал аларды эзип жатат дуйно жузундо. Демек эми чыгат жана алтын кылым да эми болот.

      Sil
  2. http://mehdikelet.blogspot.com/2013/02/1400.html

    АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ХИЖРИЙ 1400-ЖЫЛЫ (1980-жылдары) ЧЫККАНДЫГЫНЫН КЭЭ БИР ДАЛИЛДЕРИ

    YanıtlaSil
  3. АЗ. ИСА (АС) МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДА БОЛО ТУРГАН АЛТЫН КЫЛЫМ

    http://mehdikelet.blogspot.com/2013/02/blog-post_7229.html

    YanıtlaSil
  4. АЗ. МЕХДИ (АС) ИСЛАМ ААЛАМЫНЫН ЖАНА БҮТ АДАМЗАТТЫН КУТУЛУШУ БОЛОТ

    http://mehdikelet.blogspot.com/2013/02/blog-post_6632.html

    YanıtlaSil
  5. АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДА ИСЛАМ АХЛАГЫ ӨЗҮНӨ КАЙТАТ, БҮТ МЕЗХЕПТЕР ЖОГОЛОТ

    http://mehdikelet.blogspot.com/2013/02/blog-post_1984.html

    YanıtlaSil
  6. Булардын баары болуп жатканда Аз. Мехди (ас) туздон-туз кызмат башында болуп, оз колу менен жасайт. Учурда Мусулмандарда мазхаптар ошол бойдон турат жана карангылыктан улам мазхаптар арасы кагылышуулар да болуп жатат. Демек Аз. Мехди (ас) эми чыгат.

    YanıtlaSil
  7. Дагы бир эң чоң катаң урматтуу бир тууган, сен тообо кылышың керек. Себеби Аз. Мехди (ас)дын бейишке кирээрин сүйүнчүлөгөн Пайгамбарыбыз (сав). Пайгамбарлар гана Аллахтан келген вахий менен бирөөнүн бейишке же тозокко кирээрин айтышы мүмкүн. Ошондуктан жөнөкөй бир адам эч кимди мобул киши Мехди (ас) дей албайт, себеби мунун мааниси ушул киши (Гулам Ахмад) сөзсүз бейишке кирет дегенди билдирет. Бул болсо Кудай сактасын динден чыгууга себеп болот.
    Ошол себептен Мехди (ас) да өзүн мен Мехдимин дебейт, башка Мусулмандар да аны сен же мобул киши Мехди дей алышпайт. Окшош экен деши гана мүмкүн. Бедиүззаман Саид Нурси айткандай, Аз. Иса (ас) келип Аз. Мехди (ас)дын артында намаз кылат жана муну дүйнө жүзү көрөт. Жана бул ал кишинин Аз. Мехди (ас) экенине чоң бир далил болот. Мындан тышкары, Мехди (ас)дын атеизмди-материализм-дарвинизмди илим менен кыйратуу жана мазхаптарды жоюу сыяктуу иштери да бар. Мына ушулар ал кишинин Мехди (ас) экендигинин чоң далилдери болот. Бирок ошондо да ал киши Мехди деп чакырылбайт.

    YanıtlaSil
  8. Урматтуу Жунус мырза! Сиз жазган пикириңизди окуп алдым, жазганыңыз сонун, жооп берүү ыкмаңыз да мага жакты. Бири-бири менен сүйлѳшкѳндѳ, албетте, далилдердин негизинде сүйлѳшүү керек. Иншаллах ушундай кылабыз. Мен сизге арабча жана түркчѳ сайттарды калтырып жатам, ушулардан Махдий жана Ыйса деген темада маалымат алсаңыз болот. Анан бир-эки күндѳ мен да бул тууралуу жазам. http://www.ahmediye.org/ жана http://new.islamahmadiyya.net/

    YanıtlaSil
  9. Муну ачык эле жарыялап коюшуптур, баары тообо кылышы керек. Себеби Пайгамбарыбыз (сав)дан кийин пайгамбар келбейт, эч ким вахий да албайт.

    Мырза Гулам Ахмаддын омур баянында минтип жазылыптыр:

    1890- жылы Аллахтан Аз. Иса (ас)дын өлгөнү тууралуу вахий алды.
    (Оригиналы: 1890 Allah (c.c.)’dan İsa (a.s.)’nın tabii bir ölümle vefat ettiği vahyini aldı. Va’dedilen Mesih ve Mehdi olduğu iddiasını ilân etti.)

    Бул киши эмне пайгамбарбы? Мухаммед Пайгамбардан (сав) кийин пайгамбар келбейт.

    Мехди (ас) пайгамбар эмес. Эч качан вахий алдым дебейт.

    Мындан тышкары, Куранда аяттар бар: Иса (ас)дын өлбөгөнү кайра келээри тууралуу. Жана хадистерде Аз. Иса (ас) Аз. Мехди (ас)дын артында намаз кылат, ага баш ийет деп айтылат.

    http://mehdikelet.blogspot.com/2013/02/blog-post_648.html

    YanıtlaSil
  10. КУРАНДА АЗ. ИСА (АС)ДЫН ЖЕР БЕТИНЕ КАЙТЫШЫ

    http://mehdikelet.blogspot.com/2013/02/blog-post_9106.html

    YanıtlaSil
  11. КУРАНДА ПАЙГАМБАРЛАРДЫН ӨЛҮМҮ КАНДАЙЧА БАЯНДАЛАТ?

    http://mehdikelet.blogspot.com/2013/02/blog-post_948.html

    YanıtlaSil